Денени чыңдоо узак өМҮРГӨ ӨБӨЛГӨ



Pdf көрінісі
Дата12.01.2024
өлшемі241.88 Kb.
#488907
deneni-chy-doo-uzak-m-rg-b-lg-



 
№96 жалпы орто билим берүү мектеби 
 
 
 
 
 
 
ТАРБИЯЛЫК СААТ
 
 Тема:
 ДЕНЕНИ ЧЫҢДОО – УЗАК ӨМҮРГӨ ӨБӨЛГӨ 

 Класс: 

 
Мугалим: 
Мамбетмусаева Жаннат Азисовна
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
БИШКЕК 2020


ДЕНЕНИ ЧЫҢДОО – УЗАК ӨМҮРГӨ ӨБӨЛГӨ 
Сабактын максаты: Окуучулар ден соолугун сактоо үчүн таза жүрүүгө, күнүмдүк 
эрежелерди колдонууга үйрөнүшөт. 
Мугалим үчүн материалдар: Инсандардын иштеринде, ибадаттарында жана жеке 
жашоосунда, бейпил жашоодо жашоосунун бирден-бир негизи ден соолукта болгондугу. 
Ден соолугу чың бир инсан дүйнөлүк жана акыреттик милдеттерин дагы да жеңил жасай 
алат жана бул нерседен ырахат ала алат.
Ден соолукта жашоонун сырлары төмөндөгүчө: 1. Балага сүйүү жана мээримдүү 
мамиле жасоо: Балага сүйүү менен жада калса мээрим менен мамиле кылуу абдан 
маанилүү. Бул сезим жагымдуу аура пайда кылат. Бала бир гана сүйүү жана сүйүлүү үчүн 
жаратылган. Баланын сүйүлүүсү бул, коомго аралашып, ылайыкташып бир инсан катары 
жашай ала турган даражада жетилүүсү.
2. Үй-бүлө чөйрөсүндө жашоосу зарыл: Үй-бүлө, инсан жаралгандан бери уланып келген 
жана бардык коомдордун башаты болуп саналат. Үй-бүлө урпактардын улануусун 
камсыздайт жана үй-бүлөдөгү атуулдарга жылуу бир чөйрө тартуулайт. Ошондуктан, орто 
жол тутунган үй-бүлөдө жашоо, ырахатсыздыктардын алдын алат.
3. Дайыма кыймыл-аракетте болуу керек: 
Денебиз ушундай бир түзүлүшкө ээ, дайыма 
машыгып турууну талап кылат. Пландуу 
машыгуу дене түзүлүшүбүз үчүн шарт. Басуу, 
чуркоо, тепкичтерден чыгуу, сүзүү жана 
велосипет айдоо эң жакшы машыгуу. Аны 
жасап жатып өзүбүздү мажбурлабашыбыз 
керек жана өтө аша чапкан деңгээлде өзүбүздү 
чарчатып алуудан алыс болушубуз шарт. 
Физиологиялык кыймыл-аракеттин 
азаюусунан бир канча оорулар ортого чыккан. 
Жүрөк, тамыр жана бел ооруулары, ашыкча 
семиргендик, баш ооруулары, кан басымдын 
көтөрүлүп-түшүп турушу, психологиялык 
жактан бузулуулар жана ачуулануу сыяктуу.
4. Ашыкча семирүүдөн алыс болуу зарыл: семирүү денеде ашыкча майлардын 
топтолуусунун натыйжасында пайда болот. 
Өнүккөн өлкөлөрдө ашыкча семирүү ден 
соолук маселелеринин эң маанилүүлөрүнөн 
болуп саналат. Семирүүнүн ден соолукка өтө 
көп коркунучтары бар. Семирүүнүн жана 
анын ден соолукка алып келген коркунучуна 
эң жакшы чечимди төмөндөгүчө насаатын 
алсак болот: «Курсагыңар ачпастан туруп 
дасторконго отурбагыла жана тойбостон туруп дасторкондон турбагыла».
5. Ырааттуу (тең салмактуу) азыктануу:Изилдөөлөргө караганда эрте мененки 
тамактануунун эртерээк болуусу дагы да пайдалуу экендиги аныкталган. Ал эми түштө өз 


убагында тамактануу зарыл. Кечки тамактанууда болсо, жеңилирээк жана уктоодон 4 саат 
мурун тамактануу сунуш кылынат. Азыктар бир эле түрдүү болбостон, ар кайсы 
түрлөрүнөн азыктануу керек. Башкача айтканда Жараткан инсандарга тартуу жана адал 
кылган түрдүүчө азыктардан колдонуубуз зарыл. Колдонуп жатып ысырапка жол 
бербестен жана өтө аз да колдонбостон орто пайдалануубуз шарт. 
6. Азык-түлүктөрдүн табийгыйларын колдонууга аракет кылышыбыз керек: Жасалма 
кумшекердин ордуна бал жана кайнатылган мөмө ширесин, ал эми шириндиктердин 
ордуна мөмө-жемиштерге көбүрөөк басым жасашыбыз керек. Маргариндин ордуна зейтун 
майын жана кам каймак, тазаланган азык-түлүктүн ордуна табийгый болгонунан 
тандашыбыз шарт.
7. 
Уйку орто жана жетиштүү болуш керек: Уйку да – ач калганда
тамактануу, суусаганда суу ичүү, чарчаганда дем алуу сыяктуу физиологиялык бир 
муктаждык. Инсандын дене жана руханий 
жан дүйнөсүн соо кармайт (айыктырат же 
камсыздайт). Нерв системабызды жөнгө 
салат жана дене боюбузду эс алдырат. 
Күнүмдүк проблемаларыбыздан алыстатат. 
Эрте менен ойгонгонубузда зээнибиздин дем 
алган жана ар дайымкыдан ийкемдүү 
болгондугун байкайбыз. Бирок аз уйку 
сыяктуу көп уктагандык да зыяндуу. 
Айрыкча күн чыкпастан туруп кыймыл-
аракет кылып баштагандар башкаларга караганда активдүүрөөк болушат.


8. Айлана-чөйрөдөгүлөр менен ынтымактуу болушубуз керек: Өзүбүзгө да башкаларга да 
карата сүйүүгө толо болушубуз керек. Жакшы мүнөздөрүбүздү билип, жаман 
сапаттарыбызды оңдоого аракет кылуубуз зарыл. Үй-бүлөбүзгө, кошуналарыбызга жана 
айылдаштарыбызга карата көрө албастык кылбашыбыз жана кек сактабашыбыз керек. 
Сүйүүбүз да жек көрүүбүз да улуу максаттар үчүн болуусу шарт.
9. Стресстен жана санаа тартуудан алыс болуубуз керек: Руханий ыраатсыздыктар дене 
боюбузду да, зээнибизди да чарчатат жана бир канча проблемалардын чыгуусуна себеп 
болот. Ошондуктан ашыкча стресстерден алыс болуубуз зарыл.
10. Чылым, алкоголдуу ичимдиктер жана баңги заттар эч убакта колдонулбашы керек: Бул 
үч заттын зыяндары бар. Ден соолукта жашоону каалаган инсан бул үчөөнөн алыс туруусу 
керек.
11. Кумар сыяктуу оюндардан алыс болуу шарт.
12. . Күн нурунда көп калбаш керек: Өзгөчө чак түш убагында күндүн нуру териге терс 
таасирлерин тийгизет. Тери рагы жана башка ооруулар ортого чыгат.
13 Эс алууга чыгуу керек: Аба жана чөйрөнүн алмашуусу адамдын ден соолугуна бир топ 
пайдалуу. Дени сак жашоонун кандай мааниге ээ экендигин билүүнү каалаган адам, 
ооруканаларда тез-тез текшерилип туруусу керек. Ал жерлерден ден соолук туурасында 
аябай чоң сабактарды алса болот. 



Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет