Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Философи илиминин башка илимдер менен байланышы жана орду



Pdf көрінісі
бет15/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Философи илиминин башка илимдер менен байланышы жана орду. 
Философиянын негизги кызматы. 
Философия илим катары б.з.ч. I миңинчи жылдыктын орто ченинде 
калыптанат, тагыраагы, б.з.ч. VI кылымда Байыркы Египет, Кытай, Индия жана 
антикалык Грецияда пайда болот. Учурда анын онтология, гносеология, 
аксиология, социалдык философия, этика философиялык антропология деп 
аталган негизги бөлүмдөрү айырмаланат. Заманбап философияда анын илим 
философиясы, билим берүүнүн философиясы, табияттын философиясы, 
техника философиясы ж.б. бөлүмдөрү да пайда болду.
Ошондой 
эле 
философия 
башка 
илимдерди 
окуп-үйрөнүүдө 
методологиялык кызматты аткарат. Билимдердин интеграциясы, өтө жалпы 
синтездин болушун шарттаган жагдайлар бар. Алсак, тигил же бул илимде 
жаралган көйгөй башка илимдердин жетишкендиктерине кайрылууга, аны 
билүүгө түрткү берет. Ошондой эле таанымдын тигил же бул маселесинде 
адамзат коомунун бардык сферасына комплекстүү мамиле жасоону талап 
кылат. Же болбосо, бир нече илимдин тармагы биргелешип чечүүнүн жана 
жалпы универсалдуу диалектикалык (философиялык) ыкмаларды колдонуу 
менен чечүүнү талап кылат. Мындай учурда сөзсүз түрдө философия башкы 
ролу ойнойт. Саясий процесстердин жүрүшундө, глобалдашкан маселелердин 
жаралышында тигил же бул илимдин өкүлдөрү жалпы дүйнө, жалпы мыйзам-
ченемдүүлүктөр жөнүндөгү методологияга муктаж болот. Бул учурда 
философиянын жалпы байланыш жана өнүгүү мыйзам-ченемдүүлүктөрү 
манилүү роль ойнойт. Демек, философия башка бардык илимдер үчүң 
мтодологиялык ролу аткарат. Булардын баары философиянын аткарган 
кызматынан көрүнөт. Бул теманын алкагында философиянын аткарган 
кызматына токтолу да маанилүү. Анын негизги кызматы катары төмөндөгүлөр 
эсептелет: 
1. Дүйнөкараштык кызматы. Бул адамдын өзү жана анын дүйнөдөн алган 
орду жөнүндөгү маселени чагылдырып, илимий түшүнүктөрдү колдонуп, 
абстрактуу-логикалык ой жүгүртүү аркылуу дүйнөнү теориялык жол менен
түшүңдүрүү. 
2. Методологиялык кызматы. Философия адам тарабынан дүйнөнү жана 
өзүн таанып билүүсүнүн жалпы методу катары болот. Ошондой эле философия 
өзү ыкмалар жөнундөгү окуу болуп эсептелет. 
3. Прогностикалык кызматы. Дүйнө, адам жана анын ой дүйнөсүнүн жалпы 
өнүгүүлөрү жөнүндөгү гипотезаларды калыптандыруу. Мында философия 
канчалык деңгээлде жеке илимдердин жетишкендиктерине таянса, божомолдоо 
ошончолук 
акыйкатка 
жакын 
болот. 
Философия 
учурда 
азамзат 
цивилизациясынын келечеги жана жер бетиндеги жашоонун болжолу жөнүндө 
ой жүгүртөт. Мындай учурда ал башка илимдердин изилдөөлөрүңө таянат. 
4. Сындоо кызматы. Мында тиги же бул билим-илимдин тармагында 
жаралган жаңы ой корутундулардын чындыкка дал келүүсү же келбөөсү сынга 
алуу аркылуу аныктыгы ачылат. Бул ой жүгүртүүнүн жолу катары байыркы 


19 
мезгилде эле пайда болуп, бардык нерселерге карата күмөн саноолор аркылуу 
ачыктоо процесси жүргөн. 
5. Аксиологиялык кызматы. Аксиология байыркы грек термини (axios – 
баалуу), баалуулуктар жөнүндөгү окуу дегенди билдирет. Мындай аспектиде 
философиянын кызматы катары бул эсептелет: ар кандай философиялык окуу, 
көз караш же багыттар түрдүү баалуулуктардын алкагында баа берилет; ал же 
социалдык, же идеологиялык, же болбосо этикалык-эстетикалык нормалардын 
алкагында бааланат. 
6. Социалдык кызматы. Философия коомдун келип чыгышы, жашап турушу 
жана өнүгүшү жөнүндөгү маселелерди түшундүрүү аракетин жасайт. Ошондой 
эле коомдогу социалдык түзүм, анын курамына кирген этникалык 
жалпылыктар менен топтордун ортосундагы карым-катнаштын мыйзам 
ченемдүүлүктөрүн, коомдун эволюциялык процесстерин түшүндүрөт. 
7. Гуманитардык кызматы. Философия ар бир инсанда гуманитардык 
баалуулуктардын жана идеалдардын калыптанышына түрткү берет. 
Философиялык окууларда, көз караштарда жашоонун маңызын түшүнүү, 
дүйнөдөгү жана коомдогу өзүнүн ордун аңдап билүүсү жана ага жараша 
жашоосун уюштура билүүсү сыяктуу көз караштарды калыптандыруу идеялары 
бар. 
8. Тарбиялоочу кызматы. Философия адамда идеалдардын жана моралдык 
баалуулуктардын калыптанышына, курчап турган чөйрөгө жана нравалык 
принциптерге ыңгайлашуусун аныктайт жана аны бекемдейт. 
Ошентип, философиянын кызматтары анын теориялык жактан маани-
манызын жана практикалык маанисин чагылдырат. Булар аркылуу философия 
илим катары көрүнөт жана анын предмети, максат-милдеттери ишке ашат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет