Мугалим: Кошоева Нуриза Предмет: Кыргыз тили сабагында текстти колдонуунун технологиясы Сабактын


Сүйлөмдө мурун белгилүү болгон сөздөр же сөз тизмеги «тема» же кийинки сүйлөмдөрдөгү жаңы сөздөр же сөз тизмеги «рема» деп аталат



бет4/4
Дата04.10.2023
өлшемі29.36 Kb.
#479812
1   2   3   4
Сабактын план

Сүйлөмдө мурун белгилүү болгон сөздөр же сөз тизмеги «тема» же кийинки сүйлөмдөрдөгү жаңы сөздөр же сөз тизмеги «рема» деп аталат. «Тема» («Т»), «рема» («Р») тамгалары менен белгиленет. «Ремада» жаңы билдирүүлөр берилип, айтылган ойду өнүктүрөт же алга жылдырат.
Мисалы:

  1. Абыл шаарга келди (Абыл, шаарга «рема»).

  2. Абыл китеп дүкөнүнө барды (Абыл «тема»), китеп дүкөнүнө («рема»).

  3. Абыл окуу китептерин сатып алды (Абыл «тема»), окуу китептерин («рема»).

Тексттеги сүйлөмдөрдүн байланышуу жолдору


Тексттеги сүйлөмдөр өз ара ички маанилик жактан эки түрдүү: чынжырлаш жана удаалаштык (жарыш) ыгы, жолу менен байланышат.
Тексттеги сүйлөмдөр мааниси жактан уланмалуу жол менен, башкача айтканда, чынжырлашып байланышканда экинчи сүйлөм биринчи, үчүнчү сүйлөм экинчи, төртүнчү сүйлөм үчүнчү сүйлөмдөгү ойду улайт. Сүйлөмдөрдүн мындай байланышы уланмалуу же чынжырлаш байланыш деп аталат.
МисалыЧабалекей чырылдап, уясынан учту. Тышка чыкты. Кайра учуп кирди. Экинчи чабалекей да балдарына жем тиштеп келип калды, жыланды көрдү. Ал оозундагы жемин таштап жиберди, кайрат кылды. Балдарын жоодон сактамакчы болуп, канаты менен жыланды чаап өттү. Жылан аны тоготподу. Башын көтөрүп, уяны карай жыла берди. (К. Б.
Удаалаштык байланышта да бардык сүйлөмдөр, экинчи сүйлөмдөн баштап, мааниси боюнча жана грамматикалык жактан биринчи сүйлөм менен байланышат. Бирок сүйлөмдөр түзүлүшү жагынан окшош болушат да, алдыңкы сүйлөмдө айтылган ойду улабайт. Андагы сүйлөм мүчөлөрүнүн орун тартиби биринчи сүйлөмдө кандай болсо, кийинки сүйлөмдөрдө да так ошондой тартипте кала берет.
МисалыАр бир адамга туулуп-өскөн жери өтө кымбат. Мекендин топурагы – алтын. Мекенге кызмат кылбаган киши – элдин душманы. Мекенди сүйүү жана ал үчүн кызмат кылуу – чексиз бакыт-таалай. Мекенде байлык болсо, сенде да байлык болот. Мекенден айрылганча, өмүрдөн айрылган жакшы.

Окуучулар жаңы теманы түшүнүүгө маани бөлүп, тынч отуруп, кунт коюп угушат.

4. Сабакты бышыктоо

15 минута

Окуучулар батман жана сыйкырдуу тема аркылуу тексттин темасын аныктап, аша ат коюуга үйрөнүшөт.

  1. Алтан балалык

  2. Менин мекеним

Окуучуларды эки топко бөлүп, аларга бирден батман берилет. Эки топ бирден сырдуу темаларды алышат. Алган темалары боюнча топтун мүчөлөрү батманга сүрөт тартышат. Б.а. тексттин темасы сүрөт аркылуу чагылдырылат. Тарткан сүрөттөрүн эки топ алмашып, сүрөт боюнча текст түзүшөт.

5.Тема боюнча тыныгуу

10 минута

Текссттин темасын, ремасын, маани-мазмунун, маңызын ачып берүү максатында сүрөттөр аркылуу топко бөлүнүп текст түзүү. Текстти талдоо.

Окуучулар топко бөлүнүп, сүрөттөр аркылуу өздөрүнүн чыгармачылык денгээли менен текст түзүшүп, ага талдоо жүргүзүп, тексттин темасын, ремасын, маани-маңызын, мазмунун айтып беришет.

6. Сабакты жыйынтыктоо

3 минута

Өтүлгөн темалар боюнча суроолорду берип, жаңы теманы бышыктайбыз

Окуучулар ирээти менен кол көтөрүп суроолорго жооп беришет.

7.Баалоо

2 мунот

Сабакка активдүү катышкан окуучулар мугалим тарабынан бааланат.

Окуучулар сабакка активдүүй катышканына карата баа алышат.

8.Уйго тапшырма

2 мунот

“ Менин сүйүктүү мугалимим” деген темада текст түзүп, анан ремасын, маанисин, маңызын жана мазмунун таап келишет.

Тапшырманы күндөлүгүнө жазышат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет