Дүйнөнүн философиялык сүрөтүндө дүйнө жалпы категориялар жана
түшүнүктөр аркылуу чагылдырылат. Адам бардык башка болмуштан
айырмаланат жана дүйнөнү жана өзүн өзү таанып билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ.
Бул адамдын негизги багытталышы жана анын болмушунун маңызы катары
болот. Философиялык сүрөттөлүштө мейкиндик сырткы кабылдоолордун
тартипке келтирүү жол-жобосу, ал эми убакыт болсо ички кыжалаттанууларды
тартипке келтирүү жолу деп билинет. Дүйнөнүн философиялык сүрөтүндө
негизги маселе болуп дүйнө менен адамдын карым катнашы эсептелет. Бул
карым катнаш же материалисттик, же идеалисттик, диалектикалык же
метифизикалык, объективдик же субъективдик жактан түшүнүлгөн. Адам
менен дүйнөнүн ортосундагы мамиле гносеологиялык, онтологиялык,
методологиялык, аксиологиялык аспектиде каралат. Ушуга байланыштуу
дүйнөнүн философиялык сүрөтү көп түрдүү болгону менен бири бирине
окшобойт. Дүйнөлүк маданияттын өнүгүшүндө философиялык дүйнөнүн
сүрөттөлүшү кээде диндик, ал эми кээ бир учурда илимий сүрөттөлүшкө жакын
болгону менен ар дайым айырмаланып келген. Тигил же бул илимдеги илимий
жыйынтыктар жана натыйжалар философиялык анализдин предмети болуп
келген, билимдин бардык тармагындагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын
философия бир бүтүндүккө алып келип болмуш менен таанымдын жалпы
мыйзамдарынын синтези катары түзөт жана дүйнөтааным катары калыптанат.
Натыйжада философиялык дүйнөнүн сүрөттөлүшү реалдуулуктун өнүгүү
мыйзамдарын жана маңыз жөнүндөгү окууну гана камтыбастан, адеп-ахлак,
эстетикалык жана башка идеяларды жана ишенимдерди бириктирген.
Жогоруда аталган дүйнөнүн сүрөттөлүшүнүн түрлөрүнүн ортосунда карым
катнаш бар экендигин айта кетүү зарыл. Анткени акыркы мезгилде өнүгүп
жаткан синергетика бардык материалдык тутумдун өзгөрүүгө учурашын жана
өзүнөн өзү уюшулушу аркылуу кандайдыр бири ирээттелүүгө багытталарын
айтууда. Адамзат дүйнөнүн теориялык моделин тандоо менен келечекке көз
чаптыруусу учурдагы маанилүү маселе бойдон калууда.
Достарыңызбен бөлісу: |