МАНАСКА ТИЗГИН БЕРИЛИШИ
Камбарбоздун үйрүнөн
Кармап алып тогузду,
Баарын бирдей сойдуруп,
Жер очогун ойдуруп,
Ата уулдан түк койбой,
Алтайлыктын элинен
Алды Манас чакырып
Азы менен көбүнөн.
Башка уруктан маңгул бар,
Баатыр Жайсаң, дагы бар.
Күлдүр, Калдар беги бар,
Манжурия журтунан
Бала Мажик эри бар.
Баштатан Дөгөн кары бар.
Андан бөлөк бул жакта
Алтайлыктын баары бар.
Алчын, Үйшүн, Найман бар,
Аргын, Кара кожо бар,
Абактардын ичинде
Айдаркан баатыр кошо бар.
Абасы Бай башында,
Жакып менен Акбалта
Дагы олтурат кашында.
Ушул жерде Бай экен
Күмүш сакал карысы,
Күтүп турган чагы экен,
Күлдү кыргыз баарысы.
Эми абасы Бай кеп баштайт,
Кеп баштаса, деп баштайт:
"Төгөрөктүн баарынан
Түрө келдик калайык,
Айлананын баарынан
Арбын келдиң, калайык.
Эсен кандан кол келип,
Эчен кайта мол келип,
Ортодон чыгып жоо болдук,
Ошо, камаса, кайдан соо болдук.
Тукум калбай кырылып,
Тумшугубуз катпайлык.
Туюкта минтип жатпайлык.
Ургаачыңды күң кылып,
Таң атпаган түн кылып,
Эркегиңди Эсен кан
Таманга басып жүн кылып,
Сатыкка салып кул кылып,
Сандыкка салып пул кылып,
Санабай малын айдатып,
Сайкашкаңды жайлатып,
Айдап жүрүп кырбасын,
Ар тарапка сайлатып.
"Баарыңарга эп болсо,
Бай абаң айткан кеп болсун,
Камданган болуп калалык;
Кашыңа келсе зордукчу,
Каяша кылып туралык.
Балдар, башчысы болбой марыбайт,
Баш-аламан жарыбайт.
Камдуу журт жоого кор болбойт,
Жарактуу киши зар болбойт..
Жайыт болбой мал болбойт,
Жабылса душман жан койбойт.
Калкалайм десең жаныңды,
Калдайган журтум биригип,
Көтөрүңөр каныңды.
Кандуу журт болуп калалык,
Калаба кылса кытайлар,
Кайрат кылган бололук.
Өлүп калсак кокустан,
Бир чуңкурга тололук.
Тирүү болсок баарыбыз
Бир дөбөдө бололук.
Бели катуу бирөөнү
Бек көтөрүп коёлук.
Калкка кабар салалык,
Кайраты бар бирөөнү
Кан көтөрүп алалык.
Калмак, кытай кол салса,
Каруу, жарак асынып,
Каршысына баралык".
Бай аба мындай дегенде,
Жандын баары күңгүрөп,
"Жакшы кеп!" — деп дүңгүрөп.
"Бара келде эп экен,
Бай абаң айтар кеп экен!
Кана чыгыңарчы, каныңар,
Чыгым тозор жаныңар!
Чыңданыңар баарыңар:
Беттешкен жоого белдүңөр,
Айтарга сөзү эмдүңөр,
Өткүр чечен тилдүңөр,
Өкмөт жөнүн билчүңөр!".
Улуу-кичүү баарысы,
Ушуну айтып салышты.
"Кан боломун калкка, — деп,
Кандай болсо чыдаймын,
Калк башкарган наркка" — деп,
Айтар адам жок болуп,
Акылдашып токтолуп,
Калың журт карап калганы.
Бая аң уулаган сексен төрт
Калкка көзүн салганы.
"Камалышың кандай?" — деп,
Бай аба элден сурап калганы.
Боз балдар анда кеп айтат,
Болгон ишти эми айтат:
"Аң ууладык баарыбыз,
Арада жок силердей,
Ак сакалдуу карыбыз.
Көпчүлүк сени билбейбиз,
Биздин көтөрүлгөн каныбыз!".
Айнакул бала кеп айтат:
"Ай, калайык, — деп айтат,
Чеге Минген Ак башты
Ай талаада сойгонбуз,
Манас деген баланы
Кан көтөрүп койгонбуз.
Биз кан көтөрдүк теги, — деп,
Биз көтөргөн каныбыз,
Аяк менен башыңа,
Карың менен жашыңа,
Келер бекен эби? — деп,
Саламаттын Айнакул
Сан журтка айткан сөзү бул.
Кары, жашы күңгүрөп,
"Каныбыз Манас болсун" — деп,
Калктын баары дүңгүрөп,
Жапырт айта салганы,
Көпчүлүк топук кылганы.
"Карап турган калайык,
Көрүп турат көзүңөр.
Кан кылбайбыз дегениң,
Азыр чыксын сөзүңөр.
Айлыңдан арман калбасын,
Атап коюп кандыкка,
Артынан калбаа салбасын.
Ата уулудан барсыңар,
"Аны кылбайт элек" — деп,
Арманың ичте болбосун!".
Акбалта айтып мындай кеп,
Айгайды журтка салганы.
Арыстан Манас жаш бала
Жыйынга басып барганы:
"Менин астымда болгон ага жок,
Ажал келсе, дабаа жок.
Артымда иним жаш жатыр,
Акылга дыйкан көй* баатыр,
Айтууга менде сөз жатыр.
Сууруп алар азаптан,
Сүрү катуу тууган жок,
Карып калган Жакыпта
Кайрат кылар шайман жок.
Казак, кыргыз бир тууган,
Кан болуучу жан болсо,
Бирөө чыксын бел бууган!
"Талаада атым сойдум, — деп,
Кан көтөрүп койдум" — деп,
Өз напсиме тартпаймын,
Тоодой токон аалатты
Өз мойнума артпаймын.
Келип турган көпчүлүк,
Калмагың бар, мангул бар,
Казагың, бар, кыргыз бар,
Бел байлаган болсун, — деп,
Мени боштон койсун" — деп,
Бала Манас айтат кеп.
Калк камалып калганы:
"Ырас айткан сөзүң, — деп,
Кан болууга бул журтка
Ылайыксың өзүң» — деп,
Көпчүлүк ичин жыйбады,
Өңгөсүнүн баарысы
Бир-бирине кыйбады.
Калктын баары күңгүрөп,
Кайраттанып дүңгүрөп,
"Көпчүлүк ою тынды, — деп,
Көтөрөлүк канды" — деп,
Алты кулач ак кийиз
Астына алып салышып,
Арыстан Манас баланы
Акбалта менен Айнакул
Жетелешип алышып,
Казак, кыргыз чогулуп,
Калмак, маңгул жабылып,
Ак кийизге Манасты
Олтургузуп алганы.
Журт көтөрүп калганы,
Алиги турган жыйынды
Жети айлантып барганы.
Ороздунун көк туусун
Эми Жакып оболотуп аштады,
Тойду жаңы баштады.
Оңолду Жакып карыя,
Абалкы пейлин таштады.
"Кайрат кылчу душманга
Манаска бийлик бердик" — деп,
Келгендер кетти жайына
"Кандуу журт болуп калдык" — деп.
МАНАС БААТЫРДЫН КОШОЙ ДӨӨГӨ КЕЛИШИ
Берен Манас көк жалын,
Ач болотун шайланып.
Жабдык жасап байланды,
Жанындагы кырк бала
Кадимкидей таптанды,
Баатырга жөкөр болууга
Баары бирдей чактанды.
Эр Манас кийген көк күрмө
Табылгы жаксаң чок өтпөйт,
Очогор атсаң, ок өтпөйт,
Жакадан тартсаң, кол өтпөйт.
Жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана* торгой көз,
Келеме жака*, кең күрмө
Керишке кийсе ылайык,
Көргөндүн көзү кубанып.
Соот кийип чыңданып,
Кара боюн тыңданып,
Толукшуган берениң,
Аймаңбоз минди ыргалып.
Алтайдагы кыргыздын
Акылманы Балта экен,
Жазы жаак, жалпак тил
Жаңылбаган чоң чечен.
Бала каздай баркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Абаң Балта кеп баштайт,
Акырын сүйлөп, бек таштайт:
"Журт башчысы өлгөндө,
Кызык кылып биздерди
Кытай, калмак бөлгөндө,
Бирөөбүз кеттик Эренге,
Бирөөбүз түшүп кеттик тереңге.
Бирөөбүз кеттик Каңгайга,
Бирөөбүз келип тыгылдык,
Мына бул кара калмак Алтайга.
Уламадан уласак,
Билгичтерден сурасак,
Ала-Тоону жер кылып,
Жүргөн кыргыз бар, дешет,
Алоокени алышып,
Сүргөн кыргыз бар, дешет.
Бул Алтайда жериң жок,
Бет алышып салышсак,
Белге таңуу кылууга
Белгилүү кыргыз элиң жок!
Кара тааңдай кол келсе,
Калайман баштап, мол келсе,
Кандай айла кылабыз?
Катылдык калмак, манжууга,
Алтайга кантип турабыз?".
Кашкардын жолун айланып,
Баягы келген Бай абаң
Арманын айтты мынчалык,
Арылбай башы санаадан.
Куруган жандан шай кетти,
"Балдарым, эми ойлон" — деп,
Бай абаң айтты бул кепти:
"Кыргызга көчүп кирели,
Ала-Тоо бойлоп баралык,
Баш аман, жаның эсенде
Журттун жайын табалык,
Кайыңдан найза кыялык,
Азган-тозгон кыргызды
Неме койбой жыялык,
Минтип медер кылалы!
"Катагандын кан Кошой
Белгилүү болгон эр ошол,
Белге таңуу шер ошол.
Кененче керчөө тон кийген,
Кер кабылан ат минген,
Азар түмөн кол чыкса,
Айгай салып бир тийген,
Байланып калган базардын
Багын ачкан эр Кошой,
Туруп калган Турпандын
Тушун ачкан эр Кошой.
Чокморунан чок чыккан,
Чок жарылып от чыккан,
Кармаганда кан чыккан,
Тиктегенде жан чыккан
Тоодой болгон күрсү алган,
Тоону Кошой бир салган.
Тоону Кошой бир салса,
Тоону кылган таш-талкан,
Абаң Кошой эр ошол,
Арбагы бийик жан ошол.
Жети өзөндөй кайран жер
Эби менен жер кылып,
Азган-тозгон кыргызды
Эптеп жүрүп эл кылып,
Теликуш* таптап куш кылып,
Тентиген жыйнап журт кылып,
Коргонду таштан салды, дейт,
Азган-тозгон кыргызга
Абам Кошой карыя
Башчы болуп калды, дейт.
Алагар көзү чолпондой,
Ай кулагы калкандай,
Пендеден артык шер ошол.
Балам, Манас, угуп ал,
Акбалта айткан кеп ошол.
"Биз айдалып кеткенде,
Бул Алтайга жеткенде,
Кыйла жыл баштан өткөндө,
Келгендерден кеп уктум,
Эр Үрбү аман деп уктум.
Үрбүнүн жайын айтайын:
Эки Кемин жайлаган,
Эгиз кара ат байлаган,
Күрүчүн күздүк айдаган;
Күлүгүнө күрүчтүн :
Күрмөгүн берип байлаган,
Кара тилин кайраган,
Кан алдында сайраган;
Кара токой мал эткен,
Кара үңкүрдү үй эткен;
Жалгыз жүрүп көбөйгөн,
Жарды жүрүп байыган
Атасы Таздын эр Үрбү;
А дагы кыргыздан чыгып эр болуп,
Кызматын билип эл конуп,
Конуш тапкан кези, дейт.
Кайрат кылып бел байлап,
Калкын баккан кези, дейт.
Сапарың болсун оңунан,
Жоо чыкпасын жолуңан.
Ала-Тоо жолун чалып кел,
Туугандан кабар алып кел,
Кыйкырып чыгар мыктуусун,
Кылыч чабар ыктуусун
Көзүн менең көрүп кел,
Көңүлүң менен билип кел.
Үйүр сагынбас ат болбойт,
Эл сагынбас эр болбойт".
Акбалтадан кеп угуп,
Кайраты келип чамынып,
Арыстан Манас аттанды,
Эми кыргызды көздөй камынып.
Эрчиткени кырк бала,
Бөөт-чөөт көл басып,
Адыр-будур бел ашып,
Бөтөнчө кара төр ашып,
Бөлөк тоону жакалап,
Көк жалың Манас жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Эрикпей эчен күн жүрүп,
Сонун эл, сонун жер көрдү,
Аркайган Ала-Тоо көрдү,
Аркырап аккан суу көрдү.
Булутка тийип баштары,
Бозоруп турат аскары.
Көккө тийип баштары,
Көгөрүп турат аскары.
Тоолору туташ, кары бар,
Токоюнда чары бар,
Жан жаралган ар түрдүү,
Жаныбарлар баары бар.
Коңулунда коён бар,
Копшутунда жылаан бар,
Тектиринде теке бар,
Будурунда бугу бар,
Адырында аркар бар,
Түзөңүндө түлкү бар,
Талаасында кулан бар,
Булбулу буруп сайраса,
Муңдуу киши уккусуз;
Буркурап ыйлап эчен жан,
Бул жайыңдан чыккысыз.
Тоосунан күкүк сүйлөнүп,
Талынан тоту күүлөнүп,
Кайыңга тууп куштары,
Камынган экен учканы;
Терекке тууп куштары,
Теминген экен учканы.
Жер соорусу турбайбы,
Муну жердеген адам тунбайбы!?
Талынын башы ийилип,
Тамашасы ушундай,
Кумунун үстү чийилип,
Чырпыктары чынардай,
Чымчыктары улардай.
Жер соорусу турбайбы,
Жердеген пенде тунбайбы!?
Көргөнгө көзү кубанып,
Тоңурайган тоону өтүп,
Толгон чуңкур коону өтүп,
Ашуу ашып,таш басып,
Арыстан Манас жол тартып,
Бел мойноктун белине,
Бет алып чыкты көк жалың
Үч-Каркыра жерине.
Жергелеше чыгыптыр
Жылтырканы, шыбагы;
Белден болуп чириптир
Бетегеси — тулаңы.
Жалбырагы жаргактай,
Жаткан экен Каркыра,
Кара курту бармактай,
Балтырканы билектей,
Маралы үркүп чү койсо,
Мала кашка инектей.
Жер байкаган сыягы,
Үч-Каркыра басты, дейт.
Кызыл-Кыя кымбат жол,
Кылт этип ашып түштү, дейт.
Ошондо баатыр оолугуп,
Ысык-Көлгө жолугуп:
"Береке экен, бел экен,
Пенде көрчү жер экен.
Ортосу көпкөк көл экен.
Суусунда миңдей түр экен.
Жердеген адам бай болор"
Түгөнбөс ырыс — кен экен".
Боз мойнокчо дөбөгө
Түшүп Манас жер чукуйт,
Эки эли жерин оодарса,
Кебелбес алтын бар экен.
"Жаныбарым Ысык-Көл,
Жер соорусу турбайбы, —
Жердеген киши тунбайбы!
Мындай кызык жер болбос,
Мындай кызык көл болбос.
Будур-будур бел экен,
Будурмак артуу жер экен.
Будурмак келип бурулуп,
Будурдан бугу куюлуп,
Будурдан бугу куюлса,
Жаткан экен, жаныбар,
Будурдун чөбү суюлуп,
Ар коктудан жаркырап,
Миңдей булак чубуруп.
Өйүз-бүйүз жери тар,
Ортосунда жайнаган көпкөк
көлү бар,
Жерине сан кол баталбай,
Найзанын башы чабышып,
Адамдын башы кагышып,
Алек болчу жер экен.
Кармашарым Каканчын*,
Калмак, кытай, — зор экен.
Туш-тушунан кол салса,
Өзөндүн баары жол экен".
Ушуну ойлоп эр Манас
Ысык-Көл ылдый жол жүрүп
Ат аябай мол жүрүп,
Көз кайкыган жер таппай,
Көлөкө кылып алууга
Көк жалың Манас эл таппай,
Кадыр билчү шер таппай,
Жердин үстүн кыдырып,
Булак койбой сыдырып,
Жалгыз аяк жол менен
Жүрө турсун баатырың
Калың токой чер менен.
"Акбалта айткан кеп эле,
Эртелеп жолго салайын.
Абам Кошой карыя
Ошону таап алайын".
"Табам, — деп Кошой абамды",
Ал күнү Манас жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Түш кыйшайып оогондо,
Адыр-адыр бел басып,
Өңгүл-дөңгүл тоо ашып,
Манас жөнөп калганы.
Дарбазалуу ордону
Чеч-Төбөнүн боюнда
Айландырган коргонду
Алыстан көзү чалганы.
Кең өзөндүн батканда*
Керилип кыргыз жатканда,
Адыр-адыр бел экен,
"Чеч-Төбө-Ата" дээр экен.
Адырда жылкы ала баш,
Эр Кошойдун колунда
Аргымак буудан аралаш.
Коштоп кийип суусар бөрк,
Ыргап турган кези экен,
Эч кимге башын бийлетпей,
Абаң Кошой ошондо
Жыргап турган кези экен.
Кезиккен жерге кент* кылган,
Кармашкан жоосун мерт кылган.
Кармашка — балбан, сайышка —
эр, —
Кошой жаткан ушул жер.
Алтайга кеткен айдалып,
Айласын— таппай сандалып,
Ордолуу журттан айрылган,
Өлдүк ко деп кайгырган,
Жакыптын жаш Манасы
Эми келатканын карачы.
Кароолчусу эрте-кеч,
Угар кулак, көрөр көз,
Куу байталчан Кутунай,
Анталаңдап Кошойго
Жеткенде айтат момундай:
Оргуп чыккан чаң көрдүм,
Абам Кошой, кебимди ук,
Орою суук жан көрдүм.
Көзү көлдүн ордундай,
Көрүнгөндү соргудай,
Кабагы чуңкур быткылдай,
Качырганды жуткудай,
Түрү суук уңкуюп,
Түпкө чогуу жетчүдөй,
Эгер эгеше келген жоо болсо,
Бизди түк койбой кырып кетчүдөй.
Мен Кутунай болгону,
Баатыр, Кошой карыя,
Өзүңө кароол турганы
Мындай эрди көрбөдүм.
Боконо сөөгүм болкулдап,
Боор ичегим солкулдап,
Өзүңө качып келгеним,
Абаке Кошой, бат камдан,
Адамдан мындай көрбөдүм!
Кудай бетин көрсөтпө,
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаар булуттай,
Каар бетине айланган.
Каарына чыдабай
Эстен тана баштадым.
Куу байталдын үстүнөн
Кулап кете жаздадым.
Чымындай жаным чыркылдайт,
Аттай туйлап жүрөгүм,
Керели кечке былкылдайт.
Кара чаар кабылан
Капталында чамынат.
Чолок көк жал арыстан
Бет алдынан камынат.
Кылыгын көрүп ал жандын,
Абаке, сени карай качканым.
Кытайбы деп шашканым.
Кыйын болсоң, чыгып көр,
Кымбатым Кошой, арыстаным!
Атайын келген жоо болсо,
Айта-буйта дегиче,
Ачып көздү жумгуча
Айкырык салып жетет ко,
Таш коргонуң талкалап,
Кум коргонуң кулатып,
Такыр кырып кетет ко,
Кыргынды мыктап салат ко,
Кылычтап башты алат ко!?".
Ошол кезде эр Кошой,
Сакчы күтүп, эл жыйып,
Балбандарын тең жыйып,
Атбашыда Чеч-Төбө,
Чеч-Төбөнү жер кылып,
Туура тарткан Кара-Тоо,
Мындан кароол каратып,
Баатыр Кошой абакең,
Эрендерди жыйнатып,
Колдун баарын жаратып,
Кабарчыдан кеп угуп,
Катуу жан келет деп угуп,
Улук Кошой карысы,
Уйгу-туйгу түшүшүп,
Жыйылган колдун баарысы
Жоо-жарагын алышып,
Берен Кошой баш болуп,
Белести тосуп калышып,
Белгилүү Кошой караса,
Аймаңбоз тулпар мингени,
Ок өтпөс торко кийгени,
Зордугу тоонун теңиндей,
Каарына алса, жегидей,
Аймаңбоз минип болкоёт,
Накери бутта чойкоёт.
Ошондо Кошой кеп айтат,
Кеп айтканда эп айтат:
"О, ботом, аты угулуп, көп
жүргөн,
Эми качан келер деп жүргөн,
Курган Жакып жалгызы,
Кудуреттин пендеси,
Кыргыз журттун ырысы,
Түнөрүп катуу жоо келсе,
Түз кирип найза сунуучу
Жоо кетпесе, бел чечпей
Эл четинде туруучу
Манас шердин өзү экен,
Өзү турмак Манастын
Караган кара көзү экен.
Тууган, караан, жер издеп,
Адам, туйгунум, келген кези
экен.
Аңкаган Манас табылар,
Аңдыган жоом чабылар,
Алакандай кыргыз журт,
Абийриң минтип жабылар.
Көрүнөө кудай бериптир,
Калкың эстеп, тилеген
Кабылан Манас келиптир.
Нойгуттардын Акбалта,
Кабарын кыраан айткан го?
Ат арытып, жол чалып,
Арыстан эр бери тарткан го?".
Муну Кошой айтканы,
Эр Кошойдон бөлөгү,
Аттан түшүп, чуркурап,
Сүйүнгөндөн буркурап,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Уйгу-туйгу жүгүрүп,
Өөдө-төмөн дүргүшүп,
Антаңдашып далай алп,
Этегине мүргүшүп,
Кубангандан бакырып,
Кубанчына чыдабай,
Манастап ураан чакырып;
Алдуулары төө союп,
Баа бединге жалынды,
Баатыр Манас келди деп,
Той кылууга камынды.
Журтума минтип келген сон,
Опол-Тоодой чалкайып,
Чоң муруту калкайып,
Чоң абаң Кошой даңкайып,
Ак сакалы жаркылдап,
Абаң Кошой ошондо
Келгин каздай каркылдап,
Жоо-жарагын шайланып,
Ач-Албарс кылыч байланып,
Алтын жаак, ай балта
Билекке кынай чалынып,
Билимдүү Кошой абаңыз,
Астынан чыкты Манастын
Көрүшүүгө камынып.
Кошойду көрүп кырк бала,
Темир таман үзөнгү,
Теппей ыргып түштү, дейт,
Колун алып бооруна
Абасын көздөй басты, дейт.
Кер кабылан булкунуп,
Үстүндө Кошой умтулуп,
Тике алдынан чыкты, дейт.
Ошондо Кошой кеп баштайт,
Кеп баштаса, эп баштайт:
"Он эки мүчөң тең кылган.
Алла таалам шер кылган,
Көрбөсөм да, болжоймун,
Көкүлүмдө ойлоймун,
Жалгыз уулу Жакыптын,
Балам, Манас, эсенби?
Кашатка тиккен тал барбы?
Калың журтун издебей,
Калмакта жүрөр жан барбы?
Эми, каран күн, кек жал, эл кайда?
Баатыр туулдуң кытайда,
Башынан келбей бул жайга,
Безип жүрөр жөн барбы?!
Мээнет күн, Манас, эл кайда?
Көчө чыгып Алтайдан
Жериңе качан коносуң?
Аз гана кыргыз элиңе
Эми качан караан болосуң?!
Ээсиз калган элиңди
Качан ээлеп аласың?
Алтайда жүрүп кагышсаң,
Жал-куйругуң такыр жок,
Бир балаага каласың.
Келе, Манас, колуңду,
Кубандым бүгүн десемби?
Курдашым, Жакып, Акбалта,
Кургурларым эсенби?".
Ат үстүндө Кошойго
Асылып Манас көрүшүп,
Кучакташты өбүшүп.
Кан Манастын кеби ошол,
Кабылан абаң Кошойго
Айтып турган жери ошол:
"Абам, Кошой, карыям,
Айла тапкыч, олуям,
Өйдө турсам, өбөгүм,
Ылдый тартсам, жөлөгүм,
Астыга салсам, ак жолум,
Аркамда жүрсө, сан колум,
Абакебиз эр Кошой -
Сиз окшойсуз, болжодум.
Абакем Кошой чын болсоң,
Кагышка кирем, тонуң бер,
Пир туткан пириң болом деп,
Билимдүү Кошой колун, бер!
Маңдайга чыксам, барааң бол,
Баатырым, абам, караан бол!
Азабы болду өзүңдө,
Арамы болду көзүңдө.
Ачууланып Эсен кан,
Алмак болду өзүмдү.
Чалгайы турду сөзүндө,
Чалгырты турду көзүндө,
Чамасы келсе Эсен кан,
Чалмак болду өзүмдү.
Кытай түмөн*, кыргыз — аз,
Айлы кандай конуучу,
Кара кылам мен кимди?
Айла кандай болуучу?".
Ошондо Кошой абаңдын
Көңүлү кетип бөлүнүп,
Угуп жаны чыдабайт,
Көзүнүн жашы төгүлүп.
“Кокуй күн, Манас, не дейсиң?
Бул кебиңди ким уксун?
Бир караңгы түн уксун!
Жүр, чырагым, болбосо,
Коргонду көздөй баралы,
Конуп кепке каналы.
Каран калган кыргыздын
Бир айласын кылалы!".
Абасы мындай деген соң,
Эми Манас аттанып,
Кылыч чапчу немедей,
Кырк баласы чактанып,
Кошой, Манас ээрчишип,
Коргонго келип калганда,
Ат үстүңөн көтөрүп,
Арыстан Манас баатырды
Алптар, дөөлөр алганда,
Баатыр Манас балага,
Токсон кара буканы,
Кескилетип жиберип,
Берген экен садага.
Алтындан соккон чоң кисе
Мойнуна абаң салынып,
Койнуна жашы куюлуп,
Жаратканга жалынып,.
Барбаңдай басып, төтөлөп,
Менсиз аппак бир бээни,
Берениң Кошой жетелеп,
«Маңдайдагы бараанды
Маана кылып берипсиң,
Бала Манас кыраанды!",
Деп ошентип абаңыз
Эми аянбай бата кылганы.
Кыраан Манас баланын
Өмүрүн тилеп турганы.
Эми сүйлөсүн Кошой абаңыз,
Аңгемесин караңыз:
"Таалайга бүткөн жан болсоң,
Таап ал Талас жериңди.
Күтүп алгын, кулунум,
Күрдөлдүү кыргыз элиңди!
Эми менин жайым сурасаң,
Жетик белим курчанып,
Жер жайнаган манжууга
Жеке кирип кол салып,
Манжуу каптап келгенде
"Калбаймын!» — деп тутулуп,
Көйкаптын тоосун бет алып,
Качып кеттим кутулуп.
Кыйрымдан чалгын чалдырдым,
Кыйындардын баарысын
Кытайга белек алдырдым.
Жетимиш күнү аралап,
Качпаса кантти абакең,
Жетимиш жерден жара жеп.
Толкуган калмак, мен жалгыз,
Томукту жара ок тийип,
Ошондо толгоно алба калганбыз,
Эми ал күндүн несин айталык,
Селбип минер буудан жок,
Серпинип кирип, кол салсам,
Караан болор тууган жок.
Кече кара калмак, манжуу журт
Көчүүдөн чапты көчүмдү,
Келберсиген кытайдан
Алалбай келем өчүмдү.
Талаадан чапты көчүмдү,
Дардайган кара калмактан
Ала албай келем өчүмдү.
"Будурду тиктеп, белди издеп,
Бууданым, сендей шерди издеп,
Ала-Тоону жакалап,
Кас буудандын* баарысын
Кайра баштан такалап,
Бекерге жатып албадым".
Кырааным качан келет деп,
Кулагымды салгамын.
Тууган үчүн, журт үчүн,
Кыйратып кыргын салсам деп,
Акбалта, Жакып, эр Манас
Дарегин таап алсам деп,
Ошону ойлоп жүргөмүн;
Шер экени чын болсо,
Келетко деп билгемин.
Келбесең, издеп барууга
Дарексиз кеткен туугандын
Бир дарегин табууга,
Азган-тозгон кыргыздын
Эрлерин жыйып алгамын,
Ат-Башынын Чеч-Төбө
Мекен кылып тургамын.
Ат семиртип, ык болуп,
Эр ээлигип, бук болуп,
Өлүмдөн коркпой турганбыз,
Үйүрмөнүн сазына
Үч күн жайын кылганбыз.
"Ыраң-Сазга сойлошуп,
Ырас акыл ойлошуп,
Алтайга жетип, кармашып,
Ажал жетсе өлсөк, деп,
Же азганакай кыргызды
Ажыратып келсек, деп,
Атка чабар ыктуудан,
Акылга дыйкан мыктуудан,
Кыргыздан тандап алгамын.
Кылымга моюн бербеген
Жоон көкүрөк балбандан,
Кара мылтык карс этсе,
Качпай турган эренден,
Чогоол мылтык тарс этсе,
Чоочубаган беренден,
Кылычка кыйын ыктуудан,
Кылчайбай жоого тийүүчү
Кызыл моюн мыктуудан,
Түгөл жыйып алгамын.
Туйгун Манас, сен үчүн,
Ушунчаны камдадым.
"Аз айтканым билип ал,
Арыстаным Манас, тилимди ал.
Козголуп манжуу, калмагың
Колун жыйнап калбасын,
Кордукту бизге салбасын.
Билгенин кытай кылбасын,
Тукумуң койбой кырбасын.
Туш-тушту каптап ашпасын,
Тутанып өлгөн манжуулар
Дүмүрдүн баарын казбасын.
Балам, кайра тартып сен кеткин,
Ашып-шашып Алтайга
Азырынча сен жеткин!
Уккан менен билгенге
Отор-отор оюнчук*,
Андагы кыргыз элиңди
Ойнотуп көчүп, бери чык!
Кара калмак, манжууну
Четтеп көчүп алганда,
Оркондун тоосун таянып,
Оркоюп чыга калганда,
Кечикпей жолуң чалармын
Кары абаң Кошой өлбөсөм,
Кара жер боорун көрбөсөм,
Алты айдан кийин барармын.
"Текес жакка барбай өт,
Каркырада калбай өт.
Билбей калсын душманың,
Ичинде кеги бушманы.
Бул Текестин калмагы
Казган калың ору бар,
Канга тойбос жолу бар,
Билбегендин шору бар.
Арбын болот аяры,
Кыйын болот кыяры.
Алыша кетер чак болор,
Балам, армандуу элди жыялы.
Балам, атадан калган жер
да бар,
Ачылып жаткан көр да бар,
Куру өкүмдүк, не пайда,
Өз күчүңдү мелжеп ал.
Анан, балбан болсоң чаларсың,
Анык күчүң толгондо,
Айтканыңды кыларсың;
Өрдүк кылсаң өлчөбөй,
Өз башыңды кыярсың.
Жулунуп кетсе курган баш,
Чырагым, журтуңду шордуу
кыларсың!
"Чөп көгөрүп, жер жайнап,
Бетеге, ыраң толгондо,
Эл өөдөлөп ошондо
Жайлоого жаңы конгондо,
Ат кара тил болгондо*,
Жети асаба туу алып,
Жер майышкан кол алып,
Астыңдан тосо барармын.
Чырагым, сенин өзүңө
Жолдош болуп калармын.
Жолум үй* тиге конормун,
Кырааным, сенин өзүңө,
Кармашта курман болормун.
Кабылан Манас, кулунум,
Сенин туулганың билгемин,
Азганакай элиңе
Туу болот деп жүргөмүн.
"Көз көрө элек бала элең,
Жылкыдан каалап берейин,
Кер кабылан минип кет,
Келипсиң Кошой абаңа,
Торко тон берем, кийип кет,
Капшыра келген жоо болсо,
Балам, качырып найза сайып бер.
Андагы калың тууганды
Айлантып аман алып кел.
Жайылып турган тору бар,
Кыйрынан азган элиңдин,
Өзүң караан болбосоң,
Кайнай турган шору бар.
"Эр жигит жерине келип конуучу,
Эл ичинде азамат
Эл үчүн курман болуучу
Ата, Манас, кулунум,
Абаң Кошой өлбөсө,
А дүйнө жүзүн көрбөсө,
Душманга кызык салармын,
Кылча көрбөй куу жанды
Ажыратып алармын.
"Самап келген кулунум,
Сөзүмө кулак салыңыз,
Добушунан жан чыгып,
Азыр Алооке болду каныбыз.
Каяшаяк бергенди
Эки көзүн кашайтып,
Оюп салды, деп уктум.
Алым бербей койгонду,
Арык койдой тырайтып,
Союп салды, деп уктум.
Жалт-жулт эткен дүйнөнү
Оруп турат Алооке,
Алым алып алтындан,
Соруп турат Алооке.
Алоокенин каары
Ар адамдан артат, дейт,
Аркан байлап бутуна,
Каяшаяк айтканды
Асманды көздөй тартат, дейт.
Каарды катуу кылды, дейт,
Кимдер кебин кайтарса,
Кармап алып урду, дейт.
Алты жүз жамбы, миң кундуз,-
Алым алып турду» дейт.
Алымына чыдабай,
Анжиян журту качты, дейт.
Кайран журттун уругун
Кан Алооке чачты, дейт.
"Өнгөк-дөңгөк талааны
Оруп турат, деп уктум.
Каары келген адамды
Соруп турат, деп уктум.
Жолборсу он беш төлдөйт дейт,
Жер жүзүнүн алптары
Каптаган менен жеңбейт, дейт.
Тил үйрөткөн багында
Кериги бар, пили бар,
Кел, көчүп кел, кулунум;
Азыр менин тилимди ал!
Астына барган пенденин
Кыйласын союп кырды, дейт.
Жетим, жесир, мискинге*
Тозокту тоодой кылды, дейт.
"Дегениме көнсүн, — деп,
Койгулашпай тынч эле,
Кошой алым берсин" — деп,
Мага да кабар кылыптыр.
Үйүң күйгөн чочконун
Элчиси келип туруптур.
"Кан буйругу келди, — деп,
Каяша кылбай, бурутум,
Алымыңды бергин" — деп,
Ак асаба* туу алып,
Айгайлаган чуу салып,
Ургаачыдан уз сурап,
Алымына Алооке
Өңчөй сулуу кыз сурап,
"Дегениме көнгүн, — деп,
Кыймылдаган малыңдан
Бажыны* бачым бергин, — деп,
Санабай айдап мал бер, — деп,
Алтын, дилде артууга
Кызыл куйрук нар бер!" — деп,
Кыстап, түшүп турушту.
Токтобой Кошой абакең
Элчиси менен урушту.
"Желеден айгыр минишип,
Жерден бакан алышып,
Жан аябай салышып,
Жаман уруш болгонбуз.
Ат салышкан жеке жок,
Айрылбаган чеке жок,
Карсылдашып турганбыз.
Айбалта менен чабышып,
Найза менен сайышып,
Түз жер айкын талаада
Түгөнүшүп калышып,
Дегенине көнбөдүм,
Ал алымын бербедим.
Белгилүүсүн жайладым,
Бет келгенин талкалап,
Маргалаң көздөй айдадым.
Аябай союл салгамын,
Бул Алооке кан менен
Булкулдашып калгамын.
Кызыкчуу болсо бул калмак,
Дале кылгылыкты кыламын.
Кошой абаң бой бербей,
Кара жан аман барында,
Койгулашып тургамын.
"Жылгындуу Кең-Көл, Талас бар,
Мекен кылып конуп бер.
Шер болуп Манас туулдуң,
Бизге караан болуп бер.
Бабаңдан калган жериң тап,
Чоң атаң өткөн Орозду,
Ошондо калган элин тап!
Калкыңа ээлик кылбастан
Калмакта жүрөр жөн барбы?
Каран күн, Манас, эл кайда?
Калкыңы билер ким калды?
Медер туткан белимсиң,
Бейпайга калган бул элди
Ажыратар шеримсиң.
Бүгүн Манас, кулунум,
Көп сүйүнүп турамын
Кеткеним келип конду деп,
Картайган кезде чырагым,
Кемиген жерим толду деп!
"Кече Орозду атаң өлгөндө,
Каптаган калмак келгенде,
Ороздунун он уулун
Бытыратып бөлгөндө,
Бирөөнү айдап жиберди
Желпиништин оюна,
Бирөөнү айдап жөнөттү
Жет-Кайт жердин боюна.
Кабар да жок, сөз да жок,
Кабарсыз болуп өттү деп,
Ушул кезде түңүлөм
Кайра келбес бир жайга,
Кайран балдар кетти деп.
Атбороюн* сыдырдым,
Туугандан кабар тапсам деп,
Турбай жерди кыдырдым.
Тууган таппай безиктим,
Туура пейлим ак экен,
Туйгунум, сага кезиктим.
Колума менин сен тийсең,
Кызыкты канча салармын.
Мейли, кызыл бороон жоо келсин,
Кулунум, кыйкырып чыгып
турармын.
Токсонго жашым барса да,
Түз кирип, найза сунармын.
Түгөнүшөр жоо чыкса,
Туу түбүндө былк этпей,
О, балам, тууңду кармап
турармын.
Арыстаным тийсең колума,
Ырдап берер ырым бар,
Айта турган сырым бар.
"Көөнө Турпан* бетинде,
Лоб дайранын четинде,
Урааны кыргыз улуу журт —
Атасы Нойгут эл экен,
Ал Нойгутту сураган
Карача деген кан экен.
Карача, калмак кыргызга
Кол салганын билиптир.
Ороздунун уулу деп,
Улак канды алып кириптир.
Дегенине көндү, дейт,
Кызыл көйнөк, найча бел,
Кылтылдаган сулуудан .
Катын алып берди, дейт.
Нойгуттарга тең болуп,
Орунтуктуу жан болуп,
Кымыз ичкен мастыгы,
Кыялы чатак жаштыгы
Бүтүн бойдон жоголуп
Дуулап жүрөт деп угам,
"Туугандан кабар барбы?" — деп,
Келген менен кеткенден
Сурап жүрөт деп угам.
Эрен да ошол, эр да ошол,
Эреним сенин өзүңө
Жолдош болор шер ошол.
Тууганың Манас келди деп,
Алты күлүк ат берем,
Улак кандын өзүнө
Алакандай кат берем.
"Үзүлгөндү улайлы,
Чачылганды жыйнайлы,
Жоголгон жокту табалы,
Журт айласын кылалы!".
Деп, ошентип эр Кошой,
Билбегенди билгизип,
"Оомийин!" — деп кол жайып,
Манасты жолго киргизип,
Акылың абаң бек айтып,
Айдоодо жүргөн кыргыздар
"Балам, аманат сага!" — деп айтып,
Кан Кошойдон бата алып,
Кыраан Манас көк жалын
Кайрат менен аттанды.
Көк жалдын түрү көрүнүп,
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,
Күп-күп этип күүлөнүп.
Күркүрөп көк жал сүйлөнүп,
Эки жакты каранып,
Эрди-мурдун жаланып,
Астындагы Аймаңбоз
Куландай кулак жапырып,
Куюнча жерди сапырып,
Желгенине жел жетпей,
Желдей сызды Алтайга,
Басканына мал жетпей,
Бачым жүрдү Алтайга.
Өзү көргөн жол менен,
Өзөндүү булак суу менен
Эрениң кайдан аянды
Кара кырда Талмазар,
Талмазарды таянды.
Адыр-будур жерлерди
Басып кетип баратат,
Арыстанындын кырк жолдош,
Кыркын көрсөң, кырк жолборс,
Булар шашып кетип баратат.
Булуттуу көктүн астынан,
Мууңду чөптүн үстүнөн
Көзгө илешпей, мыйзамдай,
Сызып кетип баратат!
КЫРГЫЗДАРДЫН АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО КЕЛИШИ
Достарыңызбен бөлісу: |