Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет93/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   89   90   91   92   93   94   95   96   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор:
1. Дүйнөнүн сүрөтү деген эмне? 
2. Дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү деген эмне? 
3. Дүйнөнүн диний сүрөттөлүшү кандай негизде берилет? 
4. Дүйнөнүн философиялык сүрөттөлүшү эмнеге негизделет? 
Тема боюнча окуп-үйрөнүүчү адабияттардын тизмеси: 


107 
1. 
Введение в философию: Учебное пособие/под ред. И.Т. Фролова и 
др. - М.:Республика, 2005. 
2. 
Губин, В.Д. Философия: учебник / В.Д.Губин. – М.: Проспект, 2017. 
– 332 с. 
3. 
Марков, Б.В. Философия: для бакалавров и специалистов / 
Б.В.Марков. –Санкт-Петербург [и др.]: Питер, Питер Пресс , 2017. - 426 с. 
 
Тема 13. Аң сезим жөнүндөгү философиялык окуу 
1. 
Аң сезим философиянын маселеси катары. Аң сезим – 
объективдүү дүйнөнүн субъективдүү образы
2. 
Аң сезим, тил жана эмгектин пайда болуу маселеси жана алардын 
диалектикасы 
3. 
Инсан жана анын өздүк ан сезими. Философиядагы аң 
сезимсиздик маселеси
Философияда болмуш маселесин карап кеткенде руханий болмуштун да 
реалдуулугу тууралуу сөз болгон. Бул теманын алкагында аң сезим деген эмне, 
анын болуму эмнеден көрүнөт, тил, эмгек менен байланышы кандай, жеке жана 
коомдук аң сезимдин ортосундагы карым катнаш тууралуу сөз болмокчу. 
Философияда аң сезим маселеси – пайда болуу механизми, ички маңызы, 
материяга болгон тасири ж.б. бүгүнкү күнгө чейин талкууну жаратып, 
табышмактуу жактарынын болгондугу тууралуу айтып келишүүдө. Бул 
маселеде философия да ой толгоп, талаш-тартыштарды жаратып, кээ бир 
учурда божомолдорду алдыга талкууга таштап, бир пикирге келүү мүмкүндүгү 
болгон эмес. Философия бир канча талкуулардан кийин аң сезим жашайт, ал 
өзгөчө идеалдуу табиятка жана маңызга ээ деген ойду берет.
Натыйжада аң сезим маселесесине карата бир нече философиялык көз 
караштар пайда болгон. алар: физикализм, солипсизм, объективдүү идеализм 
жана мелүүн материализм. 
Физикализм аң сезим маселесин изилдөөдө айдан ачык материалисттик 
көз карашта туруп, аң сезим өз алдынча субстанция катары жашабайт, ал 
материядан улам гана пайда болгон деп, физика жана андан бөлөк табигый 
илимдердин көз карашы аркылуу түшүндүрүлөт деп билдирет. Мындай көз 
караш төмөндөгүдөй табигый илимдин фактыларына таянат: 

адамдын мээси табияттын татаал түзүлүштөгү жана жогорку уюшулган 
материясы; 

адамдын аң сезими анын мээси аркылуу гана болот, ал эми мээ болсо 
анын биологиялык органдарынын бири; 

адамзат жасалма интеллекти түзүүгө жетишкен, ал материалдык объект 
түрүндө көрүнөт; 

адамдын организмине карата колдонулган дары-дармек анын мээсине 
таасирин тийгизет. 


108 
Солипсизм – аң сезимдин маңызына карата ашынган идеалисттик көз 
караш катары индивиддин аң сезими бирден бир чыныгы реалдуулук жана 
материалдык дүйнө анын туундусу деп ырастоого аракет кылат. Бул 
субъективдүү идеализмдин көз карашы катары белгилүү. 
Объективдүү идеализм аң сезим менен материя – экөөнү тең тааныйт да, 
аң сезимге биринчиликти, чыгармачыл мүнөздү таандык кылат. Бул көз 
карашта аң сезим жекеликтен сырткары, “дүйнөлүк аң сезимдин” бөлүгү 
катары каралат. 
Мээлүүн материализм аң сезимди материянын өзгөчө көрүнүшү, жогору 
уюшулган материянын өзүн өзү чагылдыруу жөндөмдүүлүгү деп билет. 
Ан сезимдин келип чыгышы жөнүндөгү маселеге карата төмөндөгүдөй 
көз караштар бар: 
1. Ан сезим космостук же ыйык Кудай тарабынан пайда болгон; 
2. Аң сезим бардык жандуу организмдерге таандык; 
3. Аң сезим бир гана адамга таандык касиет. 
Заманбап философияда, айрыкча советтик жана учурдагы россиялык 
философияда аң сезимдин табиятына карата диалектикалык-материалисттик 
түшүндүрүү, б.а. чагылдыруу теориясы белгилүү. Бул теориянын маңызы 
боюнча аң сезим материяны чагылдыруучу анын жогорку уюшулган касиети 
болуп саналат. Чагылдыруу – материалдык объектилердин өзүндө башка 
материалдык объектилердин таасир этүүсүнүн натыйжасында алардын 
касиетин кайра өндүрүү жөндөмдүүлүгү. Чагылдыруу теориясында анын 
формалары айырмаланат. Философияда чагылдыруунун механикалык, 
физикалык, химиялык, биологиялык формалары айырмаланат. Чагылдыруунун 
биологиялык формасы жандуу организмдерге гана таандык, жандуу 
организмдер жандуу жана жансыз табиятты чагылдыруу жөндөмдүүлүгүнө ээ. 
Биологиялык чагылдыруунун формасы катары кыжырдануу, сеезимталдык, 
психикалык чагылдыруу эсептелет. 
Кыжырдануу – жандуу организмдердин, анын ичинде өсүдүктөрдүн 
курчап турган дүйнөнүн буюм-нерселерине, кубулуштарына карата реакция 
кылуусу. Мисалы, күндүн өтө ысыганынан же кургакчылыктан өсүмдуктөрдүн 
куурап калуусу, жамгырдан кийин өсүмдуктөрдүн кайра ордуна келиши, күн 
караманын күнгө карап жылышы ж.б.у.с. 
Сезимталдык – биологиялык чагылдыруунун жогорку формасы, жандуу 
организмдердин курчап турган дуйнөнү туюп сезүү түрүндө чагылдыруу 
жөндөмдүүлүгү. 
Психикалык чагылдыруу – туюп сезүүлөрдү систематизациялоо, курчап 
турган чөйрөгө ыңгайлашуу максатында жүрүм турумду моделдештирүү 
жөндөмдүүлүгү; стандарттуу жана стандарттуу эмес кырдаалдарга карата көп 
варианттуу ыңгайлашуу жолу. 
Демек, аң сезим биологиялык чагылдыруунун жогорку формасы, адамга 
жана кээ бир жандыктарга тешелүү болгон жөндөмдүүлүк; курчап турган 
чөйрөнү толук бойдон чагылдырууга, абстракциялоого жана рефлексияга 


109 
болгон жөндөмдүүлүк, аңдап билгендик, б.а. ойдун жардамы менен жаңы ойду 
алуу; рефлексия – аң сезимдин өзүнө карата багытталышы, кайрылышы.
Адамдын аң сезиминин башкы айырмачылыгы – идеалдуулугу, 
интенционалдуулугу жана идеатордуулугу. Бул эмнени билдирет ушуга 
токтоло кетели.
Идеалдуулук – аң сезимдин өзгөчө, материалдык эмес, маңызы; табияты 
боюнча материалдык дүйнөгө карама каршы, аң сезимде пайда болгон образдар 
материя болуп саналбайт; ал материяга карама каршы. 
Интенционалдуулук – предметке багытталгандык, аң сезим предметсиз 
болбойт, бир нерсе анын предмети болуп турат. Мында аң сезим эмнеге 
багытталса, ошол анын предмети, аң сезим предметти кабылдоосунун жол-
жобосу анын формасы. Аң сезимдин формасы катары кабылдоо, аңдап билүү, 
баалоо, эскерүү, фантазия, турмуштук тажрыйба эсептелет. 
Идеатордуулук – аң сезимдин идеяларды түзүү жана кайра чагылдыруу 
жөндөмдүүлүгү; абстрактуу идеяларды жаратуу дегендикти билдирет. Бул 
идеялар тил аркылуу берилет; мында тилдин ролу чоң. 
Аң сезимдин пайда болуп, өнүгүшүндө эмгек менен тилдин ролуна чоң 
маани беришет. Мында Ф.Энгельстин адамдын маймылдан адамга айлануу 
процессиндеги тил менен эмгектин ролу жөнүндөгү гиоптезасы мааниге ээ. 
Марксисттик философия ар дайым ушул гипотезага таянып келген жана аң 
сезимдин табиятын изилдөөдө анын оюн негизги тезис катары кабылдаган.
Инсандын аң сезими ар дайым кыймылдап, өнүгүүдө турат жана ал жеке 
адамга тиешелүү, ар бир инсандын жеке аң сезими бар жана ал ошол индивидге 
гана таандык болот.
Ошентип, аң сезим – бул жогорку уюшулган «ой жүгүртүүчү 
материянын» (адам мээсинин) материалдык дүйнөнү руханий 
образда чагылдыруу касиети. Аң сезим адамдардын практикалык кайра түзүүчү 
ишмердүүлүгүнүн негизинде пайда болуучу жана өнүгүүчү өзгөчө 
информациялык чагылтуу. Ал көзгө көрүнбөгөн адамдын маанайы, сезими, сар 
санаасы, оюу, идеясы, ишенимдери, баалуулуктары, нормасы, стереотиптери 
ж.б. катары жашайт да аң сезимдин мазмунун, анын элементин түзөт. Аң сезим 
ар дайым коомдук мүнөзгө ээ, анткени ал коомдон сырткары пайда болбойт. 
Анын элементтери адамдар тарабынан биргелешкен коомдук практика жана 
мамиле процессинде иштелип чыгат жана тилдин жардамы менен белгиленип 
жана билдирилет. Ар бир жеке адамдын индивидуалдуу аң сезими менен бирге 
ар түрдүү коомдо тарыхый жактан коомдук аң сезим пайда болот. Аң сезим 
менен болмуштун мамилеси: болмуш жана аң сезим тыгыз байланышкан жана 
өз ара таасир этип турат, аң сезим рухий жактан болмуштун системасынын 
элементи. 
Өзүн өзү аңдоо аң сезимдин көрүнүшү. Ал ар түрдүү деңгээлде жана ар 
кандай формада көрүнүүчү динамикалуу тарыхый жактан өнүгүүчү түзүлүш. 
Анын алгачкы формасы өзүн өзү сезүү деп аталып, өзүнүн телосун жана курчап 
турган буюмдар менен адамдар дүйнөсүнө таандык экенин элементардуу түрдө 
аңдайт. Өзүн өзү аңдоонун жогорку деңгээли катары адам өзүн тигил же бул 


110 
маданиятка жана социалдык группага таандык экендигин сезүү менен 
байланышкан. Бул процесстин өнүгүүсүнүн эң жогорку деңгээли болуп – 
өзгөчө калыптанган түзүлүш катары «Мен» деген аң сезимдик түзүлүштүн 
келип чыгышы. Ал түзүлүш башка адамдардын «менине» окшош жана ошону 
менен бирге уникалдуу жана кайталангыс, эркин аракеттерди жасоочу жана 
анын жоопкерчилигин алып жүрүүчү, өзүнүн аракеттеринин жана анын 
баалуулугунун үстүнөн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн зарылдыгын жөнгө 
салат.
Философияда өздүк аң сезим менен катар аң сезимсиздик маселеси да 
каралат. Өздүк аң сезим – адамдын сырткы дүйнөдөгү кубулуштарды жана 
окуяларды бир эле убакта чагылдыруу жөндөмдүүлүгү, аң сезимдин өзү 
жөнүндө билүү. Өздүк аң сезим маселеси алгачкылардан болуп Сократ 
тарабынан негизделген да, өздүк аң сезимди философиянын маңызы катары 
көргөн. 
Аң сезимсиздик – акылдын сферасынан (чөйрөсүнөн) сырткары турган
ан сезимдүү эрктик талдоого кирбеген, аңдап билинбеген психикалык 
кубулуштардын жана процесстердин жыйындысы. Аң сезим менен аң 
сезимсиздиктин чектерин айрып билүү үчүн З.Фрейд “подсознание” (аң 
сезимдин астындагы) деген терминди киргизет. Ал эми К.Г.Юнг болсо аң 
сезимсиздик маселесине карата башка көз карашта болгон. Анын пикиринде аң 
сезимсиздик биологиялык эмес, символикалык мааниге ээ жана архетип 
түрүндө көрүнөт; ал адамдын бардык кыжалаттанууларын, көз караштарын, 
жүрүм турумун аныктайт.
Демек, аң сезим маселеси философиялык маселелердин бири экендигин 
айта кетүү эп. Анткени анын пайда болуу, жаралуу, жашап туруу табияты
жөнундөгү маселенин өзү философиялык болуп саналат жана аны изилдөө 
философиянын изилдөөсүнүн бири катары болот.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   89   90   91   92   93   94   95   96   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет