Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет61/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

 
 
Айылым 
Шекер айылыма көп барам, эки- үч каттабасам көңүлүм толбой турат. 
Туугандарым келин алат, кыз берет. Жакшылык- жамандыгы аралаш бул 
дүйнөдөн өткөндөргө бир ууч топурак салуу да парз. Айтор көңүл тартып 
турса, шылтоо табылат. Балдарым нукура шаардык болуп калышты, эр 
жеткен жигиттер, бирок ата- бабасынын туулуп- өскөн жерин таанып- билип 
жүрсүн деп, аларды да айылга үйрөтүүгө аракеттенем. Анткен менен, заман 
өзгөрүлдү окшойт. Ким билет, өзүм сыяктуу айылга катнаша алар бекен, аны 
келечек көрсөтөр. Ошондо да ар булактын чордону бар сыңары, Мекен деген 
алп сөздүн кут түшкөн очогу сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. 
Менин мекеним- Шекер айылы. 
(Ч.Айтматов). 
“Мекеним- Кыргызстан”, “Эне тилим- кыргыз тили” аттуу темалардын 
тегерегинде 5-6 сүйлөмдөн турган тексттер түздүртүлдү. 
Бул тапшырмаларды текшерүүдө окуучулардын сөз байлыгына, уга 
билүү жана сүйлөө, кырдаалга жараша коммуникация жүргүзүү 
билгичтиктери менен көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлине көңүл бурулду. 
Аларды аныктоодо окуучулардын фонетикалык, морфологиялык жана 
синтаксистик билгичтиктери менен көндүмдөрү эсепке алынды. 
Баяндама, дил баян жазуу жана текст түзүүдө окуучулардын 
композициялык же текст түзүү билгичтиктери менен көндүмдөрү, башкача 
айтканда, сөз айкаштарын, жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү түзүү, аларды 
логикалык ыраатка келтирүү жана түрдүү тилдик каражаттар аркылуу 
сүйлөмдөрдөн байланышкан текстти түзүү билгичтиги менен көндүмдөрү 
текшерилди. 
Текстти окуу, угуу жана баяндап берүү тапшырмаларын аткартууда 
окуучулардын сүйлөмдөрдүн туура интонация менен айтылышына
логикалык жана сөздүк басымдын орду менен коюлушуна, сүйлөмдөрдүн 


250 
ортосундагы тынымдын, синтагмалардын, паузалардын туура коюлушуна
сүйлөмдүн айтылыш максатына жараша жай, суроолуу, илептүү жана буйрук 
болуп бөлүнүшүнө карай үндүн кубулушуна көңүл бурулду. 
Жогоруда белгиленген тапшырмалардын аткарылышын текшерүүдө 
төмөнкүдөй каталар аныкталды: 
Окуучулардын жат жазууларын текшерүүдө төмөнкүдөй типтүү 
каталар аныкталды: 
энчилүү аттарды жазуудан кетирилген каталар; 
татаал сөздөрдү жазуудан кетирилген каталар; 
йоттошкон тамгаларды жазуудан кетирилген каталар; 
орус тилинен кирген сөздөрдү жазуудан кетирилген каталар; 
созулма үндүүлөрдү жазуудан кетирилген каталар; 
сөздөрдү ташымалдоодон кетирилген каталар; 
катар келген окшош үнсүздөрдү жазуудан кетирилген каталар, ж.б. 
Мисалы: Алатоо, Каралма, айу, нефт, экспедисия, толор, барын, 
ташкөмүр, сыйакту, айбанатар, ж.б. 
Баяндама жазуу үчүн төмөнкү текст тандалып алынды: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет