«Буткул республикалык тестирлоо мага жана менин олкомо эмнени берет?»
Айдын он беши карангы, он беши жарык. Былтыр
чон акча сурашканынан окуй албай калгам. А быйыл
озумдун кучум менен эле отуп кеттим. Озум бугун
аран ишендим. Досторум болсо али да ишенише
элек…
Кундолуктон. Замир. (2002-ж. 3- Сентябрь.)
Билимдуууну амалдууга, зээндууну акчалууга тебелетип кор кылган билим беруу тармагы бутундой коррупцияга чомулуп, тууганчылыктын туткунунда калган олконун келечеги будомук. Тарыхтын мындай татаал сыноосунда турганда, он тарапка багыт алуу - ар бир инсандын келечек муундардын алдындагы ыйык парзы.
Эгемендуу кыргыз олкобуздун ЖОЖдорундагы, акыркы 10-15 жылдын ичиндеги «акыйкаттуулукту» узун сабак кеп кылуунун кажети жок. «Ишенимдуу абитуриент. Ишенимсиз студент. Студенттин билимсиздигине, отумсуздугуно «кейиген» окутууучу. Намысчыл ата-эне.»
2002-жылдан тартып, абитуриенттерди бир гана билим денгээли, зээндуулугу аркылуу каалаган окуу жайында, адистигинде окуу мумкунчулугуно ээ кылган, буткул республикалык тестирлоо олкобузго эмнени берет?
Калктын басымдуу болугун тузгон жакыр уй - булолордо контракт толоого, «тааныш табууга» мумкунчулук болбогондуктан, канчалаган зээндуу улан-кыздар тоодо мал багып, сооданын артынан тушуп, же жумушсуз кочодо журушот. Ошондуктан, апатиядагы ата-энелердин турткусу менен, мектеп окуучуларынын жана акчанын айынан окуй албай жургон жаштардын буткул республикалык тестирлоого жан уроп даярдануусу салттуу корунушко айлана баштады.
Жогорку окуу жайды, адистикти социалдык текке, материалдык шартка карап эмес, шык жондомдуулукко карап тандап алууга шарт тузулду (мурда окуу жайлар калктын жашоо денгээлин аныктап туруучу корсоткучтой сезилчу).
Буткул республикалык тестирлоонун негизинде окуу жайдын босогосун аттаган ар бир студент учун адилеттуу сынак. адистикти эркин тандап алуу- билим алууга чон стимул болот десек жанылышпайбыз. Анткени азыр. убагында турмуш шартына байланыштуу, озу каалаган адистикке окуй албай, башка бир окуунун башын оорутуп, «же уйдо эмес, же Чуйдо эместер» четен кезигет.
Турмуштун айынан тагдырына балта чабылып, кор оокаттын торунда калган дээринде бар уул-кыздардын бейнеси журокко тикенектей сайылат. Ошолордун кочу кемип, оздору тилек кылган билим алуу жолуна тушушту. М: тестирлоонун алгачкы жылында (2002 -ж.) окуну 3-4 жыл мурда буткондор коп тапшырышкан.
Бугунку коомубузда экономикалык, саясий кризистер козго бараандуу корунгон менен, тупкулугундо идеологиялык кризис жатат. Анын сынарындай , буткул республикалык тестирлоону убактылуу турмуш шартыбызга, моралдык укуктарыбызга алып келген жанылыктары менен бирге эле, улуттук идеологиябыздын жанылануусуна тийгизчуу таасири чон. Азыркы муунга кандай тарбия берсен, келечекте андан ашыкчаны кутуу- тобокелчилик. Жаштардын ан – сезимине акыйкаттуулуктун, адилеттулуктун, эркиндиктин манызын орнотуунун озу- тарыхтын алтын тамгаларына татыктуу болот. Анткени келечек муун, андан да улуулукту издейт. Муну менен эмнени айткым келет. «Уядан эмнени корсо, учканда ошону алат» болуп, тестирлоонун тузун таткандар - болочоктогу «туугансыз бийлерден» болуп, мыйзам менен жашаган эл болуп калыптанабызбы деген соз. Ушунун арты менен, билимди акчага алмаштырган эйфориядан ойгонобузбу деген соз.
Бул айтылгандардын баары, буткул республикалык тестирлоонун реалдуу иш – чараларына, жана анын келечегине жекече коз караш. Акырында, узун кулактардын «Буткул республикалык тестирлоо да капчыгы калындарга кызмат отой баштады» маанисиндеги ушак-айынын айта кетуу зарыл. Кантсе да келечектеги Кыргызстандын улкон маданияты учун, келечектеги Кыргызстандын бакубат экономикасы учун, бул иш – чаранын канчалык салымы бар экенин мезгил озу таразалап , тарых тактап алат.
P. S. В связи с тем, что у меня не было возможности написать текст кыргызским шрифтом, заранее прошу прощения за это и прошу Вас обратить внимание на это при чтении данной работы.
Мойдунов Бусурманкул Пайзидинович.
Ош Мамлекеттик Университети, Философия жана башкаруу технологиялары факультети.
Ош ш. Мирсаатова коч. 2-8 , тел. (0502) 686339.
Эл. почта: buria83@list.ru
Достарыңызбен бөлісу: |