Мугалим: Кошоева Нуриза Предмет: Кыргыз тили сабагында текстти колдонуунун технологиясы Сабактын



бет3/4
Дата04.10.2023
өлшемі29.36 Kb.
#479812
1   2   3   4
Сабактын план

Тексттин бөлүктөрү (доскада)
Тексттин маанилик бүтүндүгү (доскада)
МисалыДүйшөн бизди адатынча мектепке ээрчитип чыкты. Бул жолу ал эч бир унчукпай, сүйлөбөй, сустайган каштарынын ас-тынан бүркөлө карап, кубакай жүзү карарган темир өңдөнүп келе жатты. Мугалимибиздин мындай болгонун эч көргөн эмес элек. Алда кандай жамандык болуп кеттиби дегендей ыйбаа менен биз дагы, де-мейде чурулдап ойноп кетчү балдар, сестейип калдык. Калың кар түшкөндө Дүйшөн дайым өзү жол баштап, анын артынан мен, анан башка кичирээк балдар чыйырга түшчү. (Ч. А.)
Башында айткандай текстте эмне жөнүндө сөз болуп жатса, бул анын темасы. Башкача айтканда тексттин мазмунуна коюлган ат, тексттин маанилүү өзөгү, тексттин жалпыланган мазмуну.
Тема — бул тексттин жалпыланган мазмуну, ал текстте эмне жөнүндө сөз болуп жатканын билдирет. Мисалы: спорттук мелдештер жөнүндө сөз болсо, темасы - спорттук мелдеш; адептүүлүк жөнүндө сөз болсо, темасы - адептүүлүк ж. б. Ошентип, тексттин мазмуну темасына жооп берүүгө тийиш
Текстте автордун берейин деген ою, идеясы - бул тексттин мазмуну.
Маани - текст ичиндеги логикалык бир бүткън ойду туюндурган чакан ой. Ал бир абзацта чагылдырылышы мүмкүн, чакан темачага ээ болушу да күтүлөт. Демек, сөз мааниси бизди курчап турган чөйрөнүн атынан улам келип чыкса, тексттин ичиндеги маани ой жыйынтыктуу бир бүтүндүктү туюндурган сүйлөмдөн же сүйлөмдөрдүн жыйындысынан турат. Бул — тексттин маанилүү бөлүгү.
Маңыз көлөмү боюнча мааниден кенен, б. а. маанилердин чогундусунан турат да, бир темага жооп боло турган окуялык билдирүүдън, же баяндоодон, же жаратылыштык сүрөттөөдөн улам келип чыгат. Ал бир канча абзацтарды ичине камтуу менен тексттин тутумдуу бир чоң бөлүгүн түзөт. Маңыз микротекст (же матетекст) деп аталып, ар бир маңыздык бөлүк чакан темачаны түзөт, андай маңыздардын жалпы түзүлүшү мазмунду пайда кылат.
Текстке тема коюуунун түрлөрү (доскада)
Тексттин байланыштуулугу Тексттин байланыштуулугу тексттин мүчөлөнүшүнүн үчүнчү негизги мүнөздүү белгиси болуп саналат. Байланыштуулуктун негизин сүйлөмдүн коммуникативдик ырааттуулугу түзөт, тексттеги ар бир кийинки сүйлөм мурунку сүйлөмдөрдүн базасында түзүлөт. Мурунку сүйлөмдөгү негизги ойго кийинки сүйлөмдө жаңы маалымат кошулуу менен негизги ой өнүгүү абалында болот. Ойдун өнүгүүсүнө тексттеги ар бир сүйлөм өз салымын кошот. Ошондуктан сүйлөмдөгү сөздөр экиге бөлүнөт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет