АЛТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН АЛА-ТООГО КӨЧҮП КЕЛИШИ
Муну мындай таштайлы,
Алтайда Жакып, Акбалта,
Алар менен калган эл,
Андан кабар баштайлы.
Жапасын жандын кетирип,
Жалпы кыргыз бүткөндү
Жайбаракат көчүрүп,
Катагандын кан Кошой
Караан болуп Манаска
Дегенине көндү эми;
Сандап, миңдеп көп калмак
Тегеректеп келгенде,
Кайрат кылып берди эми;
Оттотуп малын айдатып,
Оторлорун жайнатып,
Көчтү узата келди эми.
Бөөт-чөөт жер менен,
Көч жөнөгөн кези экен
Бетеге тулаң бел менен.
Каалаганы Ала-Тоо -
Чыңырып эне тууган жер,
Киндигин кесип бууган жер.
Эренче* тонун кийишип,
Желбеген жорго минишип,
Тынбай көчүп, өтүшүп
Кичи-Жылдыз, Чоң-Жылдыз
Андан ашып кетишип,
Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу,
Андан өтүп келди эми.
Иленин башы Үч-Арал
Өрүүн боло берди эми.
Көк-Тал бойлоп сыдырып,
Чоң Илени кыдырып,
Айланпалуу урчуктан
Кечип чыккан кези экен,
Таш-Кечүүдө тушмуктан
Өтүп чыккан кези экен.
Ат боройлоп* сыдырып,
Тегиз көчүп, кыдырып,
Ылдый карай бет алса,
Тоо кыркалап жол чалса,
Каркылдаган карга жок,
Куркулдаган кузгун жок.
Сары-Өзөн-Ата дээр экен,
Кең Иленин жээги экен,
Аккан суунун боюна,
Чоң өзөндүн оюна
Чогула журт конду дейт.
Жеткилең өрүүн болушуп,
Жай алган жерин карасаң,
Жээги Ак-Чийдин чаты экен,
Сары-Өзөндүн башы экен.
Талаада мунар чаңы бар,
Жаныбарым Сары-Өзөн
Түзүндө кулан дагы бар
Ат баспаган жер болгон,
Алмасы бышып көң болгон,
Жангагы кулап сай толгон.
Элсиз ээн талаасы
Берекелүү көрүнгөн,
Көргөн жандын көңүлү
Албан түрлүү бөлүнгөн.
Өзөнү муздак жел толгон,
Өлчөсөң бейиш жер болгон.
Килемдей чөбүн тебелеп,
Кенен жайлап ким конгон.
Жеткилең Манас ушунда
Жети күн күтүп жатыптыр.
Көч токтотуп, эл жыйнап,
Үч күнү жыйын ачыптыр.
Шиберге оонап жатышып,
Минтип кумар жазышып,
Кепти ортого салышты,
Кеңеш кылып калышты.
Ак сакалы жаркылдайт,
Абаң Кошой баркылдайт:
"Эмгектеген бала бар,
Өбөктөгөн кары бар,
Кече чыктыкАлтайдан,
Айыл кандай конуучу? —
Алышар душман далайбар.
Айла кандай болуучу? —
Маңдайыңда маңгул бар.
Майдандашар жериң тар.
Кыр жагыңда калмак бар,
Кыйрашып уруш салмак бар.
Ар жагы — Талас, Ат-Башы;
Алоокенин колунда
Али толуп жаткан башкасы.
"Айланайын кулунум,
Капчыгай оозун алалы,
Өзөнгө малды салалы.
Калдая айыл конолу,
Катарлаш жатьп калалы.
Жоону бирге жоолайлы,
Доону бирге доолайлы.
Милтени бирге чоктойлу,
Бараңды бирге октойлу.
Катарлаш конуш алалык,
Кароолду катуу кылалык.
Азган-тозгон аз элге
О, балам, караан болуп туралык.
Карагай найза боолайлык,
Карып болгон журтуңдун,
Кол жетсе доосун доолайлык!
Балам, Манас, кулунум,
Кара жаак айбалта
Кайкалатпай аштай бар,
Калың кара кыргызды
Каран кылбай баштай бар.
"Биз өбөктөгөн карыбыз,
Өксүп барат алыбыз.
Эки тизгин, бир чылбыр
Ээ, кулунум, эр Манас,
Эми колго алыңыз.
Эңкейип калган абанды
Ошондо эңишер жерге салыңыз!
Оболотуп көпкөк туу,
Алыша кетип калмакка,
Абыдан салсаң ызы-чуу,
Керкабылан оозун бурамын,
Керишкен жооңо чыгамын;
Ажалым жетип өлгүчө
Туу түбүндө турамын.
"Балам, ыраазы болгун өзүмө,
Иле жүргүн көзүңө;
Ак сакал абам Кошой деп,
Ала жүргүн эсиңе!
Абакеңдин айлына
Айланып кез-кез бара жүр.
Картайып кетип баратам,
Кабыланым, кабар ала жүр.
Башчы болдуң бул элге, —
Дегениңе көнөбүз;
Кыргыз бүткөн тутуму,
Кандыкты сага беребиз!
"Ордолуу шайык* көк жөкөр,
Орчун Кокон, Маргалаң,
Аягы Кептеш, Самаркан,
Күн чыгыш жагы Алты шаар,
Өзүңдү күтүп келет деп,
Күчөгөн мынча журтуң бар.
Казына камдап, кол жыйна,
Кайратты мыкты мол жыйна.
Бекине турган жерди тап,
Бели катуу эрди тап.
Кенен ойло башынан,
Кебелбес болсун казынаң.
Калың, бороон, катуу күн,
Кулунум, канчалык өтөр башынан.
Кыр-кырда кыргыз элиңе
Кызыккан жандар дагы бар.
Кылчайбай канды агызар,
Кызыталактын баары бар.
Тулпарың изи сууй элек,
Кылычың каны жуула элек.
"Бууданын демдеп суутуп,
Байлап жатат Алооке.
Калмак менен маңгулун
Шайлап жатат Алооке.
Семирип, сергип оңгондо,
Секиге чыга конгондо,
Элиңди түгөл башкарып,
Өз алдыңча болгондо,
Астыңдагы Алооке
Сени таштап койбос жепжеке.
Суроодон угар дайныңды,
Күтүнбөстөн сен жатсаң,
Бир күнү чабар айлынды.
"Ошого моюн бербеске,
Ок өтпөгөн тон камда,
Куусаң жетпей калбаска,
Ок жетпеген ат камда!
Кызыр чалган Манасым,
Сага кыйындын баары жолугар.
Кызматыңда болсом деп,
Канчанын көөнү оолугар.
Ат семиртип ык кылгын,
Азаматты кырк кылгын.
Жөндөп алгын жороңду,
Тыңдап алгын чороңду.
"Ушундан ары көчкөндө
Сары-Өзөндүн аягы
Кадимки Талас, Кең-Кол бар,
Калкка жеткен кабары.
Жердей көр ошол жериңди,
Күтө көр кыргыз элиңди!
Таласты күтүп, чеп кылгын,
Төрт тарабын бек кылгын!
Белестен бейкабар адам желбеген,
Беттеп душман келбеген,
Өндүрүн адам чалбаган,
Өрдөп эч ким барбаган
Таласты кошуун кыла көр;
Азган-тозгон аз элди
Айлантып колго ала көр!
Өзүң көргөн Таласка
Бара жүргөн ушул жол.
Эки жолдун айрылыш,
Эки суунун кайрылыш,
Эми, бура тартар кез келди, —
Береним Манас аман бол!
"Кулунум, көчүп келип Алтайдан
Калк курапсың ар жайдан.
Кары да болсом көмөкмүн,
Кашыңа сенин керекмин.
Кара жанга күч келсе,
Таянар болсоң терекмин.
Арык жүрүп семирдим,
Ачка жүрүп тоюндум.
Жардылыктан байыдым,
Жалгыздыктан көбөйдүм.
Алтайдан Манас табылды.
Абийрим минтип жабылды.
Ажалы жетсе абаңдын,
Кең казып көрүн оёрсуң,
Керкабылан атын соёрсуң.
Абаңдын сөөгүн, чырагым,
Өз колун менен коёрсуң!".
Алагар көзү чолпондой,
Ай кулагы калкандай
Абаң Кошой карыя
Эми кепти таштады.
Аргасын таппай айдалган,
Аркага колу байланган,
Канчадан бери кайгырган,
Нойгут журттан айрылган
Акбалта сөздү баштады:
"Балам, Манас, береним,
Менин да ушул дегеним:
Кечээ Алооке камап келгенде
Калың журт чогуу чабылган.
Акбалта менен Жакыптын,
Ойлой келсем, эр Манас,
Таалайына табылган.
Маңдайда баргек тынарым,
Балбылдап күйгөн чырагым,
Бар күйүт кетип ичимден,
Балам, Манас, байкачы,
Мен дагы журтумду ойлоп турамын.
Аман болсун деп тилейм
Арыстан Манас чунагым.
Эшикке чыгып карасам,
Эл аманын кааласам,
Өрттөнүп, күйүп кайгырдык,
Ордолуу журттун баарынан
Ойрон болуп айрылдык.
Алтайды күтүп, жер кылдык,
Кара кытай, манжууну
Канча жылы эл кылдык.
"Сен тогузга чыккандан,
Кабылан Манас чырагым,
Бир өзүңдү дем кылдык.
Он үчкө жашың келгенде,
Ордо бузуп, ок аттың,
Оролушса, жоо чаптың.
Кармаша жүрүп катыктың,
Кайнап жаткан кытайга
Кабылан бурут атыктың.
Теңселип турсаң жекеге,
Теңелип адам чыккан жок,
Күпүлдөшүп келсе да,
Сени күрөшүп күчтүү жыккан жок.
Толкуган кытай, калмактар
Токсон жол сени каптады.
Тоодой болгон дөө келсе,
Томуктай Манас жаш бала
Аны тоңкорултуп таштады.
"Ат жалын тартып мингенден,
Адалга бурдуң бейлиңди.
Кара калмак, манжуунун
Сандаган колун кыйратып,
Ажыраттың элинди!
Үзүлгөндү уладың,
Чачылганды жыйнадың,
Балам, Манас, өзүңдөн
Бир өтүнгөнү турамын:
Сагынам Сар-Кол жеримди,
Көп эстейм нойгут элимди.
Тукумуң өнүп, өскөн жер,
Көп термелтет көңүлдү.
Көп тиленем, зор Манас,
Нойгутума барайын.
Куп жолдош кылып сен берсең,
Кутубийди алайын.
Курган нойгут элиме,
Кан көтөрүп салайын.
Манаска тете уулум деп,
Маана кылып турайын.
Адырлуу Сар-Кол жерим бар,
Абийирдүү нойгут элим бар.
Биздин нойгут болгондо
Кара эгинден күрүч көп,
Калайынан күмүш көп.
Боз коёндон түлкү көп,
Бокчого жыйган мүлкү көп.
"Аркар аяк, жез билек
Ат күлүгү нойгутта.
Көпкөк темир тон кийген
Эр мыктысы нойгутта.
Биздин нойгут болгондун
Казандай кара бөркү бар,
Алышса жоого арыстандай
Азаматтын эрки бар.
Кара малдан төөсү көп,
Жөн адамдан дөөсү көп.
Таштан бийик зоосу бар,
Менин көзүм жогунда
Ушул нойгут журтунун
Камап турган жоосу бар.
Жетимдик тартып, бош калып,
Элсиз турган жерим бар.
Эс табалбай тентиреп,
Эби кеткен элим бар.
Элимди жыйып, эл кылсам,
Жетимди ээлеп жер кылсам,
Жергеме журтту жыйбасам,
Кабылан Манас өзүнө
Караан болуп турбасам,
Акбалта атым өчпөйбү,
Башымдан сыймык кетпейби?
"Кеңчилик берсең, чырагым,
Кейиген журтту эптейин.
Чегишер жоонун жолунда
Чебиңди сенин бектейин.
Белгилүү жерден бел табам,
Мен сага,бек караан болчуу эр
табам.
Кең нойгутта турганда
Акбалта аттуу даңкым бар.
Балам, Манас, чырагым,
Эл деген кыйын турбайбы,
Менин эл сагынган кайгым бар!".
Акбалта айтып ар кыл сөз,
Уруксат сурап токтоду.
Курбусу Жакып муну угуп,
Ичи күйүп чок болду:
"Кетмек болдун жериңе,
О, Акбалта курдашым,
Капкайда тентип жүргөндө,
Кадырым билген сырдашым.
Кече Орозду атам өлгөндө,
Кара калмак, көп манжуу
Кайнаган калың кыргыздын
Казына мүлкүн талашып,
Камчыга ченеп бөлгөндө,
Кабакка конгон айлы жок
Кайда кеткен дайны жок,
Алтайга барып кайгырдык,
Акбалта өзүң билесиң,
Биз, ошентип, ага-иниден айрылдык.
"Бапанга* кетти башыбыз,
Оозго жетпей ашыбыз,
Санаалуу болдук канча жыл,
Сакалга тамды жашыбыз.
Алтайга барып айдалып,
Айланы таппай сандалып,
Анда арка болуп мен турдум,
Ата болуп сен турдуң.
Жетилип алып Алтайдан
Көчүп бери кайрылдык.
Көк жалым Балта эсен бол,
Көрүнөө сенден айрылдык.
Айлыңа кетсең Акбалта,
Аңгеме дүкөн курай жүр,
Алыста Манас балаңдын
Ал-абалын сурай жүр.
Өөдө чыкса, өбөк бол,
Өлүмгө орток Акбалта
Ылдыйга түшсө жөлөк бол.
Калкыңа сен да караан бол,
Канча жыл аздык эл-журттан
Курдашым Балта аман бол!".
Акбалта, Жакып бул жерден
Айкалышып көрүшүп,
Болкулдашып ыйлашып,
Моюн эттен өбүшүп,
Кутубий ээрчип артынан,
Акбалта кетти элине,
Кошой кан кетти жерине.
Адам өлөр шерт кылып,
Убаданы бек кылып,
Ак буудай унун чайнашып,
Арыстандар колду кармашып,
Ар кимдин жери көрүнүп,
Кең-Өзөнгө келгенде
Көч үч сайга бөлүнүп,
Бер жакта калган кыргыздар
Бет ала көчтү Таласты,
Медер кылып ошондо,
Жакыптын уулу Манасты.
Сары-Өзөн бойлоп көчүшүп,
Кардуу тоону жакалап,
Эми күн батыш көздөй өтүшүп,
Келберсийт көк жал эр
Манас Ат бороюн сыдырып,
Керилген түптүз талааны
Келе жатат кыдырып
Баатырың жер өлчөгөн чак экен,
Бир жерди карыга чейин чукуса,
Түбүндө алтын бар экен.
Эми Манас кеп айтат:
"Байкаңар журтум, — деп айтат.
Бул өзөндү мекен кылгандар,
Башынан жердеп тургандар
Кагыштан чыкпас эл экен.
Бет алышкан жоо чыкса,
Белсенишкен доо чыкса,
Бейлебей бул журт кырылып,
Мээнетти тартар жер экен.
Кароолго чыкчуу бели жок,
Карылыш болсо кокустан,
Сыйлыгышчуу жери жок".
Бул жерди — Манас жактырбай,
Бойлоп көчүп калды эми.
Эли, колу аралаш
Узун жолго салды эми.
Караса көзгө илинбейт,
Кайнап көп мал келатат,
Кайсы экени билинбейт.
Тиктесе көзгө илинбейт,
Көчкөн элдин төрт түлүк
Тилингени билинбейт.
Кечээ Манас — Манас болгондо,
Манас атка конгондо,
Эрешен тартып шер болуп,
Эр уулу менен тең болуп,
Кең Алтайда турганда,
Кара кытай, маңгулдун
Келгенин кайра кууганда,
Узун аяк көп малды
Арбын жыйып алыптыр,
Ушуну менен бул кыргыз
Оокат күтүп калыптыр.
Туура жагы көп малдын
Ит-Өлбөс чөлдүн четинде,
Асты жагы көп малдын
Ак мөңгү тоонун бетинде.
Орто жери оюлуп,
Оюн салып кээ бирөө
Мүдүрүлүп союлуп,
Өлгөн малдын этине
Бөрү, түлкү тоюнуп,
Эрендер жүрдү калкылдап,
Эсен көчүп былкылдап.
Бирдигин берип Манаска
Алыстан келген калың көч
Аман жетти Таласка.
Келишимдүү кең Талас
Турган экен жайкалып,
Жакшыкакай төрлөрү
Жаткан экен чалкайып.
Жердеген адам тунбайбы,
Жер соорусу турбайбы.
Өлкө-түзүн караса,
Токою бар, талы бар,
Ал токойдун ичинде
Жан бүткөндүн баары бар.
Кескелдирик жылаандай;
Оюн салган куланы
Толук семиз кунандай;
Жылаандары ар кандай,
Алла-таалам дүйнөгө
Жан жараткан ар кандай;
Чымчыгына карасаң,
Алтайдагы улардай,
Чырпыгы бар чынардай,
Чынарлары мунардай;
Ар тарабын тиктесең,
Адам айран калгандай, —
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас
Жери сонун ар кандай!
Өзөнчөдөн бөлүнүп,
Аккан тунук булагы,
Ай, жаныбар, кең Талас,
Бейиштен артык сыягы!
Туш-тушуна карасаң,
Айланган тоо чеп экен.
Кулак угуп көз көргөн
Канча жерден бек экен.
Көк жал Кошой абаңдын
Бул айтканы эп экен.
Тыяк жагын караса,
Оңурайып көрүнөт
Кан-Жайлактын кайкысы,
Ушул жерден айрылган ,
Кайран кыргыз журтуңдун
Тумшугунун тайкысы.
Адырынын төрүнө
Аркар оттоп куюлат,
Куюлган жерин караса,
Адырдын чөбү суюлат.
Будур-будур тоосунан
Бугусу чүдөп куюлат,
Будурмакты караса,
Будурдун чөбү суюлат.
Буяк жагын карасаң,
Үч-Кошойдун бөксөсү;
Муну жердеп тургандын
Болор бекен өктөсү!
Туура жагын карасаң,
Кара-Буура чаткалы,
Көз жетпеген аскалар
Көктү тиреп жатканы.
Ай, жаныбар, кең Талас,
Жер соорусу турбайбы, —
Муну жердеген адам тунбайбы.
Калың айыл ой тартып,
Конбоочудай жер бекен.
Калың кыргыз конушу
Болбоочудай жер бекен?!
Кунан минип, куш ойноп,
Бойлобоочуу жер бекен;
Багалак салып, ордо атып,
Ойнобоочуу жер бекен!
Таң жарылган кызыкка
Батпагыдай жер бекен;
Эр азамат жамбаштап,
Жатпагыдай жер бекен.
Алышар жоосу жок болуп,
Айыл, үйү ток болуп,
Эриксе, элик атышса,
Эрикпесе, Таласта
Эркин ойноп жатышса!
Бетеге менен шыбагы,
Береке экен бу дагы.
Оромпой тээп кызыкка
Батпай турган жер бекен.
Ордо күтүп, эл жыйып,
Жатпай турган жер бекен?
Жон-жонуна кароолу
Барбай турган жер бекен,
Челишкенге кызыкты
Салбай турган жер бекен?!
Таалайына табылып
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас,
Кыргыздардын башчысы
Кызыр чалган эр Манас
Таң-тамаша оюнга
Батып калган кези экен.
Кырктан таман ордону
Сары журтка салышып,
Атып калган кези экен...
Оюн ойноп, тамаша
Күлгөндү сүйдү эр Манас.
Кошуун жыйып, кол баштап
Жүргөндү сүйдү эрМанас.
Болбой ичти бозону,
Боздотуп урду кожону.
Ордо күтүп чоюлуп,
Кабыланындын ордодон
Жетим, мискин* тоюнуп,
Таалайлуу Манас баатырдын
Даңкы кетти далайга,
Аты угулду Алайга.
Кең Талас буга жер болуп,
Жергелей келип эл конуп,
Кезеги менен топ болуп,
Кеңеши журтка куп болуп,
Баары кыргыз чогулуп,
Баатырына жолугуп,
Алдына келген адамдар
Аш ичкени алкынып, —
Арыстан Манас баш болуп,
Ак шумкардай талпынып,
Кымыз ичип кызышып,
Сөөктөрү ысышып,
Чекеден терин сызышып,
Дүмпүлдөк оюн салышып,
Шылдың менен кай бирөөн
Калп эле сабап калышып,
Кайнардын кара көзүндө,
Көк-Чынардын өзүндө,
Төрт-Күлдүн төмөн жагында,
Туу көтөргөн жаңыдан
Туйгунуң Манас тагында
Айбалта, кылыч эгешет,
Азамат эрлер кеңешет.
Алоокенин айынан
Кыргыз бүткөн чогулуп,
Аз болгондо кээ күнү
Келген-кеткен адамга
Алтымыш бээден союлуп,
Жата турсун жаш Манас,
Жалпы журтун ыйгарып
Жердегени – кең Талас.
АРАНИКТЕГИ СОГУШ
Отордон орун алыптыр
Эки күнү, эки түн,
Эр Манас жатып бүпбүтүн,
Улуу жолго бет алып,
Ушу жерден аттанып,
Аксай менен салыптыр.
Айдаркан, Бакай, эр Көкчө
Астынан чыгып калыптыр.
"Эрикпедиң, шашпадың,
Кеттиң эле уу кылып
Эмне калба баштадың?
Алтайдан чыктык аттанып,
Акыры тынчып өлбөдүк,
Ар тарапка жол чалып,
Баштап чыктың кыргызды,
Басып келдик Жылдызды.
Аккелтең аттың, түздөдүн,
Ак болот чаап миздедиң.
Алты сан кыргыз биз дедиң.
Алдыдан чыкчуу балааны
Азыр кайдан издедиң?
Көрсөтпөй үйдү өлтүрүп,
Көмүүсүз таштар бекенсиң?
Кетирбей үйгө өлтүрүп,
Кеминсиз таштар бекенсин?!"
Ачууланып эр Бакай,
Айтты сөзүк бир далай.
Кабылын Манас кеп айтып,
"Кандайсын аба? — деп айтып. —
Кардуусунган душманга
Кыңкайып кантип калайын?
Кыңкайып жата бергенче
Кыргызды жоого салайын.
Катылып келген душмандан,
Качып кантип калайын?
Качып андан калганча,
Кармашып жүрүп а көрө
Казакты жоого салайын!
Өөдөсүп келген душманга
Өлүшпөй кантип калайын.
Өлүп алып дүйнөдөн,
Алым келбей өлдүм деп,
Өкүнүчү жок барайын.
Кырдуусунган душманга
Кыргынды кызык салайын.
Кырылышып өлдүм деп,
Кылчайбай өлүм табайын!
Кызыталак Кыйтуча,
Өзү келип кол салды,
Өкүмсүп келип жылкы алды;
Айылга келип кол салды,
Аттаныптыр атайлап,
Айдады жылкы айгайлап.
Айылдагы туугандар
Аттарынан айрылып,
Карап калды көз жайнап.
Кыргыздын көзү жайнады,
Кыйкырып жылкы айдады,
Кыжырым жаман кайнады.
Кайнаган соң кыжырым,
Кыйласын бакыр жайлады.
Казактын көзү жайнады,
Каңгайлап жылкы айдады;
Каңгайын угуп алган сон,
Калмактан экен бу да деп,
Кайратым жаман кайнады.
Кайратым ташып толгон соң,
Канчасын Манас жайлады.
"Комсунсаңыз көрдүңуз,
Жети жүз жерге киргири
Колдо жатыр байланып.
Чалгынчысы бул экен,
Араникте Ашарсуу
Каңгайдагы жерине
Жүргөнү жаткан кол экен.
Дугул калмак уругу
Душманың болуп жүрү экен.
Панус кандын жээни экен,
Баатырсынган неме экен.
Ааламдан бийик тоо батпай,
Анжияндын улугу
Алооке кытай соо жатпай,
Кошуун алып саны жок,
Азыр сизден абаке,
Аянып калар жаны жок.
Кошуун жыйды саны жок,
Азыр сизден абаке,
Коркуп калар жаны жок.
Жылдызга жыргап кетебиз,
Анжияндын кыргызын
Жылас кылса нетебиз?
Аркага жыргап кетебиз
Аман койсо кудайым,
Бар көлгө барып жетебиз.
Түтөгөн калмак кыргызды
Түк койбой кырса нетебиз?
Упалуу беттен кан акса,
Убалы кимдин мойнуна?
Сурмалуу көздөн суу акса,
Жашы кимдин койнуна?
Биз кеткен соң бу жерден,
Бирин койбой бул элдин
Кыргызга кыргын салбайбы.
Наалат кетип Манаска
Кызыл кан түшүп мойнуна
Кыстоосуна калбайбы!
Казакка каран салбайбы,
Акыретте Манаска,
Кайгысы түшүп калбайбы?!
"Эркек козу туулуптур,
Не жумушка туруптур, —
Курмандыкка караткан;
Эр азамат туулуптур,
Эмне ишке туруптур, —
Намыс учун жараткан!
Ак жазганын көрөмүн,
Намысым үчүн өлөмүн, —
Кыргызга Манас болгонум.
Кылайып деги жарайбы,
Кырдырып элди койгонум!
Бүгүнкү күндө албайбы,
Бул кыргызды жүдөтүп,
Эртеңки күндө албайбы,
Чүй, Илени түгөтүп?!
Бүрсүгүнү албайбы,
Алтайга кошуун барбайбы,
Куралып каңгай калган соң,
Алың келбей калбайбы.
Азапка салып Алтайды,
Алтайга койбой бир тайды.
Айлыңа алып келбейби
Аким кылып калдайды?!
Өзүң кылган кылмыш деп,
Өтөрүң сенин кылыч деп,
Өкүм күчүн кылбайбы,
Өткүрлөрдүн баарысын
Өкүнүч менен кырбайбы!?
Кыйын болуп калбайбы,
Кызыл ээк чалдарга,
Кыямат күнү түшпөйбү,
Кызыл муштум балдарга.
Алдыратып койбойбу,
Ак чач болгон кемпирди.
Алтайдан бизди бул жерге
Алда таалам келтирди.
Өткүрү калсын элимдин,
Намысын коргойм жеримдин.
Кыргыздан чака пул чыкса,
Өчкөнү жакшы өмүрдүн.
Кыргызга намыс талаштым,
Кылыктан Бакай адаштым.
Кызыл чака чыкканча,
Кыямат кетсин Манасың!".
Ачууланып муну айтып,
Абакеси Бакайды
Азыркысын муңайтып,
Токтолуша калыптыр,
Токойлуу кендир тоосунан,
Толкуп жаткан көп кошуун,
Жайнап чыгып алыптыр.
Туусу тууга урунуп,
Туташып тозоң бурулуп,
Ала байрак ак найза,
Колдорунда заңкайып
Атпай кыргыз шерлери
Алгыр куштай кымпыйып,
Астындагы мингени
Аргымак аттар кындыйып,
Айдаркан, Көкчө, эр Үмөт, —
Азар түмөн кол келет.
Аргын Каракожосу,
Айкымдардын Шаабеги,
Алчындардын Бообеги,
Окчулардын Шүкүрү,
Нойгуттардын Чубагы,
Орчун улуу кол менен
Келип турду бу дагы.
Кыйындын бири Байжигит.
Кыпчактардын Үрбүсү,
Кыйындардын баарысы
Кыргылчал баштап карысы
Жанадилдин Жанайы
Жайнап келди көп кошуун,
Кызгыздардын далайы,
Аранике бет алып
Аттанган жагын өрт салып,
Ак асаба кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу,
Көк асаба кызыл туу,
Көк жаңырган улуу чуу.
Доол согуп күңгүрлөп,
Тоо көчкөндөй дүңгүрлөп.
Жаракты белге чалынып.
Жаратканга жалынып,
Баянды деген талаага
Бара жатыр көп черүү
Баштаганы эр Манас.
Боз ала тоонун учунан,
Болжолу жок көп кошуун
Чыга түшсө ушундан,
Араниктин талаасы
Ат чабым жакын калыптыр,
Карарып жаткан калаасы.
Кошуун менен жык толду
Дарыя тоонун арасы.
Найзанын учу жылтылдап,
Кошуундун башы кылкылдап,
Дүнүйө толуп былкылдап,
Калаасында каңгырап,
Бандулусу* кагылып,
Байкаган эстен жаңылып,
Найзага найза чабылып,
Калаадан чыгып көп кошуун,
Кыргыз жакка жабылып,
Күңгүрөгөн добушу,
Күнчүлүк жерге угулуп,
Араниктин калаага
Кошуун батпай тыгылып,
Булардын каны Кеселик
Баянын айтып кетелик
Талап соксок жолборсу,
Талапташ жүргөн жолдошу.
Айчаң уулу Кеселик,
Кошуун башчы эрлерин
Айтьш өтүп кетелик.
Шаа Куршаа күрөндү,
Шапкер тартып көп эли,
Кошуунга салып сүрөндү,
Азгыргандай дүйнөнү.
Лайлама* малу деп,
Айгай менен жүргөнү.
Айбатын көргөн адамдар
Аягын көрүп жүдөдү.
Качалык, Укуриясы
Кашындагы кыргызды
Жок кылчуудай кыясы.
Келди чаңы созулуп,
Кетте черүү* кол менен
Кеселике кошулуп.
Санамар менен Байманы
Сансып кошуун барганы,
Жана сегиз байы бар,
Урушка кирер балбаны —
Ашай аттуу баатыры
Азар түмөн кол алып,
Кошуун келген акыры,
Алоокенин колунда
Албан түрлүү баатыры,
Айбатын көргөн адамдын,
Калар эмес акылы.
Төрт керикке* жүк артып,
Төрт жүз бөлөк туу тартып,
Кажылдашып чуу тартып,
Каңгай менен кыргыздан
Кылкылдашып барлык жан
Дап добулбас* урушту,
Сап байлашып турушту.
Так ошо жерде көрөсүң
Тамашалуу жумушту.
Туу көтөрүп, кан жайып,
Туташып кошуун калдайып,
Үшү кетип жамандар
Уруш көрбөй далдайып,
Мууну кетип шалдайып,
Астынкы эрди албайып,
Үстүңкү эрди калбайып,
Үшкүрүгү көп болуп,
Өңү сары чөп болуп,
Баатырлардын баарысы
Майдандан жоктур калгысы.
Өрттөй көзү кызарып,
Өрдөктөй мойну узарып,
Караса, көзү чачырап,
Кайраса тиши качырап,
Эликтей көзү жайнашып,
Эринин кесе чайнашып,
Токтоп тура калганы.
Токтолгон жерде каңгайдан
Тобунан ашык баатыр жан —
Талап аттуу балбаны
Кошуунунан бөлүнүп,
Айгайлап чыга калганы.
Нак ушу жерде көрүндү,
Азыркынын айбаны.
Найзасын алып колуна,
(Аңдаңар сөздүн соңуна),
Алты сайлуу ак бараң,
Асынып мылтык жонуна,
Кылычын байлап белине,
Кыргын салып келем деп,
Кыргыз, казак элине,
Туюк темир туулга,
Кийип алып башына,
Кесенген бойдон келиптир,
Кыргыз колдун кашына.
Көбүнөн чыгып бөлүнүп,
Көрөр болсоң чоң башын,
Көк сырдаган күмбөздүн
Төбөсүндөй көрүнүп,
Мунарадай бою бар,
Бу дүнүйө жалганды
Бузам деген ою бар.
Кыргыз менен казагың
Берейин деп азабын,
Айгай салып акырып,
Ажалың жеткен келгин деп,
Аман калбас элиң деп,
Коркогуң эмес эриң деп,
Жыгылар ушу жериң деп,
Бири менден кутулбас,
Бу жерге келген элиң деп,
Жалгызың эмес жамың деп,
Жалпы баарың өлөрсүң,
Аман калбас жаның деп,
Караң менен каның деп,
Кайсы ажалың жеткениң,
Камданып чыга калгын деп,
Бар кошуунуң жыйылып,
Мага келбес алың деп,
Баатырың болсо, ат мин деп,
Балбаның болсо, бат кел деп,
Так ажалың жеткениң,
Талап дөөгө кез кел деп,
Добулду катуу урганы;
Бадиректи карасаң,
Майданга кирип турганы.
Көпчүлүк сөзүн угуптур,
Көтөрүлүп бу кытай
Майдан тартып туруптур.
Кыпчактын Көчөк баатыры,
Кыйкырып чыгып акыры,
Желегин шамал жапырып,
Жетип барды акырып.
Акырып найза салганы,
Найза экен деп элебей,
Каңгайдын Талап балбаны
Кагып ийип найзасын,
Күч менен күрсү салганы.
Карган Көчөк баатырың
Күл-күл болуп калганы.
Көмө чаап Көчөктү,
Талаптын сөзү күчөптүр:
"Чымчыкча чыдап калбадың,
Чыкпай калды арманым.
Бачым кел деп баатырың,
Талкалар Талап бакырың,
Караң коюп каның кел,
Миңиң коюп саның кел.
Өлүмүңдү сагынсаң,
Өңкөй кыргыз баарың кел!".
Талап муну сөздөдү,
Кыргыздардын Талапай,
Бу каңгайга көздөдү.
Ачууланып акырды,
Желге желек жапырды.
Жекеге чыккан Талапты
Талапбай эми чакырды.
Талаптан найза жеткени,
Кылыч менен бу каңгай
Кыя чаап кеткени.
Кыя чаап найзасын,
Кылды каңгай айласын.
Талапбай кайра качыптыр,
Найзасы сынып шашыптыр.
Азыркысын ал Талап,
Ал-кайраты ашыптыр.
Ашпаганда неткени, —
Талапбайдын артынан
Дагы кууп жеткени.
Аты менен өзүн да,
Жара чаап кеткени.
Ат-маты менен бөлүндү,
Алиги келген баатырдын
Айбаты катуу көрүндү.
Талапбайды талкалап,
Таз күрөң минип чалкалап:
"Азыр мага келе бер,
Алтайдан келген төрт кыргыз
Кимди жүрсүң аркалап?
Кайнатайын шоруңду,
Кара жер кылып ордуңду,
Кейитермин жаныңды.
Кетирермин саныңды.
Келе бергин соёюн
Бириң эмес баарыңды!".
Муну айтып айгай салганы.
Казактын Соорун балбаны
Канетет деп бу Талап,
Каршы барды акыры.
Найза салды Талабы.
Талаптын чанчкан найзадан
Соорун тирүү калабы?
Боордон найза салыптыр,
Сырттан чыга калыптыр;
Жыгылды Соорун шол жерге.
Карап турган калың журт
Эси келбейт "ээ" дээрге.
Бар жарагын байланып,
Жоо жарагын шайланып,
Кайра жаачу булуттай,
Каар жүзүнө айланып,
Кадыр алда кудаа деп,
Жаратканга жалбарып,
Уларбозду моюндап,
Кара сакал коюндап,
Абакеси эр Бакай
Атка минсе ак жолтой,
Атышкан жоодо сан колдой.
Жортук жүрсө,ак жолтой,
Жоого тийсе сан колдой, —
Абакеңиз эр Бакай
Уларбозду аргытып
Артынан чаңын баргытып,
Талапка каршы жеткени.
Талкалайын муну деп,
Көргөн жерден эр Талап
Көңүлүнө кеткени,
Көк найзаны көтөрүп,
Көсөл Бакай жеткени.
Каңгайлардын Талабы
Кыйкырган бойдон а дагы,
Күрсүсүн күүлөп алыптыр,
Шыпыра чапсам найзасын,
Кетирем деп айласын,
Найзага күрсү салыптыр.
Күрсү келип тийгенче,
Найзасын Бакай буруптур.
Жаздым чаап найзаны,
Күрсүнү жерге уруптур.
Эми Талап куруптур.
Курубаса неткени,
Кекиртекке жанчканда
Асаба төшкө жабылды,
Астындагы Тазкүрөң
Сооруга башы чабылды.
Кызыл каны шыркырап,
Тамагынан жел чыгып,
Найза тийип кыркырап,
Бөрү тилдүү тил найза
Тамактан ары мылгыптыр,
Чыпалактай кара кан
Акырек ылдый жылжыптыр.
Кылычты Бакай алганы,
Оң тарапка салганы, —
Карысынан оң колу
Жерге түшүп калганы.
Сол колу менен калыптыр.
Бура тарта бергенче,
Бакай кылыч салыптыр.
Бакайдын көргүн ойнуна,
Кылыч тийип мойнуна,
Башы жерге калыптыр.
Уларбоз башын буруптур,
Урушта Бакай туруптур.
Каңгайды кудай уруптур.
Суксак аттуу батыры
Майданга кирди акыры.
Өнөрдү бөлөк баштаптыр:
Үч тегирмен таштарын
Катуу кара жыгачка
Шынаа кагып аштаптыр.
Күрсүсүн көрсөң,мына бу,
Бул тийген аман турабы!
Күчү толук кызталак,
Күркүрөшү күн болуп,
Бетиндеги ызгаары,
Бери болсо капырай,
Бир байпактык жүн болуп,
Келди суксак күркүрөп,
Көргөндүн бою дүркүрөп,
Өлтүрдүң Талап эрди деп,
Кыйрымдан бузуп сен алдың,
Кыргыз,казак элди деп,
Сенин кылган ишиңе,
Менин жиним келди деп,
Эне-атаң барган жериңе,
Жиберейин сени деп,
Колго найза алыптыр,
Коржоңдогон бул Суксак,
Сур атка камчы салыптыр;
Мелтиретип найзаны
Бет алышып калыптыр.
Калмак ээр кашына,
Как жүрөктүн башына
Эр Бакай найза салыптыр,
Алтын кемер четине,
Ай балканын бетине,
Суксак шилтеп калыптыр.
Найзалар төшкө така-так
Найзанын алы келе албай,
Бирин бири жеңе албай,
Айбалта башка шака-шак.
Имерилип турушуп,
Элүү-кырктай урушуп,
Аркы-терки чабышып,
Арманы жок салышып,
Урушта жүрүп токтолуп,
Эр Бакайдын Көкчыбык,
Жонунда жүргөн октолуп,
Коросон оттук бир чагып,
Көк милте калды чоктолуп,
Абакеңиз Бакайдын
Көңүлү тынып токтолуп.
Оңдоп найза алганы,
Карысына салганы,
Кароолго башын келтирип,
Маша тартып калганы.
Көкчыбык үнү тарс этти,
Көз ачырбай ок жетти.
Башын жарып ок кетти.
Суксактын башы жарылды,
Мээси жерге жабылды,
Аны көрө салганы,
Кеселик аттуу балбаны,
Кыргызды койбой кырам деп,
Кекенип жетип барганы.
Абакеңиз эр Бакай.
Кабыргасы кайышты,
Кенебей турган эр Бакай
Кеселик менен сайышты.
Найзалашып ал экөө,
Аш бышымдай алышты.
Абакеңиз эр Бакай,
Ачууланып акырып,
Кары жинин чакырып,
Кеселикке жеткени,
Кемерден кармап кытайды
Алты жашар баладай
Атынан жулуп кеткени.
Көрүп кошуун турганы,
Көтөрүп туруп эр Бакай
Жерди көздөй урганы.
Жерге тийип алыптыр,
Тийген жагы быркырап,
Немеси калбай калыптыр.
Уларбозду ойнотуп,
Кеселик дөөнү сойлотуп,
Майданда уруш салыптыр.
Байкап көрсө кеч болуп,
Урушу таркар кез келип
Кайра тартып калыптыр.
Эр Бакай кошко барыптыр.
Кароолду катуу коюшуп,
Эки колдун баарысы
Карынын ашка тойгузуп,
Чыңоолдорун чыңашып,
Чың эткен үнүн чындашып,
Конуп кошуун жатыптыр.
Эртеңки таң атыптыр,
Тоолорго күн чалыптыр,
Толкуган дайра көп кошуун,
Камданышып калыптыр.
Шакурша деген баатыры
Майданга кел деп бакырды,
Бат жүргүн деп чакырды.
Каары катуу калмактын
Жаркөк деген аты бар,
Дажаалдайын заты бар.
Астындагы Жаркөктүн
Жаадай бели ийилип,
Жаалданып Шакурша,
Жалаң темир кийинип,
Лаилама колдо деп,
Лаанатка сыйынып,
Майданга кирип алыптыр.
Бачым келгин мында деп,
Бакырыгын салыптыр.
Аны көрүп күүлөнүп,
Ачууланып, сүйлөнүп,
Арыстан Үрбү барыптыр.
Кыйкырып калмак жеткени,
Кылычын сууруп чабарда,
Кыраан Үрбү калмакты .
Кыйык атып кеткени.
Беттешкенин мерт кылган,
Арыстан Үрбү баатырдын
Адистиги эмей неткени.
Аны көрүп акырып,
Лаилама колдо деп,
Тирүү жаным калат деп,
Бөөдө кам-кум болбо деп,
Күрөңдү келди күркүрөп,
Көргөндүн бою дүркүрөп.
Ооздон оту буркурап,
Көздөн жалын шыркырап,
Найзаны колго алыптыр,
Алиги Үрбү баатырга
Айкырып найза салыптыр.
Кагып ийип найзасын,
Кайра Үрбү шилтеп калыптыр;
А да кагып салыптыр.
Он беш кайра беттешип,
Жыгыша албай калышып,
Кылыч сууруп алышып,
Кырк, элүүдөй чабышып,
Башта калкан туулга
Басылбаган чуулган.
Кыйкырып кылыч чабышып,
Алсак дешип бир-бирин,
Асылышып жабышып,
Ай балта бар белинде
Ак тасма боо тагышып,
Теңөлүктөн алышып,
Төбөдөн ары салышып,
Башка калкан жабышып,
Калканынын үстүнө
Балта менен чабышып.
Балта катуу чабылып,
Болотко-болот чагылып,
Күркүрөгөн көк жалын
Туш-тушуна жабылып,
Аленгир* жаа, сыр жебе,
Керип тасма чоюшуп,
Көргөндөр жандан тоюшуп,
Саадак менен бир-бирин,
Отуз-кырк атып коюшуп,
Жаанын огу короюп,
Кирпичечен огундай,
Сайган бойдон сороюп,
Ок боюна кадалып,
Батып-батып, мадалып,
Соот менен кыягы,
Кийген тону көк темир,
Сонун болуп сыягы,
Мылтык октоп атышып,
Мыктап жаа тартышып,
Жадаганда бул экөө
Жанып колго кайтышып,
Коркоктор турду нес болуп,
Эки баатыр кез болуп.
* * *
Кош-кошуна кайтышты,
Уруш менен кеч болуп.
Даамдарын татышты,
Эки кошуун баарысы
Кароол коюп жатышты.
Кароолду катуу коюшуп,
Кайгыланып кай бири,
Кандай заман болот деп,
Кара жандан тоюшуп,
Ал күнү антип жатыптыр,
Эртеңки таң атыптыр.
Качалык деген баатыры,
Каарданып акырды,
Кайдасың бурут келгин деп,
Талалкерден чакырды.
Аш казандай башы бар,
Комдонуп жаткан кара иттей,
Эки кара кашы бар.
Эрлиги ашкан элинен
Элүүгө жакын жашы бар,
Тоту куштун куйругун,
Төбөсүнө сайынган,
Көк отого тамы бар, -
Качалык кирди майданга.
Лаилама колдо деп,
Кыйкырыгы баш жарат,
Кыргыздан чыкчуу ким барсың,
Бул өңдөнгөн айбанга?
Кабай бай уулу Ашаң дөө,
Казактардан акырып,
Каарданып бакырып,
Каршы барды ошондо
Качалык сындуу баатырга.
Качалык каршы турганы,
Кара найза сунганы
Ашаң дөө жетип урганы.
Качалык турган жолуна
Айбалта кармап колуна,
Айбалта катуу чабылып,
Найзага келип жабылып,
Сынды найза качырап.
Найзанын сынган сыныгы,
Ар тарапка чачырап,
Ашаң дөөнүн өзүнө,
Аңдап көргүн азамат,
Эртеги элдин сөзүнө.
Найзадан сынган бир сынык,
Кадала түшүп көзүнө.
Ашаң дөө көздөн айрылды,
Кошуунду көздөй кайрылды.
Ашаңдын көзү чыгыптыр,
Алиги баатыр Качалык
Артынан жетип Ашаңды,
Ай балталап жыгыптыр.
Ай балта тийген башына
Ашаң дөө келип жыгылды,
Калың кошуун кашына.
Өлтүрдүм деп бурутту
Кайра тартып кеткени.
Жарадар болуп жан калып,
Жарым эс болуп сандалып,
Бир көзүнөн айрылып,
Билбей эстен кайгырып,
Колуна кирди кайрылып.
Көрүп аны калганы
Көк ала ат менен салганы,
Ар жагынан Качандын
Көкчө жетип барганы.
Чарайна жонго тартынып
Кылыч-мылтык бар жарак,
Көпкөк темир артынып,
Жетип Көкчө барганы,
Көкчөнү көрүп Качалык,
Алеңгир жааны кармады.
Күпүдөн жүндүү ок алып
Күчү менен бек атты,
Оң кылбаймын деп атты.
Качанды Көкчө тутуптур,
Кабаттын бешөөн бузуптур,
Ок өтпөдү, токтолду,
Оңдурбасмын сени деп,
Оён Көкчө октолду.
Көкчө баатыр жеткени,
Көөдөнгө найза неткени.
Көпкөк болот чарайна,
Учу батпай найзанын,
Тайгылган бойдон кеткени.
Найзадан аман калганы,
Айдаркан уулу Көкчөнү
Ай балта менен салганы.
Ай балтага чаптырбай,
Сабынан Көкчө кармады.
Ай балтага тартышып,
Амалы элден артышып.
Кармаган колу карышып,
Бир-бирине жабышып,
Талашкан бойдон жарышып,
Талаага чыгып .кеткени,
Куушуп куюн жетпеди.
Тоо таянып алыптыр,
Токмоктошуп бир-бирин
Токтолбой уруш салыптыр.
Элден элким журттан так,
Уруш кылды ушул чак.
"Ит өңдөнүп кабышпай,
Азыр кайтып кетпейбиз,
Бирибиз жерге жабышпай.
Ушунубуз жарабас!
Уурулардай чабышпай,
Сен туруп бер мен атам,
Мына ушу жерде өлтүрсөм,
Маракеге мен батам!
Мен туруп берсем, сен атып,
Эрлердей уруш салалы,
Алдуубуз жеңип алалы.
Нак ушундай иш кылып,
Арманы жок калалы!".
Ошону айтып Качалык,
Атынын башын бурганы,
Кезек берип баатырга
Кебелбей Көкчө турганы.
Көтөн ооз көк бараң,
Огум өкүм тийсин деп,
Көнөктөй болгон көк куту
Көтөрүп колго алыптыр,
Кылабынан ашырып,
Кытайдын кызыл кырымын
Мылтыгына салыптыр.
Кызыл кырым дарысы
Кыйла күчтүү баарысы.
Колодон сүмбө алыптыр,
Кой боорундай коргошун
Көк баранга салыптыр.
Коросон оттук* колго алып,
Кой боорундай кум кармап,
Жарк дедире чагыптыр,
Милтеге чокту салыптыр.
Милте чоктоп Качалык,
Бетине мылтык алыптыр.
Аллам өзүң сакта деп,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Жүзүнө калкан уучтады,
Калмактардын Качалык
Как маңдайга туштады.
Төбөсүн жулуп өтөр деп,
Дөөкүрсүгөн бу казак,
Чын ажалы жетер деп,
Калкандын чети кашында,
Туулга бар башында,
Калкан менен туулга
(Как экөөнүн ортосун,
Карап көргүн болжошун)
Эки каштын ортосун
Кароолго карап келтирип,
Кылабына* жеткирип,
Машааны ирмеп ийгени,
Чоргодой болгон кызыл чок
Казанчыкка киргени.
Ооз оту жарк этип,
Көк бараң үнү тарс этип,
Төрө баатыр Көкчөнүн
Төбөсүнөн төрт эли
Алыс бойдон ок кетип,
Кылабынан ашырып,
Кырма дары салыптыр,
Аткан жерден төрт эли
Арбындык кылып дарысы,
Алыс кетип калыптыр.
Аман калып эр Көкчө,
Алма баш мылтык алганы,
Аябай дары салганы,
Атайын деп эр Көкчө
Бетине мылтык кармады.
Карап чыдап тура албай,
Калмактардын Качалык
Кайра качып калганы.
Оно бою көк темир,
Ок өтөргө жери жок,
Сөзүн бузуп Качалык,
Качыщынын эби жок.
Качканга кантип коёюн,
Калың элге жеткенче,
Алда берсе соёюн!
Аны ойлоно калганы,
Мылтыкты бетке алганы,
Качкандыгы билинди,
Камчыланам дегенде,
Кароолго оң кол илинди.
Илингенде оң колу,
Эми чыгар ойрону.
Машааны ирмеп салыптыр,
Оң колунун билегин
Ок үзүп кетип калыптыр.
Сол колдо тизгин, чылбыры,
Талаадагы сай менен,
Талаа булуң жай менен,
Колун көздөй бет алып,
Азыр качып калыптыр.
Жалгыз калган сол колу,
Жайыл калмак оңбоду.
Атына камчы салыптыр,
Камчыланам дегенде,
Тизгин менен чылбыры
Колунан түшүп калыптыр.
Аргып бара жатканда
Тизгинге колун салыптыр,
Тушап койгон немедей,
Аты кетип кырданып,
Акылы кетип сурданып,
Аты кетип мүдүрүп,
Өзү кетип сүрүлүп,
Этеги башка түрүлүп
Жыгылып калган Качалык
Кайтадан өөдө туруптур.
Көтөрүлүп турганда,
Артынан жетип эр Көкчө
Көөдөнгө найза уруптур.
Чалкасынан жыгылды,
Чаңга башы тыгылды.
Сол колу менен таянып,
Көтөрүлүп турганы.
Көтөрүлө берерде,
Көкчө кылыч урганы.
Керденге кылыч салыптыр,
Тамдан түшкөн кабактай,
Башы жерде калыптыр.
Атын коштоп алганы,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Кошуунду көздөй салганы.
Кошуунга Көкчө барганы,
Калмак жактан айкырып,
Каарданып бакырып,
Укурия дегени
Үч жүз батман күрсү алып,
Тул кара деген аты бар,
Дажаалдайын заты бар,
Жүз кез найза колунда
Майдандын чыкты жолуна.
Эрегишкен эр Көкчө
Мылтык атып өткөнү,
Алыс огу кыркырап
Кошуунуна жеткени.
Эки адамдын төбөсүн
Жарган бойдон кеткени.
Айдаркан уулу эр Көкчө
Алыс атып салганы.
Укурия чоң балбан
Октон аман калганы.
Качырышып сайышып,
Тонунун чыкты дал-далы.
Айбалта, кылыч чабышып,
Аянбастан салышып,
Урушуп жүрүп кеч кирип,
Ушул экөө кайтышты,
Көргөн-билген жумушун
Көпчүлүккө айтышты.
Ал экөө тартты көп түлүк,
Аларды көрүп турганда
Айран болду көпчүлүк.
Чыңоол, кароол коюшуп,
Эки журттун баарысы
Чымындай жандан тоюшуп,
А күнү жатып таң атып,
Чатыр тигип саяттап,
Жолду карап танаптап,
Эртесинде шашкеде,
Эр Санамар манжуудан
Эми чыкты шарактап.
Кайнатасы Кошойдун,
Кабарын уксаң ошонун,
Данаңгир деген шаа деген
Далай бенде жеңбеген.
Манас кандын колунан
Мунар чыкты буластап,
Санамардын жолунан.
Санамар аяр киши экен,
Ар качан кылар иши экен.
Колго найза алыптыр,
Коржоңбоз деген атына
Санамар камчы салыптыр.
Жаалданып бу баатыр
Мунар канга. келатыр.
Бура тартар эр эмес,
Мындай иштен Мунаркан
Коркуп калар неме эмес.
Алкүрөң деген күлүккө
Эр Мунар камчы салганы,
Качырышып бир-бирин,
Найза шилтеп калганы.
Эрдемсиген Санамар
Ээрден көчүк кылтайып,
Үзөнгүдөн бут тайып,
Жыгылар жерге жеткени.
Жыгыларда бу жылас
Аярлык кыла кеткени.
Апсун окуп алыптыр,
Жалгыз келген Санамар
Алтоо боло калыптыр.
Алтоон бирдей караса,
Азыр болду каргаша.
Ээрден көчүк кылтайып,
Үзөнгүдөн бут тайып,
Алты болду Санамар,
Аңгемесин каранар.
Кыргыздар көзүн салыптыр,
Баатыр аяр экен деп,
Муңайып айран калыптыр.
Алтоо болуп Санамар,
Ар тараптан Мунарга
Кылычтап кирип калыптыр.
Аярлык кылып жатыр деп,
Кыргыздын аяр эрлери
Жоголгонбу такыр деп,
Эр Бакай айгай салыптыр.
Айтканын угуп алыптыр;
Абакеси эр Бакай
Кошуунду карап калыптыр.
Кошуундун Көйүш аяры
Алиги барган Мунардын
Аркасынан барыптыр.
Көйүш үйлөп дем салып,
Кайраты каркап толуптур,
Ушу барган Мунары
Сексен Мунар болуптур.
Санамар кирди жабылып,
Майдандагы Санамар
Башына кылыч чабылып.
Сексен Мунар токмоктоп,
Санамарды айдап алыптыр.
Кайсыга уруш кыларын
Санамар билбей калыптыр.
Аярдын ишин биле албай
Кой дегенге тил албай,
Көптөсө көзүн оёр деп,
Көптөп кетти олор деп,
Жалгыз барып Санамар,
Арманда өлүм болор деп,
Араниктин талаадан,
Кошуун чыккан калаадан
Жекеге барган Санамар,
Айрамын деп балаадан,
Күрөңдү буруп ийгени,
Атайын келген кошууну
Урушуп жаткан Мунарга
Пайнанышып киргени
Бер жактан кошуун каптады,
Баатыр Манас баш болуп
Көп черүү жалпы аттанды.
Он миң кошуун күңгүрөп,
Ойдон-тоодон дүңгүрөп,
Манастап салган урааны;
Аны көрүп каңгайлар
Аламан койду бу дагы.
Каңгай менен кыргыздан,
Кайра тартпай ушундан
Дүңгүрөгөн дүбүртү
Дүнүйө жүзү бузулган.
Бузулбаса неткени, —
Карап турган көп кошуун,
Чабуул коё кеткени.
Айбалта башка шака-шак,
Найза төшкө така-так.
Кылычты колго алышып,
Кыйкырып кирип калышып,
Кылды булар намысты,
Намыс эмей неткени.
Аралашып кеткени.
Жарак салып бир-бирин
Жаралашып кеткени.
Ай балта башка шак этип,
Найза төшкө так этип,
Оройго курсу тийгенде,
От көзүнөн жарк этип,
Тууга карап турушуп,
Туу таянып урушуп,
Байрак булгап бакырып,
Баланды көптөп кетти деп,
Бирин-бири чакырып,
Кыйкырып кирип бет алып,
Бир чекесин жапырып,
Мылтыктын үнү бадырап,
Доолдун үнү дабырап,
Миңге бири тийишип,
Качпалашып жабырап,
Найзанын баары чабышып,
Адамдын башы кагышып,
Арманы жок салышып,
Күндүзгү күнү түн болду,
Кулак тунган дүң болду.
Таш, топурак асманда
Сапырылып жүн болду.
Ак бараң, мылтык чаңырып,
Ач кыйкырык жаңырып,
Кыргыз менен кангайлар
Уруш кылып жабылып,
Жал куйругу жайылып,
Ат жыгылып булайып,
Сакалдары сайылып,
Адамдар өлүп сулайып,
Кай бирөөдө кулак жок
Кылыч тийип чунайып.
Шоркураган кан чыгып,
Коркурай түшүп жан чыгып,
Көзү чыгып көр болуп,
Олойгону дагы бар,
Колу-бутун ок алып,
Чолойгону дагы бар.
Эбак өлүп жан чыгып,
Солойгону дагы бар.
Чаң уюду обого:
Ошо күнкү кыргыздар,
Өзү келди тобого.
Лаилама малуу деп,
Ыксыз уруш бу бир кеп.
Замбирек жерди көчүрүп,
Самсып жаткан көпчүлүк.
Колтуктун баары чоюлуп,
Койгулашып чабышып,
Колдун баары жоюлуп,
Канаттын баары кайрылып,
Чапандын баары айрылып,
Этектин баары түгөнүп,
Эриндин баары кесилип,
Эмчектин баары эзилип,
Эринин кесе чайнашып,
Өрттөй көзү жайнашып,
Чалабын жанга байлашып,
Кырандардын кыйласы,
Кышкы кирген буурадай,
Кычырап тишин кайрашып,
Айкырып найза салышып,
Аркы-терки чабышып,
Адашып кеткен кай бирөө
Нак ошо жерде табышып,
Кайда кеттиң сен дешип,
Кайратты мага бер дешип,
Кансырап барам мен дешип,
Жебенин огу кыркырап,
Чарайнага тийгени
Огу сынып быркырап,
Денесине ок тийсе
Кан төгүлүп шыркырап,
Кылычты — кылыч кесишип,.
Кызылдай жандан кечишип
Кыжылдаган көпчүлүк
Аралашып кетишип,
Ай балта жандан чечишип,
Аманат жандан кечишип,
Айгайлашып эки кол
Аралашып кетишип,
Аламан уруш салыптыр;
Арыстан Манас баатырга
Кеселик келип калыптыр.
Мажусу дин дини бар,
Кытай, калмак эли бар,
Урушууга маш кылган
Кашында сегиз пили бар.
Ата турган мылтыгы
Ал кезекте замбирек,
Арыстан Манас баатырга
Айгай салып бадирек,
Пилдин баары күңгүрөп,
Бир тоо көчкөн эмедей,
Жер бузулуп дүңгүрөп,
Пил баштарын жиберип,
Буудан Манас баатырды
Мурду менен имерип,
Аттан алып салууга
Эгер жерге жыгылса,
Талкалап жанын алууга,
Күңгүрөп пили жеткени,
Баатыр Манас берендин
Баатырлыгы эмей неткени,
Пилдин чабар мурдуна
Кылычты шилтеп кеткени.
Кылды баатыр бул ишти,
Шилтегенде кылычты
Пилдин мурду каарылып,
Так түбүнөн таарылып,
Баатыр кылыч салыптыр.
Мурунунан айрылып,
Мурунку келген тоодой пил
Кошуун көздөй кайрылып,
Кайра качып калыптыр.
Пил үйрөткөн кишиси
Чоюн чокмор алыптыр.
Чокусуна койгулап,
Бура тартып калыптыр.
Тартканына болбоду,
Артында келген Кеселик
Ат-маты менен,пил барып,
Азыр көмө койгону.
Пил үйрөткөн кишини,
Найза менен бир коюп
Бүтүрдү Манас ишини.
Түн ичинде суурса,
Өрт өндөнүп кызарган,
Уруштуу күндө узарган,
Арыстан Манас баатырың
Албарс кылыч алыптыр,
Алты пилди шол жерде
Он эки бөлүп салыптыр.
Мурдунан бир пил айрылып,
Токтобостон кайрылып,
Калааны көздөй бет алып,
Качып жөнөп калыптыр.
Кайрылбас жолго салыптыр.
Келгени сегиз пил эле,
Азыр аман бири эле.
Качты бирөө мурду жок,
Кан Манаска бет алып
Кайрат кылар журту жок.
Алты пилин өлтүрүп,
Айтканына көндүрүп,
Арыстан Манас жүрүптүр,
Айгайлап алып каңгайды
Ары-бери сүрүптүр.
Карыдан колун сөгүлтүп,
Карада канын төгүлтүп,
Кайшлантып каңгайды
Туш-тушка кууп бөлүнтүп,
Бөрү тийген кой өңдүү,
Бөлүп-бөлүп жүрүптүр.
Мөндүлөтүп* сүрүптүр.
Ителги тийген таандай,
Элүүдөн-жүздөн бөлүнүп,
Эр Манас кирип барганда,
Каңгайдын каны төгүлүп,
Кабылан Манас баатырдын
Кырганына чыдабай,
Кеселик келди акырып.
Кезиккен жерден токтолбой
Ачууланып бакырып,
Аянбай кайрат кылганы,
Оолактан найза салганы.
Манас кылды айласын,
Түшүрө чапты найзасын.
Асабасы жайылды,
А тиги келген Кеселик,
Заманасы тарылды.
Найзакерден Кеселик.
Акылынан жаңылып,
Жаңылбаса неткени,
Каарын көрүп баатырдын
Кайра качып кеткени.
Аккула менен арыстаның
Шамалдай учуп жеткени.
Сыртынан найза салыптыр,
Ай далынын этек деп,
Сыр найза менен сайыптыр.
Ээрден көчүк кылтайып,
Үзөнгүдөн бут тайып,
Кеселиктин ошондо
Шайманы кетип калыптыр.
Каршы алдынан караса,
Күрөндү жетип барыптыр.
Күркүрөшү күндөй бар,
Сандыргалуу Манаска
Келип найза салыптыр.
Кез алдынан келген соң,
Душманын кудай берген соң,
Тура турган Манаспы?
Мубакүлдүү* найзаны
Булгап колго алганы,
Күрөндүгө салганы.
Саадак менен атам деп,
Огун кезеп алыптыр.
Киричтен огу чыкканча,
Эр Манас найза салыптыр.
Ооздон тийип найзасы,
Шилиден чыга калыптыр.
Күм-жан болду Күрөндү,
Караламан урушта.
Кабылан жанын үрөдү,
Күрөндүнү өлтүрүп,
Кеселиктин артынан
Кууган бойдон жөнөдү.
Кеселик качып алыптыр,
Аккула минген эр Манас
Артына найза салыптыр.
Даңгара атка өбөктөп,
Кеселик жөнөп калыптыр.
Бара жатып Кеселик,
Найзанын учун кармады.
Манастан тартып алууга
Балбан күчүн салганы.
Салган менен Манас кан
Найзаны сууруп алыптыр,
Кошуунунун ичине
Аралап качып барыптыр.
Ар тараптан Манаска
Каңгайлар балта, кылыч салыптыр.
Жалпы каңгай ичинде
Жалгыз Манас калыптыр.
Мөндүрдөн бетер ок атып,
Мөндүлөшүп* топ атып,
Жамгырдай кылып жаа тартып,
Жабуулашып* ок атып,
Жазайыл менен топ атып,
Жалпы каңгай көптөдү,
Жаалданып эр Манас
Жалгыздык зарпы өткөнү.
Аккелте мылтык чаңырды.
Арыстан эрдин ошондо
Ач кыйкырык жаңырды.
Үнүн угуп шо жерден
Абасы Бакай табылды.
Канжыганы катырып,
Карысын канга матырып,
Койго тийген бөрүдөй,
Жан көзүнө көрүнбөй,
Эр Бакай келип калганы.
Эринбей уруш салганы.
Кайнаган каңгай колу экен
Кошууну арбын мол экен.
Туунун турган жери экен
Туташкан каңгай эл экен.
Арасында каңгайдын
Арыстан Манас, эр Бакай,
Азап тартып бирдалай,
Тон тозулуп электей,
Томуктай болгон кара баш
Жошолоп салган челектей,
Арасында каңгайдын
Аябай уруш салыптыр.
Ал аңгыча караса,
Акбалтанын Чубагы.
Алда канча кол менен
Аралашты бу дагы.
Ордодогу он миң кол
Ошону баштап алыптыр.
Ойрон Сыргак акырып,
Ойбойлотуп жапырып,
Обого чанын сапырып,
Алсырап турган Манаска,
Алар келип калыптыр.
Ал жердеги каңгайды
Асты-үстүн салыптыр.
Кыйгактуу найза көк түпөк,
Кыр аркага мылгытып,
Кыжылдаган каңгайды
Дайраны көздөй дыргытып,
Кыргылчал жетип барганы.
Кара күрмө жеңи жок,
Кара топу, карыш чок,
Карсылдашып келгенде
Кайратынын эби жок.
Кызыл күрмө жеңи жок,
Кыл такыя, кызыл чок,
Кыйкырып кыргыз киргенде
Кырылышар эби жок.
Кошууну сап-сап бөлүндү,
Адамдын каны төгүлдү.
Туу түбүндө турушкан,
Каңгай турган кошууну
Туш-тушка качып сөгүлдү.
Кеселик сындуу баатыры
Манас менен экөнү
Бир найзаны талашып,
Турбады беле акыры.
Чаныш, Күнөм аяры
Кеселикке барганы.
Кеселиктин жайы жок,
Тирүү чыгар шайы жок,
Найзасын кармап Манастын,
Ары-бери талашкан,
Айбатынан айкөлдүн
Акылынан адашкан.
Аяры аны көрүптүр,
Алсырап каны туруптур.
Чаныш Күнөм аярды
Аныктап арбак уруптур,
Урбаганда неткени,
Апсун окуп дем салып
Арыстан боло кеткени.
Караганы соо болбос,
Качырганы оң болбос,
Кара чаар бир жолборс
Азыр болуп алыптыр.
Алып таштап иймеке
Эр Манаска барыптыр.
Аты менен өзүнө,
Асылып кучак салыптыр.
Атаңдын көрү муну деп,
Аяр экен өзү деп,
Айбалта белден алыптыр, —
Алиги жолборс болгонду
Так төбөдөн салыптыр.
Жолборстун тийди башына,
Кан жабылды кашына.
Кан акты булак суусундай,
Кадимден аяр ушундай.
Кан дарыя көл болду,
Кызыл канга чөмүлттү.
Кызталак аяр көп колду,
Жолборстун башын жарыптыр,
Карк боломбу канга деп,
Кабылан Манас баатыры
Өөдө көздөй салыптыр.
Өчтөшкөнү Кеселик
Өз ордуна калыптыр.
Кара канга чалпылдап,
Ат аябай чапкылап,
Арыстан Сыргак барганы,
Кеселиктей баатырдын
Төшүнө найза салганы.
Эр Сыргак найза салыптыр,
Кагып ийип найзаны,
Кеселик саадак алыптыр.
Сыргакты аткан жатканда
Эр Бакай жетип калыптыр.
Кабырганын тушу деп,
Как жүрөгү ушу деп,
Бакайдан найза жетиптир,
Бадирегиң* Кеселик
Атынан кулап кетиптир.
Жыгылды жерге далк этип,
Кызыл канга чалп этип.
Канга башы чөмүлдү,
Жолборс болгон аяры,
Бир үшкүрүп ийгенде,
Кеселик кайта көрүндү.
Айрылган аттан жөө болуп,
Апсун азыр күчүн көр,
Жалаң бою жүз кулач,
Кеселик турду дөө болуп.
Дүнүйө жүзү кан болуп,
Кан токтоду кызарып,
Карап турса Кеселик,
Бара жатыр узарып.
Көлкүлдөгөн кызыл кан,
Көп адамдар болгон таң,
Көл тизеге жеткени,
Аярлык эмей неткени.
Кошуун-колдун баарысы,
Кырга чыгып кеткени.
Алиги жолборс туруптур,
Аярды кудай уруптур.
Апсун окуп алыптыр,
Манас кандын кошууну
Айбанат болуп налыптыр.
Бири жылкы, бири төө,
Кеселик болгон бу бир дөө.
Бири уй да, бири кой,
Араниктин калаада
Абыдан болду улуу той.
Аярдын ишин билгени
Бегиш, Көйүш, эр Таскыл
Апсун окуп ийгени.
Ачуу менен акырды
Апсун окуп дем салып,
Айбан боло калганы
Калмак, каңгай көп калык,
Чүкүрүк аяр үшкүрүп,
Үйдөй болгон туманы
(Үрмөтүн көргүн дуванын!)
Манастын калың колуна
Туман жылып жетиптир.
Айбанат болгон кыргыздар
Азуулуу боло кетиптир.
Бөрү болду, чөө болду,
Кытай, каңгай кошууну
Уй да болду,төө болду;
Кыргыз, казак кошууну
Болду жолборс кабылан,
Калмактардын кошууну
Жылкы болду, кой болду,
Азуулууга той болду
Жылкыны жолборс алыптыр,
Чын балаага калыптыр.
Койго бөрү кириптир,
Бөлүп-бөлүп ийиптир.
Төөгө кирди кабылан,
Бири жүзгө камынган,
Байкап көрсөң бул элге,
Балаанын чоңу табылган.
Ал ишти көрүп алыптыр,
Топук аяр заңгиси*,
Токтолбостон туруптур,
Топуракка дем салып,
Ууштап алып уруптур.
Топурак колдон кеткени,
Тополоң шамал жеткени.
Калмак, манжуу кошууну,
Карчыга, шумкар куш болуп,
Айланып учуп кеткени.
Өнөр эмей неткени!
Манас кандын кошууну,
Көгүчкөн, карга, таан болуп,
Чукулдаша кеткени.
Ардалык, Ырдык туруптур,
Ууштап алып топурак
Апсун демин уруптур,
Топурак учуп созулду,
Айдарым желге кошулду,
Канаттуу болгон адамы
Кайта баштан баарысы
Адам болуп алышты.
Алигиден беш бетер
Аянышпай салышты .
Өнөрүн көргүн булардын,
Кайнатасы Кошойдун,
Артык аяр Мунардын,
Ак бараң мылтык алыптыр,
Дүрмөттөп алып мылтыгын,
Кесеңе көзүн салыптыр.
Кеселик турган дөө болуп,
Аты өлгөн, өзү жөө болуп.
Казандай кара башы деп,
Эки көздүн ортосу,
Ийилген кара кашы деп,
Аткан экен Мунаркан.
Бараңдын огу жетиптир,
Барган бойдон Кеселдин
Башын жарып кетиптир.
Туусун жыкты, кан өлдү,
Тура албады каңгайлар,
Туш-тушка качып жөнөдү.
Алты күнү, алты түн,
Уруш кылып бүпбүтүн,
Кеселикти өлтүрүп,
Кесип башын алыптыр.
Келген кошуун баарысы
Кездеше албай калыптыр.
Уруш менен кеч болуп
Көз байланган кез болуп,
Кыргыздардын тиккени
Төрт төбөлүү көк чатыр,
Бири минден качпаган
Билими артык көй баатыр,
Олтуруп орун алышты,
Оңдонушуп калышты.
Оңдонушпай канетсин,
Үч күн, үч түн басылбай,
Тынч албай уруш салышты.
Айрылбаган башы жок,
Алжайбаган кашы жок.
Сындырбаган колу жок,
Жыртылбаган тону жок,
Эшилбеген жону жок,
Тешилбеген тону жок,
Ооздо бүтүн тиши жок,
Бою бүтүн киши жок.
Кош-кошуна барышып,
Колу-буту сынганга,
Шак-шак* жонуп алышып,
Таңып жаткан андан көп.
Кызыл каны шоркурап,
Байлабаган басылбай,
Агып жаткан сандан көп.
Токтогон окту аштарлап
Тилип жаткан дагы бар.
Кыйшык бүтүп калат деп,
Колу-буту сынганды
Козголбостон жаткын деп,
Минип жаткан дагы бар.
Токтободу каны деп,
Дарысын тапкын анын деп,
Дарысын табам акыр деп,
Эптеп ичир баатыр деп,
Ачышканы жазылып,
Аккан каны басылып,
Үшкүрүгү баш жарып,
Үшүнө келип калышып,
Эсин жыйып алышып,
Жанымдан үмүт кылам деп,
Айтып жаткан дагы бар.
Жакшы экен деп жарасы
Эч-эчтеме болбойт деп,
Кайтып жаткан дагы бар.
Октун заары кетер деп,
Үшүнтпесең бекер деп,
Кажырдын өтүн алышып,
Кашкулак өтүн табышып,
Аюунун өтү барбы деп,
Аркы-терки чабышып,
Сурап жүргөн дагы бар.
Жакын тууган өлгөндөр
Күйөрүм деп өкүрүп,
Чуулап жүргөн дагы бар.
Боору бүтүн, башы эсен,
Аман калган кошуундар,
Мусулман көмүп өлүгүн,
Тыныктырып көлүгүн,
Жатып тынчтык алыптыр.
Каңгайдын кылган ишин көр,
Кыргын тапкан кишин көр.
Өмөлүп душман кириптир,
Өлүгүнүн канчасын
Кангайдын малы кайда деп,
Уулап жүргөн дагы бар.
Баатыр Манас кошууну,
Бүгүн тынчтык алышып,
Жатып калган чагы бар.
Алты күн болгон урушта,
Айгайлашкан жулушта,
Толгон оён өлүптүр,
О дүйнөгө барыптыр,
Орунун жерден алыптыр,
Бурак атын токушуп,
Жаназасын окушуп
Отко жагып ийиптир,
Канчасын таштап салыптыр
Типтик казып, ор кылып,
Таманын көккө каратып,
Башын жерге таянтып,
Көмгөн болуп алыптыр.
МАНАСТЫН АЛООКЕ МЕНЕН ШООРУКТУ ЖЕҢИШИ. АККУЛАГА ЭЭ БОЛУШУ
Достарыңызбен бөлісу: |