Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет94/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   90   91   92   93   94   95   96   97   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор:
1. 
Аң сезим деген эмне?
2. 
Аң сезим – объективдүү дүйнөнүн субъективдүү образы деенди кандай 
түшүнөсүнөр? 
3. 
Аң сезим менен тилдин байланышы кандай?
4. 
Аң сезимдин калыптануусунда эмгектин ролу кандай? 
5. 
Инсан жана анын өздүк ан сезимин анализдегиле 
6. 
Философиядагы аң сезимсиздик маселесин талдагыла
 
Тема боюнча окуп-үйрөнүүчү адабияттардын тизмеси: 
1. 
Алексеев П.В., Панин А.В. Философия: Учебник.- М.: Проспект, 
2020. – 592 с.. 
2. 
Боженов А.Э. Основы философии. Учебное пособие. – М.: Аспект 
Пресс, 2019. – 608 с. 
3. 
Демина Л.А., Малюкова О.В., Бучило Н.Ф. Философия: Учебник. - 
М.: Проспект, 2020. – 360 с. 


111 
4. 
Канке В.А. Философия. Курс для бакалавров: Учебник. - М.: Логос, 
2005. 
Тема 14. Тааным жөнүндөгү философиялык окуу 
1. 
Таанып билүү философиянын башкы маселеси катары
2. 
Таанып билүүнүн негизги этаптары Чыгармачылык жана 
практика. Ишеним жана билим.
3. 
Түшүнүү жана түшүндүрүү. Таанып билүү ишмердигиндеги 
рационалдык жана иррационалдык 
Философияда аң сезим менен катар тааным теориясы же таанып билүү да 
чоң мааниге ээ. Бул темада таанып билүү анын мүмкүнчүлүктөрү, чектери жана 
өнүгүү этаптары жөнүндө маселелелер каралат. Философияда таанып билүү, 
таанымдын негизин жана табиятын, мүмкүнчүлүгү менен чындыгын изилдеген 
бөлүм гносеология деп аталат. Термин илимий чөйрөдө 1832-жылдан баштап 
киргизилген. Гносеологиянын башкы маселеси – дүйнөнү танып билүү, объект 
менен субъектин карым катнашы, чындык жана анын критерийи эсептелет. 
Таанымдын булагы катары табияттагы мыйзам ченемдүүлүктөр, дүйнөдөгү 
болгон туруктуу байланыштар. Булар таанууга жаткан реалуулук; ошол эле 
учурда таануучу реадуулук да айырмаланат. Таанып билүүнүн объектиси жана 
субъектиси негизги элементи катары болот; анын объектиси – таанып эмнеге 
багытталган болсо, ошол анын объектиси болот; ал эми субъектиси – тааным 
ишмердигинин алып жүрүүчүсү: индивид, таанылуучу сырткы дүйнө, коом, 
маданият, адамзат. 
Таанып билүү – бул адамдын максаттуу, активдүү, түрдөгү объективдүү 
дүйнөнү үйрөнүү жана жаңы билимдерге ээ болуу процесси; адамдын 
керектөөлөрүн канааттандыруу жана практикалык ишмердигинде колдонуу 
максатында жүрөт. Таанып билүүнүн максаты – билимдерге ээ болуу, анткени 
билим дүйнөдө адамдын жашоосу, кубулуштарды түшүнүү жана ар түрдүү 
күтүлбөгөн жагдайлардын алдын алуу үчүн колдонулат. Билим реалдуулукту 
кайра түзүү, өзгөртүү үчүн керек; андыктан билим системалуулук мааниге ээ.
Таанып билүүнүн формалары бар жана бир нече этаптан жана 
деңгээлдерден турат. Таанымда сезимдик жана рационалдык таанып билүү 
айырмаланат. Сезимдик таанып билүү – сезүү органдарынын, нерв 
системасынын жана мээнин жардамы менен таанымдын объектилерине түздөн 
түз таасир этүүнүн негизинде реалдуулукту таануу. Көрсөтмөлүүлүк, 
чагылдыруу аркылуу дүйнөнүн сырткы, байкалган жактары жана 
байланыштары тааныла баштайт. Сезимдик таанып билүүдө негизги 
формалары катары туюп сезүү, кабылдоо, элестетүү каралат. Туюп сезүүдө 
объектилердин кээ бир касиеттери чагылдырылса, кабылдоодо түздөн түз 
катыштык болгон объектилер чагылдырууга алынат. Элестетүү – шарттуу 
психикалык байланыштардын негизинде мурда кабыл алынган предмет, 
кубулуштардын образдуу кайра чагылдырылышы. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   90   91   92   93   94   95   96   97   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет