Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия



Pdf көрінісі
бет14/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

Орто кылым философиясы  
Кайра жаралуу доорундагы философия
Орто кылымдардагы теологиялык философия Европада V – XV кк. таралган.Орто 
кылымдагы философиянын негизги өкүлдөрү Августин Блаженский жана Фома Аквинский. 
Орто кылымдагы философиянын өзгөчөлүктөрү: 
1. Бул мезгилдеги философияга теоцентризм мүнөздүү.
2. Бул мезгилдеги философияга сколастикалык мүнөздүү.
Орто кылымдагы философия өзүнүн өнүгүүсүндө эки этаптан турат.
1. Патристика
2. Схоластика
Патристика этабында диний окуулар иштелип чыккан. 
Схаластика ошол диний окуулар эл арасында жайылган. 
Орто кылымдын негизги философиялык багыттар: Наминализм,Реализм 
Бул мезгилде наминализм менен реализмдин ортосунда күрөш өкүм сүргөн мезгил болгон. 
Бул күрөш жалпылык жана жекелик деген түшүнүктөрдүн ортосунда болот. Мында 
жалпылык деп – кудайды, жекелик деп – жеке нерселерди түшүнгөн. 

 
 
 
 
 
 


 
 
 
 
 
 
 
Лекция №3. Философиянын тарыхый типтери. 
План
1. Орто кылым философиясы. 
2. Кайра жаралуу доорундагы философия.  
Орто кылым философиясы  
Кайра жаралуу доорундагы философия
Орто кылымдардагы теологиялык философия Европада V – XV кк. таралган.Орто 
кылымдагы философиянын негизги өкүлдөрү Августин Блаженский жана Фома Аквинский. 
Орто кылымдагы философиянын өзгөчөлүктөрү: 
1. Бул мезгилдеги философияга теоцентризм мүнөздүү.
2. Бул мезгилдеги философияга сколастикалык мүнөздүү.
Орто кылымдагы философия өзүнүн өнүгүүсүндө эки этаптан турат.
1. Патристика
2. Схоластика
Патристика этабында диний окуулар иштелип чыккан. 
Схаластика ошол диний окуулар эл арасында жайылган. 
Орто кылымдын негизги философиялык багыттар: Наминализм,Реализм 
Бул мезгилде наминализм менен реализмдин ортосунда күрөш өкүм сүргөн мезгил болгон. 
Бул күрөш жалпылык жана жекелик деген түшүнүктөрдүн ортосунда болот. Мында 
жалпылык деп – кудайды, жекелик деп – жеке нерселерди түшүнгөн. 
Орто кылымдагы Күн 
чыгыш философиясы
 
VIII – IX кылымдарда Батыш Европанын маданий өнүүгүсү өтө төмөнкү 
деңгээлде турганда, Чыгышта араб – мусунман маданияты деп аталган кубаттуу 
жана көп кырдуу маданият гүлдөп өнүгөт. Аравия жарым аралынын калкынын 
көпчөлүк бөлүгүн өздөрүн арабдар (арабчадан араб – шамдагай чабандес) деп 
атаган көчмөн бедуиндер түзгөн. 
Чыгыш аристотелчилиги 
Акырдык менен арабдар ислам теологиясын гана эмес, Аристотелдин 
окууларына негизделген өздүк философиясын өнүктүрүшөт. Араб 
аристотелизми деп аталган араб философиясы төмөнкүдөй эки агымдын 
чегинде калыптанган: Аль Кинди, Аль – Фараби жана Абу Али ибн Синанын 
ысымдары менен байланышкан чыгыш аристотелизми (X-XI кылым) жана Ибн 


- Баджа, Ибн – Туфейль жана Ибн Рушд тарабынан өнүктүрүлгөн батыш 
аристотелизми (XII кылым). Өз өнүгүүсүнүн бардык этаптарында араб 
аристотелизми тигил же бул даражада ислам динине каршы болгон. 
Аль – Фараби 
Аль- Киндинин жолун улаган « арабдардын алгачкы ири философу » 
болуп борбордук азаялык түрк ойчулу Абу Наср ибн Мухаммед Аль-Фараби 
(870-950) эсептелген. 
Аль-Фараби азаркы Казахстандын аймаганда 
жайгашкан 
Отрар жергесиндеги 
Фараб дарыясынын жээгинде көчмөн түрк уруусунун аскер башчысынын үй-
бөлөсүндө туулган. Баштапкы билимди мекенинен алып, жогорку билим алуу 
үчүн Дамаск шаарыныа кетет. 
Аль-Фараби энциклопедист болгон. Ал өз мезгилиндеги математиканы, 
астрономияны, философияны, медицинаны, этиканы, саясат таанууну, 
психологияны, логиканы жана музыканы терең өздөштүгөн. Бирок, ар тараптуу 
илимдерди бирдей билгендигине карабастан, Аль-Фараби ири алдыда философ 
катары даңкталып, « аль-муалим ас-сани » (Аристотелдин кийинки « экинчи 
мугалим ») деген ардактуу наамга арзыган. 
Аль-Фараби 
Аристотелге 
комментарий, баяндама, түшүндүрмө жазган алгачкы араб 
тилдүү философ болгон. 
Аль-Фарабинин окуусунда борборунда Жер орун алган дүйнө тогуз кабат 
асмандан турат. Дүйнөнү кыймылга келтирген Кудай асман кабаттарын жердин 
айланасында кыймылдоого мажбурлайт. Асман кабаттарынын бары жандуу 
жана алар кыймылдоо үчүн зарыл болгон энергияны Кудайдан алышат. Дүйнө 
форма жана материядан турат. Дүйнөнүн материалдуу негизи суу, аба, от жана 
жер сыяктуу төрт элементтен куралган. 
Аль –Фарабинин пикири боюнча материалдуу дүйнө субстанциядан жана 
акциденциядан турат. Ал субстанция (латынчадан substantia – маңыз, негиз) деп 
эч нерседен көз каранды болбойңз алдынча жашаган негизди атаганю Ал эми 
акциденцияңз алдынча жашай албайт жана субстанциянын кокусунан пайда 
болгон касиети болуп эсептелет. Субстанцияны жараткан Кудай тууралуу Аль – 
Фараби төмөнкүдөй пикирлер менен чектелген: 
« Жараткан Кудай субстанция менен аксиденциядан сырткары 
жашагандыктан, анын бар экендигин далилдөө мүмкүн эмес. Анны далилдөө 
биздин милдетке кирбейт ». 
Аль – Фарабинин пикири боюнча тааным процессии төмөнкүдөй эки тепкичтен 
турат: 1) Сезип - тыюу бул тепкич обьектердин акциденциясын, б.а. алардын 
сырткы, өзгөрүлмөлүү касиеттери чагылдырат;
2) Ой жүгүртүү - бул тепкичте субстанциянын мани – маңызын түшүнүү 
мүмкүн. 


Аль – Фарабинин тааным теориясы жана сенсуализми анын Жан тууралуу 
окуусу менен тыгыз байланышкан. Анын пикири боюнча жан сезип-туюуга 
жана өлбөстүгү тууралуу маселени чечүүдө Платондун окуусун четке 
кагып, 
жан денеден мурда жашабайт
, ал дене менен бирдикте жаралып, дене 
менен чогуу өлөт деген тыянакка келет. Ошондуктан, тааным процессии, 
Платон белгилегендей, жандын Гиперураниядагы идеяларды « эске түшүрүүсү 
» болуп саналбайт, тааным сезимдик маалыматтарга таянуу менен өөрчүйт. 
АбуАли Ибн Сина 
Кийинки илимдин өнүгүшүнө зор таасир тийгизген феодализмдин улуу 
ойчулдарынын катарыны Абу Али Ибн Сина (латындашкан аты Авиценна) 
кирет.
Абу Али Ибн Сина (980 – 1037) Саманийлердин мамлекетинин борбору болгон 
Бухара шаарыны жакын жайгашкан Афшана жергесинде туулган. Анын атасы 
Абдаллах улуту боюнча тажик болуп, Бухардагы каржылоо министирлигинде 
ири чиновгик катары кызматңтөгөн. Абу Али Ибн Синанын балалыгы жана 
өспүрүм чагы Бухара шаарындаңтөт. Уулунун билимдүү болуусун каалаган 
атасы ошол кездеги эң мыкты деп эсептелген 
окумуштууларды жалдап
, Абу 
Али 
Ибн Сина бала чагынан эле алардын жетекчилиги астында баштапкы билимди 
алып, философия, медицина, физика, математика, астрономия жана башка 
ошол кездеги илимдер менен кеңири таанышат. Зээндүү баланын илимдерге 
шыктуулугу тууралуу көп сандаган уламыштар бар. Алардын бирине ылайык 
алты жашар Абу Али Ибн Сина Куранды жатка билген, он алты жашында өз 
доорундагы баардык илимдерди өздөштүрүп, он сегиз жашында дүйнөгө 
таанымал « Канон Фитт-тибб » (« Дарылоо илиминин канону ») деп аталган көп 
томдуу энциклопедиясынын бир катар китептеринин автору болуп калган. 
Медицинанын тарыхында Абу Али Ибн Синанын ысымы антикалык 
мезгилдеги атактуу дарыгерлер Гиппократ менен Галендин катарынан адилет 
орун алган. 
Медицина илими боюнча кийинки ачылыштардан озуп, Абу Али Ибн Сина 
европалык изилдөөчү Пастерден сегиз кылым мурда безгек оорусунун суу 
менен гана эмес, аба менен да жугуучу көзгө көрүнбөгөн козгзгучтары 
(инфекциялары) тууралуу божомолдуу сунуш кылган. Физиология тармагында 
ал биринчилерден болуп көздүн булчуңдарын туура сүрөттөгөн жана нерсени 
көздүн 
айнекчеси эмес
, торчосу чагылдыраарын далилдеген. 
Дүйнөнүн пайда болушунун мүмкүндүгү болуп материя эсептелет. Материя 
чындык дүйнөнүн шарты катары эч качан жаралбаган жана жок болбогон түп 
башат болуп саналат. Ошол эле учурда нерселерди мүмкүндүктөн чындыкка 
айландырган зарыл себеп бар. Бул себеп болуп дүйнөнүн маңызы эсептелет. 
Дүйнөнүн зарыл маңызын Кудай түзөт. Ошентип, Абу Али Ибн Синанын 
философиясында дүйнө бир эмес, төмөнкүдөй эки субстанцияга ээ: 1) материя – 
ал дүйнөнүн жаралуу мүмкүндүгүү болуп саналат; 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет