БААТЫРДЫН ТӨРӨЛҮШҮ
Турганы Алтай жер болуп,
Тутушканы бул жерде
Манжуу, калмак эл болуп,
Өсөр күнү жок болуп,
Өлөр күнүн ойлонуп,
Арман кылат ошондо
Абакең Жакып толгонуп:
"Бербесе теңир, чарам жок,
Беш түлүктөн мал жыйдым,
Беш чака булча арам жок.
Жабдык салып ат минип,
Жака салып тон кийип,
Жанымда болгон каран жок.
Тутунарга туяк жок,
Тууганынан айрылган
Журтта мендей чунак жок.
Карманарга туяк жок,
Канатынан айрылган
Калкта мендей чунак жок.
Ажал анык, чара жок
Аман жүрөр санаа жок,
Акыретке бет алсам,
Атакелеп артымдан,
Наалып калар бала жок.
Күрөөкө соот* дат болду,
Кермеде толгон ат болду.
Кой күлүктү көргөндө,
Күлүктөн Жакып жат
болду!
Белге таңар бүлө жок,
Боздосок күчөп дартыбыз,
Санаа менен саргайып,
Зарланган экен калкыбыз.
Кара жаак Айбалта,
Муну кайкалатпай ким
аштайт?
Камоодо жүргөн калың журт,.
Муну капа кылбай ким
баштайт?"
Байбичеси Чыйырды
Байынан эми кеп сурайт;
Күндөгүдөн башкача
Күңгүрөндүн деп сурайт:
"Малдан келдиң сабылып,
Кабагың карыш салынып,
Көзүңдөн агат кара жаш,
Дагы кандай шумдук
табылып?".
Анда Жакып кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
"Баштатадан тек жүрдүм,
Кутмандуудан бата алдым.
Куруп калсын дүнүйө,
Куубаш Жакып атандым.
"Карыды Жакып куубаш"—
дейт, .
Калктын баары мени айтат,
"Катыны жүрөт туубас" —
деп.
Мөмөсүз жыгач отундур,
Туубай турган болгон сон,
Тумшугу жок катындыр".
Байбиче турду майышып,
Бай Жакып турду кайышып.
Жетип келди Бакдөөлөт
Жекенге буту чалынып.
Бакдөөлөт туруп муну айтат
(Байбичени муңайтат):
"Согончогум канабай
Шордуу башым кантим,
Баштагы болгон эжемдин
Жолун жолдой мен кеттим".
Аны укканда байбиче
Айтар сөзү жок болуп,
Акыл ойлоп токтолуп,
Көңүлү канча сөгүлүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Жүүнү бошоп жыгылып,
Жүк алдында бүгүлүп,
Башын койду жастыкка,
Бакдөөлөттүн көңүлү
Кеткен экен кастыкка.
Кас көңүлү билинди,
Ыйлап жатып Чыйырды
Чырм этип көзү илинди.
Оюна ар иш алганы,
Козголбой жатып кашында
Бай Жакып уктап калганы.
Белги болуп өрнөгү
Жакып урматтуу бир түш
көргөнү.
Байбичесин ойготуп,
Балкып айтып бергени:
"Кукулуктап үн чыкса,
Куштан башка үнү бар,
Куйрук-башы жаркылдайт,
Куудан аппак жүнү бар.
Саңоор жүнү* — сары алтын,
Таканак жүнү* — баары алтын,
Чырымтал жүнү — чылк алтын.
Текөөрү болот темир дейт,.
Серпкени өлгөн себил* дейт.
Тумшугу болот тукжур дейт,
Тырмагы болот канжар дейт.
Жубар* менен жуулган
Жибектен боону тагыпмын.
Ай мунарын жем кылып,
Абдан сыйлап багыпмын. '
Күмүштөн боо тагыпмын,
Күпкөлөп жүрүп багыпмын.
Асмандагы канаттуу
Айбатынан учалбай,
Жерде жүргөн аяктуу
Жылып чыгып качалбай,
Ага конорго туур жайладым.
(Алача моюн ак шумкар
Ага кошо байладым.
Билдим бир жакшылык
болорун.
Анын качан болорун,
Бирок билалбай шорум
кайнадым.
Байбиче анда кеп айтат,
Бар тилегин эми айтат:
"Эритет экен кудайым
Жүрөктөгү музуңду,
Башка жанга билдирбей
Жакынга айткын ушуну.
Ээн калган көп малдын .
Несин аяп коёлу;
Эртеңден баштап эл жыйып,
Эч болбосо элүү-кырк мал соёлу*.
Келтирген окшойт кезине,
Кейкее басып Бакдөөлөт
Жакыптын келди өзүнө:
"Байкасам, байым, түш
көрдүм,
Башкача сонун иш көрдүм,
Боз-ала туйгун боосу жез,
Боору кара, мойну кез,
Оң колуңа алыпсың,
Оболото салыпсың
Сол колуңа алыпсың,
Сонону көздөй салыпсың.
Бопуладың, үндөдүң,
Талпынып конду колуңа,
Салганыңдын баарысы
Далдайып жатты жолуңа.
Байбиченин үйүндө,
Балдагы алтын туурда
Басса конбой талпынат.
Канатынын куусуна
Канча жандар чарпылат.
Куп айтамын жалган жок,
Куу кемпир куру калган
жок".
Ушу кандай түш экен?
Баркырады бай Жакып,
Балага чучкак киши экен:
"Көргөн болсон түшүңдү,
Оңдосун алла ишиңди.
Бүгүнкү түнүм кандай түн?
Кечеги күнүм кандай күн?
Такаатым турбай боюма
Ар неме кирди түшүмө,
Айраң болуп турамын
Кемпирдин айткан ишине.
Арбыныраак мал союп
Жорутсак белем бул түштү.
Жараткан өзү жар болуп,
Көңүлгө келген жумушту".
Жакыпты көздөй бет алды,
Бакдөөлөт эми кеп салды:
«Неге аяйсын абышка,,
Бул ээн калган көп малды.
Байбиче айткан кеп экен,
Байкап турсам, айтканы
Баарыбызга эп экен.
Малың бар да, элиң жок,
Байкап турсаң өзүңдүн
Эл сурарга эбиң жок.
Сыңар жанга жол айтып,
Кубандырган кебиң жок.
Байбиче сөзүн кылсаңчы,
Малды аябай кырсаңчы.
Бала десен, карыйсын,
Пайдасы жок тарыйсың, —
Тарыган экен бейлин, — деп,
Таарынсаң мейли, эрим" — деп,
Бакдөөлөт токтой калганы,
Ачууланып бай Жакып
Сакалын жулкуп алганы.
Койчунун коңур күрөңүн
Токутуп Жакып миниптир.
Тоодой болгон абаңыз
Томсоруп жолго кириптир.
Адыр-адыр бел менен,
Аркар баскан жол менен,
Будур-будур бел менен,
Бугу оттогон жер менен,
Булуңдуу токой чер менен
Бастырып жүрдү айланып,
Баягы түшүн ойлонуп.
Кайта келди үйүнө,
"Эми кемпир макул, — деп,
Айтканыңды эп көрдүм,
Акбалтаны чакыр", — деп,
Баштуу, көздүү адамдар
Бери келсин мында, — деп.
Бечара менен карыпка,
Берериңди чыңда,-деп,
Эркеги буудан ат болуп,
Эр жигиттер талашкан
Ургаачысын ар жерде,
Уруш-кыстоо бар жерде,
Калабалуу тар жерде,
Ак түлөөгө жараткан,
Камбар боздун үйрүнөн
Кармап келгин бир бээни.
Тогуз кара бээ болсун,
Токсон кара кой болсун,
Ушунун баарын сойгон соң,
Толуп жаткан той болсун.
Ак баш минген төө болсун,
Айлыңа келген эл тойсун".
Жер очокту ойдурду,
Жыйып, жыйнап баарысын,
Жыйырма кара сойдурду.
Кызматка кыркты тургузду,
Ушу күнү чакырды
Азган-тозгон кыргызды.
Барып келди каякка,
Кабар берди калмакка.
Эки күн этин бышырды,
Элдин алдын түшүрдү.
Табагын элге тарттырды,
Майга тоюп баарысы,
Кешигин кенен арттырды.
Эки күнү эт тартты,
Атын чаап эл кайтты.
Кетпесин деп тууганым,
Келип Жакып элге айтты.
Жаш калбады, карысы
Бай Жакыптын үйүнө
Жыйылып кирди баарысы.
Көңүлү жакын көсөмү,
Көкүрөк тунук чечени
Олтурган экен жыйылып,
Билермандын нечени.
Ошондо түшүн Жакып дагы айтат,
Түк таштабай, жай айтат.
Баянын айтып бүткөн соң
Байкаңарчы деп айтат.
Жакып айтып токтоду,
Жар-жоронун баарынан
Жалгыз жооп жок болду.
Сакалдарын тарашып,
Бирин-бири карашып,
Айталбады бир сөздү
Акылынан адашып.
Аш кайнамдай токтолду,
Ага чейин кыңк этип,
Айтууга киши жок болду.
Аш кайнамга жеткенде
Алардын шайы кеткенде
Байжигит кепти баштады,
Салмак менен таштады:
"Бу Жакыптын түшү, түш экен,
Бу оңунан келген иш экен.
Куш болгондо, баладыр,
Азыр бала жогунан
Жакыптын көөнү аладыр.
Алтымыш кулач жибек боо,
Аягына такканың,
Ай мунарын* жем кылып,
Асем менен бакканың,
Алтымыш жашка чыкканча
Элин сурап жүргөнү,
Арбак конуп башына,
Аны алла таалам сүйгөнү.
Ажыдаардай айбаттуу,
Арыстандай кайраттуу,
Ошол уулуң эр болуп,
Не кыйындын баарысы
Эсеп берип эл болуп,
Карайт экен көзүнө.
Кара тоодой касиет
Конот экен өзүнө.
Балаңдын, Жакып, орою
Көрүнгөн экен көзүңө".
Бай Жакып боздоп ыйлады,
Байжигит айткан сөзүнө.
Байлап койгон ак шумкар,
Жакыптын келди эсине.
Карчыга болсо,-эр деди;
Ак шумкар кошо байладым,
Муну да жоруп бер деди.
Сууктун түнү-кыш деди,
Шумкар болсо, — кыз деди;
Эр Жакып дагы эстеди,
Эрке токол Бакдөөлөт
Жоругун түшүн тез деди.
Байжигит сөзү мына бул:
“Бакдөөлөт туур эки уул,
Баштагы сөзгө бакканда,
Баянын айтсак угуп тур.
Айтылгандай жоругун,
Алат экен ал экөө
Агасынын орунун.
Көкүрөк чериң жазгандай
Көрүптүрсүң үчөөдөр
Дүйнөдө түштүн сонунун".
Баса келген тууганы
Бата берип тарады,
Барар жолун карады.
Эми жүрөр деп болжоп,
Эр Жакыптын арааны.
Аралдын башын жай алып,
Алтайдын тоосун таянып,
Аксы менен Күчөрдөн
Ичерине чай алып,
Карашаарга мал көктөттү,
Байкуш болуп азгандар
Абакеңе кездешти.
Канчадан көрдү кордукту,
Калмактан көрдү зордукту.
Кыйрынан азган эр Жакып
Кылмышы жоктон өкүндү,
Кыстоону калмак салганда
Кыйналып жаны өкүрдү.
Азган менен тозгондон,
Ата, энеден бозгондон,
Ар кайсысын бир жактан
Айдап келип кошкондон
Түтүнү бир миң жетимиш.
Капкайда калып жер-суусу,
А, чиркин, каңгырап жүрүш
Кыйын иш!
Азыркысын жайлаптыр
Ак-Уюлдун белине.
Айта берсе сөзү көп,
Азыр кулак салыңыз
Арыстан Манас кебине.
Тойдон кийин токтолуп,
Тогуз айдай өтүптүр;
Манас бойго бүткөнү
Бир нече айга жетиптир.
Байбиче болсо бул күндө
Бал, шекерге карабайт,
Башка тамак жарабайт.
Жесем дейт жолборс жүрөгүн,
Мындан башка санабайт;
Же табылбайт жолборс жүрөгү.
Жинди болуп байбиче
Жеригинен жүдөдү.
Жылкычы кабар бергени,
"Каңгайдын кара мергени
Жолборс атып салды, — деп,
Терисин сыйрып алды, — деп,
Боор, жүрөк, башка эти
Кур талаада калды"-деп.
Айтканын Чыйыр угуптур,
Алдынан чуркап чыгыптыр.
Тура калды Чыйырды
Жылкычынын жолуна,
Каракулак чоң жамбы
Кармай барды колуна,
"Кайыптан дүйнө тап, — деди,
Карап турбай жылкычы
Кайта ылдамдап чап, — деди.
Жашырып, жаап жүрбөгүн,
Жарып жолборс жүрөгүн,
Алып кел, — деди, өзүмө.
Ата-энемден сен жакын
Көрүнөсүң көзүмө.
Каалаганың баарысын,
Канча де, берем өзүңө".
Жылкычы буга таң калды,
Акысына жамбы алды.
Ара конуп арага
Ал жылкычы сандалды.
Барса жолборс жатыптыр,
Зыңкыйып муздап катыптыр.
Жолборстон жүрөк алганы,
Жолго кайра салганы.
Жол боюнда да бир бээ
Телиден өлүп калыптыр.
Жылкычылар жыйылып,
Аны союп алыптыр.
Анын да алды жүрөгүн.
Экөөн бирдей бермекке,
Байбиченин бул ишин
Байкап сөзүн көрмөккө
Жылып жолго салганы.
Эртесинде, түш ченде
Жетип келип калганы.
Жылмайып басып байбиче.
Элечектен каш чыгып,
Эки көздөн жаш чыгып,
(Жылкычы аты Бадалбай)
Чыйырды эми кеп айтат:
"Бадалбай балам, — деп айтат,
Эки жүрөк эмне?
Жолборстор жолго жатканбы?
Каңгайдын кара мергени
Катарлап экөөн атканбы?
Же мал жүрөгүн жолборс деп,
Башынан шорум катканбы?".
Байбиче сүйлөп калыптыр.
Жүрөгү деп жолборстун
Бадалбай айта салыптыр.
"Кыласызбы дары,-деп,
Кыйла барктап аны, — деп;
Кызарып агып турбайбы
Жүрөгүнүн каны"—деп,
Бадалбай айтты баянды,
Байбиче көөнү жайланды.
Челкендей басып байбиче,
Челектеп сууну алганы, —
Эки жүрөк салганы.
Чала-була бышырып,
Жанга бербей жалмады.
"Сонун экен бу да, — деп, —
Сорпосун ичем мына" — деп,
Эки аяктай сорпосун
Калтырбай ичип алганы.
Байбиченин талгагы
Магдырап, канып калганы.
Эр Манас бойго бүткөнү
Эчен ай, эчен күн болуп,
Толгоо жаңы киргени
Бейшембинин түн болуп.
Ак боздон бээ союлду,
Алтындан бакан коюлду,
Барган сайын байбиче
Айгайын салып чоюлду.
Коңшунун баары жыйылды,
Козголгон сайын байбиче
Кокуюн айтып ыйынды.
Бала төрөр бекен деп,
Жакыпта жүрөк дегдеди.
Бала койсо чиренип,
Байбиче бою тердеди.
Бала туйлап кеткенде
Байбиче көзү сүзүлдү,
Белдемчинин жакасы
Беш жеринен үзүлдү.
Алып келип эр Жакып
Аксарбашыл кой чалды,
Ай туякка бээ чалды,
Ай мүйүзгө уй чалды,
Айры өркөчкө төө чалды.
Анткен сайын байбиче,
Айгайын басып, үн салды:
"Менин жанымды жечү балабы?
Же жарып ичтен алабы?
Бу башымды жечү балабы?
Бай Жакып жесир калабы?".
Баканды кармап бакырды,
Бакшы менен бүбүдөн
Немесин койбой чакырды.
Түндүктү карап түйүлдү,
Көргөндөр жандан түңүлдү.
Алты күн тартты толгоону,
Айлы чарчап болгону;
Жети күн тартты толгоону,
Жергеси чарчап болгону.
Эми байбичең төрөйт дегенде
Бай Жакып ыйлап каңгырап,
Бакырып турду заңгырап:
Баласы жоктон жүдөдүм.
Эркек деп бирөө жүгүрсө,
Жарылып кетер жүрөгүм.
Ботосу жоктон майышып,
Боздоп турдум кайышып.
Сүйүнчү десе бир адам,
Туралбасмын кайышып.
Айылга туруп нетейин,
Адырга чыгып кетейин.
Токтолуп туруп нетейин,
Тоого чыгып кетейин!
Жыгылсам да, талсам да,
Же кайрат кылып калсам да,
Элге шылдың болбостон,
Ээн жакка барайын.
Алыстан айыл карайын,
Айткандан кабар алайын".
Ошону айтып абаңыз,
Кыл аркан керме шайлатты,
Кырк кара боз быштыны
Кыдырата байлатты.
"Эркек болсо, эр болсо,
Кыз болбосун, не болсо!
Кыз болсо үйдө калыңар,
Кыймылдаба баарыңар.
Эркек болсо чабыңар,
Талаадан мени табыңар.
Эркекпи деп, кызбы деп,
Аныктап алып чабыңар.
Адырдан мени табыңар".
Эми Жакып жолго салыптыр,
Жорго боз айгыр үйүрү
Жолунан чыгып калыптыр.
Кара жалдуу Кула бээ
Кайкалактап алыптыр.
«Кайдан келди булар, — деп,
Кап ушу бүгүн тубар? — деп,
Эркек болсо кулуну,
Энчилейин балама,
Эгем таала кудурет
Жеткирер бекен санаама!
Жорго боз атын жоёюн,
Катыным тууса эркекти,
Мындан кийин айгырын
"Камбарбоз" деп коёюн".
Ушуну айтып бай Жакып,
Атынан түшүп алганы.
Жылкыга көзүн салганы;
Жылкынын баары чубашып,
Жылгага кирип калганы.
Азганакай жабырга*,
Аткулактуу шабырга
Асты барып токтолду,
Аркы-терки оттоду.
Туруп жатып Кула бээ,
Тууй турган окшоду...
* * *
Аны таштап салыңар,
Байбичеси Чыйырдын
Баянын угуп алыңар.
Толгоосу сегиз күн болгон,
Толготкон мындай ким болгон?
Тарткандардын баарысы
Талыкшып колу ныл болгон.
Эми он эки катын бек тартты;
"Бере көр, кудай!" — деп айтты.
Каканак суусу шар этти,
Баланын үнү бар этти.
Карынды катуу сүзгөнү, —
Бала жерге түшкөнү.
Бала жерде туйлады,
"Бар-ар!" этип ыйлады.
"Эркек бекен, кыз бекен?
Мага качан айтат?" — деп,
Энеси жашын тыйбады.
Көшүп көзү илинди,
Көрө салган катынга
Баланын эркектиги билинди.
Чороюп турду чочогу,
"Эркек! Эркек!" — дешкенде,
Жыгылып кетти Чыйырды,
Уккан кезде ошону.
"Энекеси нетти? — деп,
Мартуу* басып кетти" — деп,
Катындын баары чочуду,
Кайта башын көтөрүп,
Чыйырды бой токтотуп отурду.
"Антаңдабай катындар,
Жерден алгын тез, — деди,
Акбалтанын зайыбы
Киндигин өзүң кес" — деди.
Киндигин кести баланын,
Эмкисин байкап карагын.
Оромолун колго алып,
Ороюн деди баланы;
Ороп жатса, ал бала
Оң колун сууруп алганы.
"Колун сууруп кетти, — деп,
Татай көтөк* нетти, — деп,
Так кырктагы кишидей
Тартып бутун өттү, — деп,
Карап турбай катындар,
Кармалашсаң нетти!" — деп,
Айтып калды Канымжан.
"Кандай сөзүң жаман, — деп,
Кармоого карууң келбесе,
Сен качып кутул аман!" — деп,
Бакырып жаткан баланы
Бакдөөлөт жерден алганы.
Он бештеги баладай
Көтөргөндө салмагы.
Көзү каткан Бакдөөлөт
Көтөрүп өөп алганы.
Оозантмакка баланы
Оозуна эмчек салганы.
Өзөгүн үзө бир соруп,
Өлө жазып калганы.
"Сандык толо май, — деди,
Салгын кошо бал, — деди.
Эки-үч карын май алып,
Эми оозуна сал*-деди.
Үч карын май алганы,
Үч кайтара салганы.
Үч карындын майларын
Аш бышымда жалмады
Астына алып Чыйырды
Оң эмчегин салганы.
Оболкусу сүт чыкты,
Экинчиси суу чыкты,
Үчүнчүсү кан чыкты;
Чыдай албай, байбичеден жан
чыкты!
Чыгарып алды эмчекти,
Бермек болду Чыйырды
Сегиз бээ союп жентекти.
Эми, аны таштап салыңар,
Жакыптан кабар алыңар.
Байлаган аты кырк сегиз,
Баары күлүк тептегиз.
Айылдагы адамдар
Арбып-дарбып минишип,
Апкаарып жолго киришип,
Тоого чапты топтошуп,
Адырга чыкты анталап,
Бөксөгө чыкты бөлүнүп,
Талаага чапты дабырап.
"Бай Жакып кайда кетти?" — деп,
Баары жүрөт жабырап.
Эркектен неме калбаптыр,
Эки атты бирөө албаптыр,
Кермеде жылкы калбаптыр,
Кедеңдей басып Канымжан,
Келип ордун караптыр.
"Кеткен экен Акбалта
(Кетсе ишке жараптыр).
Керменин несин карайын,
Эми үйүмө барайын".
Басып келип Канымжан
Башын үйгө салыптыр.
Үтүрөйүп Акбалта
Үйдө олтуруп алыптыр.
Көрө салып, Канымжан
"Көтөк!" — деп чоочуп калыптыр.
"Абышкам, сен дүйнөдөн тойдуңбу?
Атпай журт алган олжодон,
Бирдеме албай койдуңбу?
Сүйүнчүгө шайлаган,
Кызыр чалган Жакыбың
Кырк кара боз байлаган.
Кырк жылкыдан бирди албай,
Сенин кандай шоруң кайнаган?!".
Акбалтанын катыны
Ачууланып акыры,
Айтып муну салганы.
Акырайып Акбалта
Катынга карап калганы
"Эй, кара жолтой Канымжан,
Акылың бүгүн кагылган.
Айылда канча адам бар,
Короолош канча коңшу бар,
Козголгончо ордуман
Коёбу мага ушулар?!
Эркек, кызын аңдабай,
Эки жагын карабай,
"Эр Жакыпка барам" — деп,
Эбак чаап кетиптир.
Эгем берер ырыскы
Албай койсо Жакыптан,
Акбалтага нетиптир!
Азыр атка минерге
Келбейт менин дарманым.
Канча күндөн бер жакка
Каралашьш жүрөсүн,
Канча сенин алганың?".
Акбалта айтып салганы,
Суп чепкенден бирөө экен
Канымжандын— алганы.
"Эки элечек, бир чапан,
Мына менин олжом"-деп,
Эрине таштап салганы.
"Элким атым Көкчолок,
Эңишке кантип чабамын.
Элирип кеткен Жакыптын
Элесин кайдан табамын?".
Акбалта айтып болбоду,
"Барсаң, барсаң, байым", — деп,
Катыны камап койбоду.
"Булут минип учса да,
Буюрбаса, калбайбы,
Буюрган киши албайбы.
Кур чапкан куру калбайбы,
Кууп жеткен олжо албайбы.
Көкчолок минип чабарсың,
Кокустан Жакып табарсың!".
Барбаймын деп айталбай,
Бармай болду Акбалта
Катындын сөзүн кайтарбай,
Байлап койгон Көкчолок
Басыгы ылдам шайтандай.
"Жададым үйдө жатып,-деп,
Табылар бекен Жакып" деп,
Акбалта жолго салыптыр.
Куп жөнөтүп Канымжан
Кубанып карап калыптыр.
Айылга жакын көмүскө
Азганакай жабырда,
Ат кулактуу шабырда,
Кара суунун четинде,
Көк өтөктүн бетинде,
Минген атын суудуруп,
Кара жалдуу Кулабээ,
Бир аксур кулун туудуруп,
Жаткан экен эр Жакып.
Шыйрагын оңдоп шыпырып,
Тумшугун сыгып, телчитип,
Энесине ээрчитип,
Баскан экен эр Жакып.
Кирип барды Акбалта
Көкчолокту зуулатып.
Жан жагында киши жок,
Акбалта жетип айкырды,
"Сүйүнчү!" — деп бакырды.
Кубангандан эр Жакып,
"Не дейсиң?" — деп чакырды.
Анда Акбалта муну айтат:
"Айтканымды туюнчу
Арыстаным Жакып, сүйүнчү!
Дегенимди туюнчу,
Дегдеген Жакып, сүйүнчү!
Карыганда байбиче
Кабылан тапты, сүйүнчү!
Жобогондо байбиче
Жолборс тапты, сүйүнчү!
Жоголордо байбиче
Жолдош тапты, сүйүнчү!
Эриккенде байбиче
Эрмек тапты, сүйүнчү
Кайгырганда байбиче
Каралды тапты, сүйүнчү!".
Акбалта айгай салыптыр.
Айгайды Жакып уккан соң,
Акылынан таныптыр.
Көздүн жашы он талаа,
"Көрдүмбү, — деди, бир бала?
Тууганына сүйүнбөй,
Турарын тилейм кудайдан.
Муңканган бойдон өтөм, — деп,
Ойлодум эле бу жайдан".
Акбалта айтса жайма-жай,
Шалак этип жыгылды,
Талып калды Жакып бай.
Акбалта келип кашына
Кыйкырса, Жакып кыңк этпейт,
Кыймылдатса, былк этпейт.
Акбалта чоочуп калганы,
Ак калпак колго алганы,
Байпая басып атайы,
Аккан сууга барганы.
Басып келип Акбалта
Талып калган Жакыптын
Көөдөсүнө бүрккөнү,
Көтөрүп башын эр Жакып,
Суудан бою үрккөнү.
Сурады Жакып Балтадан:
"Акбалта чалым неттиң, — деп,
Сен кай жактан жеттиң? — деп,
Суу бүрктүң менин өзүмө,
Эч-эчтеке көрүнбөйт
Караган менен көзүмө.
Өзүң келдиң кай жактан?
Өзөгүм өрттөй күйүптүр,
Сен сүйлөсөң экен деп,
Кулагым кепти сүйүптүр.
Кайдан келдиң Балта чал?
Кебиң болсо айта сал".
"Айтпадымбы сага — деп,
Эркек тууду катының,
Не бересиң мага?" — деп,
Акбалта айтып салганы.
"Анык бекен, чынбы? — деп,
Айта көр Балтам чынды — деп,
Эркек бекен перзентим,
Көзүң көрүп чыктыңбы?
Же карап анык көрө албай,
Катындардан уктуңбу?
Кайтып айтчы чалым* — деп,
Жакып сурайт дагы кеп.
Акбалта сөзүн баштады,
Эр Жакып көзүн жаштады
“Байбичең тууду мыкты уул,
Байкасаң, Жакып, сөзүм бул.
Баркыраган табышы
Тай чабым жерден угулду;
Олтурат элем үйүмдө,
Окшуп-окшуп жүрөгүм
Оозума келип тыгылды.
Каралашкан катындар,
Кармалашкан келиндер,
Жашы менен кары айтат,
Жалпы аламан баары айтат.
"Бар! Бар!" ыйлап түштү дейт,
Орогондо чиренсе
Отуздагы кишиден
Ошондо да күчтүү дейт.
Бала да болсо мыкты дейт
Байбичеңдин боорун
Балчыктай кармап чыкты" дейт.
"Сүйүнчү!" — дейсиң — жакшы кеп
Сүйүнгөн менен Жакыпка
Чыныңды айтсаң болбойбу
Дүнүйөдөн какты деп
Эй, ботом, өлөңдүү жерге өрт
койгон
Бир өткүр бала десеңчи
Өз журтума чуу салчу
Жеткир бала десеңчи
Кара сууга кан куйган
Бир канкорду тууган белем, дейм.
Калайыкка чаң салган
Бир анкорду тууган белем, дейм.
Кызыл-тазыл көрүнсө,
Кыздардан ала качат де,
Баралына келгенде
Менин малымды суудай чачат де.
Баласы боорун алыппы?
О, ботом, байбичем аман
калыппы?"
Анда Акбалта кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
"Балам жок дейсин, майышып,
Каран жок дейсин, кайышып.
Балага жаны жетесиң, —
Байкушум Жакып нетесиң?
Баладан малды жуук көргөн
Бакыл* киши экенсиң.
Бекинем малга деп жүрүп,
Байыйман өлөр бекенсиң.
Же берериң болсо, берсеңчи,
Бере албасан сен, Жакып,
Же бербеймин сага десеңчи.
Айтарың болсо, айтсаңчы;
Айтар малың жок болсо,
Мен азыр үйгө кайтсамчы".
Каарына Балта алганы,
Ал сөзүнө Жакыбы
Арсаңдап күлүп калганы.
"Андай болсо Акбалта,
Эркеги буудан ат болду
Эр жигитке тараттым.
Ургаачысын, баарысын
Ак түлөөгө жараттым.
Үйүрү үч жүз болуптур,
Жашы үч асыйга толуптур*
Камбарбоздун үйрүнөн
Каалап туруп тогузду ал.
Төөдөн алгын төртөөнү.
Төрт түлүк малдан төрт тогуз,
Балтам сага жетеби?
Калганы болсо Акбалтам,
Катындардан калпып ал,
Кыз балдардан кымтып ал,
Келиндерден кетип ал.
Сүйгөнүңдү сүйрөп ал,
Каалаганың кармап ал,
Жээк жергемен жетип ал.
Жетер бекен айтканым,
Сенин сүйүнчүңө Балта чал?".
Камборбоздун үйрүнөн
Кармап берди тогузду.
"Ай талаада нетели?
Аттангын, үйгө кетели.
Байбиче көздөй жүрөлү,
Баласын барып көрөлү".
Акбалта, Жакып ээрчишип,
Айлына кайта барыптыр.
Аңыртка кеткен кырк киши
Алардын астынан чыгып калыптыр.
Сүйүнчүлөп кыйкырып,
Жолун торгоп алыптыр.
"Кай бириңди ылгайын,
Жакыныңды, жатыңды,
Өз-өзүңөр алыңар
Минген-минген атыңды.
Аттан куру калганын
Айт кудайга датыңды".
Жакыптын үнүн укканы,
Катындар тосуп чыкканы.
"Бешик боосу бек болсун,
Кундагың боосу кут болсун!".
Айтып Жакып бул сөздү
Үйгө кирди бүгүлүп,
Баласын алып болукшуп,
Байбичеси толукшуп,
Олтурган экен сүйүнүп.
Бай Жакып шондо кеп айтат,
Бакдөөлөткө бек айтат:
"Байбиченин баласын
Алып келчи!"—деп айтат.
Бакдөөлөт барып кол сунду,
Байбиче берип озунду.
Кучакта бала туйлады,
Кубанып Жакып ыйлады.
Баланын үнү баркырап,
Айбатынан атасы
Бүткөн бою калтырап,
Байбичесин карады,
"Берсең эмчек нетти,-деп,
Бир баланы тойгузбай,
Пейлиң кандай кетти?» — деп.
"Жакшы эле менин сүтүм, — деп,
Эки сорсо эмчектен
Немесин койбойт бүтүн,-деп.
Эң ачкараак балаң бар,
Тамагына күтүн" — деп,
Чыйырды айтып калганы.
Байкайын деп баласын
Атасы көзүн салганы.
"Мандайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш.
Кочкор тумшук, кош кирпик,
Көркү калча*, көзү тик.
Жалаяк ооз, жар кабак,
Жаагы жазы, ээги узун,
Эрды калың, көзү үңкүр, —
Эр мүнөзү көрүнөт;
Алакан жазык, кол ачык,
Аттанып чыкса, жол ачык, —
Алп мүнөзү көрүнөт.
Кен көкүрөк, жайык төш,
Аркасы кең, бели түз,
Айбаты катуу, заары күч, —
Пил мүчөсү көрүнөт.
Жолборс моюн, жоон билек,
Бөрү кулак, жолборс төш, —
Бөлөкчө түрү бар экен.
Кут кылган болсо кудайым,
Кудайдан жашын сурайын,
Кеткенден алар кегимди,
Кек алганын көрөрмүн,
Кетирбесе эбимди.
Өткөндөн алар өчүмдү,
Өч алганын көрөрмүн,
Өлтүрбөсө өзүмдү".
Баштагы мүнөз жоголду
Берениң Жакып нээтикен,
"Бар кудайым берген" — деп,
Баланы өптү бетинен.
Байбиче баланы алганы,
Балкайтып эмчек салганы.
Аябай бир той кылууну
Атасы ойлоп калганы.
«Малымды жыйып алайын,
Анжиян менен Алайга
Атайын кабар салайын.
Ага-инимдин баарысын
Башын кошуп жыяйын.
Кашкар деген кыштак бар,
Кабак-Арт менен Сары-Көлдө
Кабырга тууган кыпчак бар.
Калың келсин кыпчактар,
Чоң жыйынды кылайын.
Алчын, Үйшүн, Найманды,
Абак-Тарак, Аргынды
Тоюма кел деп айтайын;
Уругу тыргоот калмакты,
Коңшу олтурат бул дагы,
Кабар берип кайтайын.
Маңгулдун жыйып баарысын,
Кытайдын жыйып кыйласын,
Казынамды ачайын.
Кара малды чачайын.
Кордугун көрүп калмактын,
Конушун кошпой куруду.
Коңшу болуп маңгулга
Кор болду кыргыз уругу".
Айтып болуп ал сөздү,
Белди Жакып байлады.
Тегерекке барууга
Тогуз киши шайлады.
Чогултуп тогуз кишини,
Чакыргын деди ушуну:
"Кызыл чок кытай четинен,
Асты киши калбасын
Алтай тоонун бетинен.
Жетип келсин жаргендик,
Тойго келсин тотулук,
Калбай келсин кашкарлык,
Кошо келсин котондук.
Марал-Башы, Долонду,
Басып өткүн олорду*.
Самарканды, Жызакты,
Санатын айтып узатты,
Ортодогу, Кожонтту,
Олуя-Ата, Ташкенди,
Орчун Кокон, Маргалаң,
Иле менен Чүйүнө,
Кабарымды уккандар
Калбасын деди үйүнө.
Туурасы Эртиш суу болсун
Аягы Орол тоо болсун.
Бир чети Тебит* чөл болсун.
Күн чыгыш жагы кытайдын
Камбылдын мунар бел болсун...
Чакырарым тоюма
Ошондон берки эл болсун!
Той берем быйыл жайында,
Кай жерде деп сураса,
Үч-Арал деп дайында.
Өзү келсин өнөрпос,
Баары келсин балбаны.
Аталарын ээрчишип,
Кошо келсин балдары,
Байлап келсин күлүгүн,
Мага салсын түлүгүн.
Четине салсын чеченин,
Ала келсин аярын,
Мыктап келсин жолдошун,
Мен, аянбай урмат кыламын",
Чакыртып элди жиберди,
Жайкай конду шиберди.
Кедейлер киймин жамашып,
Келиндер чачын тарашып,
Кызматкер киймин жамашып,
Кыз балдар чачын тарашып,
"Кызык тойду көрсөк» — деп,
Кылайтпай күнүн санашып,
Азаматтын баарысы
Аргымак жалын тарашып,
Ай кылайтпай санашып,
Күн айланды күзүнө,
Жакыптын айлы конуптур
Үч-Аралдын түзүнө.
Көргөндүн көөнү бөлүндү,
Арт жагында баланын
Кара-көк жалы көрүндү.
Кара-чаар кабылан
Капталында чамынды,
Көсөө куйрук көк арыстан
Оң жагынан камынды.
Нур төгүлүп жолуна,
Баланын “Манас” деп аты
табылды.
Акыл жетпес ойлонуп,
Туулган бала Манастын
Оң ийнинен бир жыттап,
Сол ийнинен бир жыттап,
Күр-күр этип толгонуп,
Берен менен арыстаны
Кошо жатты комдонуп.
Саратандай кыйгаштап, .
Уксуз жерден жол баштап,
Акырын айтты бек таштап,
Абаң Балта кеп баштап:
"Сары адырмак сабыргак
Белди табат экенбиз,
Киндик кесип, кир жууган,
Жерди табат экенбиз.
Паана берип жараткан,
Элди табат экенбиз.
Билсең кадыр түн келди,
Ойлоп көрсөң сен Жакып,
Бизге бир жакшылык тиер күн
келди.
Туулганда кара жер
Токтоно албай термелди,
Аты Манас бул бала,
Байкасаң бизге шер келди.
Кече чалышарга чама жок,
Алышарга айла жок
Кара калмак, көп манжуу
Төбөбүздөн басканда,
Кече, быт-чыт кылып туш-туштан,
Баарыбызды чачканда,
Кордукту койбой салганда,
Мал менен башка ээ кылбай
Такыр талап алганда,
Кол-бутубуз байланып,
Кордук көрүп айдалып,
Капаланып кайгырып,
Өз туугандан айрылып,
Белгилесек каран түн,
Бендеде болгон эмес мындай күн!
Бирөөбүз түшүп Эренге,
Бирөөбүз түшүп кетиппиз
Чыкпай турган тереңге.
Кириптер болуп кордукка,
Башыбызды тозгонбуз.
Кече, чоң Чокмор салган зордукка.
Ушул бир бала чоңойсо,
Сени беките турган бел болор.
Керише келген душмандан
Сенин кегиңди алар эр болор.
Жакып, сенин үзүлгөнүң уланат,
Чачылганың жыйналат,
Жакып, сенин көөдөндөн капаң
чачылат,
Өрттөнгөн жүрөк басылат.
Аман уулуң чоңойсо,
Сенин умачтай көзүң ачылат".
Акбалта айтып турган кеп.
Балалуу болдуң Жакып деп.
"Сенин, агарып таңың аттыбы?
Сенин, кызарып күнүң келдиби?
Аты бир Манас кабылан
Айкөлдү* кудай бердиби?
Көрсөң бир ичте душман бар,
Көз көргүс жерде душман бар.
Алыста жатат Эсен кан
Уламадан кеп уктум,
Бул кыргыздын журтунан
Бала издетти деп уктум.
"Кыргыздан Манас чыгат"-деп,
Канына айтып далайды,
Билген экен ушуну
Казыналык аяры
Манасты издеп Эсен кан
Калайманды салды дейт.
Тутанып өлгөн кызталак
Туш-тушка кабар кылды дейт.
Бейлеп Жакып, кебимди ук,
Бендеде барбы мындай кеп.
Асты кыргыз баласы
Айта көрбө “Манас"-деп.
Капанын баарын жоёлу,
Кайрат кылган бололу.
Кыргыздын баары чогулуп,
Кызыр чалган көк жалды,
Азырынча "Чоң Жинди" атка коёлу,
Жашы он экиге келгенде
Билбегенди билгизип,
Минтип жолго салалы.
Кайнаган калың душмандар,
Кагышса, кекти алалы
Он төрткө жашы келгенде
Кармашта жүрүп катыгат,
Карап тургун ошондо,
Кабылан Манас атыгат!
Кана эми тойду сой, Жакып,
Баламдын аты Манас деп,
Жан адамга туйгузбай,
Жалпы журтка билгизбей,
Өз ичиңден кой, Жакып.
Сан кара малды чач, Жакып,
Элдин оозун бас, Жакып!".
Ошондо Жакып берендин
Картайганча бала жок,
Балалуу болуп турганда
Той бербеске чара жок,
Кармап-кармап кой союп,
Санат жеткис мол союп,
Кочкор союп, той кылып,
Адам билбес ой кылып,
Кара калмак, кытайдын
Канчалары келиптир,
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Тамашасын керүптүр.
Ала-Тоодой эт болуп,
Ала-Көлдөй чык болуп,
Бичик* чийип, кат койду,
Манастын атын бурмалап,
"Чоң Жинди"-деп ат койду.
Калмактын кочкулары* короңдойт,
Жакыпты ушак кылып сороңдойт:
"Дүнүйөнү шай койгон,
Табак сайын май койгон,
Кымыз да аш, арак да аш,
Кызыкты көрдүк буруттан
Ушул кезде кайран баш".
Жакыптын тою тарады,
Жалпыга кетти кабары...
Жакыпка жакын Ошпурбай
Кою бирге короолош,
Ашы бирге жоролош,
Мал багышса, күч бирге,
Саан саашса, сүт бирге.
Ошпурдун уккун кабарын,
Калмактын кебин карагын.
Манастын тоюн жеген сон,
Калың ушак дуу кылган,
Кара калмак, манжуу журт
Чоң элге кыйын чуу кылган.
Ошпур ошону угуп ойлонду.
Уккан кебин Ошпурбай
Жакыпка айтпай койбоду.
"Бекер сойгон мал эмес,
Бекер бурут бул эмес.
Катыны тууса, мал сойгон,
Бар дүйнөсүн тең койгон,
Күпүлдөгөн буруттун
Күчөгөнүн карачы".
Күңкүү кылды көп калмак
Көңүлүндө аласы:
"Жайын байкап олтурсак,
Жакып тегин жан эмес,
Туулганда малы кырылды,
Баласы оңой бала эмес.
Баланын аты "Чоң Жинди",
Ар жакы атын ким билди?
Адам көргүс ой кылды,
Күрмө кийген кытайдын
Күчтүүсүнөн өөдөрөөк,
Ушул бурут той кылды*.
Пейли кетип калмак журт
Эсен канга кат берип,
Чоң желдетти жөнөттү,
Желдетке учкан ат берип,
Толкуп жаткан суу кечип,
Тоңкойгон эчен тоо өтүп,
Мунарыктап көрүнгөн
Чет Бээжиндин шаарына
Жетмек болду ал желдет
Эсен кандын алдына.
Жаман кабар укканда,
Жакып жетти Балтага.
Айбаттанып Акбалта,
Акыл айтты канчага:
"Кабылан Манас баланы,
Кабак жерге багалы.
Аңдып калса калмактар
Айласын минтип табалы.
Намысы болсо жигиттин,
Жоого колтук ачабы?
Журтуна тийчү кереги
Жолборстун канын чачабы?
Айтып койгон адамдын
Малы-башын талайлы,
Карсылдатып сабайлы!
Билгизбей кармап алалы,
Койбой жүзүн дүйнөгө
Курмандыкка чалалы!"
Акбалта мындай дегенде,
Убаданы бек кылып,
Кыйноо тарткан кыргыз журт
Өлүп кетер шерт кылып,
Убайым сүйлөп буркурап,
Түп көтөрө кыргыз журт
Бекитти оозун чуркурап.
|