Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Сүйлөшөлү Төмөнкү маселелер боюнча талкуу уюштуруңуздар



Pdf көрінісі
бет130/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   126   127   128   129   130   131   132   133   ...   183
 Сүйлөшөлү
Төмөнкү маселелер боюнча талкуу уюштуруңуздар.
1. Билим берүү боюнча кандай жаңылыктарды киргизүү керек деп ойлойсуз? 
2. Мамлекеттик салык саясаты боюнча кандай пикирлериңиз бар?


146
Калия Кулалиева
 Угалы
1-кѳнүгүү. «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн түзүмүн бекитүү» дегенди түшүндүрүп бе-
риӊиз.
2-кѳнүгүү. Мыйзамдын мазмунун айтып бериңиз.
 Жазалы
1. Билим берүүгө байланыштуу мыйзамдын долбоорун түзүңүз.
(Мектепке чейинки тарбия жана билим, орто билим, кесиптик билим
жогорку билим, айылдык билим ж.б. тармактар боюнча) 
2. «Аткан мерген эмес, тийгизген мерген» деген макалдын маанисин чечмелеп жазыңыз.


147
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
МААЛЫМ КАТ
Маалым кат – тигил же бул фактыны же окуяны тастыктоочу, сыпаттоочу 
мазмундагы документ. Маалым катты негизинен 2 түргө ажыратышат. Биринчиси,
кызматтык мүнөздөгү факты жана окуя жөнүндө маалымат берилүүчү маалым
каттар. Ал тиешелүү мекеменин жетекчилиги, жогорку органдардын талабы же 
көрсөтмөсү менен даярдалат. Анда изилдөө, иш сапары же кайсы бир окуя боюнча 
жалпыланган натыйжалар боюнча маалымат берилет. Экинчиси – кызыкдар 
жарандар менен мекемелерге берилген, кандайдыр бир укуктук фактыны 
тастыктоочу (адамдардын иштеген, жашаган жери, окуусу, алган айлыгы, ээлеген 
кызматы ж.б. ар түрдүү абалын тастыктоочу) маалым каттар.
Маалым кат кол менен жазылып же атайын стандарт бланкта толтурулушу мүм-
күн. Жетекчинин атынан жеке кишиге же жеке кишинин атынан жетекчиге берили-
ши мүмкүн. 
1. Маалым кат кандай абалдарда жазылат?
2. Маалым катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын катыштырып сүйлөм түзүңүз.
Берилет, тастыктайбыз, анык ж.б.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   126   127   128   129   130   131   132   133   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет