Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет47/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   43   44   45   46   47   48   49   50   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

К. Жусупов 
План: 
1. Балалыктын артыкча сүйүнүчү. 
2. Ат чабышка даярдануу. 
3. Күлүктөрдүн жарышы. 
4. Жаш чабандестин жаңылганы. 
Суроолор 
1) Ат чабыш эмне үчүн баланын эсинде калды? 
2) Ат чабышка айыл ичи кандай даярдык көрүштү? 
3) Жаш балдар эмнеге сүрдөштү? 
4) Күлүктөрдүн жарышы кандай башталды? 
5) Жаш чабандес эмнеге байге алган жок? 


201 
Таяныч сөздөр: Балалыктын, сүйүнүчүм, кунан чапканым, унутпайсың, 
жайлоого, таятабыз, таптады, айт күнү, айыл, оюн-тамаша, түйдүк, жоолук, 
жүрөк, ат айдоочу, сүрүп барып, шарт кайрылып, зымырап, таятамдын 
айтканы, жиниктирип, илинбей калдым, майрам. 
Кыргыз тилин окутууда төмөнкүдөй жазуу иштери жүргүзүлөт: 
текстти көчүрүп жазуу (абзацты, бөлүмдү); 
жат жазуу; 
суроолорго тексттен жооп таап жазуу; 
сүрөт боюнча түзүлгөн суроолорго жооп жазуу; 
баяндама жазуу; 
таяныч сөздөр менен сүйлөмдөрдү, тексттерди түзүп жазуу; 
текстти трансформациялап жазуу (жак, сан, чак, ж.б. өзгөртүү); 
сүрөт боюнча ой жүгүртүп аңгеме жазуу; 
көргөн фильми, спектакли, же өзү күбө болгон кандайдыр бир кырдаал 
боюнча баяндоо, сүрөттөө, талдоо иретинде мүнөздөө жазуу; 
тексттин тематикасы боюнча талдоо жазуу; 
текстти улантып жазуу; 
эссе жазуу; 
дилбаян жазуу; 
кат жазуу; 
иш кагаздарын жазуу. 
Бул жазуу иштерин жаздыруунун негизги максаты- окуучулардын 
кебин жана байланыштуу кебин өстүрүү болуп саналат. Байланыштуу кепти 
өстүрүүнү төмөнкү иш- аракеттер менен бирдикте алып барганда гана 
көздөгөн максат ишке ашарын тажрыйба өзү көрсөттү: 
окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүүдө тил, кеп, текстти 
биримдикте окутуу; 
тилдин бөлүмдөрүн бири- бири менен карым- катышта үйрөтүү; 
байланыштуу кептин мазмундук бөлүктөрүн байланышта кароо; 


202 
предмет аралык байланыш. 
1. Тил, кеп жана тексттин байланышы: 
тилдин бөлүмдөрү: фонетика, морфология, синтаксис; 
байланыштуу кеп: оозеки кеп, жазуу кеби; 
текст: окуу китебинде берилген текстке мүнөздөмө берүү, далилдүү 
айтуу, текстке талдоо жүргүзүү, текст түзүү. 
2. Тилдин бөлүмдөрүнүн ич ара бири- бири менен байланышы: 
сөздүн морфологиялык жана синтаксистик жол менен жасалышын 
үйрөнүү; 
сөздүн лексикалык, грамматикалык маанилерин чечмелөө; 
кыргыз орфографиясынын эрежелерин өздөштүрүү; 
текст түзүү (эссе, баяндама, дилбаян, ж.б.) 
3. Байланыштуу кептин бөлүктөрүнүн өз ара байланышы: 
түрү, тиби, стили: оозеки, жазуу, диалог, монолог, баяндоо, сүрөттөө, 
ой 
жүгүртүү; 
оозеки, 
сүйлөшүү, 
окуу- 
илимий, 
көркөм, 
публицистикалык иш кагаздарынын стили, айтып берүү, билдирүү 
жазуу, текст түзүү. 
4. Предмет аралык байланыш: 
адабий окуу, математика, мекен таануу, адеп окуу китептеринен 
тексттерди пайдалануу; 
кайсы окуу китебинен алынган текстте кайсы сөз түркүмү көбүрөөк 
кездешкенин талдоо. 
Тил, кепти окутуу менен жазуу иштерин жүргүзүү аркылуу 
окуучулардын орфографиялык сабаттуулугун арттырып, коммуникативдик 
жана кептик компетенцияларын калыптандырууга зор өбөлгө түзүлөт. 
Өз алдынча текст түзүүгө карата ар кыл иштердин түрлөрү ар бир 
окуучуда өзгөчө терең түшүнүүнү пайда кылып, алардын бир кыйла 
байкагычтыгын өнүктүрөт. Туура, сабаттуу, логикалуу жаза билүү 
маданиятына үйрөтүү менен жаза билүүдө өзүнүн жекече стилин, манерасын, 
көз карашын табууга жардам берет. Өзүнүн жекече ойлорун жана 


203 
тажрыйбаларын урматтай билүүгө үйрөтөт. Эне тилин текстке байланыштуу 
окутууда жазуу иштерин жүргүзүү: 
окуучулардын жазган текстин кайра карап чыгып, редакциялоо, 
көчүрүп жазуу көндүмдөрүн өнүктүрөт; 
өз ойлорун жазуу жүзүндө баяндоону практикалоого мүмкүндүк түзөт; 
кайра окуп чыгууда жана мундан ары пайдаланууга мүмкүн болгон 
материалдарды топтоого мүмкүндүк берет; 
окуучуларга жазуу иштеринин натыйжаларына көз салып турууга шарт 
түзөт; 
оозеки кебинде пайдаланылбай калган сөздөрдү сүйлөмдөрдү 
колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 
Бул иш- аракеттер кептик жана социалдык- коммуникативдик 
компетенттүүлүктөрүн 
калыптандырууга 
багытталат. 
Жогоруда 
белгиленгендей, жат жазуу, баяндама, дилбаян, дилбаяндын элементтери 
камтылган баяндама, эссе, аргументтештирилген эссе, ж.б. окуучулардын 
кептик- коммуникативдик компетенцияларын калыптандыруу үчүн кызмат 
кылат. Жазуу ишин жүргүзүү (мисалы, дилбаянды) процесси өз ичине: 
теманы тандап алуу; 
дилбаяндын максатын аныктоо; 
жазуу иши жооп бере турган суроолорду тактоо; 
план түзүү; 
маалымат топтоо; 
текстти болжолдуу жазуу; 
окуп чыгуу; 
оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизүү; 
экинчи ирет кайра окуп чыгуу; 
каталарды (грамматикалык, орфографиялык, пуктуациялык, стилдик) 
текшерип, оңдоо; 
жазып бүтүрүү сыяктуу иш- аракеттерди ичине камтыйт. 


204 
Дилбаян, баяндама, өздөштүрүлүп жаткан текст боюнча эссе, же 
кыскача аңгеме жазуу учурунда окуучулар бул иш- аракеттердин 
ырааттуулугун сактоо менен жакшы натыйжаларга жетишишет. 
Жазуу иштерин текшерүүдө мугалим жазуу жүзүндөгү кайтарым 
байланышты колдонсо болот. Жазуу түрүндөгү кайтарым байланыш- 
окуучуга мугалим тарабынан жазуу түрүндө анын жазган ишине 
комментарийлерди берүүсү. Мындай ыкма жазуу иштерин: жат жазуу, эссе, 
дил баян, ж.б. текшерүүдө пайдаланылса, жакшы натыйжа берет. 
“Стандарттуу” текшерүүдө мугалим окуучунун жазуу ишиндеги 
каталарды кызыл түстөгү калем менен оңдоп, баасын коѐт. 
Текшерүүнүн бул түрү окуучуларга окуу жетишкендиктерин 
жакшыртууга эч кандай жардам бербейт, ал эми кээ бир учурларда аларда 
окууга кайдыгер мамиленин калыптанышына алып келет. Алдыңкы окуучу 
теманы, предметти окуп- үйрөнүүгө кызыгын жоготуп, жетишип окуй 
албаган окуучуга айланышы мүмкүн. Анткени, мындай жагдайда окуучу 
каталарды табуу жана оңдоо процессиндеги пассивдүү байкоочунун ролун 
гана аткарып калат. 
Ал эми жазуу ишин текшерүүдө мугалим тарабынан жазуу жүзүндөгү 
сунуш берилсе, окуучу ал сунуштун үстүндө ой жүгүртөт, талдайт, ал 
каталарды кийинки жазуу ишинде кайталабоого аракеттенет. 
Жазуу жүзүндөгү сунушта окуучуга ката кеткен жерди так көрсөтүп, 
катанын түрүн оңдоого жардам бере турган тийиштүү эреже көрсөтүлүшү 
керек. Окуучулар өз иштерин жакшыртуу үчүн мугалимдин сунуштарынын 
негизинде (дагы бир жолу теманы, теориялык материалды, эрежени 
кайталап) каталардын үстүндө иштешет. Окуучуларга жазуу жүзүндөгү 
сунуш берүү алардын тигил, же бул тема боюнча билимдерин өркүндөтүү 
жана бышыктоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, окуу процессиндеги 
“мугалим- окуучу” өз ара кызматташтыгы үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыз 
кылат.  


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   43   44   45   46   47   48   49   50   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет