Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет98/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   94   95   96   97   98   99   100   101   ...   183
кой+уу – коюу, сой+уу – союу ж.б.
4. Жазууда ю тамгасы орус тили аркылуу кирген сөздөрдө орус тилиндеги 
маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: бюст, жюри, 
парашют, бюро ж.б.
2. Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк(айак), 
аянт (айант), баянда (байанда), даяр (дайар) ж.б.
2. Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө 
уланган кезде я тамгасы колдонулат: жай+а+т – жаят, кый+а+быз – кыябыз 
(кыйабыз эмес), жый+ар – жыяр (жыйар эмес);
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин 
толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галерея, 
снаряд, идея, маяк.
 Көнүгүүлөр
1. Боштуктарга эреже боюнча туура келген тамгаларды жазыңыз.
Кечээ болгон ку...н адамдарды учуруп кетүү коркунучун туудурду. Чет өл-
көдө мыкты иде........лар көп акчага сатылып алынат. Отчёт бергенге да......р 
эместер залдан чыгып кете берсеңиздер болот. Айбанаттар бакчасында а.......... 
бар бекен? Пирмат чоң атанын жүздөн ашык ко........ бар. Ко......... тамактан 
тажаган жоксуңарбы? Кой со.......ну баары эле биле бербейт. Сабырдуу адам 
алтын а.....ктан суу ичет.
2. Берилген сөздөрдөгү боштуктарды туура толуктап жазыңыз жана бул сөздөрдү катыштырып 
сүйлөм түзүңүз.
у....м: 
ба....н
б......ро
а......нт


112
Калия Кулалиева
3. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
А) аят, район, тойут
Б) стажёр, соёт, айат
В) чиет, киет, союш
Г) койуу, жоюу, чоюу
 Грамматика
Бөлүкчөлөр
Бөлүкчөлөр кызматчы сөздөрдүн бир түрү. Сүйлөмдөгү сөздөргө түрдүү ко-
шумча маанини берет. Бөлүкчөлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү бар: 
1. Күчөткүч: эң, өтө, абдан, аябай;
2. Чектегич: гана, эле;
3. Тактагыч: да, дагы, дале, нак, так, дал;
4. Ырастагыч: ооба, да;
5. Божомолдогуч: го, бейм, белем;
6. Тангыч: эч, турсун, турмак, түгүл, түк, такыр;
7. Сурама: ээ, ыя;
8. Салыштырма: куду, кадим.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   94   95   96   97   98   99   100   101   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет