Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет44/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   40   41   42   43   44   45   46   47   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Төртүнчү бөлүм 
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда жазуу иштерин жүргүзүүнүн 
ыкмалары. 
 
4.1. Жазуу иштерин жүргүзүүнүн жолдору жана ыкмалары. 
Башталгыч класстарда эне тилин текстке байланыштуу окутууда жазуу 
иштеринин бардык түрлөрү кеңири колдонулат. Жазуу иштерин анын эң 
жөнөкөй элементтерине таянып жүргүзүү талапка ылайык. Андай иш- 
аракеттердин катарына: 
жат жазуунун бардык түрлөрү; 
дилбаян жазуу; 
баяндама жазуу. 
таяныч сөздөрдү пайдаланып аңгеме же жомок жазуу; 
текст түзүү; 
план түзүү; 
сүйлөм түзүү; 
өмүр баян, арыз, кулактандыруу, мүнөздөмө, маалымдама сыяктуу иш 
кагаздарын жаза билүү; 
кат жаза билүү, ж.б.у.с. жазуу иштеринин түрлөрү кирет; 


185 
Жат жазуунун түрлөрү окуучулардын билимдерин текшерүүнүн эң 
негизги иш- аракеттеринен болуп саналат. Ар бир бөлүмдү, чейректи 
жыйынтыктоодо грамматикалык материалдарды окуучулардын өздөштүрүү 
деңгээли, алардын орфографиялык сабаттуулугу текшерилип, анын 
жыйынтыктарынын негизинде мугалим өзүнүн андан аркы иш- аракеттерин 
пландаштырат. Жат жазуунун башталгыч класстарда колдонулган текшерүү 
жат жазуусу, сөздүк жат жазуу, эске тутуу жат жазуусу, көрүү жат жазуусу, 
чыгармачылык жат жазуу сыяктуу түрлөрүнөн тышкары азыркы учурдун 
талабына ылайык интерактивдүү окутуунун негизинде жүгүрүп жазган жат 
жазуу түрүн колдонуу сунушталууда. 
Бул иш- аракет салттуу окутуудагы жат жазуунун түрлөрүнөн толугу 
менен айырмаланат. Мында окуучунун кыймыл- аракети, көрүү, окуу, жазуу, 
сүйлөө, угуу сыяктуу кеп ишмердигинин бардык бирдиктери катышат. Ар 
бир окуучунун жекече иш- аракетинде жогорку жоопкерчилик пайда болуп, 
топтун жеңиши андан көз каранды экендигин, ага түздөн- түз таасирин 
тийгизерин сезет, өз ара биргелешип, байланышта, мамилелешип иштешет. 
Бул сабакта төмөнкүдөй максаттар ишке ашат: 
сүйлөмдөрдү жазуу аркылуу маалыматтарды эсине тутуусу өнүгөт; 
сүйлөмдөрдүн байланышын, лексикалык маанисин айырмалайт; 
туура, сабаттуу жазууга үйрөнөт; 
көрүү, угуу, жазуу, сүйлөө көндүмдөрү өнүгөт; 
топто биргелешип иштөөгө машыгышат. 
Жүгүрүп жазган жат жазуу стратегиясы менен 4- класста жүргүзүлгөн 
сабактын үлгүсүн сунуштайбыз. 
Сабактын темасы: «Ырыс алды – ынтымак» 
Сабактын максаты: «Ырыс алды-ынтымак» текстинин негизинде жат жазуу 
менен сүйлөмдөрдү сөздөрдүн лексикалык маанисин, сүйлөмдөрдүн өз ара 
логикалык байланыштарын түшүнүп, билишет. Туура, сабаттуу жазууга 
көнүгүшөт. Биргелешип, жардамдашып иштөө аркылуу жазуу ишин 
аткарууга машыгышат. 


186 
Сабактын методдору: топто иштөө, баалоо. 
Сабактын ресурстары: А – 4 кагазына жазылган тексттер. Иш кадамдары: 
1. А – 4 кагазына жазылган текст дубалдын 4 жерине илинет. 
2. Класстагы окуучулар 1ден 4кө чейин саноо менен, 4 топко 
бөлүнүшөт. Топ уй мүйүз тартып отурушат. 
3. Ар бир окуучу солдон оңду көздөй ирети менен кезектешип өз 
тобуна тиешелүү дубалда илинген кагаздагы тексттен 1 сөздү жүгүрүп окуп, 
өз тобуна айтып берет. 
4. Окуучулар кезектешип, тез жүгүрүп, чуркап, өз тобуна сөздөрдү 
окуп, айтып берип турат. Текстти жазып бүтмөйүнчө бул иш-аракет 
улантылат. 
5. Кайсы топ биринчи бүтсө, бүткөндүгүн белгилеп, алакан чабышат. 
6. Ар бир топ «чуркап жазган жат жазуусун» презентациялайт. 
Окуучулар жалпы анализдеп, каталарын текшеришет.
Ырыс алды ынтымак 
Бир карыянын тогуз уулу бар экен. Балдары атасы айткан акылды 
укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт. 
Карыя тогуз табылгыны бириктирип байлады да, мындай деди: «Кана 
балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына бул табылгыны тобу менен 
сындыргыла». 
Тогуз уулдун ар бири күчүн сынады. Табылгыны эч кимиси сындыра 
алышпады. «Эми бирден сындырып көргүлө», деп карыя табылгынын 
боосун чечип койду. Балдары табылгыны ошол замат чарт-чурт 
сындырышты. 
Карыя балдарына мындай деди: «Боолонгон табылгыдай бирдиктүү 
болсоңор, силерге эч ким тие албайт». Балдары атанын сөзүн аткарышты. 
«Ырыс алды – ынтымак», – деген сөз ошондон калган экен.
Жомок 
Талкуулоо үчүн суроолор: 
Кандай каталарды кетирдиңер? 


187 
Топту алдыга, же тескерисинче, артка тартып жаткан учурда өзүңөрдү 
кандай сездиңер? 
Жүгүрүп жазган жат жазуу ишинде кандай кызыктуу учурлар, же 
жаңылмачтарды байкадыңар? 
Ынтымак жөнүндө кандай ырларды, макал-ылакаптарды, учкул 
сөздөрдү билесиңер? 
Үй тапшырмасы: Үйдөн «Ынтымак» темасындагы ырлардан, макал- 
лакаптардан, учкул сөздөрдөн жаттап келүү. 
Бүгүнкү күндө башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан 
текшерүү жана чейректик жат жазуу гана колдонулуп, жат жазуунун калган 
түрлөрү сейрек жүргүзүлүп, же таптакыр эле унутта калтырылууда. Эгерде 
сөздүк, чыгармачылык, үйрөтүүчү, көрүү, жат жазуулары атайын 
пландаштырылып, максаттуу жана ырааттуу жүргүзүлсө, окуучулардын 
сабаттуулугу артып, өтүлгөн темалар боюнча билим, билгичтиктер, 
көндүмдөрүнүн калыптануусуна өбөлгө түзүлөт. 
Сөздүк жат жазуусун жүргүзүүдөсөздөрдү мугалим окуп берет, 
окуучулар жазышат. Текшерүү үчүн сөздөрдүн туура жазылышы атайын 
плакатка, же досканын артына алдын-ала жазылып, жазуу иши аяктаган соң 
көрсөтүлөт. Бири-бирин, же өзүн-өзү баалоо, катанын үстүндө иштөө ыкмасы 
колдонулат. (Мындай жат жазуунун түрүн мугалим кадыресе сабактарда 
деле, убакытка жараша окулуп жаткан тексттин ичинен 5-10 сөздү, же жаңы 
материалга тиешелүү, мисалы сын атооч, же этиш сөздөрдөн алып 
окуучуларга жаздырып, системалуу иш-аракетке айлантса орфографиялык 
сабаттуулукту арттырат.) 
Чыгармачылык жат жазуу жаздырууда мугалим окуучуларга 
«Шаарда», «Айылда», «Жайлоодо», «Көлдө» сыяктуу темаларды доскага 
жазат. Ушул темалардын бирин тандап, окуучулар эссе жазышат. Сүрөт 
тартып, ыр чыгарышат. Мындай иш-аракеттер окуучунун жазуудагы 
сабаттуулугун, байланыштуу кебин текшерүү жана өнөрүн ачуу менен 
байланышта каралат. Мугалим өзү текшерип, жыйынтык чыгарат. 


188 
Кетирилген каталарды классификациялап, аларды оңдоо, жоюу үчүн жекече 
карточкаларды иштеп чыгып ар бир окуучу менен иш алып барса, жакшы 
натыйжа болот. 
Чейректик жат жазуу-ар бир чейректин аягындагы окуучунун 
орфографиялык жана каллиграфиялык билгичтиктерин текшерүү, жыйынтык 
чыгаруу жана андан аркы кайсы багытта иш алып баруу зарылдыгын 
аныктоо максатында жүргүзүлүүчү жазуу иши. Мугалим тарабынан 
текшерилип, кетирилген каталар классификацияланып, окуучуларга аларды 
жоюу жолдору көрсөтүлөт. 
Үйрөтүүчү жат жазуунунмаксаты - окуучунун сабаттуулугун текшерүү 
менен катар өтүлгөн тилдик материалды өздөштүрүүсүнө көнүктүрүү, 
үйрөтүү. Жат жазуунун түрүн жаздырууда төмөнкүдөй тапшырмалар 
аткартылышы мүмкүн: 
тексттеги көп чекиттердин ордуна жөндөмө мүчөлөрүн улап 
жазгыла; 
берилген сөздөрдү керектүү жөндөмөлөргө коюп, текстти 
толуктап жазгыла. 
тексттен зат атоочторду таап, аларга суроо койгула; 
тексттеги алды сызылган сөздөрдү маанилеш сын атоочтор менен 
алмаштыргыла; 
тексттен уңгулаш сөздөрдү тапкыла, ж.б. 
Көрүү жат жазуусун жаздырууда мугалим доскага же плакатка жат 
жазуунун текстин жалпыга даана көрүнгөндөй кылып жазып даярдап коѐт. 
Окуучуларга жат жазуунун бул түрүнүн максаты жана аны аткаруу жолу 
билдирилет. Текст бир жолу мугалим тарабынан окулуп, окуучулар менен 
бирдикте тексттин мазмуну, аталышы, канча сүйлөмдөн куралгандыгы, 
тыныш белгилеринин коюлушу, кыска жана созулма үндүүлөр, катар келген 
үнсүздөр, йоттошкон тамгалар ж.б. зарыл деп эсептелген эрежелер эске 
салынат. Текст окуучулар тарабынан дептерге көчүрүлүп жазылат. Баалоо 


189 
критерийи 
катары 
окуучулардын 
грамматикалык 
сабаттуулугу, 
каллиграфиясы алынат. 
Текшерүү жат жазуусу өтүлгөн темаларды кайталап эске түшүрүү, бир 
канча убакыттан соң жаңы тема менен байланышта билимди бышыктап 
туруу максатында жүргүзүлөт. Жат жазуу мугалим тарабынан жаздырылып 
бүткөндөн соң, «Тексттерден кыймыл - аракетти билдирген сөздөрдү 
тапкыла. Ал сөздөрдү муунга бөлүп, үндүү жана үнсүз тыбыштарды 
ажыраткыла» деген сыяктуу кошумча тапшырмалар берилет. Баалоо 
критерийи катары орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулуктан 
тышкары, тилдик материалдардын өздөштүрүлүшү алынат. 
Жатка жазуу жат жазуусун өткөрүүнүн алдында ыр түрүндөгү тексттер 
окуучуларга берилип, үйдөн жаттап келүү тапшырылат. Окуучулар ырдын 
текстин эске тутуусу боюнча жатка жазууга машыгышат. Мугалим, өзүн-өзү, 
бири-бирин баалоо ыкмалары менен текшерилет. Кетирилген каталардын 
үстүндө иштөө жүргүзүлөт. 
Төмөндө эне тилин окутууда интерактивдүү ыкмалар менен коштолгон 
жат жазуу сабагынын үлгүсүн сунуштайбыз. 
Сабактын темасы: Чейректик жат жазуу. 
Сабактын максаты: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   40   41   42   43   44   45   46   47   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет