Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Сөздүк:  жарды-кедей  таксыр- кадыр-барктуу адамга кайрылуу  Таблица 2.4.1.4.- Кыргыз тилиндеги жактар



Pdf көрінісі
бет33/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Сөздүк: 
жарды-кедей 
таксыр- кадыр-барктуу адамга кайрылуу 
Таблица 2.4.1.4.- Кыргыз тилиндеги жактар 
 
1-көнүгүү. Тексттин 1- абзацын көчүрүп жазып, зат атоочтордун жана ат 
атоочтордун кайсы жөндөмөдө турганын аныктагыла. 
Кыргыз тилинде 3 жак бар. Алар I жак, II жак, III жак. 
I жак- мен, биз 
II жак- сен, сиз, силер, сиздер. 
III жак- ал, алар. 
Зат атооч жак боюнча төмөнкүдөй өзгөрөт: 
Жекелик санда:
Көптүк санда: 
I жак мен окуучумун
Биз окуучубуз 
II жак сен окуучусун, сиз окуучусуз 
Силер окуучусуңар.
Сиздер окуучусуздар 
III жак ал окуучу
Алар окуучулар 


141 
2- көнүгүү. 2- абзацты көчүрүп жазгыла. Ат атоочтордун кайсы жакта 
тургандыгын аныктагыла. 
3- көнүгүү. Илимпоз, киши деген зат атооч сөздөрдү жактагыла: 
Үлгү: Мен илимпозмун- Биз илимпозбуз. 
4-көнүгүү. Макалдардын маанисин чечмелегиле. 
1. Кийимиңди жаңысынан сакта 
Адебиңди жашыңдан сакта. 
2. Адептүү болсоң жашыңдан 
Сый- урмат кетпейт башыңдан. 
5- көнүгүү. Кластерди толтургула. Колдонулуучу сөздөр: 
бала, кыз, дарыгер, жазуучу, мугалим, ишкер. 
Сүрөт 2.4.1.- Кластер түзүү 
6-көнүгүү. Текстти ролдоштуруп окугула. 
Суроо- тапшырмалардын жана көнүгүүлөрдүн мындай ар түрдүү 
мазмунда болушу окуучулардын грамматикалык сабаттуулугун арттырууга, 
кебин, ой жүгүртүүсүн байытууга жана учур талап кылып жаткандай алган 
билим, билгичтик, көндүмдөрүн турмушта активдүү пайдалануусуна зор 
өбөлгө түзөт. 
Көнүгүүлөр оозеки, жазуу жүзүндө жана өз алдынча, жупта, топтордо 
иштетүүгө ыңгайлаштырылып түзүлгөн. Бул көнүгүүлөрдү жана суроо- 
тапшырмаларды 
аткартуунуннегизги 
максаты 
тексттин 
негизинде 
окуучулардын сабаттуулугун арттыруу менен бирге алардын таанып- 
билүүсүн кеңейтүү, чыгармачылыгын ойготуу болуп саналат. Окуучунун 
таанып- билүү деңгээлин аныктоочу эң натыйжалуу каражат катары 
Б.Блумдун таксономиясы кызмат кылат. Таанып- билүү деңгээли билимдерди 
топтоо жана акыл көндүмдөрүн өнүктүрүү менен байланышкан бардык 
мен
сен
ал


142 
нерселерди камтыйт. Б.Блумдун таксономиясы ой жүгүртүү көндүмдөрүнүн 
төмөнкүдөй ыраатын билдирет: билим, түшүнүү, колдонуу, талдоо, баалоо, 
чыгармачылык. 
1. Билим деңгээли- төмөнкү, баштапкы деңгээл. Бул деңгээлге таандык 
бардык максаттар өздөштүргөн материалды механикалык түрдө 
кайрадан айтып берүү менен калыптанат. 
2. Түшүнүү деңгээли. Өздөштүргөн маалыматты өз сөзү менен айтып 
берүү жөндөмү. 
3. Колдонуу деңгээлинде алынган билимдерди стандарттуу жана 
стандарттуу эмес тапшырмаларды аткарууда колдоно алат. 
4. Талдоо деңгээлинде окуучулар өздөштүргөн материалды түзүмдөргө 
ажырата алышат, алардын өз ара байланыштарын аныктай алышат. 
5. Баалоо деңгээлинде окуучулар алынган маалыматка карата өз 
мамилесин көрсөтө алышат, өздөштүргөн жана жаңы материал жөнүндө 
мазмундуу баалоо пикирлерин жарата алышат. Мындай ишмердик 
талдоого, далилдерге жана так критерийлерге негизделет. 
6. Чыгармачылык деңгээлде окуучулар өз чыгармачылык жөндөмдөрүн 
колдонуп, изилденген материалды жаңы формада бере алышат. [ Дудкина 
О.И., ж.б. “Башталгыч класстарда калыптандыруучу баалоо”. Бишкек- 2012. 
6-б.] 
Америкалык психолог Бенджамин Блум түзгөн, мугалимдерге төмөнкү 
деңгээлден (түшүнүү деңгээли) жогорку деңгээлге (чыгармачылык деңгээл) 
карай суроо- тапшырмаларды даярдоодо жардам бере турган бул 
таксономияны башталгыч класстардын мугалимдери да өз ишинде активдүү 
пайдалана алышат. 
Эне тилин окутууда Блумдун таксономиясын пайдалануудагы 
окуучулардын ой жүгүртүү, таанып- билүү көндүмдөрүнүн ыраатын төмөнкү 
таблицадан байкап көрөлү: 
Ой жүгүртүү көндүмдөрүнүн (Б.Блумдун таксономиясы боюнча) эне 
тили сабагында ишке ашырылышы. 


143 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет