Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет86/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   82   83   84   85   86   87   88   89   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

2. Диалектиканын альтернативалары:
Метафизика диалектиканын негизи альтернативасы. Ал төмөндөгүлөр менен 
түшүндүрүлөт:

диалектика сыяктуу өнүккөн, баарын камтыган теория;

көптөгөн маселелерди диалектикага каршы көз карашта карайт; 
Диалектикадан төмөндөгүлөрү аркылуу айырмаланат: 

эски менен жаңынын байлышында – эгерде диалектика байланышта 
караса, метафизика толугу менен эскини четка кагат; 


101 

кыймылдын себеби жөнүндөгү маселеде – метафизика боюнча кыймыл 
материядан келип чыкпайт, кыймылдын себеби болуп сырткы алгачкы түрткү 
эсептелет; 

сан менен сапаттын карым-катнашы жөнүндөгү маселеде – 
метафизикада сан менен сапаттын өз ара байланышы таанылбайт, сан санга 
байланыштуу гана, сапат сапатка байланыштуу гана өзгөрөт; 

кыймылдын, өнүгүүнүн багыты боюнча – диалектика өнүгүүнү жогору 
карай багытталган спираль түрүндө караса, метафизика өнүгүүнү түз сызык 
түрүндө же айлана түрүндө, кээде өнүгүүнүн багытын тааныбайт; 

ой жүгүртүү системасында – метафизика ой жүгүртүүдө ийкемдүү боло 
албайт, ал бир жактуу гана каралат; 

курчап турган чөйрөгө карата – диалектика дүйнөнү ар түрдүү, 
“түстүү” караса, метафизика “ак-кара” принцибинде карайт; 

жалпы дүйнөгө карата – диалектика дүйнөнү бүтүн, карым-катнашта 
караса, метафизика буюм-нерселер башка-башка, бөлөк турат деп эсептейт.
Ошентип, метафизика жана диалектика чындыкты, өнүгүүнү таанып 
билүүнүн эки карама каршы теориялык системасы. Алардын айырмачыгы эски 
менен жаңынын байлышынан, кыймылдын себеби жөнүндөгү маселеде, сан 
менен сапаттын карым-катнашы жөнүндөгү маселеде, кыймылдын, өнүгүүнүн 
багыты боюнча, ой жүгүртүү системасында, курчап турган чөйрөгө карата,
жалпы дүйнөгө карата көз карашта көрүнөт. 
Советтик, постсоветтик, россиялык философияда диалектикага басым 
жасалат. Ошол эле учурда “негативдүү” диалектиканы да тааныйт. Бул жалпы 
диалектиканын (“консервативдүү”) ичиндеги альтернативдүү багыты. 
Өкүлдөрү – Теодор Адорно (1903 - 1969), Жан-Поль Сартр (1905 - 1980). 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   82   83   84   85   86   87   88   89   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет