Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 4.1.4.- Сабактын максаттары



Pdf көрінісі
бет46/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   42   43   44   45   46   47   48   49   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 4.1.4.- Сабактын максаттары 
Билим берүүчүлүк 
Өнүктүрүүчүлүк 
Тарбия берүүчүлүк 
Окуучулар каталардын 
үстүндө иштөө менен 
кетирген 
каталарын 
билишет. Аны жоюунун 
үстүндө иштейт. 
Окуучулардын катасыз 
жазуу 
көндүмдөрү 
калыптанат, жазуунун 
эрежелерин 
түшүнүп, 
колдоно 
алуу 
жөндөмдөрү 
жогорулайт. 
Таза, тыкан болууга, эне 
тилин терең түшүнө 
билүүгө, 
сүйүүгө 
умтулушат. 
Көрсөткүчтөр: 
Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде. . .
Таблица 4.1.5.- Сабактын көрсөткүчтөрү 
окуучу өзүнүн катасын 
билип, 
оңдоонун 
үстүндө иштей алса. 
окуучу орфографиялык, 
пунктуациялык 
эрежелерди 
туура 
колдонуп, 
билим, 
билгичтигин жогорулата 
алса. 
окуучу 
жат 
жазуу 
иштерин таза, туура 
жаза алуу менен эне 
тилинин 
тереңдигин, 
баалуулугун 
түшүнө
жана урматтай билсе. 
Сабактын тиби: Билгичтик жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы. 
Сабактын методдору: Айтып берүү, түшүндүрүү, өз алдынча иштөө ж.б.. 
Сабактын жабдылышы: Баалоо баракчалар, таблица, схемалар. 
Сабактын жүрүшү: 
Таблица 4.1.6.- Сабактын жүрүшү 
Сабактын 
фрагменти 
Сунушталган 
метод, ыкма 
Мугалимдин жана окуучунун 
иш-аракеттери 
Жабдылышы 
Уюштуруу 
Окуучулардын 
көңүлдөрүн 
сабакка буруу. 


193 
Жат жазуунун 
жыйынтыгын 
билдирүү 
Суроо-жооп, 
айтып берүү 
Мугалим окуучулардын жат жазуу 
иштеринин жыйынтыгын айтып, 
алардын 
кетирген 
каталарын 
көрсөтөт. 
Жат 
жазуу 
дептерлери 
Каталарды 
анализдөө 
Түшүндүрүү, 
суроо-жооп 
Мугалим жат жазуу иштериндеги 
кетирилген каталарды анализдеп, 
типтештирет, 
канча 
окуучу 
эмнеден 
ката 
кетиришкендиктерин айтып, ката 
кетирүүнүн 
себебин 
жоюу 
максатында таблица, схемалар 
аркылуу түшүнүктөрдү берет. 
Таблица, 
схемалар.
Физминутка 
Катанын 
үстүндө иштөө 
Өз алдынча, 
топто иштөө. 
1) Кетирилген каталарга ылайык 
карточкалар 
окуучуларга 
таратылып, иштелет. 
2) Доскада иштешет. 
3) Топто иштешет. 
4) Өз алдынча иштешет. 
Карточкалар 
Жыйынтыктоо 
Аңгемелешүү. 
Сабак мугалим жана окуучулар 
тарабынан жыйынтыкталат. 
Үй 
тапшырмасы 
Түшүндүрүү, 
өз 
алдынча 
иштөө. 
Окуучуларга 
ата-энелеринин 
жардамы 
менен 
жат 
жазуу 
иштерине үйрөнүү сунушталат. 
Кошумча 
материалдар 
(тексттер) 
Программалык талаптарга ылайык, жат жазуунун көлөмү чейректер боюнча 
төмөнкүдөй болот: 


194 
Таблица 4.1.7.- Жат жазуунун көлөмү 
классы 
1- чейрек 
2- чейрек 
3- чейрек 
4-чейрек 
II 
III 
IV 
20-25 сөз 
40-45 сөз 
60-65 сөз 
25-30 сөз 
45-50 сөз 
65-70 сөз 
30-35 сөз 
50-55 сөз 
70-75 сөз 
35-40 сөз 
55-60 сөз 
75-80 сөз 
Төмөндө 4-класста өткөрүлүүчү текшерүү иштеринин тексттерин 
сунуштайбыз. 
Төмөндөгү тексттен энчилүү жана жалпы зат атоочторду тапкыла. 
Март 

Март айы – жаз айларынын эң алгачкысы. Күн бир кыйла узарып, анын 
ысыгы Тянь-Шань өрөөндөрүндөгү карды дээрлик эритет. Көп жаныбарлар 
чээнден чыгат. Табияттын адамга жагымдуу мезгили башталат. 
Март айында Түштүк Кыргызстандын жазгы жумушу аяктап калат. 
Түндүк Кыргызстандын Чүй, Талас өрөөнүндө кош айдоо башталат. 
Өсүмдүктөр бүчүрүн чыгарып, түздүктөрдү көк шибер кооздойт. 
II 
Март айында Тянь-Шандын бийик тоолуу Нарын, Ат-Башы 
өрөөндөрүндө кыштын таасири кетпейт. Аскалуу беттерден көчкү жүрүп, 
жалгыз аяк жолдорду бууп калат. Мындай көчкүлөр Тескей, Суусамыр, 
Кабак, Нарын тоолорунда апрель айларына чейин созулат. 
Бул айда кайсы бир жерлерде ак көпөлөктөр, калдыркан, ийнеликтер да 
чыгып калат. 
Көрүү жат жазуусу 
Барыш жөндөмөсүндөгү зат атооч сөздөрдү жазгыла. 
Санат ырлар 
Жолдош болбо коркокко, 
Эки жагың каранба. 
Жүк артпагын торпокко, 
Көйрөң атка коносуң, 
Иш кылдырба чоркокко. 
Көрүп калган адамга. 
Күлүк минсең күүлөнүп, 
Токтогул 


195 
Текшерүү жат жазуусу 
Табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөсүндөгү зат атооч сөздөрдү жазгыла. 
Таш-Рабат 
Таш-Рабат – Ат-Башы өрөөнүндө жайгашкан байыркы кербен сарай. 
Ал Улуу Жибек жолунун боюнда курулуп, өз убагында эл аралык мааниге ээ 
болгон. Анын салынышы да өз мезгилиндеги курулуштардан абдан 
айырмаланып турат. Жалаң табигый таштан кынапталган бул кербен сарай 
дайыма өзгөчө кызыгууну пайда кылып келген. Сарайдын ичи 31 бөлмөдөн 
туруп, анда эс алуучу, тамактануучу, унааларды байлай турган жайлар жана 
кеңеш куруучу чоң бөлмөсү бар. Өз убагында сарай согуштук максатта да 
пайдаланылгандыгын андагы эки зындан айгинелеп турат. 
Рабат – кыргыз тилине которгондо: ажайып, кооз жай деген мааниде. 
Демек, таштан салынган кооз жай дегенди түшүндүрөт. 
Түшүндүрүү жат жазуусу 
Илик, жатыш жөндөмөсүндөгү зат атооч сөздөрдү жазгыла. 
Санат ырлары 
Аяздын көркү музда бар, 
Туйгундун көркү түлөктө, 
Алгырдын көркү кушта бар,
Баатырдын көркү жүрөктө, 
Тамактын көркү тузда бар,
Балбандын көркү билекте, 
Саамайдын көркү кызда бар.
Өрдөктүн көркү чүрөктө. 
Токтогул 
Чыгыш жөндөмөсүндөгү зат атоочторду тапкыла. 
Жибек курту 
Апаларыбыз кийип жүргөн түркүн шайы көйнөктөр курттан алынат деп 
кимдин оюна келсин. Ал тургай, космонавттарды жерге кондурган 
парашюттар да жибектен жасалат. Тээ илгери эл аны канаттуу куштардын 
тыбыт-жүнүнөн алынат деп болжолдошкон. Ал эми кытайлыктарга бул төрт 
миң жыл мурда эле белгилүү болгон.


196 
Жибек – атайын өстүрүлгөн жибек куртунан алынат. Курттун бир 
өзгөчөлүгү – ал башка курт-кумурскалардай көрүнгөн чөп-чар, өсүмдүктөрдү 
жей бербейт. Ал бир гана тыт дарагынын жалбырагы менен азыктанат. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда баяндама жаздыруу сыяктуу 
жазуу иши өзгөчө орунду ээлейт. Кыргыз тили сабагында өздөштүрүлүүчү 
фонетика, сөз жасоо, лексика жана фразеология, морфология, синтаксис, 
орфография жана пунктуацияны сөз өстүрүү менен тыгыз байланышта 
окутуу текстке байланыштуу окутуунун негизги максаттарынын бири болуп 
саналат. 
Кыргыз тилин окутуунун методикасында байланыштуу кепке көңүл 
буруу алгачкы китептерден, иликтөөлөрдөн, методикалык эмгектерден эле 
башталган. Алгачкы алиппенин автору И.Арабаев окуучулардыын кебин 
өстүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, буга карата атайын тапшырмаларды 
киргизген. Тунгуч окумуштуулардын бири К.Тыныстанов окуучулардын 
сөзүн өстүрүү үчүн кыргыз тили сабагында текст менен иштөөгө зор маани 
берип, өзүнүн бардык окуу китептеринде көптөгөн этнопедагогикалык 
мазмундагы көркөм тексттерди, элдик макал- лакаптарды кеңири киргизген. 
Кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча биринчи окуу куралын жазган 
С.Нааматов кыргыз тилин окутуунун негизги максаты катары окуучулардын 
сөзүн өстүрүүнү аныктаган. Бул аталган тунгуч окумуштуулар кыргыз 
тилинин грамматикасын сөз өстүрүүнүн, байланыштуу кепти өстүрүүнүн 
негизги каражаты катары пайдаланышкан. Алгачкы методисттердин бул көз 
караштары, изилдөөлөрү андан ары улантылбай, кыргыз тилин мектепте 
окутуунун негизги мазмунун тилдин грамматикасы түзүп калган. 
Куррикулумдун талаптарына ылайык, кыргыз тилин текстке байланыштуу 
окутууда грамматикалык материалдарды өздөштүрүү менен гана чектелбей, 
тилдин практикалык аспектилерине негизги көңүл бурулууга тийиш. 
Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн 
мамлекеттик стандарттарында белгиленгендей: “Тилдин теориялык курсун 
окутуу аркылуу окуучулардын кебин өстүрүү, ошондой эле аларды сабаттуу, 


197 
маданияттуу кеп адебине ээ кылууда тилдин фонетикалык, лексикалык, 
морфологиялык, синтаксистик, фразеологиялык, пунктуациялык бардык 
каражаттарын пайдалануу менен адабий тилде ээн- эркин баяндама, дилбаян, 
эссе, тезис, макала, жана башкаларды жаза алууга машыктыруу зарыл”. 
[Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн 
мамлекеттик стандарттары. –Б.:2007.- 30 б.] 
Орус 
тилин 
окутуу 
методикасын 
изилдеген 
окумуштуулар 
А.В.Текучев, Т.А.Ладыженская, В.Ч. Капинос, Е.Ч.Никитина, Ф.И.Буслаев, 
Н.Н.Сергеева, М.С.Соловейчик, ж.б. сөз өстүрүү, жазуу иштерин, анын 
ичинде баяндама жазуунун жол- жоболорун иштеп чыгышып, иш- аракеттин 
бул түрлөрүн грамматиканы окутуунун ажырагыс бир бөлүгү катары 
карашкан. 
Баяндама жаздыруу иши жалпы билим берүүчү орто мектептин 
башталгыч класстарында кеңири жүргүзүлөт. Окуучулардын өз оюн жазуу 
жүзүндө ырааттуу баяндап бере алышына жетишүү баяндама жаздыруудагы 
негизги маселелерден болуп саналат. Баяндама жаздыруу аркылуу 
окуучулардын окуу материалын терең түшүнүүгө көнүктүрүп, алардын шык- 
жөндөмүн өнүктүрөбүз. 
Жазуу жумушунун бул түрү тексттин негизинде, сүрөттөр аркылуу, 
ошондой эле угуу тексттери аркылуу, мугалим тарабынан берилген таяныч 
сөздөрдүн, сөз айкаштарынын жардамы менен жүргүзүлөт. Баяндаманын 
мындай түрлөрүн аткарууда окуучулар ар бир сөздү орду менен 
пайдаланууга, сүйлөмдөрдү синтаксистик жактан туура түзүүгө машыгышат. 
Системалуу жүргүзүлгөн баяндама окуучулардын орфографиялык жана 
пунктуациялык жактан сабаттуулугун арттырары анык. Албетте, окуучуларга 
мындай баяндама жаздыруу үчүн алдын- ала оозеки көнүгүүлөрдү, суроо- 
жооптор аркылуу машыгууларды өткөрүү керек. Баяндаманы жазууга 
киришүүгө чейинки даярдык иштер төмөнкү планда жүргүзүлгөнү максатка 
ылайык: 


198 
Тексттин мазмунуна карата мугалимдин багыт берүүчү кириш 
аңгемеси, тексттин окулушу, мазмундун түшүндүрүлүшү, 
Сөздүк- орфографиялык даярдыктар: тексттеги мааниси түшүнүксүз 
сөздөрдүн маанисин чечмелеп түшүндүрүү, жазылышы татаал болгон 
сөздөрдүн жазылышын доскага жазып көрсөтүү. 
Баяндаманын планы (текст экинчи жолу окулгандан кийин анын 
мазмунун тийиштүү иреттүүлүктө камтылгандай кылып баяндаманын 
планы түзүлүп, доскага жазылат). 
Тексттин мазмунун план боюнча 2-3- балага оозеки айттыруу, 
кемчиликтерин оңдоо. 
Баяндаманы жаздыруу. 
Жазуу жумуштарынын ичинен баяндама жаздыруу иши окуучулардын 
кабыл 
алуусун, 
текстти 
түшүнүүсүн, 
ой 
жүгүртүүсүн, 
стилин 
калыптандырууда өтө зор мааниге ээ. 
Окумуштуу- методист А.Садабаев өзүнүн “Изложение өткөрүүнүн 
методикасы” аттуу эмгегинде баяндаманын төмөнкүдөй түрлөрүн аныктаган: 
көнүктүрүүчү изложение; 
сүрөт боюнча изложение; 
баяндама изложение; 
кыска изложение; 
кеңири изложение. 
Аталган эмгекте автор изложениенин ар кандай түрлөрү, этаптары, 
формалары кандай болорун, изложение жаздыруунун методикалык 
ыкмаларын изилдөөгө алган. 
Жогоруда белгиленген баяндаманын бардык түрлөрү башталгыч 
класста кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда кеңири колдонула алат. 
Мисалы, 4- класста төмөнкүдөй тексттердин негизинде баяндама жаздыруу 
пландаштырылган:


199 
Нан жомогу 
Бир убактарда кичинекей шаарчада Герда аттуу кыз жашаган экен. Ата-
энеси жөнөкөй жана эмгекчил адамдар болушат. Алар жалгыз кызы жөнүндө 
дайыма камкордук көрүшөт. Бирок Герда өзүмчүл, эрке болуп чоңоѐт. 
Бир күнү апасы ага талаада иштеген атасына нан жеткирүүсүн өтүнөт. 
Герда жаңы туфлисин кийип чыгат. Талааны айланып, кыска жол менен 
жөнөйт. Бирок жолунан саздуу көлчүк кездешет. Кыз жаңы туфлисин аяп, 
нанды таманына коюп өтүүгө камданат. Ошол замат көлчүктүн ортосу 
ачылып, Герда саздын түбүнө чөгөт. Кыз саздын ханышасы Бака айымдын 
алдына келет. Жөргөмүш, жылан, курттар айымдын айтуусу менен Герданы 
байлап коюшат. 
Кечке чейин асылып турган кыз жашын төгүп ыйлайт. Ошондо Бака 
айым Герданы нанды кордогону үчүн чымчыкка айландырат. Ал бир нанга 
канча ун кетсе, ошончо буудай данын жыйнаганда гана адамга айлана 
тургандыгын эскертип коѐ берет. Герда – чымчык бир нече күн талаадан 
буудай башын терип, үйүнө чогултат. Апасы мээнеткеч чымчык терген 
буудайдан нан жасайт. Кичинекей куш кайрадан кызга айланат. Ошондон 
кийин Герда ыймандуу кыз болуп, нанды сыйлап калган дешет. 
Скандинавия жомогу 
План: 
1. Герда жана анын ата-энеси. 
2. Жаңы туфлисин аяган кыз. 
3. Герда Бака айымдын колунда. 
4. Кыздын жазаланышы. 
5. Мээнеткеч чымчык. 
Суроолор: 
1. Герда эмне үчүн эрке, өзүмчүл болуп чоңойду? 
2. Кыз эмнеге нанды таманына койду? 
3. Бака айым кызды туура жазаладыбы? 
4. Чымчыктын мурдагы Гердадан айырмасы эмнеде? 


200 
5. Сенин досторуңда өзүмчүлдүк сапат жокпу? 
6. Мээнеткеч жана жалкоолор кандайча айырмаланат? 
Таяныч сөздөр:Шаарчада, Герда, ата-энеси, эмгекчил, өзүмчүл, эрке, талаага, 
нан, жаңы, туфлисин, таманына, сазга, Бака айым, асылып, ыйлайт, жаза, 
чымчык, буудайдын, терип, апасы, мээнеткеч, ыймандуу, сыйлап калган 
Ат чабыш 
Балалыктын сүйүнүчүн өмүр бою унутпайсың. Менин артыкча 
сүйүнүчүм – адеп кунан чапканым. 
Жайлоого чыкканда кунанды таятабыз бапестеп таптады. Айт күнү 
суунун аркы-берки өйүзүндөгү айылдар оюн-тамаша курушту. Он чакты 
кунан, тай чабылмак болду. Күлүктөрдүн көкүлүн шүйүп, куйругун түйдүк. 
Башыбызга жоолук байлашты. Алеп-желеп болуп, жүрөк түрсүлдөп, 
сүрдөгөндү айтпа. Ат айдоочу күлүктөрдү белге чейин сүрүп барып, анан коѐ 
берди. Шатырап учкан көгүчкөндөрдөй артка кайрылып, чаап жөнөдүк. Жел 
менен жарышып, зымырап баратабыз. 
Ат чабышта таятамдын тилин албай, кунанды жиниктирип алдым. 
Адегенде эле аттын оозун коѐ бергенмин. Ошентип, мен байгеге илинбей 
калдым. Бирок менин өмүрүмдө бул ат чабыш шаңдуу майрам болду.  


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   42   43   44   45   46   47   48   49   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет