105
Диний дүйнөнүн сүрөттөлүшүндө Кудай менен адамдын ортосундагы
мамиле негизги талдоого алынган суроо болуп саналат. Башкы идеясы –
Кудайдын дүйнө менен адамды жараткандыгы. Ал эми дүйнөнүн
философиялык сүрөттөлүшүндө дүйнө менен адамдын карым катнашы каралат
да, диалектикалык жана метафизикалык, материалисттик
жана идеалисттик,
монисттик, дуалисттик, плюралисттик көз караштардын маани-маңызы
талдоого алынат. Ушулар менен катар эле дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү да өз
ордун тапкан. Анын негизги маселеси катары билимдин ар түрдүү тармактарын
бир бүтүндүккө бириктирүү, карама каршы болгондугуна
карабастан бири
бирине каршы болбогон бүтүндук катары эсептөө орун алган. Дүйнөнүн,
табияттын мыйзамдарына ылайык процесстер жүрүп турат.
Достарыңызбен бөлісу: