Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет37/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Нускалуу ырлар 
Эстүү бала сабакка,
Ырыс- бакка малынат. 
Эрте туруп камынат.
Кээ бир жалкоо сабакты, 
Кийим кийип, жуунуп,
Билбейт десе таарынат. 
Китеби толук салынат.
Мугалимдер сураса, 
Кайта- кайта сабагын,
Жооп бербей жаңылат. 
Бышык окуйт жаңылап. 
Жакшы бүтсө окуусун,
О.Бөлөбалаев 
1-көнүгүү. Ырдын 1-4 сабын көчүрүп жазгыла. Эстүү, сабакка, китеби деген 
сөздөрдү уңгу, мүчөгө ажыраткыла. 
2- көнүгүү.
Макалдардын маанисин чечмелегиле. Көчүрүп жазып, уңгу, мүчөгө 
ажыраткыла. 
Билеги күчтүү бирди жыгат, 
Билими күчтүү миңди жыгат. 
Билимдүүнүн сөзү өткүр, 
Мергенчинин көзү өткүр. 
3- көнүгүү. 
Таблицаны толтургула: 
мүчө 
уңгу 
пайда болгон сөз. 
-луу 
акыл, 
бала, 
-чы 
окуу, 
жазуу, 
тарбия 
-дай 
суу 
таш 
тоо 


155 
4- көнүгүү. 
Сөз жасоочу мүчөлөрдү пайдаланып эстүү бала, жалкоо бала жөнүндө 
сүйлөмдөрдү түзгүлө. 
5-көнүгүү. Ырды жаттагыла. Эстүү бала, жалкоо бала темасына Венндин 
диаграммасын түзгүлө. 
Тексттерди сынчыл көз караш менен баалоо тексттерден 
маалыматтарды табууга, башкалардын пикирлерин уга билүүгө жана өз 
пикирин калыптандырууга, түрдүү көз караштарды салыштырууга үйрөтөт, 
сөздүк запасынын баюусуна жана кебин өстүрүүгө өбөлгө түзөт. Бай сөздүк 
запаска ээ окуучу өз оюн эркин жана так билдирүүгө жөндөмдүү болуу менен 
бирге ар түрдүү кырдаал жана карым-катыштын чөйрөсүндө өзүн эркин 
сезет. 
Өз эне тилинде туура сүйлөөсү, өз оюн башкаларга ачык, так жеткире 
билүүсү, оозеки кеп ишмердүүлүгү, диалог, монолог, маектешүү, жазуу 
жүзүндө баяндама, дилбаян, эссе, кеп ишмердүүлүгүнүн түрлөрү боюнча 
практикалык иштерди аткара алуусу, кырдаал, шартка ылайык мазмундуу 
сүйлөй билүүсү, иш кагаздарынын үлгүлөрүн даярдай алуусу, тактап 
айтканда, кыргыз тили сабагынан алган билгичтик, көндүмдөрүн өзүнүн 
турмушунда кенен пайдаланууга жетишүүсү эң маанилүү. Мына ушул 
талаптарга ылайык кептик компетенттүлүктүн негизинде кыргыз тилин 
текстке байланыштуу окутуунун мазмуну сунушталат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет