Кургак учук (чахотка)


Кургак учукка бир жылда сөзсүз текшерүүнү төмөнкүлөр өтүү керек



бет3/5
Дата09.11.2022
өлшемі39.49 Kb.
#464373
1   2   3   4   5
Кургак учук жөнүндө маалымат

Кургак учукка бир жылда сөзсүз текшерүүнү төмөнкүлөр өтүү керек:

  • дем алуу органдарынын, ичеги-карын тракттын, сийдик-жыныс системанын өнөкөт спецификалык эмес дартына, кант диабетине чалдыккандар;

  • кортикостероиддик, нурдуу жана цитостатикалык терапияны алып жаткандар;

  • кургак учукка чалдыгуунун жогорку тобокел социалдык топторго тийиштүү адамдар: белгилүү жашаган жери жоктор, мигранттар, качкындар, стационардык социалдык тейлөө мекемелерде жана социалдык жардам мекемелерде жашап жаткан белгилүү жашаган жери жана жумушу жок аргасыз жер которгондор;

  • балдар жана өспүрүмдөр үчүн: социалдык тейлөө, дарылоо-алдын алуу, санатордук-курорттук, билим берүү, ден соолукту жакшыртуучу жана спорт мекемелердин жумушчулары.

Мындан башка, индивидуалдуу (кезексиз) түрдө төмөнкүлөр текшерилет:

  • кургак учукка чалдыгууга шектенүү менен медицианалык жардамга кайрылгандар;

  • кош бойлуу аялдар жана жаңы төрөлгөн балдар менен бирге жашап тургандар;

  • аскердик кызматка чакырылгандар жана контракт менен аскердик кызматка кирүүчүлөр;

  • "ВИЧ-инфекция” диагнозу биринчи жолу коюлгандар.

Баланы кургак учук оорусунан кантип сактап калса болот?
Баланын кургак учук оорусуна чагылуу тобокелин төмөндөтүү милдеттүү түрдө жана акысыз төрөт үйүндө жашоонун 3-күнүнөн баштап (медициналык каршы көрсөтмөнүн жогу учурунда) БЦЖ менен эмдөө аркылуу жүргүзсө болот. Төрөт үйүндө эмдөөдөн өтпөгөн балдар жаңы төрөлгөндөрдүн патология бөлүмдөрүндө жана балдар бейтапкана шарттарында эмделишет, анын алдында эки айдан улуу жашында БЦЖга эмдөөдөн мурда Манту 2 ТЕ сынамын коюп, эмдөө сынамдын терс учурунда жасалат.
Кийинки жолу эмдөөлөр – БЦЖнын ревакцинациясы – 7 жашта жана 14 жашта өткөрүлөт. Эгерде балада же өспүрүмдө медициналык бошотуу болсо же Манту 2 ТЕ шектүү болсо (бул дагы эмдөөнү өткөрүүгө каршы көрсөтмө болуп саналат), кургак учукка каршы ревакцинация көрсөтүлгөн жашка жеткенден кийин бир жылдын ичинде өткөрүлөт. БЦЖнын ревакцинациясы кургак учуктун микобактериясы (КУМ) менен жугушпаган кургак учукка терс балдарга жана өспүрүмдөргө жасалат.
Эгерде балада же өспүрүмдө эмдөөдөн кийин белги (берч) пайда болбосо же анын көлөмү 2 мм.ден кем болсо, Манту 2 ТЕ терс сынамында эмдөөдөн кийинки 2 жылда жана ревакцинациядан 1 жылдан кийин кургак учукка каршы кайтадан эмдөө өткөрүлөт.
Кургак учукка жугууну өз убагында табуу үчүн РФнын бардык балдарына жыл сайын Мантунун туберкулиндик сынамы жүргүзүлөт.
Көп ооруган балдар же өнөкөт сыркоолору бар балдар, кургак учук боюнча тобокел тобун түзүшөт. Бул балдардын категориясына өзгөчө көңүл бурулат, участкадагы дарыгер, адис дарыгер, балдар мекемесинин медициналык кызматкерлери аныктаган кошумча дарылоо-алдын алуу иш аракеттери өткөрүлөт. Медициналык көрсөтмөлөрдүн бар болушунда бала жашаган жери боюнча фтизиатрга консультацияга жиберилет. Баланы сыркоодон сактоо үчүн, чоң кишилер өздөрү ДЕНИ САК экенине ишениш керек, жана өз убагында медициналык кароодон өтүү зарыл.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет