Кургак учук (чахотка)


Кургак учукту айыктыруу мүмкүнбү?



бет5/5
Дата09.11.2022
өлшемі39.49 Kb.
#464373
1   2   3   4   5
Кургак учук жөнүндө маалымат

Кургак учукту айыктыруу мүмкүнбү?
Азыркы убакытта кургак учукка каршы, аларды кабыл алуу менен сыркоону толук айыктырууга мүмкүнчүлүк берүүчү, көп препараттар бар. Кургак учукту айыктыруунун башкы шарты болуп өз убагында алдын ала текшерүү аркылуу табуу жана бейтаптардын фтизиатр дарыгердин атайын медициналык жардамына кайрылуусу болуп саналат. Кургак учукка чалдыккан өз убагында дарыгер жазып берген дарылоону толук көлөмдө алыш керек. Дарылоонун үзүлүшү дарылоодо бир топ кыйынчылыктарды туудурган кургак учуктун дары-дармекке туруктуу формасынын өнүгүшүнө алып келет.
Кургак учукка чалдыккан канчалык көпкө чейин дарыланыш керек?
Бейтап толук бойдон 6-8 айдан кем эмес дарылоону өтүш керек: 2-3 айдын ичинде кургак учук стационарында, андан кийин кургак учук кабинетте күндүзгү стационар шартында жана кийин амбулаторияда. Кургак учукка каршы препараттар обдан кымбат, бирок бейтапка алар акысыз берилет. Эгерде бейтап дарылоону мөөнөттөн мурда токтотсо же ага жазылган препараттардын бардыгын кабыл албаса, дары-дармектик туруктуулукка алып келет да, кийин дары-дармектик туруктуу кургак учуктун микобактериялары менен үй-бүлө мүчөлөрү жана айланадагылар жугушушу мүмкүн.
Бир препаратка туруктуулукту башка кургак учукка каршы препараттар менен айыктырса болот. Ал эми бир нече негизги кургак учукка каршы препараттарга резистенттүүлүк пайда болсо, бул бейтап үчүн да, коом үчүн да коркунуч туудурат.
Коха таякчаларынын көпчүлүк туруктуулугу бар бейтапты дарылоо татаал жана өзгөчө кымбат (дарылоо курсу кадимки дарылоо курсунан 100-150 эсе кымбат турат), дарылоонун мөөнөтү бир нече жылга узарат жана дайыма эле ийгиликтүү боло бербейт: жалаң гана өпкөнү эмес (операциялык кийлигишүүдөн кийин), өмүрдү да жоготуу мүмкүн. Ошондуктан эң маанилүү – бейтап тарабынан дарылоонун көрсөтүлгөн мөөнөттөрүн жана дарылоо методдорун тутуу жана фтизиатр жазып берген бардык препараттарды кабыл алуу.
Эгерде үй-бүлөдө кургак учукка чалдыккан бейтап бар болсо, эмне кылыш керек?
Эгерде үй-бүлөдө кургак учукка чалдыккан бейтап бар болсо, алгач ал өзү анын маданиятынан жана тартиптүүлүгүнөн абдан көп нерсе көз каранды экенин түшүнүш керек. Албетте, бейтап жеке гигиенанын эрежелерин аткарыш керек. Бирок бардык кургак учук очогунда жашап жаткан үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн жана жакындарынын гигиена маселесиндеги сабаттуулугу аз мааниде эмес.
Бейтаптын өз бөлмөсү, эгерде андай мүмкүнчүлүк болбосо, өзүнүн бурчу болуш керек. Керебетин терезеге жакын коюп, тосмо менен тозуп коюш керек. Күндүз башка үй-бүлө мүчөлөрү колдонгон, балдар ойной турган диванга жатканга болбойт. Бейтаптын өзүнүн идиши болуш керек, бардык буюмдарын бөлөк кармоо зарыл. Түкүргүчүн бейтап өзү тазалаш керек.
Бейтапка кантип жардам берүү, анын буюмдарын кантип дезинфекциялоо, турган жайын жыйноо, какырыкты тазалоо жөнүндө кургак учук диспансерде айтып беришет. Бейтаптын үй-бүлөсүндөгүлөрдүн бардыгы контакт боюнча диспансерде каралышы керек, өз убагында текшерүүдөн жана фтизиатрдын сунуштоосуна ылайык алдын алуучу дарылоо курстарынан өтүш керек.

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет