Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет65/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   61   62   63   64   65   66   67   68   ...   183
 Сүйлөшөлү
1-кырдаал:
Сиз бир фирманын жетекчиси болуп иштейсиз. Кызматкерлерди кыскартуу
боюнча чыгарган буйругуңузга сиздин кол алдыңызда иштегендер каршы. 
Жалпы чогулушта өз буйругуңуздун мыйзамдуу экендигин далилдеңиз.


73
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
2-кырдаал:
Сиз мекемеде бухгалтерсиз. Жетекчиңиздин оозеки берген буйруктарын атка-
расызбы же жазуу түрүндө буйрук чыгарышын талап кыласызбы? Түшүндүрүңүз.
 Жазалы
1. Сиз бир министрликти жетектейсиз. Өздүк курамга байланыштуу буйрук чыгарыңыз. 
2. Эки теманын биринде оюңузду жазыңыз.
Буйрук бергенден көрө, аны аткарган оңой… 
Буйруктарды аткаргандан көрө, буйрук берип коюп отуруу мага абдан жагат…


74
Калия Кулалиева
ПРОТОКОЛ
Протокол маанилүү жана көп киши катышкан жыйындын, чогулуштун, конфе-
ренциянын же бир олуттуу маселе талкуулаган атайын отурумдун өткөрүлүшүн, 
андагы катышкан адамдардын сүйлөгөн сөзүн жана кабыл алынган чечимин же 
токтомун баяндаган документ болуп эсептелет. Протокол толук жана кыскартылган 
түрдө жазылышы мүмкүн. Кыскартылган түрүндө чогулуштагы талкуу бөлүгү алы-
нып салынат да, ал маселе боюнча кабыл алынган чечим гана жазылат.
Протокол төмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат:
1. Киришүү бөлүгү;
2. Негизги бөлүгү. 
Бул расмий кагаз ушундай чогулуштун кайда, качан өткөрүлгөндүгү, катыш-
кандардын саны менен жеке аты-жөнү, жыйындын төрагасы, катчысы жана күн 
тартибин көрсөтүү менен башталат. Бул протоколдун кириш бөлүгү.
Протоколдун негизги бөлүгү төмөнкү үч бөлүктөн турат.
УГУЛДУ бөлүгүндө баяндама жасаган адамдын аты-жөнү, кызматы, илимий 
ж.б. даражасы көрсөтүлүп, ал жасаган билдирүүнүн темасы жана анын мазмуну 
кыска, даана текст менен жазылат. Эгер баяндама даяр болуп, жыйындын катчысына 
өткөрүлүп берилсе, «баяндама тиркелет» деп көрсөтүп коюлат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   61   62   63   64   65   66   67   68   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет