118
Адам жашоосу коомдо жүрөт жана коомдогу башка адамдар менен карым
катнашта болот. Ушуга байланыштуу жеке
инсан менен коомдун карым
катнашы кандай деген суроо жаралат. Бул суроого ушул теманын алкагында
жооп издеп көрөлү. Адам деген ким жана анын болмушунун маңызы эмнеде
деген суроолорго азыноолак болсо да болмуш темасынын алкагында сөз
болгон. Ал эми бул темада адамды коом менен байланыштуу карайбыз.
Заманбап изилдөөлөрдө жана окумуштуулар арасында адамдын социалдык
жана биологиялык жагынын кайсынысы үстөмдүк кылаары тууралуу дискуссия
бар. Акыркы изилдөөлөрдө бул маселеге маданият да кошулуп, адамга карата
дагы бири ченем пайда болду. Адам төрөлгөндөн баштап коомдук мамилелерге
биригет, бардыгы үчүн бирдей болгон биргелешкен жашоого аралашат.
Мындай мааниде алганда коом адамдардын биргелешкен жашоосу болуп
саналат. Анда карым катнаштын экономикалык, саясий, моралдык, диний ж.б.
формалары калыптанат. Андан сырткары
адамга маданият да таасирин
тийгизип, менталдуулук, б.а., өзгөчө этникалык-улуттук ой жүгүртүү стили,
идеалы калыптанат. Коом адамдардын биргелешкен жашоосун камсыздаса,
маданият болсо жеке, өзгөчө маани берет, себеби маданият адамдын
жашоосунун өзгөчө кайталангыс жолу, ал
адамдардын өз ара белги-
символикалык алмашуусунун негизинде пайда болот. Маданият менен коомдун
өнүгүүсү тарыхый мүнөзгө ээ болуу менен социомаданийгенез деген термин
менен аталат.
Табият – адам жайгашкан жер, ал ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жай. Табият
адам үчүн анын жашоосунун табигый шарты, табияттагы өзгөрүү адамга
таасирин тийгизгендей эле, адамдын ишмердиги табиятка таасирин тийгизет,
анын түрүнүн, түсүнүн өзгөрүүсүнө алып келет.
Ошондуктан адамдардын
табиятта пайда болушу менен коэволюция процесси башталат. Коэволюция
деген эмне? Бул – табияттын, коомдун, адамдын жана маданияттын
биргелешкен эволюциясы. Окумуштууладын бир тобу адамдагы биологиялык
жакты жогору баалап, ошого басым жасаса,
социалдык жагы басымдуулук
кылат деген да философтордун тобу бар.
Коомдун социалдык тутумунда адам маанилүү роль ойнойт. Ал коомдун
тутумунун негизги, алгачкы элементи; ансыз коомдук институттар, мамилелер,
ар түрдүү коомдук уюмдар жана топтор болбойт. Ошондуктан ал бир эле
учурда коомдук мамилелердин объектиси жана субъектиси.
Индивид, индивидуалдык жана инсан айырмаланат түшүнүктөрүн
айырмалоо жана жакындаштуу маселеси да филосфияда каралат
Философияда инсан деген түшүнүк – адамды, коомдук сапатты алып
жүргөн – бирөө, коомдун бир мүчөсү деген маанини түшүндүрөт. Инсан деген
түшүнүктүн ички мааниси – бул биосоциалдык сапаттагы жандын өзүнүн ички
маани негизи, мазмуну коомдук мамилелерди өзүнө сиңирип алган адамдын
сапаты. Инсан – коомдун жеке адамдагы чагылдырылышы. Ар бир адам –
инсан, анткени, учурдагы коом ал адамдын ички дүйнөсүнүн, жүрүш
турушунун аныктоочусу, эң башкысы, негизи.
Коомдо адамдын коомдук жан
катары жашашы, адамдардын бири бири менен байланышын зарыл кылат, ошол
119
зарыл болгон өз ара байланышта, адам жашап турган коомдук сапаттарын
өзүнө сиңирип алып, инсан катары коомдун мазмунуна окшош болуп калат.
Инсандын ички маңызы анын биологиялык белгилер менен эмес, анын
кыймылы менен аныкталат. Адамдардын инсандык сапаттарга ээ болууда анын
табийгый белгилери башталышы болуп саналат. Индивиддер – жеке адамдар,
биологиялык кээ бир белгилер, өзгөчөлүктөр менен айырмаланат, бирок инсан
катары ал коомдо гана калыптанат. Ошондуктан,
инсанга таандык болгон
касиеттер ал инсан менен кошо төрөлбөйт, ал коомдук түзүлүшкө жараша
болот. Ар бир коомдун өз дооруна жараша, аны бүт камтып чагылдырган
инсаны болот. Ар бир инсанда генетикалык, биологиялык өзгөчөлүктөр болот,
бирок алар инсандын инсандык негизин, сапаттарын аныктай албайт. Инсандын
негизги мазмунун аныктаган коом болуп саналат.
Маданият жана цивилизация учурдагы философияда да өзүнчө талкуунун
предмети. Булар мааниси жана келип чыгуусу боюнча окшош болгону менен
бири биринен колдонуу контексти жагынан айырмаланат. Булар адамдын
табияттан айырмачылыгын билдирген жалпы түшүнүк болуп саналат жана
маданияттын бир тибин аныктайт. Алсак, антикалык
маданият же антикалык
цивилизация деп айтабыз же болбосо чыгыш маданияты же чыгыш
цивилизациясы деген түшүнүк бар. Бирок маданият түшүнүгү же жалпы эле
маданият цивилизациядан мурда пайда болгон деп айта алабыз. Эки терминдин
ортосундагы айырмачылк кандай деген суроо баарыбызда жаралат. Маданият
түшүнүгү адеп-ахдак, диндин аймагынан пайда болот да, руханий маданият
менен байланыштуу талдоого алынат жана ошол жааттагы өнүгүү катары
билебиз (М., билим берүү, илим, искусство, адеп-ахлак, диндик көз караш ж.б.).
Ал эми цивилизация материалдык маданияттын кубулуштарына таандык
колдонулат. Мында өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшү, техникалык прогресс,
экономиканын өнүгүүсү башкы орунда туруп коомдук турмушка багытталат.
Философтордун кээ бири маданият менен цивилизацияны так ажырымын
изилдөөгө алып келишүүдө. Мунун белгилүү өкүлү катары О.Шпенглер
эсептелет. Анын пикиринде маданият менен цивилизация айрым бир
маданияттын алгычкы жана андан кийинки стадиялары. Буга каршы маданият
менен цивилизацияны окшоштурган К.Ясперстин концепциясы бар.
Цивилизация бардык маданияттардын баалуулугу болсо, маданият анын негизи.
Достарыңызбен бөлісу: