Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет66/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   62   63   64   65   66   67   68   69   ...   183
ЧЫГЫП СҮЙЛӨГӨНДӨР бөлүгүндө жасалган баяндамага, билдирүүгө 
карата жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзү жазылат, алардын оюн бурмалоого 
же ыксыз кыскартууга жол берилбейт. Берилген суроолор, аны ким бергендиги
аларга алынган жооптор дагы жазылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ бөлүгүндө маселени талкуулоонун жыйынтыгы боюнча 
алынган чечим жазылат. Керек учурда колдогон, каршы, калыстардын саны көр-
сөтүлөт.
Протоколдогу кабыл алынган токтом жыйындын төрагасы менен катчысы кол 
коюп, мөөр басылгандан кийин гана күчүнө кирет.
Жагдай, зарылдыкка байланыштуу протоколдун көчүрмөсү колдонулат. Ал 
тиешелүү адамдардын суроосу боюнча даярдалат. Анда айрыкча зарыл маалымат-
тар – жыйындын төрага, катчысы, катышкандардын саны, күн тартиби көрсөтүлөт. 
Жыйындын төрагасы катчысы кол койгондон кийин, көчүрмөнү даярдаган жактын 
колу коюлуп, көчүрмө анык деген белги урулуп, мөөр басылат.
1. Жаңы сөз жана сөз айкаштарын бөлүп жазыңыз.
2. Протоколдун текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
төрага, катчы, катышкандар, баяндамачы, суроо, жооп, кыскача мазмун
угулду, токтом кылынды (кабыл алынды), күн тартиби, жактырылсын, 
кайра каралсын, маселе, эсептелсин, сунушталсын ж.б.


75
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3. Төмөнкү сөздөр кайсы сөздөр менен айкалышып келиши мүмкүн, жазыңыз.
____________________ саны
баяндамасы ____________________
_______________________ маселе
деген суроо ____________________
_____________________ кылынсын
баяндаманын _________________
 Окуйлу
1. Протоколдун текстинде кездешкен жаңы сөз жана сөз айкаштарына көңүл буруңуз.
2. Кайсы сөз жана сөз тизмектери ар кандай протоколдордо кездешиши мүмкүн, бөлүп жазыңыз.
«Азат» ААКынын
Директорлор кеңешинин жыйынынын


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   62   63   64   65   66   67   68   69   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет