Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Бешинчи бөлүм боюнча кыскача корутунду



Pdf көрінісі
бет66/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   62   63   64   65   66   67   68   69   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

 
Бешинчи бөлүм боюнча кыскача корутунду. 
Педагогикалык экспериментти жүргүзүүдө иштелип чыккан кыргыз 
тилин 
башталгыч 
класстарда 
тексттин 
жардамы 
менен 
окутуу 
материалдарынын 
ылайыктуулугу 
жана 
жоболорунун 
тууралыгы 
текшерилди. 
Изилдөөнүн максаттарына жана милдеттерине жараша эксперименттик 
иштин төмөнкүдөй баскычтары: экспериментти уюштуруу, иш жүзүнө 
ашыруу, констатациялоо жана интерпретациялоо баскычтары белгиленди. 


264 
Педагогикалык эксперименттин биринчи баскычында окуучуларды 
контролдук жана эксперименталдык класстарга бөлүштүрүү, алардын билим, 
билгичтиктерин, көндүмдөрүн жат жазуу, дилбаян, баяндама жаздыруу, текст 
менен иштөө, аңгеме түзүү тапшырмалары аркылуу текшерилди. Кетирилген 
типтүү каталардын үстүндө иш жүргүзүлүп, каталарды кетирүү себептери 
талданды. Мындай иш- аракеттер окутуу мазмунун жана максаттарын 
аныктоого шарт түздү. 
Экинчи баскычта окутуу эксперименти жүргүзүлүп, жаңы окуу 
материалынын негизинде кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуу методу 
колдонулду. Окутуу процессинде окуучулардын алган билимдери жогоруда 
аталган тапшырмалардын жардамы менен бааланды. 
Педагогикалык эксперименттин үчүнчү баскычында констатациялоо 
жана интерпретациялоо иш- аракеттери жүргүзүлүп, эксперименттик 
маалыматтар изилденди. Бул баскычта грамматикалык- лексикалык тест, жат 
жазуу, баяндама, дилбаян жаздыруу, текстти окуу, угуу, түшүнүү, тексттин 
негизинде грамматикалык материалдарды өздөштүрүүсүн текшерүү 
тапшырмалары аткарылып, алардын жыйынтыктары чыгарылды жана 
тандалып алынган окуу материалынын окуучулар тарабынан өздөштүрүү 
деңгээли аныкталып, түзөтүүлөр киргизилүү менен окутуу материалынын 
жана методунун башталгыч класстарда кыргыз тилин үйрөтүүгө 
ылайыктуулугу белгиленди. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   62   63   64   65   66   67   68   69   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет