Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 4.2.4.- Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзүү



Pdf көрінісі
бет52/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 4.2.4.- Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзүү 
Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзүү мисалынын үлгүсү 


217 
1. 
Берилген сүйлөмдөгү 
баш 
мүчөлөрдү 
тапкыла жана алардын 
астын сызгыла. 
Жакында жайкы каникул башталат. 
2. 
Аларды 
кантип 
аныктадыңар, 
түшүндүргүлө. 
Сүйлөмдүн 
баш 
мүчөлөрү: 
ээси- 
“каникул”, “эмне?” деген суроого жооп 
берет, атооч жөндөмөсүндө турган зат 
атооч аркылуу уюшулган. 
Баяндоочу- “башталат”, “эмне кылат?” 
деген суроого жооп берет, этиш 
аркылуу уюшулган. 
3. 
Сүйлөмдүн айкындооч 
мүчөлөрүн 
тапкыла, 
алардын 
астын 
сызгыла, 
өз 
жообуңарды 
түшүндүргүлө. 
Айкындооч 
мүчөлөр- 
“жакында”- 
“качан?” деген суроого жооп берет, 
тактооч аркылуу уюшулган. 
“жайкы”- айкындооч, “кайсы?” деген 
суроого жооп берет, сын атооч аркылуу 
уюшулган. 
4. 
Корутунду чыгаргыла. Бул жөнөкөй сүйлөм. 
Мугалим окуучулар менен биргеликте синтаксистик талдоо жүргүзүүнүн 
иретин талдап чыгат, андан кийин үлгү боюнча ушул сыяктуу 
тапшырманы аткарууну сунуштайт. 
Жазуу жүзүндөгү кайтарым байланыш ката кеткен жерди так көрсөтүп, 
катанын түрүн, аны оңдоого жардам бере турган тиешелүү параграф, 
эреже келтирилген окуу китебиндеги тийиштүү беттери келтирилген 
маалыматты камтышы керек. Окуучулар өз иштерин жакшыртуу үчүн 
мугалимдин сунуштарынын негизинде (дагы бир жолу теманы, 
теориялыкматериалды, эрежени кайталап) каталардын үстүндө иштешет. 
Окуучуларга жазуу жүзүндөгү кайтарым байланыш берилгенден кийин 
ишти жакшыртуу үчүн белгилүү бир убакыт берилет (көп учурда 
кийинкисабакка чейин). Берилген убакыттан кийин мугалим ишти 


218 
текшерип, ананбаа койсо болот. 
Мындай кайтарым байланыш окуучулардын тигил же бул тема боюнча 
билимдерин кеңейтүү жана бышыктоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, 
окуу процессиндеги “мугалим- окуучу” өз ара байланышы үчүн 
жагымдуу чөйрөнү түзөт. 
Оозеки кайтарым байланыш окуучуга анын ишмердигине байкоо 
жүргүзүүнүн, ар кандай иштерди аткаруусунун жыйынтыгына карата 
оозеки формада комментарий берүү дегенди билдирет. Мугалимдин 
комментарийи толук (кеңири) же кыска (кеңири эмес) болушу мүмкүн. 
Калыптандыруучу баалоонун максатына жетүү үчүн, башкача айтканда
окуучуга натыйжалуу кайтарым байланыш берүү үчүн окуучу кеңири 
комментарий алышы керек. Кыска же кеңири эмес комментарийлерди 
колдонуу сунушталбайт, мындай комментарийлер окуучуга “азамат”, 
“жакшы”, “туура эмес” деген мугалимдин баа берүүсү менен гана 
чектелип,ишти аткарууга, аны жакшыртууга пайдалуу багыттамаларды 
бербейт. 
Мугалимдин кеңири комментарийи өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 
а) эмнелер туура аткарылгандыгын так көрсөтөт. 
1-мисал. 3-класс 
Мугалим окуучуну доскага көнүгүүнү аткаруу үчүн чакырды. Окуучу 
тапшырманы төмөнкүдөй аткарды: 
Тапшырма: Белгиленген сөз сүйлөмдүн кайсы мүчөсү экендигин аныктоо 
жана өзүнүн жообун негиздөө. 
Мекен үчүн кызмат кылган адамдар жөнүндө билүү кызыктуу. 
Жооп: Белгиленген сөз ээ. 
Мугалим: Сен эмне үчүн мындай деп ойлойсуң? 
Окуучунун жообунан кийин мугалим: “Акыл, рахмат, сен тапшырманы 
туура аткардың! Балдар, тапшырманын туура аткарылышына көңүл 
бургула!”- дейт. 
б) жоопто айрым катачылыктар кездешкен учурларда кантип катаны 


219 
оңдоп, жоопту жакшыртса боло тургандыгын көрсөтүү. 
2-мисал. 2-класс 
Тапшырма: Берилген сөздөрдүн арасынан кайсылары жандуу зат 
атоочтор экенин аныктагыла жана аларды өзүнчө жазгыла. 
Үй, адамдар, саат, убакыт, дарак, китеп, көчө, күн, жаныбарлар, мугалим, 
сүрөтчү. 
Окуучу тапшырманы төмөнкүдөй аткарды:
Адамдар, дарак, жаныбарлар, мугалим, сүрөтчү. 
Мугалим: “Бермет, сен тапшырманы дээрлик туура аткардың, бирок 
жакшылап карап көрсөң, бардык зат атоочтор жандуу зат атоочторго 
киреби?” Окуучу ойлонуп, дарак деген сөз жансыз зат атоочко кирерин 
байкап, аны жандуу зат атоочтордун катарынан алып салат. 
Мугалимдин комментарийлери (натыйжалуу оозеки кайтарым 
байланыш) төмөнкү жолдор менен берилиши мүмкүн: 
Туура жооптор алынган учурда айтылуучу сөздөр: “Рахмат, бул 
туура жооп”, “Рахмат, баары туура”, “Рахмат, балдар, көңүл 
бургула, Зарина жоопту абдан так берди”, “Рахмат, сен суроого 
туура жана толук жооп бердиң, азаматсың!” 
Текшерүү иши жаздырылгандан кийин катанын үстүндө иштөөдө 
кайтарым байланыш ишке ашат. 
Мисалы: 4-класс. Текшерүү жат жазуусу. 
Жыл башы болууну талашуу 
Жылкы, кой, уй, төө, чычкан, ит, доңуз, улуу, барс, коѐн, мечин, жылан 
болуп чогулушуп, жыл башы болууну талашып калышат. 
–Жыл башы мен болом, мен болушум керек! – деп ар кимиси өз 
жүйөөлөрүн айтып киришет. 
Чычкан кургурдун айта турган жүйөөсү болбогондуктан, көпкө ойлонуп 
туруп, мындай дейт: 


220 
–Минтип талашуудан эчтеке чыкпайт, андан көрө бардыгыбыз жылды 
карап туралы, кимибиз мурун көрсөк, ошонубуз жыл башы бололу,- 
дептир. 
Төөнүн бою бийик болгондуктан чычкандын сөзүнө макул болуптур. 
Ошентип, бардыгы жарданып, жылдын келишин карап турушат. Чычкан 
төөнүн өркөчүнө чыгып алып келе жаткан жылды бардыгынан мурда 
көрүптүр да, жыл башы болуп калыптыр. Боюнун бийиктигине ишенген төө 
жыл санактан куру калыптыр. 
И. Арабаев 
Текшерүү ишинен кийин катанын үстүндө иштөө төмөнкүдөй болушу 
мүмкүн: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет