Министрлиги


Жат жазууга баа коюуда мугалим төмөнкүдөй чен-өлчөмдөрдү жетекчиликке



Pdf көрінісі
бет40/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

Жат жазууга баа коюуда мугалим төмөнкүдөй чен-өлчөмдөрдү жетекчиликке 
алат: 
«5» деген баа катасыз жазылган, бир орфографиялык же бир пунктуациялык катадан 
ашпаган, үчтөн ашык оңдоолор болбогон иштерге коюлат. 
«4» деген баа каталардын жалпы саны төрттөн ашпаган (эки орфографиялык, эки 
пунктуациялык же төрт орфографиялык, төрт пунктуациялык) жат жазууларга коюлат. 
«3» деген баа төрт орфографиялык, төрт пунктуациялык же үч орфографиялык, беш 
пунктуациялык катасы жок туруп жети ката жиберилген иштерге коюлат. 
«2» деген баа «3» коюлуучу иштин чегинен ашкан, жети орфографиялык, жети 
пунктуациялык; же алты орфографиялык, сегиз пунктуациялык же сегиз орфографиялык, 
алты пунктуациялык ката кетирген иштерге коюлат. 
Сөздүк жат жазууларында: 5-класс үчүн 10-20 сөз, 6-класс үчүн 15-25 сөз, 7-класс 
үчун 25-30 сөз, 8-класс үчүн 20-35 сөз, 9-класс үчүн 20-40 сөздөн турган текст алуу жагы 
белгиленет. 
Сөздүк жат жазууларда: «5» деген баа катасы жок, «4» деген баа бир эки катасы бар, 
«3» деген баа үч-төрт ката кетирген, «2» деген баа төрт-беш катасы бар, «1» деген баа 
7ден ашык ката кетирилген иштерге коюлат. 
Кыргыз тилинен окуучулардын баяндамасын баалоо 
Баяндаманы баалоонун чен-өлчөмдөрү 
Жазуу түрүндөгү кеңири баяндамага сөздүн белгилүү өлчөмдөгү саны сакталган 
байланыштуу тексттен үзүндү алынат. Текст 5-класс үчүн 100-150 сөз, 6-класс үчүн 150-
200 сөз, 7-класс үчүн 200-250 сөз, 8-класс үчүн 250-350 сөз, 9-класс үчүн 350-450 сөздүн 
айланасында берилет. 
Баяндаманы баалоодо мугалим төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш: баяндаманын 
аткарылыш максатына, анын түрлөрүнө (кыска, кеңири, тандалмалуу, кошумча, 
тапшырма берилүү менен жазылуучу ж.б.) карата окуучунун ишти аткаруусу; окуучуну 
тексттин мазмунун түшүнүп кабылдоосу; ошого байланыштуу тексттеги окуянын 
баяндалыш системасы; окуучунун план түзө билиши, ага жооп бериши; окуучунун 
индивидуалдуу кеби менен тексттин кебинин ортосундагы байланышы жана андагы 
чыгармачылыгынын көрүнүшү: иштин грамматикалык жана стилистикалык жактан 
аткарылыш деңгээли, ой-туюмунун жыйынтыктуулугу. 
Баяндамада эки баа коюлат. Баяндама тил сабагында болсо, эки баасы тең кыргыз 
тилге коюлат. Ал эми адабият сабагында жаздырылса, биринчи баа адабиятка тиешелүү 
болуп, экинчи баада орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулук эске алынып, 
кыргыз тилине таандык болот. Биринчи бааны коюуда төмөнкүдөй бирдиктүү талап 
жетекчиликке алынат: 
Биринчи баа иштин мазмунунда темага жооп берүүсүнө, сөз байлыгына, сөз 
каражаттарын ыгы менен колдонуусуна, башкы ойду ача билүүсүнө, талапка карата 
текстти кеңири же кыскача баяндай алуусуна, чыгармачылык мүнөздөгү кошумча 
тапшырмаларды аткарыш деңгээлине коюлат. Баяндамада экинчи бааны окуучунун 
орфографиялык жана пунктуациялык сабатын эске алуу менен, жат жазуунун чен-
өлчөмдөрү боюнча балоо зарыл. 
9- классты аяктап жатканда жазуу түрүндөгү баяндамага байланыштуу тексттен 
үзүндү алынып, дил баяндын элементтери камтылган баяндама жаздырылат. Окуучулар 
берилген текстти кеӊ ири же кыска баяндоо менен чыгармачылык тапшырманы аткаруусу 
зарыл. Баяндаманы жаздыруунун алдында киришүү аңгемеси өткөрүлөт. Анын максаты – 
текстти кабыл алууга даярдоо менен баяндама жазууга карата окуучулардын кызыгуусун 
пайда кылуу. Бул аңгемелешүүдө мугалим тексттин автору, окуя болуп өткөн тарыхый 
кырдаал тууралуу кыскача түшүнүк айтат. Айрым учурда тексттин темасы, идеясы, 
проблемалары, түшүнүксүз сөздөр, терминдер чечмеленет.


Баяндаманы жазууда текст эки жолу окулат. Биринчи жолку окууда окуучулар 
тексттин мазмунун, негизги оюн түшүнүү менен теманы аныктап, микротемалардын 
ырааттуулугун эстеп калуулары керек. Окуучулар жумушчу дептерине айрымдарын 
жазуу менен план түзүүгө үлгүрүшү мүмкүн. Он беш минут өткөндөн кийин текст 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет