Манас биринчи бөлүк


Ай мунары — айдын нуру, айдын шооласы. Ай мүйуз



бет21/21
Дата16.07.2016
өлшемі3.01 Mb.
#202454
түріКнига
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   21

Ай мунарыайдын нуру, айдын шооласы.

Ай мүйуз — түлөөгө союла турган же союлган уй.

Ай туяк — түлөөгө союла турган же союлган жылкы.

Ак каңкы — кыргыз ээри.

Ак көрпө жайыл — бардык жагынан жетик билерман, меймаидос аял.

Ак күбө — чопкут, ок өтпөс тон.

Ак таяк — кандардын, бекгердин эшик сакчысы.

Ак учук — баалуу кездеменин бир түрү.

Ак үйлүү — 1) башы барымтага кармалган бийлөөчү катмардын өкүлү (кармалып жаткэн жерде өз элинин өкүлдүк милдетин да аткарган); 2) (Эпос боюнча) жеңилген элди башкарып турган башка элдин кишиси.

Акыл ийлеп — акылга салып, аркы-беркисин, келер-кетерин ойлонуп.

Ала канчык шыбыргак — кар аралаштыра майдалап жаагаы жаан.

Албан-түркүн — түрдүү-түрдүү, ар түрдүү, ар кыл.

Алеңгир — алек кыла турган.

Алмабаш — Алмамбеттин мылтыгы.

Алман — салык, алым.

Алты сай — алты бөлөк, алты түрдүу.

Алчын — казак элннин бир уруусу.

Андаалап — чачылып, бөлөк-бөлөк болуп.

Анжуу-Манжуу — Чыгыш жактагы жердин аты.

Аңгеме дүкөн курай жур — аңгеме сала жүр.

Аңги — өзүнчө бөлүнгөн, үйрү жок айгыр.

Аңгире — кара жол, түз кеткен жол.

Аңырт — күмөндүү кабар.

Апсуң — сыйкыр, дуба.

Араник — (эпос боюнча) азыркы Намангендин илгерки аты.

Аран ооз — чон ооз, кеңири.

Аргын — элдин бир уруусу.

Аруу — 1) эн таза; 2) өтө сулуу.

Арып-айла, арып-дуба — мнф. бир нерсени башка бир түргө айландырып жиберүүчү дуба.

Асаба — байрак, желек.

Атала баш — оюндун бир түрү.

Атброй — ай-аалам, бүткүл жер жүзү.

Ат кара тил болуу — жазында жылкынын көккө тоюшу.

Атпай — жалпы журт.

Ашарсуу — Араник каныяын аты.

Аштар — туюк жараны теше турган аспап.

Аян — миф. кайьштан күн мурунтан берилген кабар; келечекте боло турган иштин түштө көрүнүшү.

Аяр — сыйкырчы.
Б
Баарчын — алты жашынан аркы бүркүттүнсанат аты (бир баарчын, эки баарчын, үч баарчын...).

Баба дыйкан — миф. эски ишеним боюнча — эгин айдаган дыйкандардын колдоочусу (кудайы).

Багалак салып — ордо атып, күрөшүп.

Бадана — ок өтпөс тон.

Бадирек — кара нээт, бузук.

Бажы — алык-салык, налог.

Бак байсалуу коргон — бак-дубалдуу коргон.

Бакыл — сараң.

Бакыр кедей, жарды.

Баң-Баң башчы — кытай, монгол жериндеги айыл башчы.

Бандулу — барабан.

Бапан: башы бапан, аягы сапан — чексиз алыс таркаган.

Бапик — тебетейдин төбөсүнө, ычкырга тагылган чачы.

Бараан — 1) караан; 2) ири, чон.

Баран — мылтыктын бир түрү.

Баргек — 1) талдын бир түрү; 2) сөйкөнүн аягындагы желбирөөчтөрү.

Бардаш — кайраттуу, келбеттүү.

Бардыгып — чарчап, бордугуп.

Барик — жалбырак.

Бар-Көл — Синь-Цзяңь жериндеги көл жана шаардын аты.

Барча — баалуу кездеменин бир түрү.
Д
Даанышман — ар нерсени билген, билимдүу, акылман адам.

Дабаа — айла.

Даван — ашуу, бел.

Дажаал — миф. өтө каардуу зор дөөнүн аты.

Даңкан — аттын туягынан ыргыган топурак.

Дарайы — жибек кезд.менин бир туру.

Дап — барабандын бир турү.

Дене кул — түбөлүк кул.

Диңсе — илгерки кытай төрөлөрүнүн бөрктөрүнө сайынган төрөлұк белги ташы. Добулбас — барабан.

Долон — Кашкардын чыгыш тарабында жашаган эл.

Домок — чыр, калаба, чатак.

Дөөдүр —монгол, калмак элинин баатыры.

Дугул — калмактын уруусу.

Дуу-дуу — эски Кытайда — бир провинциянын, крайдын башчысы.

Дулдул — чарчап-чаалыкпаган күлүк аттын эн мыктысы.
Ж
Жаал — жайыл, өз билгенин бербеген, өжөр.

Жабуу — монгол, калмак элдеринин ат коюп киргендеги урааны ("жүргүлө!" деген сөзү).

Жабуулуу кара иңген — эн көтөрүмдүү, уяттуу, баарыга бирдей караган текеберсиз аялга карата айтылаг.

Жабыр баян — азуулуулардын эң кыйыны.

Жабыр — жыбыт жер.

Жадаал — салгылашуу.

Жадачы — к. жайчы.

Жадоо — жүдөө, адсыздануу, этинен таюу.

Жадыгөй — сыйкырчы.

Жазайыл — чоң мылтыктын бир түрү.

Жайсаң — калмактардагы бир айылдын же бир топ жигиттердин башчысы.

Жайчы — миф. сыйкырлык менен күн жаадыруучу адам.

Жакут — кызыл түстүү, баалуу асыл таштардын бир түрү.

Жамбы — куйма күмүш, сом күмүш, куйма алтын, сом алтын.

Жам болуп — биригип, чогулуп.

Жанут — териси баалуу азуулуу айбан.

Жаракы — эки адамдын арасың бузган бузуку, куйту адам.

Жарандар — достор, жакшылар, калайык, эл.

Жар-жоро — достор, ашыналар.

Жасат — өлгөн адамдым сөөгү.

Жез бидек — шыйрагы узун (аргымак, чалыш ат жөнүндө).

Жезит — шүмшүк, митаам.

Жезнай — жез сыбызгы, чоор.

Желпини — боюнда бар аялдын тамакка талгак болуп көксөөсү.

Жеркен — Кашкардын түштүк тарабындагы Яркент шаары.

Жетиген кыям — Жетиген жылдызынын Алтын-Казыктын түндүк батышында турган учуру.

Жобогондо — катуу кайгырганда.

Жолум үй — малчылар тигүүчү жеңил үй.

Жороду: алымын артык жороду — алыксалыкты көп салды.

Жубар — таза, тунук, аппак.

Жумуран каз — журт болбой эле кал.

Жуук — жакын.

Жуучу — кызга куда болуу жөнүндө сүйлөшкөнү келген адам.

Жылдыз — Синь-Цзяндагы (Текестеги) бир жайлоонун аты.

Жылма чалгын — астыртан, тымызын чалгын.

Жылоо — тизгиндин түбү.
З
Заада: олуя заада — олуядан туулган.

Заң — закон.

Заңгар — каргыш тийген, бузук.

Заңги — мүнөзү айбан чалыш дөө.

Зар — алтын.

Зардеп — мүшкүл, сүрү кыйын, коркунуч-туу.
И
Ибет — шек, күмөн.

Илебин — калмактардын Иле өзөнүндө жашоочу бир уруусунун каны.

Илек — бир илек жүз мин.

Илий — заң, закон.

Зоолу — күнөөлүү адамдын колуна салынуучу кишен.

Зулпукор — өткүр, болот кылыч.

Зыйнат — сый-сыпат, адеп. — алтын.

Инжуу — бермет

Ит тартыш — тамашанын бир түрү эки кишинин аркан тартышканы.

Ичин жыйбады — тардык кылбады.
К
Кабылстан — Афганистан (эпос боюнча).

Кабырга тууган — ыраак тууган, кыйыр тууган.

Кадеми каткан — алдан тайган, иши оңунан чыкпаган, шору кайнаган.

Кайбар — күжүрмөн, мыкты эр.

Кайгуул -душмандын жолун чалуу, чалгын.

Кайраты каркап толуптур — кайраты күчөп, чыңалып толуптур.

Кайсаң — кытайдагы бир тоонун аты.

Кайып — миф. көзгө көрүнбөгөн жомоктотогу жан (адам, айбан).

Какан — эпосто Кытай падышасы; кээде — Кытай мамлекети маанисинде айтылат.

Каканчын — эпостогу Кытай мамлекети.

Какшыраган — картайып чөгүп калган, катып калган.

Калайман — бүлгүн, дүрбөлөц.

Калка — коргоо, калканыч.

Калмак ээр — ээрдин бир түрү (эки кашы жапыс, актасы кенен).

Калпа — эшен дамбылдалардын жардамчысы.

Калча — түрү суук.

Камчыга ченеп бэлүү — олжону бүтүндөй өлчөп бөлүү.

Канжар кол — 1) эпос боюнча — кытай,монгол элдери балдарын жашынан катуунерсени муштатып үйрөткөн. Ошолордон түзүлгөн катуу колдуу аскер; 2) алптын аты.

Канга сабың болбоюн — элдин канын төгүп, убалга калбайын.

Капилет — билбей, туйбай калгандык.

Каптоо — к. Көйкап.

Капчал — тоонун боору, жан жагы.

Капыл жерден — кокустан, күтпөгөн жерден, капыс.

Капыя жерде — жашырын жерде.

Кара байыр казанат — күлүк аттын бир түрү.

Караламан — көпчүлүк эл.

Кара элечек кылуу — урушта жеңилген тараптын аялдарын жесир калтыруу.

Карап кылып — ойрон кылып, талкалап,кыйратып.

Каркап — абдан толуу.

Карк алтын — таза, чылк алтын.

Каркыбар — кайран, мыкты.

Каркыралуу кыз — көчкөндө жасалгаланган төөнү жетелеген бойго жеткен кыз.

Карсак — жырткыч айбандардын жалпы аты (түлкү, карышкыр ж.б.).

Карынчы — темир жөн кап.

Кас буудан — анык, нагыз буудан

Капсан — Монголиядагы бир тоонун аты.

Кебээ курсак — салык курсак.

Кежим — жээгин алтындап жасаган ат жабуу

Келеме жака — алтын, күмүш зымдар келептеп оролгон жака.

Кент — кыштак.

Керден — моюн.

Керденкечтик — моюн таптык.

Керем — жердин аты.

Кери — көтөрүңкү жер, акырындап жогору көтөрүлгөн айдөөш жер.

Керик — айбандын аты (носорог).

Кете — баалуу кездеменин бир түрү.

Кирич — жаанын кергичи.

Койчагыр — мылтыктын бир түрү.

Коломолуу — сансыз көп.

Коломсок — жаанын огунсала турган нерсе.

Көмөкөйлүү — учунда темири бар (найза).

Комсунуу — жактырбоо, алымсынбоо.

Коросон оттук — курч оттук таш.

Кочку — айыл башчы.

Көй — өңкөй.

Көй кашка — өнкөй баатыр.

Көйкап — миф. дүнүйөнү курчап турган, дөө-перилер жашаган чексиз бийик тоо.

Көк жал — абдан баатыр (түпкү мааниси -бөрү).

Көк жеке — кандар, бектер кайүүчү өтүк.

Көк көйнөк — уйдун өлөтү.

Көкчыбык — Бакайдын мылтыгы.

Көмүркөй — темир-тезек салынуучу куту,сандыкча.

Көңкү — жалпы, баары.

Көөнө Турпан — Синь-Цзян территориясындагы бир шаардын аты.

Көөсөр — кем акыл, ала көөдөн.

Көөхар — кымбат баалуу асыл таш.

Көсөл — эптүү, ыкчыл.

Көрчөгө — үй буюмдарына чөгөрүлүү үчүн металлдан иштелген буурчак сыяктуу жасалга.

Куй — пейил, мүнөз.

Кумул — Хами (Синь-Цзян территориясындагы бир шаар).

Купа — жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүккө чөгөрүлгөн наар.

Купуя — жашырын, ичинен.

Кутман — бакыт, бактылуу.

Күлдү — жалпы баары.

Күлпөң — сыймык, касиет.

Күндө — колго салынуучу кишен

Күңкүү — ушак, айың сөз.

Күп — бодонун терисинен жасалган идиш.

Күрөөкө соот — баатырлар жоого кийүүчү ок өтпөс тон.

Кызыл — Кашкар территориясындагы чон суу.

Кызыл кырма, ак жайсаң — ар ишке абдан кызыктуу.

Кызыл чоктуу: чок — бөрккө тагыла турган кызыл чачы.

Кызыл чака пул — жез тыйын.

Кызыр — миф. адамды колдоочу олуя.

Кылап — ык, оңтой, бап.

Кылыч куйрук — эң кыйын, азуулуу айбан.

Кыңгыр — Алтай тараптагы тоо.

Кырмызы — кызыл жибек.

Кыяк — темир тондун бет тарткычы.

Кыяңгер — Кытай жериндеги тоонун аты.
Л
Лайлама — буддизм дининдегилердин диний башкаруучусу.

Лоб дайра — Синь-Цзян территориясындагы дарыя.

Лөк – нар төө.
М
Маараке — той-тамаша кызыган кези.

Мажуси дин — көп кудайга сыйынуучу бутпарастык дин.

Макулук — жан-жаныбар.

Мамырлап — тынчып, жыргап.

Манат — баалуу кездеменин бир түрү.

Манжуу — 1) Маньчжурия өлкөсү; 2) манжур эли (эпос боюнча).

Маңгүү — эпосто кытайдын бир уруусу.

Маңкүштө — монгол, калмак элинин баатыры.

Марал-Башы — Кашкардын чыгыш тарабындагы бир шаар.

Мароо — качырууга даяр болуп туруу (арыстан, жолборско таандык).

Мартуу — миф. төреген аялдарга зыян келтирүүчү дөө-перилердин бир түрү.

Жасилет — кеңеш, кеңешүү, акыл айтуу.

Мелжеп — болжоп, байкап.

Меңсиз аппак — кирсиз, бедерсиз, тунук, аппак.

Милтелүү булбул — доошу муңдуу.

Мискин — начар, бечара.

Молтолуу дуба — адамдын башын айландырган амалдуу сыйкыр, дуба.

Мөндү — калмакча "кел!", "кел!" деп чакыруу.

Мубакүл — учу курч найза.

Мурдар — булганч, бычырак.

Мыйзам — 1) күз келгенде гүлү уча турган өсүмдүк; 2) күз маалы.
Н
Нааман — жердин аты.

Кайча белкыпча бел, ичке бел.

Накер — ок өтпөс өтүк.

Нар кескен — эң мыкты болот кылыч.

Нөкөр — жан жолдош.

Нурк — негиз, тек, жай.
О
Обо — аба, асман, көк,

Обурак — барк, даңк, бедел.

Ойрот — 1) элдин аты; 2) көп эл, кепчүлүк; 3) кыргыздар өзүнөн башка элдерди да ойрот деп атай беришкен.

Окоро түйгөн — чылбыр, тизгиндин өрүлүшүнүн бир түрү.

Олорду — аларды, ошолорду.

Опо — туруктуулук, убадага бектик; пайда.

Опол-Тоо — Кашкар тараптагы бир тоо.

Ордо — 1) кандын үйү; 2) оюндун бир түрү.

Ордолуу журт — тукум-жураттуу журт туруктуу журт.

Орошон — баарына белгилүү, маалым.

Осол — жаман, орой, одоно.

Отогот таш — монгол, калмактардын бөркүнө сайынган ташы.

Отоо — жаңыдан келген келинге тигилип берилүүчү үй, өргө.

Отоо оюнчук — ойлонбой иштелген нш.

Оторчу — айылдан бөлүнүп, мал багуу үчүн көчүп жүргөн малчы.
Ө
Өгүз-Ашуу — Текес жактагы бир ашуу.

Өжөк-өжөк — үстү-үстүнө.

Өлкө түзүн караса — айланасын караса,ою кырын караса.

Өмдмөп — көптөп
П
Пайна — мөндү пайна (монголчо) — кайрат кылууга чакырган ураан сөз.

Пир — сыйына тургап, зсболосу бийик киши.
С
Саадак — жаа.

Сазаң-шаң — (эпос боюнча) — кытайдын бир уруусу.

Сай кашка — өңкөй баатыр.

Сай тулпар — өңкөй тулпар.

Сан — жүз мин, сан жеткис.

Сандыгач — булбул.

Санжап — иреттеп, ирети менен.

Санталак — шумпай, ант ургур.

Саноор жүн — куштардын канатынын, тамагынын алдындагы майда жүндөрү.

Сапсалга — жылкыны бычканда касасын кыпчып, канын токтотуу үчүн жасалган кере карыш эки жыгач.

Сары барпы — чымчыктын бир түрү.

Сая — көлөкө, көлөкөлөнүүчү терек.

Саяс — оюндун бир түрү.

Саят — 1) саякат; 2) мергенчилик.

Себил — жарак-жабдыгы толук.

Себилдүү — толук куралдуу, жасалгалуу.

Селбип — эс алдырып, алмаштырып.

Соколоп — баамдап, тамырын тартып көрүү.

Соно — суудагы илбээсиндин жалпы аты (өрдөк, каз ак куу).

Сукпасам — сайбасам,бышып-мылгытып албасам.

Сундуң — кытай, монгол элдеринде бир айылды башкарган төрө.

Суп — баалуу кездеменин бир түрү.

Супсаадык — таңдын башы, таңдын эресереси.

Сурун кеспей койбойбуз — мизин кайтарбай койбойбуз; жинин какпай койбойбуз.

Суу кудук — касиеттүү кудук.

Суу карек — чала көргөн карек.

Сүкүт — унчукпоо, жым-жырттык.

Сээр — 1) ийин менен моюндун кошулган жери; 2) аттын өркөчүнүн алды жагы.
Т
Тага — таяке.

Тайбас — эң кыйын жырткычтын бир түрү.

Таканак жүн — куштардын бутундагы жүнү.

Талмазар — мазардын аты.

Танык — күбө.

Таңшаң — жердин аты.

Тарак — казак элинин бир уруусу.

Тасма — эчки, текенин чийки терисинен жасалган кайыш, көк; тасма бел, кыпча бел — кыз, келиндерге салыштырма.

Татай көтөк! — апей көтөк! (чочуганда айтылат).

Таш — 8 километрге барабар өлчөө.

Тебит чөл — Борбордук Азиядагы бир чоң чөл.

Тегереген — тегеренген.

Тел болгон — башы маң болгон.

Темир тирек — термелбеген, нык.

Тепкир-коомат — намаздын окула башталгандыгы жөнүндө кулактандыруу.

Терес-Маёо — эпосто Текес өлкөсүнүн мурунку аты.

Тинте – шамшар, канжар

Тирсек — 1) көздүн сурмасына чыга турган ысык; 2) толорсук.

Торко — баалуу жибек кездеменин бир түрү.

Төбөсүнө калмактын ташын тага көр бөркүнө тагынуучу төрөлүк белгисин тага көр.

Төгөрөк — чартарап, айлана.

Тул — 1) өлгөн кишинин үйүнүн жасалгаланышы; 2) күйөөсү өлгөн аял.

Туулга — баатырлардын жоого кийүүчү темир бөркү.

Түмөн — он миң.

Түпөк — найзанын учундагы чачы.

Түрк — өсүп жетилип калган.

Тынар — 1) куштун бир түрү; 2) жөлөк, таяныч.

Тыргоот — Синь-Цзяндагы калмактардьш бир уруусу.

Үбөлүп — талкаланып, кыйрап.

Үзүп-үзүп алдырып — ат чалдырып.

Үйөр — жаз келгенде мөнгү бузулуп, суунун катуу агышы.

Үйшүң — казак элинин бир уруусу.

Үлпөт — биргелешип тамак ичүү.

Үп — үй мүлкү.

Үч-Арал — Иледарыясынын баш жагындагы жер.
Ч
Чабендес — эңишке, улак тартууга чыйрак киши.

Чагалалап — кокуйлап.

Чайланып — чай ичип.

Чака — жезден жасалган тыйын.

Чакырлоо — эң катуу таш.

Чалгай — жамандык, кыйшык, тетири иш.

Чалгырты турду көзүндө — арамы, кыйшыгы турду көзүндө.

Чарайна — төшкө тартылуучу такта темир.

Чатыраш — дойбу, шахмат сыяктуу оюн.

Чеге — мык.

Чексе — дары салгыч.

Черүү — аскер, кол.

Чөл түшүрүп — чакчелекей түшүрүп.

Чукак — жетишсиз, кем (баласызга айтылат).

Чыйтай — кытай, моңгол элдериндеги кенже аскер башчы.

Чыйырчык -Ташкенттин чыгыш жагындагы суунун аты.

Чылан — Синь-Цзяндагы бир кыштак.

Чыңоол — такоол, толуктоо, аскердин арткы бөлүгү.

Чыңыроо — жез түтүк, жез чоор.
Ш
Шаа — улук, чок.

Шабиет — балдар оюнунун бир түрү.

Шай — сүйгөн кишисин колдой турган олуя

Шайы — кишилерди башкарган аксакал.

Шакшак — сынган сөөктү таңа турган жыгач.

Шамиян — кош айдаган өгуздүн мойнундагы моюнтурукка өткөрүлүүчү жыгач казык.

Шапкер тартып — азап тартып.

Шибээ — Жунгариядагы макжуу элинин бир уруусу.

Шири — каткан тери, ышталып каткан тери

Шоорат — даңк, атак.

Шоролуу менен Тагырма — Тажикстан өлкөсүндөгү жердин аттары.

Шуттуу — куудул, оюнкарак.
Ы
Ылоо — мажбур түрдө берилүүчу унаа.

Ырапыс — кездеменин бир түрү ("репис"деп да айтылат).

Ыспан — Исфахаы (Персиянын бир шаары).
Э
Эгем — ээм, жараткан кудайым.

Элким, элкин — жалгыз

Эрен — баатыр; эрении кайдан аянды-баатырың коркуп турган жок.

Эрен — Иран.

Эренче — асемге, сыйга кие турган тон.

Эрешен — өспүрүм.

Эрөөл — чалгын, чалгынчы.

МАЗМУНУ
КИРИШ СӨЗ

Жомок башы

МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ

Алооке кандын кыргыздарды чабышы

Кыргыздардын Ала-Тоодон сүрүлүшү

Баатырдын төрөлүшү

Манастын бала чагы

Жаш Манастын Чоң Дөөдүрдү, Дөө Жолойду, Каман алпты жеңгени

Бакайдын атасы Байдын Алтайга барышы

Манаска тизгин берилиши

Манас баатырдын Кошой дөөгө келиши

КЫРГЫЗДАРДЫН АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО КЕЛИШИ

Манастын колунун Ала-Тоого келиши

Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого көчүп келиши

Араниктеги согуш

МАНАСТЫН АЛООКЕ МЕНЕН ШООРУКТУ ЖЕҢИШИ

АККУЛАГА ЭЭ БОЛУШУ

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Өзү келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан жеңилиши

Манастын Олуят чалды бүктөгөнү

Манастын атасына таарынып кетип, аштык айдаганы

Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы

АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН АҢГЕМЕСИ

Алмамбет баатырдын өз элинен кетиши

Алмамбет баатырдын Көкчөгө келип турушу

Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу

БААТЫРДЫН ЖАРЫ

Манас баатырдын Каныкейге үйлөнүшү

Көзкаман менен Көкчөкөз

Каныкейдин Манасты өлүмдөн куткарышы

Көзкамандардын Манастын кырк чоросунан жеңилиши

Комментарийлер




1 "Манас" эпосуна арналган жыйнактын кириш сезүн караныз. Кырг. Ил. Ак. фондусу, инв. № 1148, б. 2; дагы караныз: В. М. Жирмунский. Введение в изучение "Манаса", Фр., 1948, б. 5.

2 М. Горький. О литературе. Статьи и речи. 1928–1936 гг., М. 1937 г., стр. 450.

3 С. М. Абрамзондун макаласын кара. "Советская этнографня", № 2, 1947, 66. 141—143.

4 С. Е. Малов. Памятники древнетюркской письменности. М. — Л. 1951, стр. 32.

5 Махмуд Кашгари. Divanü luwat-ət-türk. Туркчө басылышынын I томунун баш сөзүндө.

6 В. В. Бартольд. Очерки истории Семиречья. Фр., 1943. б.32; "Киргизы", Фр., 1943, б.38.

7 С. Б. Киселев. Древняя история Южной Сибири. М., 1951, б. 564.

8 Сессиянын материалдарынан проф. А. К. Боровков менен проф. Л. И. Климович гана өздөрүнүн сөздөрүн 1952 ж. "Дружба народов" журналынын 5-санында жарыялашты.

9 Кырг. Ил. Ак. фондусу, инв. № 1289.

10 В. В. Радлов. Образцы народной латературы..., V, Спб., 1885, б. 11.

11 История Киргизии. Фрунзе, 1956, том 1, б.185-200.

12 Кыргыз Ил. Ак. фондусу, инв. № 1148, б. 64.

13 Кыргыз Ил. Акад. фондусу, инв. №8, З.Бектенов тарабынан "Сейтекке" жазылгав кириш сөздө, 6. 21.

14 Соколов Ю. М., Русский фольклор, Москва, 1958, б. 94.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   21




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет