Манас биринчи бөлүк



бет18/21
Дата16.07.2016
өлшемі3.01 Mb.
#202454
түріКнига
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   21

КӨЗКАМАН МЕНЕН КӨКЧӨКӨЗ

Манас баатыр Каныкейди, Алмамбет баатыр Аруукени алгандан кийин узак жылдар тынччылыкта, Таласта жашап турушат. Кыргыз эли өз жерине бүт ээ болуп, Алайда баатыр Төштүк, Анжыян өрөөнүндө Санжибек, Ташкен тарабында Көкөтөй, Кеминде Үрбү, Ат-Башыда Кошой дөө болуп, баарысы тең Манаска тилектеш, канатташ жашашат. Манас Орто-Азиядагы бардык элдер менен ынтымакта турат. Манастын кошуунда Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай сыяктуу баатырлар, акылман Бакай сыяктуу мыкты чоролору катылган душманга кан жуткузуп турат. Аларды жомокчулар кээде:

"Себилдүүсү сексен төрт,

Серп алган жагы кызыл өрт" —

деп, сексен төрткө жеткирип да коюшат.

Сары-Аркадагы Көкчө баатырдын аялы Акеркеч, Манастын аялы Каныкей, Алмамбеттин аялы Арууке сулуу, – бул үчөө тең Букардын каны Темир кандын (Каракандын) кыздары болгондуктан, алар бир-бирине бажа келишип, туугандык байланыштары да артыла баштайт. Көкчө баатыр Манастын өз кишиси болуп, Сары-Арка жактан Манас эч кандай шек санабайт.

Манастын башчылыгында кыргыз уруулары баш кошуп, жеңилгис чоң күч боло баштайт.

Кыргыздардын эски душманы — Каңгайдагы Эсен канга кыргыз урууларынын күч алышы катуу кооп туугузат.

Манастын колуна тыңчы, чыккынчы жиберүү аркылуу иритип бузуу жана анын баатырларын амал таап өлтүрүү максатында, ошентип, кыргыздардын кошуунун алсыратып туруп, кол салууну ойлоп, Эсен кан куулук менен Көзкамандарды жиберет.


Эсен кандын алтын так

Тегереги чынар бак.

Каны чыккан мунара,

Мунаранын үстүнөн

Добулбасын чалыптыр;

Дүнкүлдөгүн укканда

Журт жыйылып калыптыр.

Жашы менен кары бар,

Кырк уруу калмак, манжуунун

Кыйынынын баары бар.

"Кысталаң түштү башыма,

Калайык, кулак салыңар,

Кайраттууң келсин кашыма,

Кандай десем тилимди ал.

Алоокенин Коңурбай

Таластын боюн чалдырып,

Алдап Чубак кат берсе,

Айдап барып журтумду

Кыргызга кыргын кылдырып.

Бу Манас оңой жоо эмес,

Манасты алдап сойбосок,

Өлүм кылып койбосок,

Татытат шордуу тузуңду,

Умачтай ачат уйкуңду.

Манасты эптеп сойбосок,

Таш мөндүр жаайт жериме,

Бурдалына келгенде

Бузукту салат элиме.

Убаданы бек кылам,

Адам өлөр шерт кылам:

Кара жолтой Манасты

Кармап союп келгенге

Алтын таажым кийгизем,

Алтын такка мингизем.

Калмак менен мангулдун

Бир чоң кандыгын билгизем!".


Эсен кан минтип турганда,

Бул акылды кылганда,

Балбаңдары зирилдеп,

Баатырлары бириндеп,

Каарына кандын калдым — деп,

Алоокенин Коңурбай

Айласын таппайт дирилдеп.

Каны буйрук кылган соң,

Чоң Ылама калмагы —

Чоң Жолойдой балбаны,

Манжуунун каны Нескара

Кылар айла табалбай,

Калың эл коркуп калганы.

Эрендери дирилдеп,

Эсен кан турду күрүлдөп.

Эми Эсен канды муңайтат,

Калың эли муну айтат:

"Кабылан сындуу Манаска

Кабылган тирүү болчу эмес,

Кадимки көк жал баатырга

Кезиккен аман калчу эмес.

Барган жан кайра тартчу эмес,

Манаска катылган аман кайтчу

эмес".
Калкынын түрүн билди эми,

Кайгырып каны турду эми.

Өзү кыргыз уулу экен,

Кыргызды манжуу кырганда

Кара кытай Каканга

Колго түшкөн бул экен:

Көкчөкөз менен Көзкаман,

Желтийбес менен Чаңдаяк,

Орозон баштап, — бул бешөө

Калмак болгон ушулчак.

Көзкаман минген Коңкулбоз

Тулпарга чалыш мал экен.

Туйгун Манас баатырга

Булардын туугандыгы бар экен.
Манасты барып союуга,

Канына мыктап тоюуга,

Башын кесип жеткизип,

Эсен кандын алдына

Белек кылып коюуга,

Аянбастан ант кылып,

Өлүп кетер уу жалап,

Чочкодон төрттү союшуп,

Бичикти төшкө коюшуп,

Желдетти жетик курашып,

Эсен кандын алдынан

Тийсе өлтүрөр уу алып,

Бура тартпай сайрашып,

Манасты союп берүүгө

Колодон кылган бурканды

Кайрадан кайра кармашып,

Айды катка салышып,

Күнүн күрмөп алышып,

Калмактардын Какандагы суу

кудук*


Сыйынышып барышып,

Жай-жарагын шайлатып,

Жолго минчүү качырдан,

Кыркчасын ылоо байлатып,

Бээжинден чыгып жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Кырк күнчүлүк чөл көрүп,

Кыйла айланчу көл көрүп,

Томпойгон эчен тоо көрүп,

Тоңурайган коо көрүп,

Жүрүп келет беш балбан

Журтуна бузук беш айбан.


Бөлөктөн барса ал жерге,

Бакан ооз чыгып ичинен,

Түбүнө чогуу жетет — деп,

Беш балбандын баарысын

Эр Манас кырып кетет — деп,

Жабыла байкап, болжошту;

Ал бешөө жакындап алды

жолдошту.

Бу Көзкамандын айласы,

Канчаны көргөн шүмшүктүн

Кабат экен чалмасы,

Тышында адал, ичи арам,

Манасты көздөй бет алып,

Кетип барат канча адам.


Ара жерге келгенде,

Күлүктөн тандап ат берет,

Арам ойлуу Көзкаман

Эр Манаска кат берет.

Берген катын карасаң,

Ыйлап, боздоп бек жазган:

"Кабылан Манас, баатырым,

Түбүбүз тууган" — деп жазган.

"Чоң атаң Орозду баатыр

өлгөндө,


Маңгул, калмак, кыргызды

Малдай айдап бөлгөндө,

Алы куруп кыргыз журт,

Ар кайда тентип калганда,

Ала-Тоо бетин көрө албай,

Атаганат дүнүйө-ай,

Курган баш болду арманда!

Бээжинди көздөй бет алып,

Тентидик, кирдик, түн көрдүк,

Кара кытай, манжуунун

Бадасын багып күн көрдүк.

Падышам Манас, байкап ал,

Бордой тоздук көзүң сал.

Бададан бүткөн быдырды

Чачып, тентип келебиз.

Куш учпаган чөл менен,

Ит баспаган бел менен

Азып, тентип келебиз,

Алтайга минсе арыбас

Буудан деп тентип келебиз.

Атабыз бирге ыймандаш

Тууган — деп тентип келебиз.

Балтырдын баарын жооруттук,

Боконо сөөктү ооруттук;

Баатыр, жүзүңдү качан көрөбүз?!

Калмак чапты көчүмдү,

Кара кытай, шибээден*

Ала албай келем өчүмдү.

Майым кетип, сөөк калып,

Арып кетип баратам,

Манасым качан көрөм деп,

Карып кетип баратам,

Бу дүйнөнүн тозогун

Көрүп кетип баратам.

Акыл качып, ал кетип,

Падышам, сени көрө албай,

Өлүп кетип баратам.

Мен Каканда турганда,

Уламадан уладым

Билгичтерден сурадым.

Кулдук күн көрүп көп жүрдүм,

Кабылан Манас көк жалга

Айыл консом, деп жүрдүм.

Аз тасмил мүлкүмдү

Чачып кетип баратам.

Манас иним күтүп ал,

Мен сага качып кетип 6аратам".

Келтире жазып кат берип,

Кабылан Манас окутуп,

Кейигендей бат берип,

Жүлүнгө жетер кеп айтып,

Жолборс Манас баатырдын

Жүрөгүн өрттөп бек айтып,

Малакайда кийилүү,

Төбөдө кынап түйүлүү

Беш балбанды карасаң,

Бир кишиге билинбес,

Төбөдө айдар чачы бар.

Арыстан Манас тууганын

Алдап соёр башы бар.

Кечээ кең Таластын боюнда,

Жылгындуунун оюнда,

Калың кыргыз ой тартып,

Конуп жаткан кезинде,

Каалаганы Манастын

Болуп жаткан кезинде,

Кереметтүү Каныкей

Кейип ыйлап чочуган.

Кең жыйындын ичинде

Келген катты зор Бакай

Келиштирип окуган.

Ошол катын көргөндө,

"Тууганым азып келет" — деп,

Туйгунуң жашын имерип,

"Алыстан тосуш керек" — деп,

Алдынан киши жиберип,

Күлүктөн ылоо байлатып,

Баглан козу, ширин баш

Келиштирип кайнатып,

Кантты кардай томуруп,

Сары майдан омуруп,

Тополоңдоп толгон эл,

Термелгендей калың, жер,

Тууган экен мага — деп,

Тосуп чыкты Манас шер.
Кеби ширин, сөзү бал

Келген душман мабулар:

"Атабыз бирге тууганым,

Айкөл Манас, аманбы?

Качып келдик Какандан,

Менин-бул кылганым жаманбы?

Биз кытайдан чыкканда,

Жылгындуу Кең-Кол жер бар —

деп,

Качып, тентип келебиз.



Кадырды табар кабылан

Тууганым Манас сен бар — деп.

Каканда жүрдүк шор кайнап,

Көрө албай журтту көз жайнап,

Кайрылып келип турабыз,

Жакыптын жалгызына дем байлап.

Калың, манжуу, көп калмак

Тартып калды чайымды.

Талап алды мангулдар

Талаада сойчуу тайымды.

Тууганым деп ойлосоң,

Таап бергин, кабылан,

Менин тура турган жайымды,

Серпилип качкан биз болдук,

Себебин тапкан сен болчу;

Томсоруп келдик, бел болчу.

Тоңуп кетсек, тон болчу,

Жөөчүлүк өттү, тай берчи!

О, Манас, суусап кеттик, чай

берчи!


Арыдык, жанды семиртчи.

Ачтык, курсак тойгузчу,

Какандагы Коңурбай,

Манжуудан көрдүк кордукту,

Кара кытай, көп шибээ

Калкынан көрдүк зордукту.

Кабылан Манас, башынан

Калкты күткөн адатың,

Калмактан келген мобулар,

Кагыша кетсек жоо менен,

Сенин көтөрүп учар канатың".
Көкчөкөз сөзүн укканда,

Баатыр алып келди Таласка;

Аталаш тууган болгон соң,

Айыл конду Манаска.

Чактап көргөн адамга

Чалгырты болду сөзүндө,

Чамасы келсе, какшаалдар

Чалмак болот кезинде.

Бөтөнү болду сөзүндө,

Бөлөгү болду көзүндө,

Бөлүнүп келген какшаалдар

Эми бөлгүсү келди өзүңдү.

Ашкере адал кишидей

Аттанып конду Таласка,

Абыдан "тууган" ал болду,

Айланып арыстан Манаска.


Манас Манастыгын билгизди:

Атсыз келген калмакка

Аркар аяк, жез билек

Ат тулпарын мингизди.

Тонсуз келген мангулга

Жакасы алтын, жеңи жез

Кош бадана*, торгой көз

Ок: өтпөс тонду кийгизди.

Катынсыз келген калмакка

Карындаш тууган ушу — деп,

Калк чогултуп айтып кеп,

Кабар салып мурунтан,

Алып берди зор Манас

Кырмызы көйнөк, найча бел

Кыргыздан чыккан сулуудан.

Малсыз келген какшаалга

Адырда жылкы ала баш,

Аргымак, буудан аралаш

Ар түлүктөн мал берди Манас;

Эндей аяк какшаалга

Элди-журтту билгизди.

Үйсүз келген калмакты

Сан казына, ак ордо

Атайылап киргизди.


Көк жал Манас ошондо

Казына оозун ачтырды,

Көзкаман тууган болот — деп,

Күрөй-күрөй чачтырды.

Тел кулун союп жей берди,

Тегереги бузук сөз,

Манаска тең тууган болом дей

берди.


Кымызын ичип желигип,

Арыстан Манас көк жалдын

Кыябын таппай жээлигип,

Арагын ичти ээлигип.


Арыстан Манас баатырдын

Айласын издеп жээлигип,

Бөтөн саздын жээгинде

Бөлүнүшө сүйлөшөт,

Аракка тоюп алганда,

Какшаалдар бирөөнү — бирөө

күүлөшөт.

Көтөрмөнүн уурчукка

Адам билгис жол казат.

Арыстаның түшүп кетсин деп,

Ажалы минтип жетсин деп,

Көзкамандын үйүнө

Кырк аркан бою ор казат.

Ала бакан шырыгы,

Аябай жаман кылыгы,

Абайласа, булардын

Калмакча болду ырымы
Элдир-селдир кеп угуп,

Айыл-үйдө жүргөндөр

Көзкамандын үйүндө

Көкчөкөздөр чогулуп,

Колоодон кылган бурканга

Ошолор тобо кылат деп угуп,

Каныкей чочуп, ойлоп, көп санайт,

Түбүбүзгө Көзкаман

Жетер бекен деп санайт.
Кечээ тамаша куруп алганда,

Сары короо, өзөн түз,

Ошого кырк таман ордо салганда,

Жетик ордо атышып,

Кырк чоро эки бөлүнүп,

Кыркалай келген шерлердин,

Оюну мыкты көрүнүп,

Кыябында кырк кыраан,

Толуп турган кезинде,

Шабиет оюн, оромпой

Болуп турган кезинде,

Кырмызы көйнөк, найча бел

Кыздан жүздү жыйганда,

Келенкор чачпак, кең соору

Келинден жүздү жыйганда,

Күлкүсү күндү чыгарып,

Кырк кыраандын баарысы

Күлүп-ойноп кубанып,

Кыйын оюн салганда,

Каныкей жеңең ошондо

Ак ордонун ичинде

Аколпок жасап калганда;

Арыстан Манас баатырды

Көкчөкөз менен Көзкаман

Көрүнөө алдап алганда;

Аларга кеткен Манастан

Кызыкка баткан кырк кыраан

Түк кабарсыз турганда;

Көк жал эр арам ойлонбой,

Көкчөкөзгө барганда

Көкчөкөз менен Көзкаман

Чийген экен сызыкты,

Арыстан тууган Манаска

Ошондо көрсөткөн экен "кызыкты".


Үйүнө Манас киргенде

Көрүнө арбай баштады;

Ошондо Көзкамандын айтканы:

"Манасым, сага келгени

Арык элек, семирдик,

Ачыккан элек, тоюндук,

Кенелип пейил чечилдик,

Кетилип келип жетилдик.

Таласка конуп жер кылдык,

Талыгып келген курган баш

Көк жалым, сени бел кылдык.

Биз калмакта жүргөндө,

Канына кызмат кылчу элек,

Катындарча жүгүнүп,

Тобоп кылып турчу элек.

Биз кыргызды таап жутундук,

Ошол жүгүнгөндөн кутулдук.

Тилекти берди бир кудай,

Кабыланым, кепке кулак сал,

Калбады арман эч кандай.

Биз Каканда турганда,

Тутам калган жаныбыз,

Тентиреп келсек, муң жаздык,

Аман бол, Манас, каныбыз!

Азат кылдың, айкөлүм,

Калмактан келген башымдын,

Анда, мында бир келип,

Көк жалым, ичпедиң менин

ашымды,

Биздикине келбедиң,



Кантип жатат экен — деп,

Көк жалым, биздин алды билбедиң.

Биздикине түшпөдүң,

Колумдан даам ичпедиң.

Кабылан Манас, баатырым,

Калк тартынар кан беле,

Каным Манас келгенде

Кара жаным аябайм,

Баягы ит ичкирден бар беле?".
Көзкаман айтып калганда,

Көкчөкөз өөдө турду эми,

Кылт этсе, өлүп кетүүчү,

Жыттаса, ажал жетүүчү

Кырк жылкы уудан коштурган,

Калмакча тарткан арактан

Мелтирете куйду эми;

"Түбүбүз бирге тууган" — деп,

Көк жал Манас баатырга

Көзкаман алып сунду эми.

Аңкоолугун көрдүңбү,

Ала коюп имерип,

Көзкамандын сунган уу

Баатыр токтолбой тартып жиберип,

Ичкенде көк жал бүк түшүп,

Төбөсү менен тик түшүп,

Кыл муруту шыйпайып,

Кайрылбай кетчү немедей,

Алагар көзү алайып,

Уйпалгырдын шум дүйнө,

Уу ичип Манас сүйөө жок,

Өлүм орток, жан бирге,

Баягы кыраандардын бирөө жок;

Ажыбай, Бакай эгиз жок,

Алмамбет, Чубак теңиз жок,

Сыргак, Серек эрен жок,

Ырчуул, Шууту берен жок;

Айла тапчу, амалкөй

Аксакал Кошой каны жок;

Айгай укса качпаган,

Ажалдан кайра тартпаган,

Баягы кырк чоронун баарыжок;

Сүрөтү качып, ич күйүп,

Сүзүлүп, куу көз жумулду,

Көзкаман душман болгон соң,

Кайраның, көрүнөө жандан түңүлдү,


Көкчөкөздүн тогуз уул,

Көзкамандын тогуз уул,

Кылыч чабар ыктуулар,

Жаа тартуучу мыктылар

Бурканына жалынып,

Мас болгон Манас көк жалга

Кылыччаны камынып,

Курчап кармап алсак деп,

Курмандыкка чалсак деп,

Башын кесип, байланып,

Эсен кандын алдына

Сүйүнчүлөп барсак деп,

Алтын таажы кийсек деп,

Алтын такка минсек деп,

Буласын булап алсак деп,

Бул кыргыздын ичине

Бузукту минтип салсак деп,

Кара сурдун сулуусу,

Аялзаттын нурдуусу

Эрке катын Каныкей

Олжо кылып алсак деп,

Алмамбет менен Чубагын

Курмандыкка чалсак деп.

Ажыбай, Бакай — эки дөө

Эсен кандын алдына

Тартуу кылып барсак деп,

Капкайда кекти кайтарып,

Үй кайтартып турсак — деп;

"Манас кетсе, бел кетет,

Бул кыргыздын ичинде

Кара көк жал шер кетет;

Тырышкан кабак оңолду,

Чындап качыр балбандар,

Эми кыргыздан кайрат жоголду!

Түркүгүн сууруп алалы,

Балбандар түгөнүшөр чак келди, —

Эми түгөнүшүп калалы".

Көзкаман менен Көкчөкөз

Ушуну көбүрөөк айтып турганы.

Бул тукурукту укканда,

Манасты көздөй жабылып,

Балбанды кудай урганы.

Көкчөкөздүн тогуз уул

Көмө каптай берди эми,

Желтийбестин тогуз уул

Жетип, каптай берди эми.

Кылыч чапчуу кыйындар

Азыр башын кесчүдөй

Жакын келип турду эми.

Калмак каптап кетээрде,

Башына кылыч жетээрде,

Кара чаар кабылан

Манастын капталында чамынып,

Чолок көк жал арыстан

Манастын бет алдында камынып,

Астын сала бергенде,

Ак жолборстой түрдөнүп,

Эр Манастын барааны

Миң кишидей өңдөнүп,

Көргөн калмак балбандын

Көңүлү жаман бөлүнүп,

Балбандардын көзүнө

Эр Манас арыстан болуп көрүнүп,

Майлаган буудай жүздөнүп,

Күүгүм туман көздөнүп,

Ары баатыр, ары шер,

Арыстанга чыдап кире албай,

Алек болгон ошол жер.


Эр Манас көзүн жумганда,

Чапмак болуп камынып,

Арыстан көзүн ачканда,

Качырып келген балбандар

Кайра качат жабылып,

Манастын көзү жумулса,

Балталарын барбайтып,

Кылычтарын кымпыйтып,

Чокморлорун чочойтуп,

Найзаларын аркайтып,

Калмактар кирип барат камынып.

Манастын көзү ачылса,

Ысыгына бата албай,

Суугуна жата албай,

Кайра качат жабылып.

Найзачаны бата албай,

Мылтыкчаны ата албай,

Алек болуп турганда,

Асмандан алданын күнү бүркөлүп,

Арыстаныңдын башына

Алтымыш мүшкүл бир келип,

Көңүлү жайан бөлүнүп,

Ажалы жакын көрүнүп,

Арыстан эр айтты арманды

(Эстеген экен ошондо,

Кайраның кырк чоро өңдүү балбанды);


Кайран бир жандан түңүлүп,

Кырк чоро жоктоп оңгурап,

Кадырыгы бек түтөп,

Кайран эр айтып турду коңгурап:

"Кара ниет калмактан

Э!.. кудай, өлгөнү келген экенмин!

Тирүүлүктүн кордугун

Мен бүгүн көргөнү келген экенмин.

Тууганым деп калмакты,

Туура алдатып кайран баш,

Түшкөнү келген экенмин.

Өт жарылчуу кымбат уу

Бул калмактын колунан

Мен ичкени келген экенмин.

"Кырк аркан бою зынданга

Мен житкени келген экенмин.

Уу чылапсың күбүңө*,

Кесек ит, ушинтип, жеттиң түбүмө.

Тентип бир келип Бээжинден,

Тегиз бир кондуң Таласка,

Темселеген шүмшүктөр

Акыры сенин кыларың

Ушул беле Манаска?!
"Кара найза желегим,

Каран күн Алмам, арыстаным,

Менин калмактан келген белегим!

Жеткилең белин курчанган,

Жети милек жоо келсе,

Желбегей кирип кол салган,

Бул дүйнөдө жыйгандаш,

А дүйнө кетсем, ыймандаш,

Кайда бир кеткен көрүнбөй

Менин кабылан Алмам, курбалдаш?

Көк сүлөөсүн бөрк кийип,

Көкала калкан ойноткон,

Кеңешин уккан жан сүйүп,

Кебине адам тойбостон,

Капилетте сөз тапкан,

Караңгы түндө көз тапкан,

Акылы менен жайкаган,

Алты айлык болор азапты

Көз ачымда байкаган

Адамзаттын туйгуну,

Олуяттын кулуну,

Маңдайымда барааным,

Байтерек Бакай карааным,

Алмамбет, Бакай артык шер, —

Бул экөө карап турсачы,

Капкайдан келген чириктер

Анан муну кылсачы.
"Көк ырапыс тон кийген

Көкала сындуу ат минген,

Алышса, адамдын алы жетпеген,

Арыстандын тиши өтпөгөн,

Ач кыйкырык, куу сүрөөн,

Акбалта уулу тууганым,

Арманда Манас турганым,

Кайда кетти, дайны жок,

Баягы Чубак бууданым?

Мен Таласта турганда,

Казыны кесип жечү элем,

Кабылан Чубак бар болсо,

Менин кайратым кабат дечү элем!

Кайран Чубак көк жалым

Кашымда карап турсачы!

Калмактан келген каракчы

Анан бул кордукту кылсачы!
"Ободон жылдыз козголгон,

О дүйнөлүк дос болгон,

Кара тилин кайраган,

Кзалың топто сайраган.

Жетимиш түрлүү тил билген,

Жетимиш бурку* эл көргөн,

Аташкан достум Ажыбай –

Артыгым карап турсачы;

Калмактан келген арамдар

Анан бул кордукту кылсачы!

Атка жеңил, тайга чак,

Уйкусу жок, жолго сак,

Чыканактап калбаган,

Чырм этип уйку албаган,

Кылычын кынга жөлөгөн,

Кызыккан кыйла жоо чыкса,

Кыпкызыл канга бөлөгөн,

Теке жоомарт ат минген,

Темирдей көпкөк тон кийген,

Алгайга минер бууданым

Каякка кеткен дайны жок,

Алат күн, Сыргак тууганым?!

Сыртымдан Сыргак уялаш,

Кабыланым карап турсачы;

Каңгайдан келген камандар

Кордукту анан кылсачы!


"Бу дүнүйө упакер

Кылчайып Манас көрсөчү;

Кырк чоронун бирөө жок,

Кызыталык куу башым,

Кыраандар болуп жанымда,

Анан кийин өлсөчү.

Сапарга журсө сан колдой,

Заманым жаман бузулду,

Төлгөчү Кара акжолтой

Төлгөсүн тартып төп айткан,

Ажал менен азапты

Бурмалабай бек айткан;


Эрдигинен оолуккан,

Эсил жанга жолуккан

Төлгөчү карап турсачы;

Андан кийин Көкчөкөз

Бул кордугун кылсачы!

Ырамандын Ырчысы,

Айлакердин сынчысы,

Ырдап айткан кебимди,

Канчалар кордук салганда,

Кайраным тапкан эбимди,

Ырчым карап турсачы;

Атадан кеткен Көзкаман

Анан кордук кылсачы!

Үзүктөй калпак эр Шууту

Кырк чоронун туйгуну

Айкырып найза сунушкан

Куугунду бирге куушкан,

Коюбуз бирге короолош,

Ашыбыз артык жоролош,

Артыкча Шууту эреним

Бул жерде карап турсачьг.

Кангайдан качкан какмарлар

Кордугун анан кылсачы!

Кайран баш анан өлсөчу,

Кара жер бетин көрсөчү.
"Колу күчтүү Байчором

Эрдигинен оолуккан,

Мага он төртүндө жолуккан,

Туу түбүндө турарым,

Кааласа берген бир кудай,

Кара кашка тынарым,

Көрүп койсом кумарым,

Кандуу согуш, чуу чыкса,

Кайрат-медер кыларым

Карасам көзгө илинбейт,

Кайда экени билинбейт.

Кыстоону көрүп турамын,

Менин өлүп кетер убагым;

Кайда кеткен Байчоро аттуу

ынагым?

Кайраным Байчоро карап турсачы,



Качырып найза сунсачы.

Анан Манас өлсөчү!

А дүйнө бегин көрсөчү!
"Кырктын башы Кыргылчал,

Кыркында көпкөн дыңгыл чал,

Ач кыйкырык салсачы,

Калмактар каран салганда,

Айкырып жетип Кыргылым,

Мени ажыратып алсачы!

Талыкпай найза суңуучу

Тазбаймат карап турсачы;

Анан кийин Көкчөкөз

Бул кордугун кылсачы!

Адам таппас акылын,

Абайлап карап олтурсам,

Ажыратып чыр салчуу,

Алат күн, Бозуул жакыным,

Арыстаным Бозуул алдымда

Абалым карап турсачы.

Кара кытай, манжуулар

Анан кордук мага кылсачы.

Бел байлаган белим жок,

Бекип жаткан жерим жок,

Кенедейде кезиккен,

Бирге таткан насиптен,

Кара сурдун сулуусу,

Аялзаттын нурдуусу

Каныкей менин теңим жок!

Он эки кыздын кенжеси,

Кудайдын сүйгөн пеядеси,

Каныкей карап турсачы,

Көкчөкөз менен Көзкаман

Кордугун анан кылсачы!

Тоону жаза муштаган

Акаяр эле балбаным,

Балбаным сенден ажырап,

Айталаада калганым".


Баатыр Манас кайран шер

Баарысын жоктоп турганда,

Көк жалдарды чубатып,

Көңүлүнө алганда,

Арыстан кайрат Акаяр,

Жарап турган кези экен,

Кылыч алып кымпыйып

Санап турган кези экен:

"Кымбатым Манас санга алса,

Кызматым эстеп ойго алса,

Кыйкырып кылыч чабам, — деп,

Ажыратып алам — деп,

Акаяр карап турган кези экен.

Ыкыс берип, Акаяр

Көрүп турган кези экен.

Кылча көрбөй куу жанды

Кыйбаты Манас көк жалга

Курман болуп кетсем деп,

Өлүп турган кези экен.
Сандуу кебиң укканда,

Айкөл Манас кабылан

Акаярлап чыкканда,

Өрттөй көзү жайнады,

Өлүп кетпей калбады.

Каалгадай кайран тиш

Таруудайдан чайнады;

Арыстандай көзү жайнады.

Акаярдай балбандын

Кан ичмеси кармады.

Кан төк десе, жин төгүп,

Кайраты бар неме ошол;

Суу ич десе, уу ичкен,

Омбул-домбул эр ошол.

Өлгүчө кирип болушуп,

Өлөрман менен салышып,

Кайран жеңең Канышка

Кабар берген жери ошол.

Түбүнө эми жетерде,

Туйгун Манас баатырдын

Азыр башын кесерде,

Каарданып, бакырып,

Качырып кирди Акаяр

Манастап ураан чакырып.






Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   21




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет