кыргыз элинде саясий жана адабий-эстетикалык дуйнө кабылдоо, саясат менен көркөм ой жорумдун ортосунда айырма бар экендигин ар бир жарандын сезе-туя билиши: Советгик адабият менен катар адабий-эстетикалык көз карашы туура келе бербеген Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Ныяз, Жеңижок, Эшмамбет, Боогачы, Казыбек, Алдаш Молдо Белек Солтоноев, Осмоналы Сыдык уулу, ж. б. адабий чыгармаларын элдик мурас катары таануу көз карашынын пайда болушу; өз алдынча ой жүгүрткөнү үчүн сындоо зарыл эместигин андаштыруу; ар бир автордун индивидуалдуу чыгармачыл аракетин туура кабылдоо; ж. б.
ар бир улуттун тарыхка карата өз позициясы боло тургандыгын таанып-билүү касиетинин акын-жазуучуларда жогорулашы: Кыргыз элинде улутчул, эл душманы, канкор же мыкаачы катары түшүндүрүлүп келген кырдаалдарга туура баа берүү зарыл экендигин элдин бардык катмарынын түшүнүүчүлүк менен кабылдашы; Кыргыз элинде мурда сөз болбой жүргөн тарыхый инсандарынын (Тайлак баатыр, Курманжан датка, Балбай, Бай-тик, Шабдан, ж. б.) тарыхтагы ордун берүү маселелеринин көтөрүлүшү жана алардын көркөм-адабий образын чыгармаларда түзүү иш-чараларынын күч алышы; ж. б.
ар чыгармачыл сурөткер адабий чыгармачылыкта өз концепциясън чагылдырууга мумкун экендигин сезе билүүсү: анын республикада сөз эркиндиги жана демократиялык эркин ойлоо саясаты менен байланыштуу түшүндүрүлүшү; көркөм ойлоонун көп түрдүүлүгүнө негизделген жаңы мазмундагы гезит-журналдардын чыга башташы жана анын көркөм ой жүгүртүүгө тикелей таасир тийгизиши; автордук позициясын ачык айтып, көркөм чыгармада жеке концепциясын ачык билдирүү тенденциясыньн күч алышы; ж. б.
Бир караганда мындай коомдук-саясий социалдык-турмуштук кырдаалдардын адабий чыгармачылыкка эч кандай деле таасири болбошу мүмкүн сыяктанып, ар бир жазуучу өз чыгармасын эркин жазгандай туюлганы менен жогоруда биз атап өткөн пункттардын кыргыз роман жанрынын эгемендүүлүктөн бери карай калыптанышына маанилүү роль ойногондугун эске албай коюуга болбойт. Мындай көрүнүш бир гана роман жанрына гана мүнөздүү болбостон, ал ошол коомдук-социалдык турмуштун бардык сферасын камтыгандыгын белгилей кетели. Аны ошол жылдарда басма сөздөргө жарыяланган чыгармалардан бардыгынан көрүүгө болот. Андай автордук көз караштардын элдин социалдык турмушун чагылдырууда коомдук аң сезимдин өзгөрүүсүнө себеп болгон адамдын ички толгонууларын ачып берүү, ар бир жеке адамга мүнөздүү сапаттык белгилер менен кемчиликтерин көркөм чыгармалар аркылуу окурманга жеткируу аракети адабий чыгармачылыкка бир кыйла жаңылануу тартуулаган болсо, ал кыргыз романдары үчүн өзгөчө мүнөздүү болуп саналат.
Албетте, андай кырдаалдардын таасирин бир тараптуу кароого болбойт. Анын ири жетишкендигин доордун адабиятка тийгизген таасири менен катар ар бир автордун чеберчилиги менен өтмө катар байланышта кароо бир эле Э.Турсуновдун романдары алып келген жанылыктарды аныктабастан, ошол табылгалардын жаралуусуна эмнелер өбөлгө болгондугун да айкындоого мүмкүнчүлүк түзөт. өзгөчө социалисттик тартип күч алып, административдик буйрук бергич доордун тартибинде адамдар кантип жашаганын, алар эмнеге жана кандай кызыкчылыктар менен жашоо кечиргенин, акыры андай кызыкчылыктар эмнеге алып келе тургандыгын Ч.Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" жана "Кыямат" романы жеткиликтүү ачып бере алды десек, андай адабий процесстеги жаныланууларды бардык чыгармачыл адамдар толук сезе баштагандыгын айтпай кетүүгө болбойт.
Эл турмушун көркөм чагылдырууга карата ойлордун жанылануусу башка жазуучулардай эле Э.Турсуновго өз таасирин тийгизбей койгон эмес.
Тагыраак айтканда, мурда жарыя айтууга мүмкүн болбогон окуяларды жарыялоого, өзү таанып билген тарыхый окуяларды ырааттуу чагылдырууга, ар бир окуяга өзүнүн жеке дүйнө кабылдоосун берүүгө дал ошол тарыхый кырдаалдын таасири болгондуктан, сүрөткер катары Э.Турсунов Балбай жана Боронбай жашаган доорго өзүнүн адабий-эстетикалык байкоолорун
сунуштап отурат. Ырас, Э.Турсунов "Ата журт", "Балбай", "Боронбай" жана "Эл душманы" романдарында тарыхый доорду чагылдыруу боюнча өз позициясын сактайт. Анын аталган романдарында орун алган тарыхый доор жеке авторго тиешелүү позиция менен каралат. Эл турмушун сүрөттөө, тарыхый окуяларды баяндоо, каарман түзүү, анын образын ачып берүү, ж. б. маселелер боюнча алганда Э.Турсуновдун; роман жанрын колдонуу позициясы бир кыйла башкачараак экендигин биз ага чейин жарык көргөн кыргыз романдарына салыштыруудан улам байкайбыз. Экинчиден, кыргыз адабиятында, өзгөчө кыргыз романдарында бул багытта бир топ тажрыйба болуп, бир кыйла маанилүү көркөм-эстетикалык дөөлөттөр жаралганын эске алуу жана алардан кийинки мезгилде пайда болгон романдар кандай "жүктү" аркаласа гана азыркы мезгилдеги адабий-эстетикалык дөөлөттөрдүн арасынан өз ордун таба тургандыгын эсепке алуу менен мамиле кылганда Э.Турсуновдун романдарына талап башкачараак боло тургандыгы ачык эле көрүнөт.
Ал эми автордун чыгармада тарыхый окуяларды жайгаштыруу, андагы тарыхый кырдаалдар менен адамдын ошол кырдаалга карата позициясын көрсөтүүдө өзүнө чейин жазылган романдардан да кескин айырмалана турган сапаттык белгилери барбы деген суроо да бул жерде объективдүү түрдө коюлат. Анткени тарыхый окуяларды чагылдыруу, тарыхый инсандардын образын түзүү, тарыхый кырдаалда жеке автордук позициядан туруп баа берүү жагынан да кыргыз адабиятында бир тажрыйбалар түзүлүп калган болсо, Э.Турсуновдун калеминен жарык көргөн романдар аны кандай көркөм-эстетикалык денгээлге чыгара алгандыгы да аталган жазуучунун романдарын кыргыз романдарынын контекстинде кароо процессинде өзүнчө чоң проблема катары турат. Мында кыргыз адабиятында өз ордун тапкан, чыныгы тарыхый роман экендигин көркөм- эстетикалык жактан далилдей алган, б. а. кыргыз прозасында тарыхый теманы жаңы тепкичке көтөрө алган Т.Касымбековдун "Келкел", "Баскын", "Чапкын", К.Осмоналиевдин "Көчмөндөр кагылышы" романдарына салыштыруу аркылуу аныктоо милдети тургандыгын да эске алууга тийишпиз. А.Салиев айткандай, мында "кыйын тарыхый учурларда да, басымдарда да, каатчылыктарда да эмгекчи эл дилин түшүрбөй чоң умтулуштарда болуп келгенин, өзүнүн жогорку адамкерчилик сапаттарын өнүктүрүп келгендигин" [3] ачыкка чыгаруу Э.Турсуновдун романдарын кыргыз адабиятынын контекстинде кароо зарылдыгын түзөт. Ошондой эле конкреттүү тарыхый доордун, же белгилүү бир тарыхый кырдаалдын өзүн чагылдырбаса да, эл ба- шынан кечирген тарыхый доордун жүзүн өзүнүн жеке байкоолору аркылуу көркөм чыгарма жаратууга жетишкен Т.Сыдыкбековдун "Көк асаба", К.Акматовдун "Күндү айланган жылдар", К.Сактановдун "Маркумдар үнү" романдары сыяктуу романдар менен да салыштыруу, аталган чыгармалардын автордук концепциясында тарыхый доорго мүнөздүү көрүнүштөрдүн ортосундагы жалпылыктар менен айырмачылыктар кантип түзүлгөндүгүн да аныктап билүү Э.Турсуновдун романдарына тиешелүү объективдүү баа берүүгө шарт түзөт.
Кыргыз романдарынын контекстинен караганда Э.Турсуновдун жогоруда аталган романдары менен жалпы кыргыз прозалык чыгармаларынын ортосунда белгилүү бир жалпылыктарды түзүп турган объективдүү кырдаалдар жалпы жана улуттук адабий-көркөм ойлоого мүнөздүү экендигин жокко чыгара албайбыз. Ал жалпылык демократиялык доорго мүнөздүү жалпылыктар экендигин белгилей кетели. Андай сапаттык белгилердин башында республиканын өз алдынча эгемендүү болгондугу турса, ошондой эле адабий чыгармачылыктын өнүгүшү үчүн маанилүү касиетке ээ демократиянын принциптерине негизделген ачык айтуу саясатынын таасиринде жаралган көркөм ойлоо маанилүү орунду ээлейт. Маселен, жогоруда аталган романдарында Э.Турсунов Боронбай ("Боронбай" романында) менен Балбайдын ("Балбай" романында) жашаган доорун, аткарган иштерин, адам катары кылган миссиясын, пендечилигин, ар ким менен түзгөн мамиле-катышын - деги эле көркөм образын түзүүдө кыргыз адабиятында иштелип чыккан тажрыйбаларды пайдаланганы талашсыз.
Тарыхый инсан катары белгилүү болгон Боронбай, Балбай сыяктуу тарыхый инсандардын тарыхый жана көркөм образын түзүүдө мурда эл арасында бир беткей айтылып жүргөн "бай- манап", карапайым элди эзген, мыкаачы, канкор, эч кимди аябаган, ез кызыкчылыктарын гана ойлогон - "эл душманы" деген түшүнүктөрдү жокко чыгарууга аракеттенет. Мьнда автор роман жанрынын талаптарына, кыргыз адабияты жетишкен көркөм чеберчилигин бийиктиктерин пайдаланууга умтулуу менен бирге "тарыхый чыгарма" деген статус аркылуу түшүндүрүлүп келген кыргыз прозасына - ангемелерине, повесттерине, романдарына мүнөздүү болгон формаларын ичине алгандыгы менен да айырмаланат. Ошондой эле Э.Турсунов аталган романдарында тарыхый барактарында калган даректуу факты-материалдар менен чектелбестен, эл
арасында оозеки жашап жүргөн санжырага тиешелүү маалыматтарды да романдын сюжеттик мазмунуна кошумчалайт.
Мындай мамиле кыргыз романдарына Э.Турсуновдун калемине таандык романдарга чейин эле калыптангандыгын айтпай кетүүгө болбойт. Ырас, тарыхый чындыкты көркөм жалпылап берүү боюнча кыргыз роман жанрында бир топ тажрыйба болгондугун эскерте кетели. Ал кыргыз адабиятында роман жанры пайда болгон XX кылымдын 20-жылдарынан тарта өсүп-өнүгүп, XXI кылымдын биринчи он жылдыгында бийик сересине жеткен болсо, өзүнө чейинки мындай тажрыйбалардан Э.Турсунов өз чыгармаларын жазууда пайдаланганын эске албай коюуга болбойт. өзгөчө мындай көрүнүш XX кылымдын акыркы чейрегинде пайда болгон коомдук- саясий, адабий-эстетикалык ой жорумга мүнөздүү кырдаалдарды - "кайра куруу", "ачык-тык" жана "айкындуулуктун" шарданы аркылуу орун алып келген көркөм-эстетикалык кубулуш-тардын Э.Турсуновдун романдарында орун алышын да шарттаган. Тагыраак айтканда, социалисттик коомдон капиталисттик коомго өтүү мезгилинде кыргыз элинин унутта калып келген "тарыхтын актай барактарын" калыбына келтирүүгө ал6aн күч жумшап, коомдо болуп жаткан ар кандай он жана терс көрүнүштөр тууралуу жазылган публицистикалык чыгармалар басма сөздөргө кандай маанилүү маселелерди көтөргөн болсо, Э.Турсунов алардын басымдуу бөлүгүн өзүнүн романдарында камтууга аракеттенгендиги менен айырмаланат.
Бул жагынан алып Караганда анын романдары кыргыз роман жанрына мүнөздүү бир нече катмарды ичине алып тургандыгын жокко чыгара албайбыз. Сүрөттөө манерасын боюнча автордун өзүнө таандык стилдик өзгөчөлүк болгону менен окуяларга талдоо жүргүзүү, кырдаалды баяндоо жагынан Н.Байтемиров, Э.Даникеев, Ш.Абдраманов, С.Өмүрбаев, Ш.Бейшеналиев, К.Сактанов, К.Осмоналиев, М.Мураталиев, З.Сооронбаева, А.Жакыпбеков сыяктуу романчылар менен катар туруп, белгилүү бир жалпылыктарды түзө алса, тарыхый доордун жүзүн ачып көрсүтүү багытында роман жанрына мүнөздүү денгээлди пайдалануу жагынан А.Жакыпбеков ("Тецири Манас"), А.Алдашев ("Алаамат"), Ж.Токтоналиев ("Хан Ормон") менен катар коюуга болот. Ал эми элдин жашоо-тиричилиги үчүн, коомдук-социалдык өзгөрүүлөр үчүн маанилүү роль ойногон окуяларга көркөм анализ жүргүзүү жагынан XX кылымдын аягында кыргыз прозасына олуттуу салым кошо алган Ч.Айтматовдун ("Кассандра тамгасы"), Т.Сыдыкбековдун ("Мен мин жыл жашадым", "Бел-белес"), Ш.Бейшеналиевдин ("Тагдыр сырлары"), ж. б. авторлордун романдары менен бир контекстте кароо мүмкүндүгү турат. Ырас, аталган романдардын көркөм-эстетикалык деңгээли ар түрдүү болгону менен кыргыз прозасында өлкөнү кайра куруу, анда болгон реалдуу жана тарыхый көрүнүштөргө ачык баа берүү, автордук идеяны айкын чагылдыруу, көркөм чыгарманын идеялык мазмунун доордук жаңыланууга багыттоо, тарыхый жана коомдук турмуштун элге белгисиз түрдүү жактарын окурман журтка тааныштырууга басым жасаганы алардын алган миссиясы бирдей болуп саналат. Демек, Э.Турсуновдун жогоруда аталган романдарын кыргыз романдарынын контекстинде анализдөө сөзсүз изилдөөгө муктаж проблема болуп саналат.
Достарыңызбен бөлісу: |