Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Мааниси боюнча туура келген бөлүкчөлөрдү жазыңыз. Түрүн аныктаңыз



Pdf көрінісі
бет99/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   95   96   97   98   99   100   101   102   ...   183
1. Мааниси боюнча туура келген бөлүкчөлөрдү жазыңыз. Түрүн аныктаңыз.
......... жаман өзүн мактайт. (Макал)
Бүгүн бөлүмдүн чогулушуна бизден мен ............ барыптырмын.
– ........................, Ырыс, кандай дейсиң?
Май айында ............. күн жааган жок.
......................., ал кезди кантип унуталы.
............................... атасына окшоп сүйлөдү.
Анын бул мекемеге ........................ келгиси жок.
Силер окуянын чоо-жайын жеринен көрүп келдиңер .................... .
Быйыл кыш ............................ суук болду.
2. Элдик ырдын төмөнкү саптарын көркөм окуңуз, талдоо жүргүзүңүз.
Аркардын суусун кечкен бейм,
Алтындан кылган кемерин
Аңтара таштап чечкен бейм?
Айыкпас кесел зарпынан,
Алыстап акем жалпыдан,
Агайын элге чуу салып
Алганына ый салып,
А дүйнө сапар кеткен бейм?
(Элдики)
1. «Бейм» бөлүкчөсүнүн маанисин аныктаңыз. 
2. «Бейм» бөлүкчөсүнө маанилеш бөлүкчөнү коюп, текстти кайра окуңуз.


113
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын маанисин түшүндүрүңүз: зарп, элге чуу салуу, ый 
салуу, а дүйнө.
3. Берилген бөлүкчөлөрдү катыштырып иш кагазынын стилинде сүйлөмдөрдү түзүңүз: гана, 
дагы, турсун, эң, өтө.
 Грамматика
Модаль сөздөр
Айтылуучу ойдун чындыкка карата болгон ар түрдүү мамилесин сүйлөөчүнүн 
көз карашына ылайык билдирген сөздөр модаль сөздөр деп аталат.
Модаль сөздөр маанисине карай үч топко бөлүнөт:
1. Айтылуучу ойду ырастоо, кубаттоо, бекемдөө маанисиндеги модаль сөздөр: 
албетте, арийне, чындыгында, ырас, сөзсүз, шексиз, тийиш. Арийне, жолугушууга 
барышыбыз керек.
2. Айтылуучу ой-пикирге күнөм саноо, болжолдоо, ишене бербөө 
маанисиндеги модаль сөздөр: балким, болжолу, чамасы, сыягы, мүмкүн, ыктымал, 
имиш, көрүнөт ж.б. Болжолу, быйыл анын мында иштегенине 20 жыл болот.
3. Тактагыч модаль сөздөр: көрсө, тура, кыскасы, кана, акыры, мына, айтор 
ж.б. Кана, жолго чыгалыбы жолдоштор.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   95   96   97   98   99   100   101   102   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет