Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия


Лекция №6. Философияда адам проблемасы



Pdf көрінісі
бет16/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

Лекция №6. Философияда адам проблемасы. 
План 
1 . Адам бытиеси философиялык проблема катары. Антропосоциогенез проблемасы. 
2. Адамдагы биологиялык жана социалдык жактар. Адам жөнүндөгү биологиялык жана
социологизатордук концепциялар. 
3. Адамзаттын руханий тажрыйбасындагы жашоо жана дүйнөдөн кайтуу проблемасы.
Адам – философиянын борбордук эң татаал жана орчундуу
проблемаларынын бири. Булл теманын негизги суроолору: Адамдардын коомунун
айбанаттардын жыйындысынан айырмасы эмнеде?
Антропосоциогенез деп эмнени түшүнөбүз, анын негизги факторлору кандай?
Биологиялык деп эмнени айтабыз?
Биологиялык менен социалдыктын бирдиги эмнеде?
Илимий техникалык революцинын доорунда адамдын биологиясы менен эсептешпөөгө 
болобу?
Адамдын жашоосунун маңызы жана максаты эмнеде?
Дүйнөдөн кайтуунун маданияты деп эмнени түшүнөбүз?
Адамзат бүткүл дүйнөлүк бирдиктүүлүктү түзө алабы?
Жалпы адамзаттык баалуулуктарга эмне кирет?
Прогресстин гуманисттик чени эмнеде?
Бул суроолорду ирети менен карап кетели. 
Адамдын калыптанышы. 
XIX – кылымдын экинчи бөлүгүнөн тартып адам биологиялык 
эволюциянын (өнүгүүнүн) продуктысы деген ой кеңири тараган. Ушул убактан тартып,
адамды башка бийик деңгээлде түзүлгөн айбанаттуулардан айырмалап турган
өзгөчөлүктөрүн илим аркылуу аныкталышы зарыл болгон. Талашсыз өзгөчөлүккө
– маданият кирет. 
Себеби адам жаш кезинен тартып коомдогу үрп – адаттардын 
эрежелерине жана өзүнүн жүрүм – турумуна көз каранды. 
Жер бетинде кеминде 50 миң жылдан бери адам катары калыптанып «Homo 
sapince» пайда болгон. Адамдардын коомдогу ошол убакыттан бери башка
жандуулардын тобу менен айырмаланышы, негизинен маданияты менен
айырмаланат. Адамдарды коом катары бириктирилген биологиялык өзгөчөлүктөрү эмес,
маданият эрежелеринин (нормалардын) бирдиктүүлүгү. Ошондуктан жаныбарлардын
кайсы топторунан болбосун адам коомун маданият гана ажыратып турат. Эгерде
маданият болбосо, демек жеке адамдын жүрүм- турумун жөнгө салуучу


эрежелердин системасы болбосо, коомдун талапка толук жооп берген система да
түзүлбөйт.
Бирок, марксистердин пикири боюнча маданият коомдун 
калыптанышынын себеби болуп эсептелбейт, аны себеп катары идеалисттер гана 
эсептешет. Алар маданиятты, коомдун формасы гана болот деп эсептешкен.
Коомдун калыптанышынын негизги себеби - материалдык өндүрүштө жана
тажрыйбалуу кыймыл - аракеттер. Ошондуктан адамдын өзгөчөлүгүн бир нече
сапаттар түзөт: рационалдуу ой –жүгүртүү, өзүн -өзү түшүнүү жана таанып билүү 
жөндөмдүүлүгү, бул жерде бир гана материалдык өндүрүштү негизги себеп катары белгилөө 
- бир жактуулук экендиги жогоруда маданияттын мааниси жөнүндө айтылган пикирге
карама – каршы келиши толук көрүнүп турат. 
Синантропту ачкан изилдөөчүлөрдүн бири, «Адам феномени» аттуу
китептин автору Тейря де Шарден киши сымалдардын адам катары калыптанышы
үчүн бир топ сезимдик сапаттарга жетишүүлөрү керек экендиги жөнүндө жазган: Булар 
төмөнкүлөр: 
- мейкиндиктин учу – кыйырсыз экендигин сезүү; 
- убакыттын көз жеткис тереңдигин сезүү; 
- санды сезүү, демек түркүм – түрдүү материалдык элементтердин
көптүгүн сезүү; 
- өтө кичине менен абдан зорду бирине бирин теңештирип айырмасын
сезүү (пропорцияны сезүү); 
- жаратылыштагы билинбеген, көзгө урунбас кыймылды сезүү; 
- органикалык биримдикти, түзүлүштүк байлалыштарды сезүү. 
Демек, адамдын калыптаныша биологиялык өзгөрүүлөр да өбөлгө болгон.
Тейяр де Шардендин адамдын калыптанышына, анын өзгөчөлүгүнө болгон ойлорунун
көп жактары материалисттик көз карашка дал келет. Мисалы, адамдын өзгөчөлүгү
жөнүндө жазганда ал «акыл - эс» «бир гана адамдын эволюциялык энчиси» болгондугун 
белгилеген. «Албетте, - дейт ал, - жаныбар билет». Бирок, бул шексиз, - ал өзүнүн 
билгендиги жөнүндө билбейт, анткени мындай болбосо ал эбак эле өзүнүн ойлоп 
табуусун көбөйтмөк жана ички түзүлүштөрүнүн системасын өнүктүрмөк, ошондо
мунун өзү биздин байкообуздан сырткары калмак эмес. Демек, арабызда бир аң, же ал 
аттап өтө албаган босого бизди айырмалантып турат. 
Дагы бир оюн келтирүү абзел: «Адам көптөн бери өзү тууралуу дүйнөнүн кыймылсыз
борбору деп ойлоп келгендей эмес,- ал өнүгүүнүн огу жана туу чокусу - мунун өзү эле 
кандай сонун». 
Антропосоциогенездин (адамдын жана коомдун калыптанышы) абдан татаал,
жансыз нерседен жандуунун пайда болгонундай эле - табышмактуу көрүнүш. Себеби
бир гана фактылардын жетишгендигинде эмес, жаңы ачылыштарда. Алар улам
- улам адамдардын калыптанып калган түшүнүктөрүнө, дал келбей, же таптакыр
эле аларга карама – каршы болуп жаткандыгында. Ошондуктан адамдын
калыптанышы жөнүндөгү азыркы учурдагы көз караштар негизинен күмөн саналган, 
божомолдонгон ойлорго (гипотөзаларга) таянууда. 
Антропосоциогенезисдин жалпы мазмунун түшүндүрүүдө Ф. 
Энгельстин «Маймыл адамга айлануу жараянында эмгектин мааниси» деген макаласында
жазып кеткен эмгек жөнүндөгү кыскача болжомолдор, чоң мааниге ээ. Бул
кыскача болжомолдор адамдын калыптанышына материалисттик көз карашта 
болгон көпчүлүк антропологтордун далилдери боюнча, эмгек куралдарды жасоо , -
гоминиддердин тили, аң-сезимине караганда 1-1,5 млн. жыл мурда башталган,
Гоминид адамга таптакыр окшобогон. Архантроптор болсо (байыркы адамдар)- 
бул питекантроп, синантроп ж. б. тили менен, ой-жүгүртүүсү менен бирге пайда бойгон. 
Маркс менен Энгельс адам калыптанышында биологиялык факторлор чоң мааниге ээ
болгондугун, бирок социалдык факторлор аларга караганда үстөмдүк кылгандыгын
баса көрсөтүшкөн. Адам жөнүндө реалдуу гана фактыларды келтиришкен. «Эмгек»....-
деп жазган Ф. Энгельс, - адамдардын бүткүл турмушунун биринчи негизги шарты...
Биз белгилүү бир мааниде эмгек адамдын өзүн пайда кылды деп айтууга тийишпиз».
Энгельс Ф. адамдын калыптануусундагы төмөнкү өбөлгөлөрдү көрсөтүп кеткен: тике 


басып жүрүү; коомдун ийкемдүүлүгүнүн көбөйүшү; тилдин эмгектин негизинде
жана эмгек менен бирге пайда болгондугу; отту пайдалануу; жаныбарларды үйрөтүү менен 
бирге сүт жана анын продуктыларынан пайдалануу. 
Негизинен, коомдо биргелешип иштөөлөрү аркасында курал жасоо менен
бирге, бири – бири менен тил аркылуу пикир алышуу – адамдарды калыптандыруучу 
антропосоциогенез факторлору. Антропосоциогенез 3 – 3,5 млн. жылдар ичи созулган. Бул 
жараяндын натыйжасында адам анык адамдык, адеп – ахлактык жашоого жетишет. 
Адеп – ахлактык–социалдык табу анторпосоциогенездин фактору болуп
эсептелет. Адамдар жаныбарлардын үйүрүнөн, алардын инстинктинен кеминде үч 
маңыздуу белгилери менен айырмаланат: 
1. 
Адеп – ахлактык табу бардык уруулук общинанын мүчөлөрүнө таандык
(алсызына да, күчтүүсүнө да). Жаныбарлардын үйүрүндө болсо
тыюу салуулар алсыз, ымыркайларга гана тиешелүү. 
2. 
Бул тыюу салуулар өзүн – өзү коргоп сактоо инстинктердин бири эмес,
тескерисинче булар жеке адамдын ден – соолугуна да зыян, табигый
таламдарына чек коюу, өмүрүнө да (өзүн – өзү курмандыкка чалуу) зыян. 
3. 
Тыюулар милдеттенме катары болгон, муну бузгандар катуу жазаланчу. 
 
Тыюу салуу – талаптардын мазмуну: 
1. Жакын туугандардын арасында Нике мамилелери болууга мүмкүн эмес. 
2. Өзүнүн уруусунан эч кимге кол салууга, аны өлтүрүүгө болбойт. 
3. Өзүнүн урууланышына сөзсүз түрдө жардам берип, анын жашоо шартын түзүп, 
багып берүү (анын ден – соолугуна, өмүр сүрүү жөндөмдүүлүгүнө карабай). 
Кийинки доордун өзгөрүлүп, толукталган адеп – ахлактык эрежелери ушул
байыркы адамзаттын жашоосунда пайда болгон эрежелерди четке какпай, 
тескерисинче өзүнүн пайдубалы катары колдонуп келе жатат. 
Бул тыюу салуу эрежелеринин негизинде кайрадан айбандык абалга барбастан
адамзатка алга карай өнүгүүгө шарт түзүлгөн. 
Биологиялык менен социалдыктын бирдиги. 
Адам Маркстын мүнөздөмөсү боюнча коомдук мамилелердин 
жыйындысы катары социалдык жандык. Ошол эле кезде адам – табияттын бир бөлүгү
катары эсептелип, бул көз карашта адамдар жогорку сүт эмүүчүлөргө кирет, алардын 
«Homo sapience» деген өзгөчө түрүн түзөт, демек, биологиялык жандык болот. 
Адамдын өзү эки башаттан тургандыгын: биологиялык жана саясий- социалдык
жандык экендигин көрсөтүп Аристотель өз убагында аны «саясий айбан» деп атаган. Бул
жерде проблеманы түзгөн – ошол башаттардын кайсынысы адамдын жөндөмдүүлүк 
касиеттеринин калыптанышында үстөмдүк кылып, аныктоочу болгондугун, жана
биологиялык менен социалдыктын өз ара байланышы кантип аткарылышын билүүдө. 
Экинчи проблеманы карап кетели. Анын маңызы мында: ар бир адамдын кайталангыс 
өзгөчөлүгүн, эске алуу менен бирге, ар кайсы белгилери аркылуу топторго бөлүүгө, бул
топтордун кээ бири биологиялык (мисалы, жынысы, жаш курагы ) кээ бири
социалдык, кээ бири болсо биологиялык менен социалдыктын өз ара бири – бирине
тийгизген таасири боюнча бөлүнгөн. Бул жерде адамдардын жана адамдардын
тобунун өз ара биологиялык менен шартталган айырмаларынын коомдун турмушунда
кандай мааниси бар? – деген суроо пайда болот. 
Бул проблемалардын айланасындагы талаш – тартыштарга бир гана философтор
эмес, адам жөнүндөгү атайын илимдердин өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер
катышууда. Бул талаш – тартыштардын дүйнөгө көз караштык мааниси айкын, 
көрүнүп турат. Себеби мындай талаштар аркылуу адамдардын өз ара мамилелерин
жакшыртууга жардам берүүчү бир канча теориялык көз караштар жаралып, сынга 
алынып, жаңы ыкмадагы иш – аракеттердин негизинде да түзүлөт. 
Мисал аркылуу ушул ойду түшүндүрүп кетели. Бир расанын экинчи расага
карата биологиялык үстөмдүүлүгү, мыктылыгы жөнүндөгү көз караштар бүгүнкү 
күнү реакциячыл деп бааланат. Бирок ушул эле кылымдын башында да, кээ бир
алдыңкы окумуштуулар да ушундай көз карашта болушкан . Мисалы, немецтик
биолог, матералистик көз караштагы окумуштуу Э. Геккель (1834 - 1919) 1904 – жылы


жазган эмгегинде «жогорку» рассалардын маданияты, акылдуулугу «төмөнкү»
рассаларга караганда жогору тургандыктан, алардын өмүрүнүн, жашоосунун
баалуулугу да жогору турат деген ой айтылган. 
Дискуссиялардын гана эмес, өзүбүздүн XX кылымдагы тажрыйбабыздын да 
негизинде рассистик, фашистик көз караштарга жана геноцидке (калктын кээ бир
топторун рассалык, улуттук же диний айырмалары боюнча кырып - жоюу) көпчүлүгүбүз 
кыжырдануу менен карайбыз. Бирок геноцид теориялык , жактан аныкталып, далилденип 
келгендигин унутпоо керек. . 
Адамдардын арасындагы биологиялык шартталган айырмаларды кабылдоо
жөнүндө дагы бир мисал келтирели-эркектер жана аялдардын социалдык өз ара
мамилелери жөнүндө. Адамдардын арасындагы эң эле негизги биологиялык
айырмалар катарындагы жыныстык айырма коомдун социалдык мамилелеринде жана 
маданиятында түркүн түрдө чагылдырылат. Көптөгөн кылымдар бою бул айырма 
«жогорку» (эркектик) жана «төмөнкү» (аялдык) иреттеги категориялар аркылуу
түшүндүрүлгөн. Аялдардын теңдиги үчүн күрөштүн башталганына 100-150 жыл гана
болду. Бул тарыхый ченем менен караганда абдан кыска мөөнөт. Бул татаал проблеманын 
чечилбеген көп жактары болгону менен, бүгүнкү күндү алсак араладын коомдук 
турмушка катышуусу бир топ- активдүү жана көп тараптуу болгондугун байкабай коюуга 
болбойт. Эмнеси болсо да азыркы күндөгү коомдук пикирде жыныстык карама – 
каршылыктарды түшүнүүдө аларды «жогорку», «төмөнкү» сыяктуу карама- каршылыкта 
карабастан, бири-бирин толуктап тургандыгы жана адамдын табиятынын байлыгын 
камсыздоочу көп түркүмдүүлүгүнүн манилүү башаты катары кароого көбүрөөк орун 
алууда. 
Негизинен адамдын маңызын түшүнүүдө биологиялык менен социалдык тараптарын
ажыратып, биринин гана үстөмдүгүндө же карама-каршылыкта караса, анда түрдүү зордук-
зомбулуктук назарияттарды жактагандыкка алып келерин тарых далилдеп турат. 
Адамдын биологиялык түзүлүшү кандайдыр өзүнчө баалуу нерсе, 
ошондуктан социалдык максаттардын кандайы ,болбосун ага карата. жасаган зордук-
зомбулук мамилелерин эч качан аныктай албайт. 
Азыркы учурда илимий - техникалык жетишкендиктер адамдын 
биологиялык негиздерин начарлатып, бузуп жаткан зыяндуу таасири көбөйүүдө.
Мунун натыйжасы – нервтик – психикалык стресстер (ар түрдүү ооруларга дуушар
кылчуу ашыкча чымыркануулар) абаны, суну жерди жана башканы булгап жаткан
химиялык препараттар стресстик абалдардын «цивилизациянын оорусу>> деп аталган
жүрөк, психикалык ооруларды. иммундук системанын начарлашын күчөтөт.
Ошондуктан адамды биологиялыктын түрү кaтары сактоо азыркы учурда жоболуу 
маселелердин бири болгондугу кокустан эмес. Мунун өзү адамдагы биологиялык
жана социалдыктын өз ара байланышынын көп тараптарына кайрадан ой жүгүртүп 
бирдикте түшүнүүгө аргасыз кылат. 
Адамдын руханий тажрыйбасындагы жашоосу жана дүйнөдөн кайтуу
проблемасы. 
Адамдын өмүрү чексиз улана бербейт. Жандуулардын арасында жалгыз адам гана 
муну түшүнөт дагы бул жөнүндө ойлонот. Ар бир адам кайсыл бир курагында өзүнүн
сөзсүз өлүшүн түшүнгөн соң эң алгачкы абалы - ички дүйнөсөн өтө терең козгогон
терс сезимдер пайда болот да, келечекке ишенбестикке, же бол босо өзүн таптакыр
жоготкондукка, үмүтсүздүктүн кайгысына батышы мүмкүн. Калган-өмүрү бүткөнчө адам 
өзүнүн келечектеги өлөрүн билип туруп жашайт. Көпчүлүк учурда бул билими аң-сезиминин 
терең катмарында сакталат да адамдын кийинки рухий өнүгүүсүндө негиздөөчү болуп
кала берет, адамдын руханийлик тажрыйбасында алдында турган жашоонун
маңызы жана максаты жөнүндөгү суроону көбүнчө мындай билимдин бар болгондугу 
аркылуу түшүнүүгө болот. 
Бул суроого мифология, ар түрдүү- диний, окуулар, искусство 
философиянын көптөгөн агымдары жооп издеген жана издеп жатышат. Бирок мифология, 
дин ар дайым адамга анын белгилүү чечимдерин өзүнө таңуулап, айтып берүүгө аракет
жасаса, философия эң абалы адамдын акыл - эсине кайрылат жана ал боюнча адам 


руханийлик күчүнө таянып, жоопту өз алдынча издеши керек. Философия болсо ушул 
сыяктуу издөнүүлөрдөгү адамзаттын бар тажрыйбасын топтоп, сын менен карап, талдап ага 
жардам берет. 
Материалисттик философияда адамдын өмүрү тууралуу чексиз, түгөнбөс деп курулай 
ишендирбейт, бирок реалдуулук менен гумандуу көз караш түзгөн. Илимий гуманизм
өлүм алдында турган адам үчүн адеп-ахлактык таяныч издеп, «дүйнөдөн кайтуу 
маданият>> жөнүндө ой жүгүртөт. Өлүм алдындагы катуу коркуу жана башка
психикалык терс абалда болуу эмес, тескерисинче-сабырдуулук, ыймандуулук жолу
менен дүйнөдөн өтүү, калыстык жана эрктүүлүк менен өз өмүрүнө мамиле
жасоо- бул реалдуулук гуманизм чындаган философиялык негиз, анын түпкү
максаты - биологиялык (табигый) менен социалдыкты, учу- кыйырсыз менен 
түгөнүүчүнү жана өлүм менен түбөлүк жашоонун диалектикалык бирдиктүүлүгүн айкындап 
туру. Бул өзү адамдын мазмунуна адамзаттын материалдык жана руханийлик 
маданиятынын дал келиши. Адеп-ахлактын да анык милдети ушунда жеке адамдын 
жашоого жана өлүмгө болгон мамилесин жөнгө салууда. 
Адамдын гумандуулугу жана акыл –эсинин түбөлүк өлбөстүгү -бул 
адамзаттын түбөлүк өлбөстүгүнүн шарты деп билүүгө тийиш. Ансыз 
акылсыздыктын жана гумандуулукка каршылык көрсөтүүнүн коркунучун жеңип 
чыгууга мүмкүнчүлүк болбойт. 
Адамдын жашоосунун маңызы жөнүндөгү суроонун башка тараптары да бар.
Мисалы, адамзаттын реалдуу жана табигый-биологиялык түгөнбөстүгү жана анын акыл –
эсинин өлбөстүгү, мындан сырткары –жандуулуктун жана акылдуулуктун башка 
калыптарынын болушу, учу-кыйырсыз Ааламда жерден сырткары турган башка
цивилизациялардын бар болушунун мүмкүндүгү жөнүндө. Бул маселенин абдан 
кызыгарлык тарабы учурдун илимий жана философиялык адабиятында кызуу талкууда. 
Адамдын жаны адамзаттын өзү жөнүндөгү азыркы түшүнүктөрү чексиз космоско,
ааламга чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңейгенде сөзсүз өзгөрүлөт да өзүнүн космикалык 
милдеттенмелерин сезүүгө алып келиши шексиз. 
Адамдын жашоосунун максаты жөнүндө ар түрдүү көз караштардын арасынан 
материалисттик философиялык көз караштын маанисин чагылдырып кетели. 
Адам коомдук жаныбар болгондуктан, анын өмүрүнүн баардык 
кубулуштары коомдук турмушту негиздөө болуп, анын бир көрүнүшүн түзөт.
Турмуш өзү жашоонун куралына айланып баратса адам аны менен канааттанбай
жашоосун чыгармачылык түрдө өзгөртүүгө аракеттенет.Мына ошондуктан ар бир
адамдын жашоосунун мааниси, анын милдети-өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көп
кырдаалда өнүктүрүү, тарыхка, коомдун прогрессине, маданиятына инсандык
салымын киргизүү. 
Ар бир инсандын жашоо максаты мына ушунда,бул максатын ал коом аркылуу 
ишке ашырат. Коомдун өзүнүн, адамзаттын да максаты,милдети да ушунда, бул
максаттар тарыхый доорго ылайыктуу түрдө ишке ашырылат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет