Министрлиги


Окуучулардын жазуу иштерин баалоо



Pdf көрінісі
бет39/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

2. Окуучулардын жазуу иштерин баалоо 
Мугалим окуучулардын жазуу иштерин баалоодо төмөнкүлөрдү эске алат: айтылган 
сөздөрдү туура кабылдап, теориясы менен айкалыштырып, орфографиялык эрежелерге 
ылайык туура жаза билүүсү окуучунун ар түрдүү дилбаян, баяндама жумуштарына өзүнүн 
түшүнүгү ой жүгүртүүсүн системалуу түрдө жаза билүү деңгээли; жазууда 
орфографиялык, пунктуациялы жана стилистикалык эрежелердин сакталышы; окулган 
текст боюнча план түзүп, реферат, доклад жаза билүүсү, иш кагаздарын өз эрежеси, 
талаптары боюнча жазуусу ж.б. 
Жат жазууларга коюлуучу бирдиктүү талаптар жана баалардын чен-өлчөмдөрү 
Жат жазуу – окуучулардын орфографиялык, пунктуациялык сабаттуулугун 
текшерүүнүн эң негизги формаларынын бири. 


Ал үчүн өтүлгөн темаларга карата текст туура тандалып, окуучулар үчүн 
түшүнүктүү болушу керек. жат жазуунун текстинде учураган айрым түшүнүксүз, өтүлө 
элек эрежелерге ылайык жазылуучу сөздөрдү мугалим доскага жазып бериши керек. 
бирок мындай сөздөр жалпы тексттин көлөмүнүн бештен бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш. 
Ар бир жат жазууда белгилүү максат болот. Ал өтүлгөн материалдын кандайча 
өздөштүрүлүп жаткандыгынан кабар берип, теориялык билимди иш жүзүндө колдоно 
билүүгө үйрөтүүсү керек. 
Текшерүү жат жазуусунун текстинин көлөмү: 
5-класска 90-100 сөз, 6-класска 100-110 сөз, 7-класска 110-120 сөз, 8-класска 120-150 
сөз, 9-класска 150-170 сөздөн турган тексттер алынат. 
Жат жазуунун каталары төмөндөгүдөй учурларда эсептелинбейт: 
өтүлө элек эрежелерден кетирилген каталар; 
сөздүн жазылышын билип туруп, тамгаларды байкабай (механикалык түрдө) 
алмаштырып же айрым тыбыштар түшүп калган учурда (мисалы: «кызмат» дегендин 
ордуна «кызма» деп, «түшүм» дегендин ордуна «түшм» болуп жазылса) 
орфографиялык эрежелерди такталбай эки түрдүү жазылып келе жаткан сөздөр 
(мисалы: «дубана» - «думана», «насыят» - «насаат») 
жазма тамгалардын басма түрүндө жазылып калган учурлары. Бир сөз же сөздүн 
бир мүчөсү түшүрүлүп жазылып, же алмаштырылып калып, ошол сүйлөм ой жагынан
стилдик байланышы жагынан бузулбаса (мисалы: айылдык кишилер – айыл кишилери, 
атчан кишилер – атчандар – атчан адамдар ж.б.) 
Баа коюуда мугалим катанын одоно же одоно эместигине карата мамиле кылат. 
Одоно эмес ката окуучунун сабатын текшерүүдө чечүүчү мааниге ээ болбойт. 
Ошондуктан андай каталардын эки-үчөөнү бир ката катары эске алуу керек. Одоно эмес 
каталарга төмөнкүлөрдү кошууга болот: 
сөздөрдү ташымалдоодо сөз туура ташымалданып, ташымал белгисинин 
коюлбай, же белгинин эки жакка тең коюлушу; 
интонацияга байланыштуу тыныш белгинин алмаштырылып коюлушу (мисалы 
сүйлөмдүн баш жагында сырдык сөздөн кийин үтүрдүн ордуна илеп белгисинин коюлуп 
калышы ж.б.); 
окуучу жазылышын билип туруп, бир сөздү бирде туура, бирде ката жазса; 
бир эле сөздөн ар кайсы жерде бирдей ката кетирсе, бир эле ката деп эсептелинет; 
Жазуу жумушунун тазалык деңгээлине; оңдоолордун көп, аздыгына карата 
мугалимге бир бааны төмөндөтүп коюуга мүмкүндүк берилет. Айрыкча, булганыч 
жазылган жана үчтөн ашык оңдоосу бар иштерге «5» деген бааны ыйгарууга болбойт. 
Мугалим өзгөчө көңүл бура турган орфограмма жана пиктограммалар текстте 
төмөндөгүдөй сандардын айланасында болууга тийиш: 
5-класста 10-12 ар түрдүү орфограмма, 2-3 пунктограмма, 6-класста 14-16 ар түрдүү 
орфограмма, 4-5 пунктограмма, 7-класста 16-18 ар түрдүү орфограмма, 6-7 пунктограмма, 
8-класста 18-20 ар түрдүү орфограмма, 10-12 пунктограмма. 
Жат жазуу текстинде атайын өтүлгөн эрежелерге ылайык 5-класста 4-5, 6-7-класста 
5-7, 7-9-класста 8-10, 10-11-класста 10-12 жазылышы татаал сөздөр сөзсүз түрдө 
аралашууга тийиш. Ошондой эле текшерүү жат жазуусунда 5-класста 2-3, 6-7-класстарда 
3-4, 8-9-класстарда 4-5 татаал сүйлөмдөр болушу керек. 
Жат жазууларда орфографиялык, пунктуациялык каталар, жазуунун техникалык 
эрежелери, иштин тазалыгы эске алынып бир гана баа коюлат. Эгерде, айрым учурларда, 
жат жазууга кошумча иштер тапшырма катары кошо берилсе, экөөнө эки башка баа коюу 
талап кылынат.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет