19
–
тилди билим алуунун каражаты катары үйрөтүү;
–
тилди инсандын социалдык-турмуштук талабын канааттандыруу куралы катары үйрөтүү;
–
тилди жашап жаткан чөйрө менен социалдашуунун жана коомдо бирге жашоонун каражаты катары
үйрөтүү;
-
тилди адамдын жашоо кечирүүсүнүн маанилүү каражаты катары үйрөтүү.
Ошон үчүн дүйнөлүк билим берүү практикасы бүгүнкү күндө
мектеп окуучусунун алган
билимининин натыйжалуулугун компетенттүүлүк түшүнүгү менен баалоого толук өтүп отурат. Ал
компетенттүлүк окуучунун турмуш талап кылган билимге теориялык жана практикалык негизде ээ
болуусунун моделин элестетип отургандай.
Ошону менен бирге, компетенттүүлүк мектепке келген
биринчи күндөн тартып, окуучунун окуу стандарттарынын жана программанын
негизинде алган
билимин, аны практикада колдоно билүүсүн талап кылган натыйжалар менен түздөн-түз байланыштуу.
Жак Делор 21-кылымдын билим берүүсүнүн максаты катары мына буларга жетишүүнүн зарыл
экендигин жана ал Европа жаштары сүзсүз ээ болууга тийиш болгон негизги компетенттүүлүктөр
болуусу керектигин белгилеген. Мисалы: 1) таанып билүүгө үйрөнүү; 2)жасай билүүгө үйрөнүү;
3)жашоого үйрөнүү, 4) бирге жашоого үйрөнүү. Албетте, бул компетенциялар Жер шарында жашаган ар
бир адамга тиешелүү болгон глобалдуу компетенциялар.
Буларга жетишүү мектепте тил үйрөтүүнүн жана анын методикасынын
жетишкен ийгилиги катары
бааланат. Бирок бул эле жетишпейт. Анткени, тилге болгон коомдук мамиле мамлекеттин идеологиясын
түзөр каражат да жана улуттун өзүн өзү сактап калуусунун жана өркүндөтүүнүн, улуттук наркты,
намысты, анын келечегин бекемдеп турган улуу каражат да экендигин эсибизге салат. Андай болсо, ага
илимий-методикалык гана талап коюу жетишсиз. Ага, ири алдыда, мамлекеттик талап да керек.
Биринчиден,
мамлекетте тилге болгон коомдук талапты, ал тилде сүйлөөгө болгон турмуштук
зарылдыкты түзүү.
Бул-албетте, сырткы талап. Коомдук мындай талап болбосо,
анын зарылдыгын
бүгүнкү адам сезбесе, эч ким ал тилде сүйлөбөйт, тил коомдук чөйрөдө колдонулбайт.
Достарыңызбен бөлісу: