Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Угалы 1-кѳнүгүү. Токтомдун текстин угуп, мазмунун айтып бериңиз



Pdf көрінісі
бет101/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   97   98   99   100   101   102   103   104   ...   183
 Угалы
1-кѳнүгүү. Токтомдун текстин угуп, мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Уккан текстти жазуу жүзүндѳ чагылдырыңыз.
 Сүйлөшөлү
1. «Артка карап шүгүр кыл, алдыга карап пикир кыл» деген макалдын мазмунун чечмелеңиз. 
2. Сиздердин коллективде 40 жыл үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгып жаткан адам-
ды узатууда кандай иш-чаралар өткөрүлөрү жана кандай мазмундагы токтом жазылышы мүм-
күн. 
 Жазалы
1. Талкуунун негизинде экиге бөлүнүп токтом чыгарыңыздар. Кайсы команданын токтому туу-
ра жана мазмундуу жазылса, ошол команда утушка ээ болот. Жеңүүчүнү аныктоодо убакыт да 
эске алынат.
2. Берилген сүйлөмдү улап аңгеме жазыңыз.
Мен бул кесиптешимди такыр түшүнбөйм...


115
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ЖАРЛЫК
Жарлык мамлекет башчысы тарабынан чыгарылуучу ченемдик же 
индивидуалдык акт болуп саналат. Жарлык менен мамлекеттик орден, медалдар, 
ардак наамдар, дипломатиялык рангдар ыйгарылат, өлкөгө өзгөчө кырдаалдар 
киргизилет ж.б. Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Бул 
иш кагаздары ар түрдүү министрликтер, ведомстволор жана башка мекеме, уюмдар 
тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынат. Бул иш кагаздарында мамлекет 
менен өкмөттүн маанилүү маселелери, мисалы, жогорку кызматтагыларды 
кызматка дайындоо же кызматынан бошотуу чагылдырылат. Жарлыкта тиешелүү 
маалым даректер көрсөтүлөт.
1. Жарлыктын текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
Жарлык, токтом кылам, Жарлыкка ылайык (келтирилсин, жүргүзүлсүн), 
жөнүндө, боюнча, жүктөлсүн, өзгөртүлсүн, баяндалсын, деп окулсун
жарыяланган күндөн тартып, күчүнө киргизилсин ж.б.
2. Берилген сөздөргө жогоруда берилген сөздөрдүн кайсыларын улап жазууга болот?
Кыргыз Республикасынын Президентинин ______________________________
Жарлык __________________________________________________________
КРнын Тышкы иштер министрлигине _________________________________
Бардык иш кагаздары Жарлыкка ______________________________________
Өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү ________________________________


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   97   98   99   100   101   102   103   104   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет