Министрлиги



Pdf көрінісі
бет44/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


IV. МАТЕРИАЛДЫК-РЕСУРСТУК КАМСЫЗДОО 
 
4.1. Ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар 
Бала көрүү, угуу, кармап көрүү, тажрыйбада колдонуп көрүү аркылуу элестерди 
тезирээк аңдап, ал тууралуу ойлонуп, жыйынтык чыгарат. Иллюстрациялар, диафильм, 
портрет, пейзаж, схемалар баланын окуу материалды түшүнүүсүнө жардам берет. Аудио 
жазуулар аркылуу анын жаратмандыгы өнүгүүсү мүмкүн. Тажрыйбаларды жүргүзүүсү, 
кармап көрүүсү, колдонуп көрүшү аркылуу окуучуда ассоциациялаш, талдоо, жөндөмү, 
актоо жана каралоо сыяктуу көнүмүш жана жаңы жөндөмдөрү өсөт. Окуучу өз ишинин 
натыйжасын көргөндө жөндөм, ушул иштин автору, жаратмандыгына байланыштуу 
сезимдери калыптанат жана келечекте өз ордун табууга болгон ишеничи дагы артат.
Окуучулардын көнүгүү жана зээндүүлүгүн өнүктүрүүгө таасир көрсөтүүчү ресурстарды 5 
түргө бөлсө болот: 
1. Көрүүгө 
болжолдонгон - видео кассеталар, слайддар, DVD дисктер, 
иллюстрациялар, сүрөттөр (портрет, пейзаж, интерьер), схемалар ж.б.у.с. 
2. Угууга болжолдонгон - аудио кассеталар, магнитофон тасмаларына жазылган 
атактуу актёрлордун үндөрүнүн коштоосунда айтылган жомоктор, ыр саптары, обондуу 
ырлар ж.б.у.с. 
3. Жазууга болжолдонгон - тест-карточкалар, тесттер, эсселер, түрдүү стилде, 
түрдүү басылма жана көркөм чыгармалардан алынган тексттер, каттар, баян, диктанттар 
ж.б.у.с. 
4. Талдоо кылууга болжолдонгон – долбоорлор, тажрыйбалар, изденүүлөр,
жыйнактар, энциклопедиялар ж.б.у.с. 
5. Сүйлөөгө болжолдонгон – презентациялар, сахна көрүнүштөрү, топтогу иштер, 
көркөм чыгармалар ж.б.у.с. 
4.2. 
Шыктандыруучу окуу ч
ѳ йрѳ сүн түзүү 
 
Эне тили — пикир алышуунун куралы, ойдун тикеден тике чындыгы катары көп 
кызматты өзүнө аркалаган көрүнүш. Ал карым-катнаштын каражаты болуу менен бирге 
эле чындыкты чагылдыруунун жана таанып билүүнүн куралы, ошондой эле, инсандын 
рухий жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө да шарт түзөт. Эне тилине канчалык 
деӊ гээлде ээ болгондугу окуучунун башка предметтерди айрыкча экинчи тилди, чет 
тилдерди жана калган предметтерди өздөштүрүүдөгү ийгиликтеринен көрүнөт. Ошондой 
эле, аналитикалык ой жүгүртүүсүнүн өнүгүүсү да ушуга байланыштуу. Тил менен ой 
жүгүртүүнү бири-бирисиз элестетүү эч мүмкүн эмес. Алар өз ара жуурулушкан бир 
бүтүндүктү түзүп турат. Эне тили предмет катары мектепте үч аспектиде окутулат: 1) 
тилдин системасы; 2) орфографиялык жана пунктуациялык көндүмдөр; 3) кеп маданиятын 
өнүктүрүү. Эне тилин окутуунун максаты — мектеп бүтүрүүчүсү тилдик жана кептик 
нормаларга ылайык кептик ой жүгүртүүчүлүк ишмердүүлүккө ээ болуу менен маданий-
адептик жактан да калыптануусун жөнгө салуу.
Атап айтсак: тилдик компетенттүүлүктө - мектеп окуучусун тилдик бирдиктерди 
алардын тилдин системасындагы функциялары жана тексттеги ролу менен байланышта 
түшүнүүгө; лингвистикалык бирдиктерди функциялары, маанилери жана стилдери 
боюнча топтоштурууга; тилдик бирдиктерди түзүлүшү, мааниси жана стили боюнча 
айырмалоого; кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштырууга;
орфографиялык жана пунктуациялык ыкмаларга ээ кылууга окутуу. Кептик 
компетенттүүлүктө - мектеп окуучусун коммуникативдик милдеттерди аныктоого, тилди 


пикир алышуунун ар кыл кырдаалдарында оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга, 
өзүнүн сөздүк байлыгын байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеӊ ейтүүгө, мисалы: 
карым-катнаштын максатына ылайык кептин предметин жана темасын түшүнүүгө жана 
белгилөөгө; тексттеги биринчи жана экинчи орундагы маалыматтарды бөлүп көрсөтүүгө, 
аларды чындык менен салыштырууга; адабий тилдин (стилдердин) нормаларына, пикир 
алышуунун максатына (кептик кырдаалдарга) ылайык текст түзүүгө; текстти ар кыл 
стилдик талаптарга, ар кыл эмоционалдык жагдайларга ылайыктап кайрадан түзүүгө;
коммуникативдик мазмунуна ылайык тексттердин функционалдык семантикалык 
типтерин, кептин ар кыл жанрындагы жана стилиндеги тексттерди айырмалоого жана 
пайдаланууга үйрөтүлөт. Маданий компетенттүүлүктө мектеп окуучусун пикир алышууга 
катышуу менен социалдык-кептик, маанилик жана тарыхый-маданий контекстти эске 
алуу менен сүйлөшүү маданиятынын нормаларына ээ болууга, коомдо калыпка түшкөн 
жүрүм-турумдун эрежелерине ылайык карым-катнаштын катышуучусунун социалдык 
ролун өзүнө кабыл алуу менен элдин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү, ыйык 
баалуулукка айланган эне тилин урматтоого жана сактоого окутуп-тарбиялоо ж.б. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет