Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


-кѳнүгүү. Беш сүйлөм окулат. Ар бир сүйлөмдө канча үтүр белгиси бар экенин аныктаңыз



Pdf көрінісі
бет146/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   142   143   144   145   146   147   148   149   ...   183
2-кѳнүгүү. Беш сүйлөм окулат. Ар бир сүйлөмдө канча үтүр белгиси бар экенин аныктаңыз 
жана коюлуш себептерин түшүндүрүңүз.
1-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Себеби ...
2-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Себеби ...
3-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Себеби ...
4-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Анткени ...
5-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Анткени ...
 Сүйлөшөлү
1-кырдаал:
Сиз жаңы ачылган телеканалдын кабарчысы болуп иштейсиз. Сиздердин теле-
каналды эч ким билбейт. Тааныштырып келүү максатында алыскы Баткен областы-
на атайын тапшырма менен бардыңыз.
Кайтып келгенде отчётту кандайча бересиз?
2-кырдаал:
Артык: Отчётту сөзсүз жазуу түрүндө бериш керекпи, оозеки айтып койсок, 
жетекчилер ишенбейби? Ашыкча кагаз жазып отуруунун эмне кереги бар?
Бермет: Отчёттун бардыгы жазуу түрүндө болушу керек, себеби.....
 Жазалы
1. Сиз бир мекемеде чарба бөлүмүн жетектейсиз. Мезгилдүү иштердин отчётун жазыңыз.
2. Төмөнкү эки саптын маанисин чечмелеп жазыңыз. 
Бетеге кетет, бел калат.
Бектер кетет, эл калат.
(Барпы)


164
Калия Кулалиева
ӨТҮНҮЧ КАТ
Бул кат аркылуу ар түрдүү багыттагы иштерди аткаруу, аягына чыгаруу 
башка бир уюмдан же жооптуу кызматкерден суралат. Бир катта бир нече өтүнүч 
жазылышы да мүмкүн. Өтүнүч каттын маалым даректери төмөнкүлөр:
– кат жөнөтүлгөн уюм, жетекчинин аты;
– текст;
– тиркеме (зарылчылык болсо);
– катты жөнөткөндүн кызматы, аты-жөнү, колу;
– датасы.
1. Өтүнүч катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
кайрылам, суранам, өтүнөм, байланыштуу, ишенебиз, ... үчүн, -га ылайык, 
...-га байланыштуу ж.б.
2. Үлгү боюнча сүйлөмдөрдү түзүңүз.
Жумушту өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн кошумча каражат талап кылынат.
Уставга ылайык бул тендерге биз да катыша алабыз.
Кардын эрте түшкөндүгүнө байланыштуу түшүм жыйналбай, кар алдында 
калды.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   142   143   144   145   146   147   148   149   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет