20
11. Боженов А.Э. Основы философии. Учебное пособие. – М.: Аспект Пресс,
2019. – 608 с.
12. Демина Л.А., Малюкова О.В., Бучило Н.Ф. Философия: Учебник. - М.:
Проспект, 2020. – 360 с.
13. Канке В.А. Философия. Курс для бакалавров: Учебник. - М.: Логос, 2005.
14. Бокошов Ж.Б. Философия. Окума. – Жалал-Абад, 2001.
15. Чуешов В. И. Философия : Курс лекций / Чуешов В. И. Таркан И. И. - Минск
: ТетраСистемс, 2012. - 272 с. - URL:
http://www.biblioclub.ru/111909_Filosofiya_Kurs_lektsii.html
16. Якушев А. В. Философия : Конспект лекций : Учеб. пособие / Якушев А. В. -
М. : А-Приор, 2009. - 241 с. - URL:
http://www.biblioclub.ru/book/56282/
Тема 2. Байыркы дүйнө философиясы
1.
Чыгыш жана Батышта философиянын пайда болуусунун жана
өнүгүүсүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү
2.
Байыркы Индия философиясы
3.
Байыркы Кытай философиясы.
4.
Байыркы грек философиясынын космогониялык мүнөзү. Байыркы Греция
философиясындагы атом жөнүндөгү окуу.
Байыркы грек философиясында
болмуштун идеалисттик көз карашта талдоого алынышы .
5.
Платондун философиялык окуусу. Аристотелдин философиясы.
6.
Сократ тарабынан адам болмушунун талдоого алынышы
Биринчи темада белгилүү болгондой ар кандай процесстин, кубулуштун,
предметтин пайда болуп, өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү бар. Ал
эми
философиянын тарыхый типтеринин пайда болуп, өнүгүүсүнүн алгачкы этабы
катары байыркы дүйнө философиясы эсептелет. Бул теманы баштоодон мурда
Батыш жана Чыгыш философиясынын пайда болушунун жалпы мыйзам
ченемдүүлүктөрүн анализге алалы.
-
Байыркы дүйнөдөгү философия коомдук аң сезимдин алгачкы формасы
катары болгон мифологиянын негизинде пайда болот. Мифологиялык аң
сезимге ылайык адам өзүн курчап турган чөйрөдөн бөлүп көрсөтө алган эмес,
кубулуштардын жана процесстердин жүрүшүнүн табигый себептерин
түшүндүрүүдөн алыс болушкан. Дүйнөнү жана анда жүрүп
жаткан бардык
кубулуштарды кудайлардын жана легендага айланган баатырлардын иш-
аракети катары кабылдашкан. Бирок ага карабастан биринчилерден болуп
адамзат тарыхында дүйнө кантип жаралды жана ал кантип өнүгөт, жашоо жана
өлүм деген эмне ж.б. у.с. философиялык маселелер коюлат.
-
Чыгыш жана Батыш философиясы коомдук аң сезимдин формасы катары
таптык коомдун жана мамлекеттин пайда болушу менен жаралат.
Философиянын пайда болушу кул ээлөөчүлүк доор мезгилине туура келет.
Байыркы Египет, Кытай, Индия жана антикалык
Грецияда алгачкы кулчулук
мамлекеттер катары гана белгилүү болбостон, философия пайда болгон
маданият борбору да таанылган.
21
-
Байыркы дүйнө философиясы жалпы адамзаттык баалуулуктарды
изилдөөгө багытталган. Батыш жана Чыгыш
философиясы жакшылык жана
жамандык, сулуулук жана көрксүздук, сонундук жана ирээнжигендик,
адилеттүүлүк жана адилетсизидк, достук, сүйүү
жана көрө албастык, бакыт,
кубануу жана кайгыруу ж.б. маселелер кызыктырат. Буларга карата ой
жүгүртүп, өз пикирлерин билдирүү аракети жасалат.
-
Байыркы дүйнө философиясы дүйнөкараштык мүнөздө болгон.
Философиялык идеялар, көз караштар,
теориялар, системалар же идеалисттик
же материалисттик ,кээ бир учурда эклектикалык мүнөздө болгон.
-
Байыркы дүйнө философиясы чыныгы
билимди илимий жол менен
талдоого алуу аракетин жасайт. Философиялык окуулардын, концепциялардын,
идеялардын жардамы менен түрдүү кубулуштар, процесстер талдоого алынып,
практикалык сунуштар берилет.
Мына ушундай жалпы окшоштукка ээ болгон Батыш жана Чыгыш
философиясы байыркы доордо кандайча өнүктү, ушул маселеге талдоо
жасоону баштайлы.
Достарыңызбен бөлісу: