Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Экинчи бөлүм боюнча кыскача корутунду



Pdf көрінісі
бет39/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Экинчи бөлүм боюнча кыскача корутунду. 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда 
тиешелүү фактылар, эне тилинин илимий маалыматтары (фонетика, 
лексикология, морфология, синтаксис, стилистика, орфография, пунктуация, 
ж.б. боюнча) кыргыз тил илиминен алынары белгилүү. Кыргыз тил илимине 
таянуу менен, башталгыч класстарда эне тилине байланыштуу окутула 


158 
турган конкреттүү бөлүмүн үйрөтүүнүн ыкмалары иштелип чыгат. Алардын 
орду такталып, методдордун натыйжалуу, ыңгайлуу жолдору аныкталат. 
Орто 
мектептердин 
башталгыч 
класстарында 
иштеген 
мугалим 
педагогикалык чеберчилигин традициялык педагогиканын жана азыркы 
учурда колдонулуп жаткан окутуунун жаңы технологияларын терең 
өздөштүрүп, айкалыштыруу менен жогорулата алат. 
Ал эми окутуунун натыйжалары мугалимге күнүмдүк, жумалык, айлык, 
жылдык ишин пландаштыруунун негиздерин камсыз кылат. Ал 
пландаштырууларда мугалим негизги билим, ыкма билгичтиктерди аныктоо 
үчүн окуу программасынан, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолордогу 
окутуунун натыйжаларынан пайдаланат. 
Текстке байланыштуу эне тилин окутуу өз ичине изилдөөчүлүк, 
проблеманы чечүүлүк максаттарды камтыган инсанга багытталган окутуу 
менен байланышта жүргүзүлөт. Мында окуучуларга жоопкерчилик көбүрөөк 
жүктөлгөндүгүнө байланыштуу окутуу процессинде материал мыкты 
өздөштүрүлөт. Ал эми мугалим окуучуларды колдоо менен аларга багыт 
берип турат. Окуучулар бири- бири менен баарлашып, турмуштук 
кырдаалдарга байланышкан диалогдорду түзүп, суроо- тапшырмаларды
көнүгүү- машыгуу иштерин аткарууга активдүү катышат. Натыйжада 
өздөрүнүн таанып- билүүчүлүк көндүмдөрүн, ойлоосун, кебин, эне тили 
боюнча сабаттуулугун калыптандырышат. 
 
Үчүнчү бөлүм 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет