Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 2.4.1.6.- Сабактагы иш-аракеттин кадамдары



Pdf көрінісі
бет35/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 2.4.1.6.- Сабактагы иш-аракеттин кадамдары 
Сабактын темасы, максатын жана милдеттерин айтуу 
1- кадам. 
Саламдашуу жана уюштуруу иштери.
Мугалим окуучулардан сүйлөм деген эмне жана сүйлөмдүн кандай түрлөрү 
бар экендигин эстеп, айтып берүүнүн суранат. 
2- кадам. 
Мугалим окуучулардын жоопторун тактага жазат да, аларды жалпылайт. 
Андан соң окуучуларга жаңы теманы түшүндүрүлөт. 
Ээ менен баяндоочтон гана турган сүйлөмдү жалаң сүйлөм дейбиз. 
Мисалы: Атам иштейт 
Баш мүчөлөрдөн тышкары айкындооч мүчөлөр да катышкан сүйлөм 
жайылма сүйлөм болот. 
Мисалы: Атам жылкы чарбасында иштейт. 
3- кадам. 
Тапшырма: “Чабандес бала” текстинен жалаң, жайылма сүйлөмдөрдү 
тапкыла. Жообуңарды түшүндүргүлө: 
Чабандес бала 
Нурлан- жылкычынын баласы. Ал- окуучу. Атасы көптөн бери жылкы 
чарбачылыгында эмгектенет. Ал жылкычы. Нурлан жайдыр- кыштыр атасын 
ээрчип, ат минип чыйрак өстү. Бош убактыларында атасына малды багууга 
кол кабыш кылат. Малды багуунун ыкмасын өздөштүрүп алган. Нурлан 
жакшы окуйт. Өз ишине тыкан, чыйрак. 
Каникул башталды. Жайкы каникул күндөрү кызыктуу өтүп жатат. 
Нурлан кунан- тайларды үйрөтүүгө кол кабыш кылууда. Жакында ат чабыш 
болот. Ал өзү үйрөткөн тайы менен ага катышат. Буйруса, эң алдыда келем 
деген үмүтү бар. 
4- кадам.
Мугалим окуучуларды кичи топторго бөлүп, окуу китебиндеги 1-3- 
көнүгүүлөрдү аткарууну суранат.


148 
1-көнүгүү. Тексттен жалаң сүйлөмдөрдү таап жазгыла.
2- көнүгүү: Макалдын маанисин чечмелегиле. Кандай сүйлөм экендигин 
аныктагыла: 
Аргымактын жакшысы, 
Азыраак оттоп, көп жуушайт. 
Азаматтын жакшысы, 
Азыраак сүйлөп, көп тыңшайт. 
3- көнүгүү: Тексттен жайылма сүйлөмдөрдөн 5ти таап, көчүрүп жазгыла. 
Ар бир окуучу адегенде өз алдынча иштейт, андан кийин кичи топто талкуу 
жүрөт. 
5- кадам.
Тапшырманы аткарган соң, ар бир топ өз ишин презентациялайт. 
6- кадам. 
Мугалим “Карточканын индекси” деген калыптандыруучу баалоонун 
техникасын колдонот. 
Ал окуучуларга эки бетинде тең тапшырмасы бар карточкаларды таратып 
берет: 
1- бетинде: Өтүлгөн тема боюнча түшүнгөнүңөрдү жазып бергиле жана 
жалпылагыла. 
2- бетинде: Өтүлгөн тема боюнча кайсы суроолор сен үчүн түшүнүксүз 
болду? 
Бул ишти кичи топтордо да өткөрсө болот. Тапшырма аткарылгандан кийин 
мугалим иштин жыйынтыгын жалпылайт. 
Жогоруда 
көрүнүп 
тургандай, 
мугалим 
сабак 
учурундагы 
ишмердүүлүктүн ар бир кадамын пландаштырат, башкача айтканда, 
ийгиликке жетүүнүн алгоритмин түзөт. Ал эми бир нече кадамдарды 
аткарган соң, калыптандыруучу баалоону пландаштырат жана өткөрөт. 
Белгилеп кетүүчү маанилүү маселе- калыптандыруучу баалоону өткөргөндөн 
кийин, мугалим окуучулар кетирген каталардын үстүндө алар менен 
биргеликте иштейт. 


149 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет