Кургак учук (чахотка)


Менде сыркоо бар экенин кантип аныкташым керек?



бет4/5
Дата09.11.2022
өлшемі39.49 Kb.
#464373
1   2   3   4   5
Кургак учук жөнүндө маалымат

Менде сыркоо бар экенин кантип аныкташым керек?

  • Кургак учукка мүнөздүү негизги симптомдор:

  • 2-3 жана андан ашык жумадагы жөтөлүү;

  • төштүн оорусу;

  • салмак жоготуу;

  • какырыкта кандын болушу;

  • түн ичинде тердөө;

  • мезгил-мезгили менен температуранын жогорулашы;

  • жалпы алсыздык жана күчсүздүк;

  • периферикалык лимфа түйүндүрүнүн чоңоюшу.

Эгерде Сиз өзүңөрдө ушул симптомдорду байкасаңыздар, токтоосуз дарыгерге кайрылыңыз!
Мен айланадагыларга жуктуруп аламбы?
Бейтап адам, интенсивдүү дарылоону баштамайынча, инфекциянын булагы болот. Бирок дарылоо башталар менен, айланадагыларды жугуштуруу коркунучу бат төмөндөйт. Муну кургак учуктун таякчаларына какырыктын анализи ырастап бере алат. Эгерде аларды микроскоп аркылуу изилдөөдө табууга мүмкүн болбосо, сиздин ооруңуз учурунда туугандарды жана жакындарды жугуу тобокели аз. Бирок сиз кургак учукка каршы таблеткаларды кабыл ала баштасаңыз, дарылоонун толук курсун аяктоо абдан зарыл, б.а. өзүңүздү жакшы сезип калганда да, жазылган дарылардын бардыгын үзгүлтүксүз кабыл алуу керек.
Башка оорулардан айырмаланып кургак учукту дарылоо бир нече атайын антибиотиктерди узак убакыттын ичинде кабыл алууну талап кылат. Мунун себеби-өзүнүн активдүүлүгү бонча үч ар кандай кургак учук бактерия тобунун бар болушу:
1) Ачык көңдөйлөрдө активдүү көбөйүүчү бактериялар. Алар какырык аркылуу, бейтапты айланадагылар үчүн инфекциянын булагы кылып, чыгышат.
2) Ачык көңдөйлөрдү курчаган организмдин коргоочу клеткаларында жай көбөйүүчү бактериялар.
3) Убакыттын көп бөлүгүндө "үргүлөшкөн”, бирок ылайыкутуу дарылоонун жогунда активдешип жана организмге чоң зыян келтирүүгө мүмкүн болуучу коюу очоктогу бактериялар.
Ошондуктан эгер сиз терапия башталгандан кийин жеңилдикти сезсеңиз дагы жана көп убакытта сизди эч нерсеңиз оорубаса да, "үргүлөп” жаткан бактерияларды да өлтүрүш үчүн, дарылоонун толук курсун бүтүрүү зарыл, антпесе оору күттүрбөстөн кайра кайталанат. Ошондой эле таблеткаларды кабыл алууну калтырбоо жана дарылоону үзбөө абдан зарыл. Эгерде дарылоо курсу аягына чыкпаса же үзүлсө, бактериянын бөлүгү гана жок болот да, ал эми калгандары препараттарга турукттулукту иштетип алышат жана көнүккөн дарылар үчүн теше албоочу соотко кийинишет. Сыркоо айыкпайт, жөн эле андан да, сиз үчүн кандай болсо, сизди курчаган адамдар үчүн коркунучтуу, дары-дармектин таасирине туруктуу формасына өтүп кетет.
Эгерди сиз таблетканы кабыл алууну унутуп калсаңыз, батыраак дарылоочу дарыгерге ал жөнүндө билдириңиз, ал кантип жагымсыз натыйжадан кутулуу боюнча кеңеш берет.
Ошондой эле дарыгерге дары-дармекти кабыл алуудагы исиркек, сары оору, көздүн начарлашы жана кулактын начар угушу, ичеги-карын бузулуулар, колдун жана буттун манжалардын учтарынын сайгылашуусу сыяктуу бардык кыйыр таасирлер жөнүндө билдирүү зарыл. Дарыгер сизге керектүү кеңеш берет. Инфекцияны жеңүүдө ден соолуктун жалпы абалы абдан зарыл, ошондуктан алкоголдон жана чылым чегүүдөн алыс болуңуз (же жок дегенде аларды кабыл алууну азайтыңыз).
Көбүрөөк эс алууга, туура жана толук тамактанууга аракет кылыңыз, таза аба менен дем алыңыз. Жер төшөмгө жана жолго түкүрбөңүз, ал үчүн жеке түкүргүч колдонуңуз. Сиз жашаган жайыңызды убакыт сайын шамалдатып туруңуз. Жөтөлгөндө оозуңузду жүз аарчы менен жабыңыз.
Туугандарга жана жакындарга комкор болуңуз. Эгерде бирөөдө кургак учуктун симптомдорун байкасаңыз, күттүрбөстөн дарыгерге кайрылууга кеңеш бериңиз.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет