Диссертанттын эсептөөсүндө IX класста 12 автор дун өмүр баяны
тууралуу маалымат берилип, X класста 18, XI класста 13 акын-жазуучунун
өмүрү жана чыгармачылыгы атайын бир сааттык көлөмдө кеңири үйрөнүлөт.
Демек, изилдөөчүнүн эмгеги ушунча сандагы сабактарда колдонууга
ылайыктуу.
Автор изилдөөнүн теориялык методдору катары төмөнкүлөрдү көрсөтүп,
алар аркылуу алынуучу натыйжалар белгиленет:
1. Материалдарды анализдөө.
2. Анализденип алынган материалдарды синтездоо.
3. Ар түрдүү көрүнүштөрдү, түпгүнүктөрдү салыштыруу.
4. Материалдарды жалпылоо.
5. Илимий булактарды үйрөнүү методу.
Бул методдор иште кандайча колдонулгандыгы
автор методист тарабынан
баяндоого алынат.
«Тажрыйбаларды талдоо жана жыйынтыктоо, аларды иште колдонуу
методу» деген параграфта акын-жазуучулардын биографиясын чыгармалары
менен биримдикте окутуу боюнча Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы
лицейдин
мугалими
Гүлнара
Султангазиеванын
Алыкул
Осмоновдун
\
лирикаларын IX класста сабак-диспут
формасында окутуу боюнча, Бишкек
шаарындагы №5 гимназия мектебинин мугалими Айгүл Батыркулованын IX
класста өтүлгөн «Молдо Кылыч - жазгыч акын» деген сабагында долбоор
жактоо,
кластер
түзүү,
Венндин
диаграммасын
толтуруу
сыяктуу
инновациялык
ыкмалары,
Бишкек
шаарынын
мугалими
Зейнегүл
Байсалбекованын XI класстагы «Алыкул менен кездешүү» деген сабагында
окуучулар
менен
мугалимдин
философиялык-интеллектуалдык
таймаш
сабактары ж.б. сабактары талдоого алынат. Изденүүчү
бул сабактардын
маанисин жана технологияларын изилдөөчү катары талдап, аларга баа берип,
илимий ишине материал катары эффективдүү колдоно билген.
5