Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Текстке байланыштуу окутууда байланыштуу кепти өстүрүү



Pdf көрінісі
бет41/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

3.2. Текстке байланыштуу окутууда байланыштуу кепти өстүрүү 
Окуучулардын оозеки жана жазуу кебин байытуу менен катар алардын 
байланыштуу кебин калыптандыруу маселеси да эне тилин текстке 
байланыштуу окутуу процессиндеги эң негизги маселелердин бири болуп 
саналат.
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда окуучулардын байланыштуу 
кебин калыптандыруу максатында төмөнкүдөй иш- аракеттер жүргүзүлөт: 
Тексттин негизинде сөздүк менен иштөө; 
Тексттин мазмуну боюнча дилбаян, же баяндама (изложение) жазуу; 
Тексттин негизинде Пирамидалык окуя стратегиясы менен иштөө
Тексттин негизинде Инсерт стратегиясы менен иштөө; 
Ар бир чейректин аягында берилген текст менен иштөө; 
Мугалим темага өтүүдөн мурда сабактын максатын аныктап алуу үчүн 
мазмуну боюнча жөнөкөй, же татаал, логикалык суроолордун тегерегинде 
окуучулар менен аңгемелешет. Көбүнчө ошол сабак камтыган тексттин 
мазмунуна ылайык келген макал- лакаптар, накыл сөздөр берилип, анын 


172 
маанисин чечмелөө жана турмушта аларды билүүнүн зарылдыгы эмнеде 
экендигин аныктоого багытталат.
Мындай тапшырмалар ар бир сабакка киришердин алдында 
жүргүзүлүп, окуучулардын теманын мааниси менен маңызын түшүнүп, 
тексттин негизинде материалдарды өздөштүрүүгө даярдоо иретинде 
аткарылат жана алардын ой жүгүртүүсүн, кебин өстүрүүгө багытталат. 
Окуучулар менен аны курчап турган айлана- чөйрөсү жөнүндө, элибиздин 
баалуулуктары жөнүндө, белгилүү инсандарыбыз жөнүндө, келечекте тандап 
ала турган кесиби жөнүндө, алардын өздөрүнүн жашоо- турмушу менен 
байланышта аңгеме жүргүзүү окуучулардын кебин байытууга оң таасирин 
тийгизет. 
Окуучулардын кебин байытууга багытталган эң маанилүү иш- 
аракеттердин бири- текстке байланыштуу окутууда тексттердин негизинде 
баяндама жазуу тапшырмасы аткарылат. Мугалим тексттин мазмуну менен 
окуучуларды 
тааныштырат, 
окуучулар 
менен 
бирдикте 
тексттин 
мазмунундагы таяныч сөздөр менен иштейт, баяндаманын планын түзөт. 
Андан кийин окуучуларга баяндаманы жазууга тапшырма берет. Айрым 
учурда бул тапшырманы үйдөн аткарып келүүгө берилет. 
Мисалы, “Уз мугалим” аттуу темадагы тексттин негизинде жазыла 
турган баяндаманы сунуштайбыз: 
Уз- мугалим. 
Жумабүбү апа 50 жылдан ашуун бир мектепте башталгыч класстардын 
мугалими болуп эмгектенген. Ал жүздөгөн жаш жеткинчиктерге таалим- 
тарбия берип, башталгыч мектептин уясынан учурду. Талыкпаган эмгеги 
менен окуучуларынын, ата- энелердин урмат- сыйына ээ болду. Көптөгөн 
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. 
Жумабүбү апа ардактуу мугалим эле эмес, колунан көөрү төгүлгөн 
чебер уз болгон. Ал калпак, тебетей, кемсел, белдемчи, кош этек көйнөк 
сыяктуу улуттук кийимдерди көркөмдөп тикчү. Шырдак, ала кийиз, туш 
кийиз, курак төшөк сыяктуу улуттук буюмдарды келиштире жасачу. 


173 
Уз- мугалим мектепте көркөм кол өнөрчүлөр кружогун уюштуруп, 
кыздарга сайма сайганды, оюм ойгонду, кийим тиккенди үйрөткөн. 
Жумабүбү апа Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Ал 
жасаган буюмдар республикалык кароо- сынактарда баалуу сыйлыктарга 
татыган. 
План: 
1. Жумабүбү апа- мугалим. 
2. Уз- мугалимдин колунан жаралган буюмдар. 
3. Мектептеги кол өнөрчүлүк кружогу. 
4. Жумабүбү апа- кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү. 
Суроолор: 
1. Жумабүбү апа кайсы класстардын мугалими болгон? 
2. Ал мугалимдиктен тышкары кандай иш менен алектенген? 
3. Ал кандай улуттук буюмдарды жасаган? 
4. Кандай улуттук кийимдерди тиккен? 
5. Кыздарга эмне үйрөткөн? 
Таяныч сөздөр: Жумабүбү апа, мугалим, башталгыч класс, урмат- сый, 
таалим- тарбия, улуттук буюмдар, улуттук кийимдер, кружок, уз- мугалим. 
Төмөндө ушул темада баяндама жазуу сабагынын үлгүсү берилет: 
Сабактын темасы: Баяндама жазуу. 
Сабактын максаты: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет