Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


“Негативдүү” диалектиканын негизги идеялары



Pdf көрінісі
бет87/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   83   84   85   86   87   88   89   90   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Негативдүү” диалектиканын негизги идеялары: 

диалектика “негативдүү” – сынчыл болушу мүмкүн, ал эскирген, туруп 
калгандарга көңүл бөлүүсүнүн кажети жок; 

диалектика ар бир предметтен, кубулуштан сын издөөсү керек, күмөн 
санабастан баарын сындап, баарын тануусу (четке кагуу) керек; 

жаңы эскини толук четке кагуусу жана сындоосу керек; 

“негативдүү” диалектика объективдүү мааниге ээ эмес, ал аң сезимге гана 
маани берет, анткени аң сезим гана баарын сындайт жана четке кагат; 

Танууну тануу позитивге (идеалдуу табууга) өтпөшү керек, бардык 
кубулуштарды тынымсыз сындап, аны тануусу зарыл. 
Демек, метафизика жана “негативдүү” диалектика өз алдынча иштелип 
чыккан диалектикага каршы теориялар болуп саналат. Булар менен катар өз 
алдынча теориялар болуп эсептелбеген философиялык ыкмалар (жол-жоболор) 
жашайт. Алар: эклектика; софистика; догматизм; релятивизм. 
Релятивизм – 
таанып 
билүүнүн 
даяр 
жыйынтыктарын 
интерпретациялоо. 
 Эклектика – өз алдынча, ар түрдүү байланышта болбогон фактыларды 
бириктирүү, аралаштыруу, жасалма интеллектуалдык түзүмдөрдү жасоо 
аркылуу теориялык чындыкты берүү ыкмасы. 


102 
Софистика – маңызы боюнча жалган, бирок формасы боюнча туура деп 
кабыл алынган ой корутундуларды бөлуп алуу ыкмасы. 
Догматизм – далилденбеген, абсолюттук чындык деп таанылган 
абалдарды кабылдоо; курчап турган дүйнөгө карата мамиледе, ой жүгүртүүдө, 
ойломдо ийкемсиздиктин көрүнүшү. 
3.Диалектиканын кошмок категориялары. Детерминизм жана 
индетерминизм 
Диалектиканын категориялары – табияттын, коомдун жана аң сезимдин
өнүгүү мыйзамдарын, жалпы жана маанилүү байланыштарын чагылдыруучу 
философиянын өтө жалпы жана кеңири түшүнүктөрү
Бүгүнкү 
күндө 
диалектиканын 
төмөндөгүдөй 
категориялары 
айырмаланат: 
Жалпы жана жеке (жалкы) 
Бүтүн жана бөлүк 
Мазмун жана форма 
Сан жана сапат 
Маңыз жана кубулуш (көрүнүш) 
Себеп жана натыйжа
Зарылдык жана кокустук 
Мүмкүндүк жана чындык 
Жалпы жана жеке (жалкы), Бүтүн жана бөлүк, Мазмун жана форма, Сан 
жана сапат – болмуштун горизонталдуу байланышын көрсөтөт. Маңызы 
боюнча болмуштун түзүмүн, түзүлүшүн мүнөздөөчү, координациялоочу 
байланыштарды билдирет. 
Ал эми Маңыз жана кубулуш (көрүнүш), Себеп жана натыйжа, Зарылдык 
жана кокустук, Мүмкүндүк жана чындык – болмуштун вертикалдуу 
универсалдуу байланышын көрсөтөт. Бул болмуштун динамикасын мүнөздөөчү 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   83   84   85   86   87   88   89   90   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет