Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Боштуктарга мааниси боюнча туура келген модаль сөздөрдү жазыңыз



Pdf көрінісі
бет100/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   96   97   98   99   100   101   102   103   ...   183
1. Боштуктарга мааниси боюнча туура келген модаль сөздөрдү жазыңыз.
Эки тараптуу жолугушуу болбой калды ........................ . ............................. 
Алтын Асылбековичтин айткандарын эске алып, токтом чыгарышыбыз 
керек. Бул акцияга борбор калаабыздагы бардык менчик фирмалар каты-
шуусу ............................... . Тергөөчүнүн айткандары туура ................... . 
........................., алдыбызга коюлган ой-максатыбызга жеттик. Жыйындар за-
лына журналисттер киргизилбеши ................... .
2. Тесттик тапшырмаларды аткарыңыз.
1. Сүйлөмдөгү боштукту кайсы сөз менен толуктоого болот?
........................ жооп жазылбайт көрүнөт. 
А) балким
Б) чамасы
В) мүмкүн
Г) кана
2. Берилген сүйлөмгө каршы маанидеги сүйлөмдү аныктаңыз.
Адам деген картайгыч тура бечара. (А. Осмонов)
А) Адам деген өлбөс тура.
Б) Адам деген түгөнгүс тура.
В) Адам деген жашарат тура.
Г) Адам деген жашайт тура.


114
Калия Кулалиева
3. Белгиленген сөз тизмегине маанилеш сөз тизмегин аныктаңыз.
Мамлекеттик кызматкерлер акыркы кабыл алынган эрежелерге ылайык 
иштеши керек.
А) эрежелер боюнча
Б) эрежелер менен
В) эрежелер тууралуу
Г) эрежелерди билип
4. Белгиленген сөздү кайсы сөз менен алмаштырсак, сүйлөмдүн мааниси өзгөрүлбөйт.
Египеттеги пирамидаларды сен эмес, мен да көрө элекмин.
А) да
Б) жана
В) түгүл
Г) менен
5. Айтылуучу ойго болжолдоо маанисин киргизген сөздөрдүн катарын аныктаңыз.
А) чындыгында, болжолу, чыгар
Б) мүмкүн, кыязы, чыгар
В) чамасы, тийиш, кана
Г) ыктымал, балким, кыскасы
3. Берилген сөздөрдү катыштырып, иш кагаздар стилиндеги сүйлөмдөрдү түзүңүз: 
болжолу, ырас, балким, өңдөнөт, кыскасы.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   96   97   98   99   100   101   102   103   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет