АЯЛДАР ТУУРАСЫНДАГЫ ТӨРТ САПТАР
Эркиң жок, айласыздан байланасың,
Эгерде башың кошсоң аялзатка.
Акырын билинбестен айланасың,
Аркандалып тушалган жалгыз атка.
* * *
Күнүгө арак ичпей жүрсүн десең,
Күйөөңө машина сатып бергин.
Ал эми өз баркымды билсин десең,
«Алтын ордо» эшигин ачып бергин.
* * *
Эгерде күйөөмө жагам десең,
Эң ириде тамакка тоюндургун.
Арзытып көңүл отун табам десең,
Аны менен төшөктө оюн кургун.
* * *
Жакшы го көп аялга көз салганың,
Жаманы—жетип бирин кармаганың.
Жанына жолой албай башка аялдын,
Жылбас кылып өзүңдү байлаганың.
* * *
Аял бар өзү көрүп турса дагы,
А бирок өз көзүнө ишенбеген.
Күнөөсү жок, таптаза жүрсө дагы,
Күйөөлөрүн жылдырбай кишендеген.
* * *
Жан жерин соода кылып акча кармай,
Жанын баккан аял бар алкым менен.
Аял бар макул болгон акча албай,
Анын баасы барабар алтын менен.
* * *
Аялды кызыктырбайт сулуу эркек,
Анчейин көз жиберет өзүн кармап.
Сулуу аял жандаган эркек болсо,
Сугу түшүп ошого көзүн артат.
* * *
Аялыңдан шек ко айрыларың,
Арасынан тандасаң сулууларын.
Билгизбей салгандар бар кайрымагын—
Бирине ээрчип кетет сулуу жарың.
* * *
Эр жигитке бир аял аздык кылат,
Эгер мени кыз кылып жаратканда,
Эриме токол алып берет элем,
Элүүдөн жашым өтүп баратканда.
* * *
Аялынын айтканын жаман көрүп,
Аңкоолор кулагына илбей калат.
Тамылжып кур мактоого көңүл бөлүп,
Таттуу бал уу экенин билбей калат.
* * *
Автомашинам аркырап жүрүп турса,
Алган жарым жаркырап күлүп турса,
Көңүлүмдү бүлүнткөн көйгөйүмдү,
Көзүмдүн карашынан билип турса.
* * *
Сыртыңдан эбак эле көрүп жүргөм,
Сынымды мен өзүңө берип жүргөм.
Сыпатың көңүлүмө бекем орноп,
Сыналган далайларды жерип жүргөм.
* * *
Аял-эркек бир-бирин сыйлаш керек,
Ар кандай жамандыкта кыйбаш керек.
Аянбай эмгектенип күндүзгүзүн,
Алтүндө айкалышып жыргаш керек.
* * *
Арбак урган аракты ташташ керек,
Акырындап сүткө өтө башташ керек.
Агартып өпкөнү да чылым чекпей,
А бирок аялзаттан качпаш керек.
* * *
Катын турса карга өңдүү каркылдап,
Кадимки эле көрүнүш да бул өзү.
А эгерде мактап калса жаркылдап,
Аялыңдын өзүндө бар күнөөсү.
* * *
Жылмаңдаса ар кимдерге алганың,
Жылкы теппей жылас болуп калганың.
Кыя албай тууп берген балдарын,
Күнүң өтөт ичте түтөп арманың.
* * *
Көрбөй калсам калат экем сагынып,
Көңүл чөгөт кусалыкка малынып.
Ажырашпай жүргөнүмө гүл кылып,
Алсамбы дейм көкүрөккө тагынып.
* * *
Ачык көңүл даба болот сыркоого,
Асылкечим, дарт жөнүндө унуткун.
Жаркыраган толгон айдай боло түш,
Жарып чыккан арасынан булуттун.
* * *
Аялзаты жаркылдатып кабагын,
Ашка толгон тартууласа табагын,
Коноктордун бири ичпесе бири ичет,
Кошо сунса арак менен шарабын.
* * *
Алып жүрөм алтымыштын таягын,
Абышкам деп тамашалайт аялым.
Кебетемди бырыш басып калса да,
Келе берет жаш кыздарды карагым.
* * *
Жапжаш жигит, кырма мурут кезимде,
Жалындатып бүлүк салып сезимге,
Өзбектердин өтө сулуу бир кызы,
Өчпөй жүрөт аликүнчө эсимде.
* * *
Эбин тапсаң лом темир да ийилээр,
Эпсиз кымбат «Мерседес» да минилээр.
Мээрим төгүп, эркелеткен сый көрсө,
Менменсинген сулуулар да ийигээр.
* * *
АЙЫМДАРГА ЫР ДЕСТЕ
Жалгыз чыккан бадалдар арасында,
Жашыл көйнөк, апапак кайыңдайсың.
Туш тарапка күмүштөй нурун чачкан,
Туптунук асмандагы Айымдайсың.
Жайкысын күүгүм талаш кыр башында,
Жайма-жай басып чыккан марал кандай?
Кадимки марал сындуу Айдана кыз,
Карап эле турууга жаралгандай.
Жибектей мүчө-башың көргөнүмдө,
Жигиттик курбалыма кайтып келем.
Жүрсөм да жетимиштин тамагын жеп,
Жүрөктө сүйүү ырын айтып берем.
Жөргөмдөлгөн жалбырак ак кайыңга,
Жөлөнө турган учур келер бекен?
Асмандагы айга окшоп, мага дагы,
Айдана аппак нурун төгөр бекен?..
* * *
Билбептирмин мурда өзүңдөй Чүрөктү,
Бир көргөндө толгоп алдың жүрөктү.
Таласымдын татынакай кызынын,
Табар бекем жүрөгүнөн түнөктү?
Жагымдуу бир нур чачырап жүзүңдөн,
Жактыргамын мен тымызын ичимден.
Жаркылдаган кабагыңа баа берип,
Жан бар бекен сени мендей түшүнгөн?
Аялзатын эч бир капа кылбаймын,
Алпештеймин, ардактаймын, сыйлаймын.
Өзүңө окшош марал сындуу кыздарды,
Өмүрүмдүн жетишинче ырдаймын.
* * *
Капырай чырайыңа айран таңмын,
Кандай минтип жаралып калдың экен?
Кагыраган жигиттер арасынан,
Кандайына жар болуп бардың экен?
Ажарың элес болуп тартылганда,
Атып чыккан булактай оргуп кетем.
Жаныңда бирге жатуу мындай турсун,
«Жаман ой» ойлогондон коркуп кетем.
Жүрсөм да жолугалбай черим жазып,
Жашадың агайыңдын кыялында.
Экөөбүз эзилиштик кийин-кийин,
Элүүдөн эбак өткөн курагымда.
* * *
Жактырам жакшынакай жамалыңды,
Жана да сыры терең кабагыңды.
Жүрөгүм аңтарылды көрүп алып,
Жутканда чай көрүнгөн тамагыңды.
Сен жакка бир кайрылып барамынбы,
Сени мен издеп барсам табамынбы?
Өзүңө төө жүгүндөй ыр арнадым,
Өзүңдөн кайрымымды аламынбы?
Анда-санда билсем дейм кабарыңды,
Арзытып сагынтарсың агайыңды.
Ай эмес, ар күн сайын барат элем,
Астыма тартып турсаң «табагыңды».
* * *
Айгүл деген назик аты бар экен,
Ага теңдеш бул дүйнөдө бар бекен?
Ай десе, ай гүл десе гүл бул айым,
Аттигиниң кимдин гана жары экен?
Ачык асман бетиндеги топтолук,
Ай нурусуң күмүш болуп чачылган.
Жыттаганда кумарыңды кандырган,
Жыпар жыттуу тоо гүлүсүң ачылган.
Чайынамбы айдын аппак нуруна,
Гүлүн үзүп, жытын искээр бекемин.
Билинбестен жылжып аккан дайрадай,
Билсең боло өмүр өтүп кетерин.
* * *
Карашына сүрөттөгү Айжандын,
Каным дүргүп бүткөн боюм жылынды.
Каректериң суроо салып тургансыйт:
«Кана, жигит, таап алчы сырымды».
Кара мүртөз бир жаманга туш келип,
Карегиңден кайгы жашы акпасын.
Алмак экем мен өзүмө жар кылып,
Атаң көрү, эгер болсом жашташың.
Сүйкүмү арткан жылмайыңкы бейнеңди,
Сүрөтүңдөн күндө карап турармын.
Асмандагы ай нурундай Айжан кыз,
Анткен менен бир көрүүгө кумармын.
* * *
Асылзат кызы экенсиң түштүк жактын,
Атайы ыр арнайм деп сени таптым.
Айдай сулуу кыздарын ырга кошкон,
Акын болуп жаралган менин бактым.
Айкөкүл аялзаты ачык маңдай,
Ажарынан мээрим нур чачылгандай.
Бурулуштан жарк этип чыга келсе,
Булуттан күндүн бети ачылгандай.
Ар ишти аткарууга так экенсиң,
Артыңа кылчактабай шар экенсиң.
Аземдеп олтургузуп алаканга,
Айкөкүл, алып жүрчү жан экенсиң.
* * *
Айлиза, ак саргыл кыз ананайын,
Асмандан аппак болуп жанар айым.
Күзгү кылып көк-жашыл көздөрүңдү,
Күнүгө мен өзүмдү каранайын.
Айлиза, жаш денеңе ыктайынчы,
Апапак алкымыңдан жыттайынчы.
Кош алмаңды башыма жаздык кылып,
Көшүлүп, денем балкып уктайынчы.
Айлиза, агайыңа жакын болчу,
Ардактап алып жүрөр затым болчу.
Анда-санда жанаша бир бололу,
Айтканыма жок дебей, макул болчу.
* * *
Азыноолок айтып өтсөм Айнаны,
Ачык-айрым бешенеси жайдары.
Баракелде, келбетиңе суктанып,
Башын ийет асмандагы ай дагы.
Айна өзү айымдардын каймагы,
Ал окшошот ак кайыңга жайдагы.
Сулуу кыздын келбетине суктанып,
Суу да токтойт агып жаткан сайдагы.
Коюнуңа нечен ирет баргамын,
Кол жиберип, кош алмаңды кармадым.
Айкалышкан өттү асыл учурлар,
Айна, сенден калган эмес арманым.
* * *
Чарк айланып, так секирип бийледиң,
Чарчаганды, чаалыкканды билбедиң.
Бир-бирине жаккан жаштык сүйүүсүн,
Бийчиликтин тили менен сүйлөдүң.
Өң-түсүңдү көрө албадым жаныңдан,
Өмүр бою сагынганым сагынган.
Өз өлкөдөн кетсең дагы алыстап,
Өзүм тарткан сүрөтүңө багынгам.
Кайда жүрбө, Айсулуум аман бол,
Кайсы күнү, качан келет—карайм жол.
Айсулуулар кайра кайтып келгенге,
Алды жакта келечектүү заман бол!
* * *
Айланам бүт караңгыга көмүлдү,
Ардемеден көңүл болот бөлүндү.
Ары жактан, тамдын бир жак бурчунан,
Аңсап күткөн кыз карааны көрүндү.
Аяр басып кыз да келди жаныма,
Апкаарыймын көрбөсө да өңүмдү.
Аңгыча эле Арпа-Тектир кырынан,
Алтын айдын аппак нуру төгүлдү.
Ай токтобойт сапар улап алгалап,
Ары-бери шуу деп учат жарганат.
Аппак сүттөй ай нурунан кызганып,
Ай сулууну өөп жаттым аймалап.
Айлуу түндө арзуу сезим төккөмүн,
Алгачкы ирет кыз жүзүнөн өпкөмүн,
Ал экөөбүз таң аткыча туруппуз,
Абайлабай убакыттын өткөнүн.
* * *
Жараткан Чүрөк кылып өңдү берди,
Жана дагы ырчылык үндү берди.
Өнөрүң, өңү-түсүң шай келишкен,
Өзүңө жубай кылып кимди берди?
Туулган жериң болот Калба айлынан,
Сулуулук, жаштыгыңдан мен айбыгам.
Теңтуш болуп төрөлүп калбагам деп,
Теңириме таарынып, мен кайгырам.
Талпынып жаш чагынан талант кушу,
Талас жери—таланттар уюткусу.
Таптаза үнү менен ырдай берсин,
Таластын татынакай ушул кызы.
* * *
Өзүнчө жалгыз чыккан кыр башында,
Өзүңдү салыштырам кайың менен.
Тагдырыма ыраазы болуп жүрөм,
Тааныштырган тоо кызы–Айым менен.
Назданган күлкүң менен тососуңбу,
Нарынга концерт коюп барып турсам.
Кычыраган аязың сезилбестир,
Кызытып кызыл чоктой жанып турсаң.
Ала-Тоо айымдарын ардактаган,
Агайыңды жүрөккө түйөр белең?
Акынды айрым учур көңүлгө алып,
Айым кыз, бактылуу бол бүлөң менен.
* * *
Төмөнкүдөй макал бар, маани терең:
«Тең теңи, тезек болсо кабы менен».
Окуяны айтамын баштан өткөн,
Ошол макал чындыгын далилдеген.
Бир үйдө жатып жүрдүм те илгери,
Күйөөсү отуз жашка улуу эле.
Ашып кетсе мен курак—он жетиде,
Аялы жапжаш, анан сулуу эле.
Эх десең, кырчын курак кымбат тура,
Эки жаш магнитче тартылганбыз.
Көлүндө махабаттын чабак уруп,
Көңүлдө өчпөс элес калтырганбыз.
* * *
Адам карыйт, сүйүү калат жаш бойдон,
Ал сүйүүнүн күчү—катуу ташты ойгон.
Көзгө түштү немис кызы Алена,
Өзүм болсо жетимишке баш койгом.
Алтымыштан жашым барат арылап,
Аленаны көрсөм жүрөк жарылат.
Жүдөө тартып, өңдөн азам күн сайын,
Жүрөгүмдү койсоң боло дарылап.
Мага жагат жылмайыңкы күлгөнүң,
Махабатка маани бербей жүрбөгүн…
Акырында бирге өткөрдүк экөөбүз,
Махабаттын балдай таттуу күндөрүн.
* * *
Касиеттүү сан тура,
Жетиден чыгат бир Кыдыр.
Атагың кетти кыргызга,
Жердин жүзүн миң кыдыр.
Дамамат чыкпай жаныңдан,
Даарып жүрсүн бир Кыдыр.
Асмандагы Жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден.
Жубайлар турмуш курушат,
Жуп болушуп экиден.
Ал эми,
Алинанын артынан,
Аскериң бүтүн «тентиген».
Алина аттуу таластык,
Абдан мыкты ырчы кыз.
Жибектей болуп кулпунган,
Жигиттер көңүл бурчу кыз.
Кабагы ачык жамалын,
Карап эле турчу кыз.
* * *
Сыйда чачты жүрчү элең жайып коюп,
Сыртыңдан жүрчү элем багып коюп.
Арман ай, бир айбандын азабынан,
Айнектей эки көзүң майып болуп.
Ак куу сындуу койкойгон мойнуң кайда,
Алмашым, сенин жаштык ойнуң кайда.
Ар жигит арман кылып жете албаган,
Аппак төш, аркар эмчек койнуң кайда?
Шыңгыр күмүш коңгуроо үнүң кайда,
Сулуунун сулуусундай сүрүң кайда?
Жалгыз чыккан бадалдар арасында,
Жайдагы ак кайыңдай түрүң кайда?
* * *
Азырынча кезиктире элекмин,
Алтын аттуу аялзатын сенчелик.
Көп жигиттер арасынан өзүңдү,
Көзү түшүп, сүйбөгөндүр менчелик.
Өмүрүмдүн артта келер бөлүгүн,
Өзүң менен бирге болуп сырдашсам.
Сезим кылын бурап күүгө келтирип,
Сен жөнүндө дагы көп-көп ыр жазсам.
Ашып-ташып жашоо турсун төгүлүп,
Алтын өңдүү дат баспасын өмүрүң.
Анда-санда ээндикте бир болуп,
Агайыңдын алып жүргүн көңүлүн.
* * *
Айкүмүш, ажарлуу кыз, Алтынайым,
Акындык өнөрүмдү камчылайын.
Ашыктык ырын жазып, обон созуп,
Атыңды түбөлүккө калтырайын.
Амандыгың тилеймин, Алтынайым.
Айжамал, ачык кабак, Алтынайым,
Ашыктык жүгүн сен деп артынайын.
Көңүлүңдөн өчүрбөй сактаганга,
Көзүңө сүрөт болуп тартылайын.
Көп жаша, көңүлдөгү Алтынайым.
Айтамак, алтын булак, Алтынайым,
Ашыктык азабына жанчылайын.
Балкытып, багындырар бир өзүңдү,
Бал болуп сезимиңе тамчылайын.
Бар болуп, бактылуу жүр, Алтынайым.
Аймончок, акак таштай Алтынайым,
Агайыңдын эсинде калчы дайым.
Тоо башынан асманга сүзүп чыккан,
Толуп турган ай болуп жанчы дайым.
Толук болсун өмүрүң, Алтынайым.
* * *
Адамдан бир башкача жаркын күлгөн,
Ашыктык ыр арнадым Алтынгүлгө.
Акырын бак аралап басып жүрдүк,
Ай асманда калкыган салкын түндө.
Салкын түндү экөөбүз бирге өткөргөн,
Саратан тилин безеп ырга кошту.
Түгөйүн таба албай арман кылып,
Түнкү куш да өзүнчө обон созду…
Алтынгүл, кийин жубай таптың бекен,
Агайың жактыргандай жактың бекен.
Коюндашып, кошулуп эки дене,
Коргошундай эришип жаттың бекен?
* * *
Алымканды Алымканга теңедим,
Айтып берем анын ачык себебин.
Арзып жүрүп улуу акын Токомдой,
Алымканга жетпей калдым дегеним.
Аскар тоодой тоскоолдуктун неченин,
Алымкандай кыздар билем жеңерин.
Өзүңө окшош кыздар аман жүрсүн деп,
Өмүр бою тилек кыла беремин.
Арнап жазган жогортогу ыр сабы,
Алымканга менин берген белегим.
Атаң көрү, көрсөң боло бир жолу,
Агайыңдын түгөнбөгөн өнөрүн.
* * *
Анварды тирүүсүндө көрө албадым,
Анда жашмын, Бишкеке келе албадым.
Ал ырдап сахнадан кетеринде,
Атайылап гүл десте бере албадым.
Көркөмүң көгүчкөндөй болчу дешет,
Көргөндөр айтымына караганда.
Биринчи катарында турчу экенсиң,
Бишкектин сулууларын санаганда.
Ар түркүн өнөрүңдү элге бердиң,
Ажалдын мыйзамына сен да көндүң.
Арнаган гүл дестемди койоюн деп,
Атайын сен коюлган жерге келдим.
* * *
Сол ууртунда татынакай калы бар,
Атайылап бирөө чегип койгонсуп.
Сулуулук да, жаркын мүнөз баары бар,
Күлүп койсо көңүл калат тойгонсуп.
Азоо аттай жүрөк кетет жулкунуп,
Асем сулуу түшө калса оюма.
А ал болсо кызыл гүлдөй кулпунуп,
Атаң көрү, имерсем дейм боюма.
Көрсөм деймин сенин таттуу сүйүүңдү,
Койсоң боло мага бир күн белендеп.
Жаш балача неге дегдейт жүрөгүм,
Жашым барат күндөн күнгө тереңдеп.
* * *
Кыздардын кырк чачын улуу дешет,
Кызганбайм, эркектерден улуусуңар.
«Айчүрөк» дүкөнүн бүт кыздары,
Айчүрөк эжеңердей сулуусуңар.
Кыздардын ар бир күнү майрам болуп,
Кыйналбай бул өмүрдө жыргап жүрсүн.
“Айчүрөктүн” кыздарын ырга кошуп,
Агайы обон созо ырдап жүрсүн.
* * *
Жарык кабак, нурдуу келин экенсиң,
Жалын чачып, көздөрүңдө от жанган.
Аялзаттын сендейлери аз болот,
Ар бир эркек сезимине чок салган.
Ак маңдайым күлүп-жайнап жүрө бер,
Жүзгө чыга узак болсун өмүрүң.
Бүлөң менен эркин өмүр сүрө бер,
Агайыңдын алаксытып көңүлүн.
* * *
Кокустук болуп бир кезде,
Кошулбай калдык экөөбүз.
Учурап калган жерлерде,
Учурашып өтөбүз.
Өзүңдү жүрөк унутпайт,
Өтсө да жылдар арадан.
Санааркай калам кез-кезде,
Сагыныч кетпей санаадан.
«Арамдык» болсо дилимде,
Анткенде кудай урбайбы.
Алаксып сезим калганы,
Алгачкы сүйүүм турбайбы.
* * *
Атагыңды ырларыңдан билемин,
Ак куу моюн акын кызым Алмашым.
Көпкө издедим сурамжылап ар кимден,
Көрө албадым, айтчы деги кайдасың?
А-а-й, Алмашым,
Агайыңа бир көрүнүп койсоңчу,
Акын кызга ак тилегин арнасын.
Ак куу моюн акын кызым Алмашым,
Ар кимдердин сүйбөйм сени тандашын.
Ээлеп алып ошолордон ким бирөө,
Корком, менден мурун ээлеп албасын.
А-а-ай, Алмашым,
Аны билем, ага терең ишенем,
Акын кыздын сүйбөгөнгө барбасын.
Ак куу моюн акын кызым Алмашым,
Акындыгың дал ушундан танбасын.
Ала-Тоонун ачык пейил элине,
Арбын-арбын жакшы ырларын арнасын.
А-а-ай, Алмашым,
Азгырылбай «арбак урган» сезимге,
Калем сабын бекемирээк кармасын.
Акын кызга арнай берип ырларын,
Агайың да акын болуп калбасын.
Казакеңдин ак тилеги, батасы—
Карегиңден кайгы жашы тамбасын.
А-а-ай, Алмашым,
Эне болуу баарынан да бактылуу,
Эмне дейин, этегиңден жалгасын.
* * *
Бакен эже бир башка адам эле,
Бадалдан чыга келген марал эле.
Жүз көрүшүп, бет келген жигиттердин,
Жүрөгүн бир түшүрүп алар эле.
Так аткарып тагылган ролдорду,
Талантына тан берип таңданамын.
Өзүнчө поэмалар жазса болмок,
Өмүрүнүн иликтеп ар барагын.
Өзөн-суулар токтобой сайдан акты,
Өмүрүмдө көптөгөн таңдар атты…
Кинодон көрүп алып бала кезде,
Кызгангамын Жоомарттан Салтанатты.
* * *
Жылдар өтүп, жашыма жаш кошулуп,
Көрүнсө да өмүрүмдүн белеси.
Жүрөгүмдүн тереңинде катылуу,
Жүзү сүйкүм Бактыгүлдүн элеси.
Дагы канча жашоо калды ким билет,
Тагдырыма жазган жолду басармын.
Калгычакты жүрөк токтоп согуудан,
Махабаттын деми менен жашаармын.
Сүйгөн элем, сүйгөн бойдон каламын,
Мен сүйүүдөн жаңы рахат аламын.
Махабаттын түз жолунан адашпай,
Өзүң менен кайда болсо барамын.
* * *
Махабат ырларынан ырдап жаттым,
Магдырап залдын ичи тыңдап жатты.
Ошончо толгон адам арасынан,
Өзүңдү көз учкунум «уурдап» жатты.
Байкадыңбы түшкөнүн назарымдын,
Басып келип, бир сырдуу учураштың.
«Конок болуп кетиңиз» дегениңде,
Кой дебестен кошулуп шыдыр бастым.
Жан эритип ырчы агаң ошол кечте,
Жалгыз гана өзүңө оюн койду.
Концертимдин акысы болсо керек–
Кош алмалуу денеңе коюн толду.
* * *
Өчөшкөнсүп мезгил тыным токтобой,
Өмүрүмө алты деген «мыш» келди.
Бала-чака, неберелүү болгондо,
Батма деген сулуу кайдан туш келди?
Кеч да болсо айтып өттүм оюмду:
–Батма келин мага көңүл бурбайбы?..
–О, кокуй күн, оюңузду жашырып,
Ошончо жыл бекер өткөн турбайбы?
Махабатың жаш-карыга карабайт,
Махабатты жашырганың жарабайт.
Көз жумулуп, көр түбүнө кеткиче,
Көөдөндөгү сүйүү оту тарабайт.
* * *
Кумар оттун кыл учуна жеткенде,
Кучагымда онтолодуң, туйладың.
Каалаганы күчтүү тура сезимдин,
«Кайтала» деп кайра мени кыйнадың.
Сүйүүсү жок өлгөн жакшы шал болуп,
Эмне дейин эңсөөлөрдү кыйбадым.
Көңүл деген көр дүйнөгө сатылбайт,
Көргөн билет жан дүйнөнүн жыргалын.
Бизди таап кошкон күндө не жазык,
Имерилип ич жылытып сыйлагын.
Маал-маал келип турам сагынтып,
Махабаттан белек кылып ырларым.
* * *
Мектепте сабактарды ойлодум да,
Сүйүүгө көңүл буруп койбодум да.
А балким менде дагы пайда болмок,
Акырын шек билгизип койгонуңда.
Сага окшоп мен бирөөнү сүйбөй калдым,
Санаа тартып отуна күйбөй калдым.
Мал басып, бала басып, түйшүк басып,
Махабат эмне экенин билбей калдым.
Чын эле билбептирмин сүйөрүңдү,
Чын эле үзбөдүңбү күдөрүңдү?
Казаке, кадимкидей козгоп койдуң,
Каткалаң тартып калган жүрөгүмдү.
Сүйүү, күйүү ырларын ырдабадым,
Сүйүүдөн азап чегип ыйлабадым.
Элүүдөн эбак өткөн курагымда,
Сүйүүңө жооп таппай кыйналамын…
* * *
Жары болдуң эриңдин,
Балдардын болдуң энеси.
Көз алдыңда тургандыр,
Көп жигиттин элеси.
Жарк эте күлүп койгонуң,
Жайнаган гүлдөй ачылып.
Ушул азыр көрсөк да,
Удургуйт жүрөк тарс уруп.
Айлам кетип мен жүрөм,
«Эже» деп алып шашылып.
Кыргыздын ыйык сөзүнө,
Өрттөнгөн жүрөк басылып.
* * *
Жаркылдаган ачык мүнөз Бурмашым,
Жагып калды кубулжутуп ырдашың.
Кыргызымдын сага окшогон нур кызы,
Карыганча болсо деймин сырдашым.
Көгүчкөндөй көркү сулуу Бурмашым,
Көргүм келет көздөрүңдүн сурмасын.
Ушунума макул болор бекенсиң,
Улгайганча болгум келет курдашың.
Жактырамын сулууларды жашымдан,
Жакын болуп, чыккым келбейт кашыңдан.
Эл көрбөгөн ээндикте бир болуп,
Эркелетип сыласам дейм чачыңдан.
* * *
Көрүп алып Бурулду,
Көңүлүм ага урунду.
Көп эле жашка келсем да,
Көрбөгөм сендей сулууну.
Көңүлүң жумшак абыдан,
Көрсөм деп сени сагынам.
Жүзүңдү көрсөм жарк эткен,
Жүрөгүм чыгат кабынан.
Жүзүңдөн жайнап нур жанып,
Жүргөнүң сыпаа ыргалып.
Жүрөктө дайым жүрө бер,
Жүз жылга чейин ырдалып.
Үмүтсүз адам жашабайт,
Үмүттөн адам тажабайт.
Акындын назик жүрөгүн,
Араалайт сүйүү араалайт.
* * *
Ал бирде ийик болуп чимирилди,
Ал бирде каалгыды ак куу болуп.
Бийлесе Бүбүсара залдын ичи,
Бир оруну бош калбай турчу толуп.
Ар кандай майдалыкка аралашпай,
Ал өзүн бийик алып жүрөр эле.
Айтылчу жомоктогу периштедей,
Ажайып бир башкача күлөр эле.
Жабыркатып жаныма тынчтык бербей,
Жаш кезимден ичимде жүрөт арман.
Сахнага бир чыгып бийлегендей,
Сарбагыштын Ураны болбой калгам.
Марал сындуу бир кызы кыргызымдын,
Махабат кыл учуна жеттиң бекен?
Эңсеп жүргөн адамың колго тийбей,
Эртелеп бул турмуштан кеттиң бекен?
Өзүңдөй элеси өчпөс нур кыз барбы,
Өзүңдү сүйбөй турган кыргыз барбы?
Бүтүндөй кыргыздардын арасында,
«Бүбүсара» аталган бир кыз калды.
* * *
Чын дилим, жерибеймин орус калкын,
Чын-чынында билбейбиз орус баркын.
О, кыргыз, ошолордон кол үзбөйлү,
Орус ким? – орус күмүш, орус алтын.
Галина, үйүң бүгүп чечпегин дейм,
Галина, биздин жерден кетпегин дейм.
Кырдаал чыгып кокустан кетип калсаң,
Кыргыз элин дайыма эстегин дейм.
Жалындап жүрөк күйгөн билесиңби,
Жактырам жаш кездеги элесиңди.
Алтымыштын кырына келип калдың,
Антсе да жолугууга келесиңби?
* * *
Жашың бир аз өтүп барат Гүлбара,
Жаш чыбыктай солкулдаган түр кана?
Казакеңе он сегизде кыздайсың,
Каршы болбой мени менен жүр кана!
Аңдып барып терезеңден карашкан,
Ай асмандан нурун чачкан түн кана?
Ашык болду, эске түшүп жаш кезиң,
Ак муруттуу мага окшогон «бир бала».
Өтсө дагы анча-мынча жашыбыз,
Өмүрлөрдү гүлдөтөлү, Гүлбара.
Өкүнбөйлү, кийин тиштеп бармакты,
Өмүр деген келет тура бир гана.
* * *
Гүлзат кызым, күлкү кетпей ууртуңдан,
Гүлгө окшоп өзүң дагы кулпурган.
Алтымышта агайыңдын жүрөгү,
Азоо аттай алып-учуп жулкунган.
Баасын берер басып өткөн изиңден,
Барктап алар аялзатын түшүнгөн,
Абийириңдин тазалыгы көрүнөт,
Ай нурундай ачык кабак жүзүңдөн.
Көлдүн кызы, сен болосуң балдызым,
Көңүл ачар жыпар жыттуу жалбызым.
Алкымыңдан болсо дагы жыттатып,
Алсаң боло жездекеңдин алкышын.
* * *
Каным катса суу кылып жуткум келет,
Канат кылып тагынып учкум келет.
Кумар отун кандырып кулагымдын,
Күмүш шыңгыр үнүңдү уккум келет.
Гүл кылып көкүрөккө таккым келет,
Гүл жыттап көңүлүмдү ачкым келет.
Көгүлтүр толкунунда чабак уруп,
Көл кылып, кум жээгинде жаткым келет.
Сен үчүн жалын отко күйгүм келет,
Сен үчүн жарык болуп тийгим келет.
Жыйырмадагы жигиттей кабыл алчы,
Жыпжылуу эриниңден сүйгүм келет.
* * *
Ыр саптарын аялга арнап келемин,
Бул саптарым сага деген белегим.
Гүлүн ачып, көркү алган көз жоосун,
Гүлнараны гүлкайырга теңедим.
Жашырынып байкоо салам сыртыңдан,
Жашым болсо алтымышка умтулган.
Эңсөө турат жүрөгүмдө сен деген,
Эң болбосо сүйдүрүп кой ууртуңдан.
Алдыбызда канча өмүр бар ким билди?
Арнай берем бир өзүңө ыр-күүнү.
Эңсегендей жыттатарсың гүлүңдөн,
Эрте-кечтир бактым болуп бир күнү.
* * *
Жүзүңдөгү жашыл көчөт бүр кайда,
Шыңгыр күмүш коңгуроодой үн кайда.
Аруулантып магдырата мас кылган,
Аңкып жыты, буруксуган гүл кайда?
Кырда турган марал сындуу түр кайда,
Жигиттерди жалтандырган сүр кайда.
Жаш кезиңде терезеден аңдыган,
Жашырынып жигит барчу түн кайда?
Кыргыз элдин акын кызы Гүлсайра,
Кайран жаштык кайтып келер күн кайда.
Бирге болуп колтукташып басалы,
Бир кездеги жаштыгыңа жүр кайра!
* * *
Тыпыйган тырсылдаган келин элең,
Капыстан тааныш болдум сени менен.
Колдоруңдан кармалап койгонумда,
Калтырак басып кетчү бүткүл денең.
Жигиттерден бак айтпай тагдырыңа,
Арман кылып айткансың, аны билем.
Жолугушуп экөөбүз анча-мынча,
Жоготуп эми кайра таппай жүрөм.
Жаштыктын жалынына моокуң канбай,
Тагдырдын буйругуна багындыңбы?
Болбосо агайыңдын жанды эриткен,
Жароокер мамилесин сагындыңбы?
* * *
Канча жыл өтсө дагы унута албайм,
Кинонун тасмасында элесиңди.
Жүрөйүн сагынганда карап коюп,
Ошондой сүрөтүңдү бересиңби?
Гүлдөн гүлдү тандаган булбул болсом,
Гүлсара деген гүлгө барып консом.
Акырын жүрүп турган жумшак желге,
Акын кушту терметип турар болсоң.
Адам жашайт кай бирде күйүт менен,
А бирок дем-күч берет үмүт деген.
Алдыда али жашоо өмүрлөр бар,
Агайың жашай берсин үмүт менен.
* * *
Жүзүңдөн ажарланган нур төгүлүп,
Жүрөгүнө чок салдың далайлардын.
Артыңдан «мерген» болду канча эркек,
Аңдый басып мен дагы далай бардым.
Эстеймин ээн үйдө ары-бери,
Элик сымал кериле басканыңды.
Ойлоп алып, өзүмчө жылмаямын,
Ойдо турган «оорумду» тапканыңды.
Оюма түшө калсаң жүрөк туйлап,
Дамира, сенден өчпөс элес калды.
Арманым-чачтарыма буурул кирип,
Артымда элүү деген белес калды.
* * *
Жаш кезинде кыргыздын жигиттери,
Жанына жолой албай мага окшоп.
Алтымышка ат салып калган кезде,
Азыраак Дариханы ырга кошсок.
Биз эркектер бар өңдүү аласабыз,
Сулуулардан кеп салмай тамашабыз.
Карабы, көк беле же кой көзбү деп,
Дариханын көздөрүн талашабыз.
Күмүш шыңгыр үнүңдү жактырамын,
Көркүсүң да чынында сахнанын.
Ал эми көздөрүңдү көрүш үчүн,
Атайылап конокко чакырамын.
* * *
Динара, билип алгын жездең болом,
Бишкектен инженерлик билим алган.
Жетпегенсип Таластын бир сулуусу,
Жети-Өгүздүн бир кызы тийип алган.
Байкап көрсөк жашоонун сыры терең,
Бактысы бар комуздун кылы менен.
Баш кошсо да пайгамбар, падышага,
Балдызымдын бактысы ыры менен.
Эч кынтык жок, моюнга алыш керек,
Эстрада ырларын суудай билдиң.
Жерибей ырларыңдын арасына,
Жездеңдин да ырларын ырдай жүргүн.
* * *
Ырдан бүткөн канатың талыбасын,
Ырларың улам артып жаңылансын.
Ырахаттын көлүндө чабак уруп,
Ырларыңдан жан дүйнөм дарылансын.
Ырыскы, бакыт-таалай келип турсун,
Ылайым кемитпестен берип турсун.
Ыйманым кубат алып ырларыңдан,
Ысыгынан жан дүйнөм эрип турсун.
Элибиз эмгегиңдин баасын берсин,
Эки жакка тартышпай таасын берсин.
Динара, сак-саламат узак жашап,
Датка айым энебиздин жашын берсин.
* * *
Адегенде шарап ичип жүрчү элем,
Азыр болсо бозо ичкенге айлангам.
Бозо ичкенге мыйыгымдан күлчү элем,
Бозо саткан Ботокөзгө байлангам.
Көзүм ачсам дароо эске түшөсүң,
Көбүктөнгөн бозоң ичти ысытат.
Бозоң сенин шарап болуп күчөсүн,
Ботокөзүң жан дүйнөмдү кызытат.
Бирге болчу койо туруп бозоңду,
Бир өмүрлүк түшөр акчаң төлөйүн.
Жабыр тартып, өңдөн азып тозомбу,
Жалжылдаган бото көзүң өбөйүн.
* * *
Жаркын кыз, дилдегини билсең боло,
Жадырап сүйгөн жардай күлсөң боло.
Жалгыздык жабыркатса дем болоюн,
Жездеңдин жетегинде жүрсөң боло.
Эритип жан-дүйнөмдү жаркын күлкүң,
Этиме колуң тийсе каным дүргүп.
Эмне кылар айланы таппай калам,
Ээленип, эркектик күч жалын бүркүп.
Этимди ушаласаң табам канды,
Ээленген сезимиме даба барбы?
Буйруса жакшы жооп алармын дейм,
Бул ырдын жандырмагы сага барды.
* * *
Башыма буурул чачтар өскөн кезде,
Жалындаган жаштыгым өчкөн кезде,
Ата болуп бул кезде улуу балам,
Аймалап неберемди өпкөн кезде,
Жактырдым Жазгүл аттуу жаш селкини,
Жаш кургуруң элүүдөн өткөн кезде.
Кара тору кыргыздын сулуу кызы,
Кайда жүрдүң өмүрүм көктөм кезде?
Кезек-кезек жолугуп турайынчы,
Келишкен чачтарыңдан сылайынчы.
Акындын жүрөк кылын черткилеген,
Аргендей дабышыңды угайынчы.
Колго алып комуз менен домбураны,
Кошулуп сени мактап ырдайынчы.
Жагалдана жанымда бирге болчу,
Жаштыгым калды бекен, сынайынчы.
* * *
Канча жигит өзүңө жагынды экен,
Кандай жигит өзүңө кабылды экен?
Кагыраган жигиттер арасынан,
Кандайына жүрөгүң багынды экен?
Мансабың магдыратып бийликтеги,
Махабаттын жолунан тоскон жокпу?
Жаның тынбай кызматта жүргөндүгүң,
Жашоого оорчулук кошкон жокпу?
Жалаң эле иш менен алектенбей,
Жаңыл да махабатка көңүл бурса.
Келишкен боюңа мен тең келбесмин,
Келбетиң кадимки эле Жаңыл Мырза!
* * *
Жамийла, жаркыраган гүлүм болсоң,
Жан сергитер жыпар жыт гүлүм болсоң.
Ырахатка батырган угарманды,
Ырымды ырдай турган үнүм болсоң.
Тамылжып жарык чачкан таңым болсоң,
Тамырымда жүгүргөн каным болсоң.
Ызгаар суук турганда жалын болуп,
Ысыкта көлөкөлөөр багым болсоң.
Көлкүп жаткан туптунук көлүм болсоң,
Көк-жашаң жайлоодогу төрүм болсоң.
Жакшылык-жамандыкты тең бөлүшкөн,
Жамийла, түбөлүктүү теңим болсоң.
* * *
Жаркынай, жүзүң жарык, көзүң тунук,
Жабыркайм жете албай колум сунуп.
Агайың алдан-күчтөн тая электе,
Азыраак койсоң боло көңүл буруп.
Өзүңдү көргөнүмдө эрип кетем,
Өз жарымды азыраак «жерип» кетем.
Көрсөм деп периштедей дидарыңды,
Көбүрөөк жумушуңа келип кетем.
Айта кой, өзүм сага кантип жагам,
Ачкычын жүрөгүңдүн кантип табам?
Ажарын ача албасаң көңүлүмдүн,
Арманда өтүп кетер акын агаң.
* * *
Эндик сүйкөп койгонсуп атайылап,
Эриндериң өбүүгө жаралгандай.
Көмүскө чөнтөгүмө катып коюп,
Көздөрүң күзгү кылып карангандай.
Күн батып калган кезде кыр башында,
Маңкая карап турган марал кандай?
Марал сындуу сымбаттуу мүчө-боюң,
Карап эле турууга жаралгандай.
Сен үчүн жазган ырым тамам болду,
Мактаганга башка сөз табам кандай?
Жүрө берсин жигиттер көргөн сайын,
Жүрөктөрү тытылып амал калбай!
* * *
Жибек деген кездеменин тазасы,
Көздү уялтып, миң түрлөнтүп кулпурган.
Жибек деген кездеменин бышыгы,
Өңү өчпөй, көптө барып жыртылган.
Андай мата табалбайсың дүкөндөн,
Азыркынын сөзү менен «дефицит».
Талас жакка концерт коюп барганда,
Тагдыр буйруп сен экөөбүз кезиктик.
Жүзүң жаркын, келбет-мүчөң таптаза,
Турушуңда кудум жибек экенсиң.
Барып калсам өз колуңдан «суусундук»,
Баштагыңдай берип турар бекенсиң?
* * *
Бир кезекте куттуктап колум кысып,
Партиянын билетин берген элең.
Кара каш, кабак чыткан көздөрүңдү,
Кашыңда жакын туруп көргөн элем.
Кайниң болом ошону билип койчу,
Карысаң да жүрөккө түйүп койчу.
Кабагыңды көп эле чытый бербей,
Кана-кана, жарк эте күлүп койчу.
Өткөнгө өкүнгөндөн эмне пайда,
Өз-өзү менен болот бардык нерсе.
Өзүңө: «О, жеңе!» деп кеп салмакмын,
Өтүп кеткен жаштыгым кайтып келсе.
* * *
Көзүң сенин жымыңдаган жылдыздай,
Жылт-жулт эткен айсыз ачык асмандан.
Ал эми го күлүп койсоң жарк этип,
Аалам көркү Айдын өзү жазганган.
Көкүрөктөн жүрөк чыкты атылып,
Көргөнүмдө сулуу жүзүң назданган.
Эх чиркин ай, кандай жигит бактылуу,
Эки алмаңды жаздык кылып жазданган.
Сыйкырлантып багындырат өзүнө,
Сыны чыккан мүчө-боюң эликтей.
Калганын кой, сүрөтүңдү сен берчи,
Кайта-кайта карайт элем зерикпей.
* * *
Жүзүңдөн жыпар жыты келип турат,
Жүрөгүмө ырахат берип турат.
Курагым алтымыштан өтсө дагы,
Кучагыма батыргым келип турат.
Ырларыңдан сезилет таза сүйүүң,
Ыраңынан өчө элек али гүлүң.
Сезимтал ыр саптарын окуп чыгып,
Сени аныктап түшүндүм мына бүгүн.
Атагың ашып турган акын болсоң,
Ашыктык ырларына жакын болсоң.
Жарык дүйнө экен го убактылуу,
Жаштыгыңдан беришчи макул болсоң.
* * *
Өзөнүндө сүйүүнүн актың бекен,
Өзүңө тең курбуңду таптың бекен.
Өөрчүтөм деп илимдик даражаңды,
Өмүрлөш жубайыңа жактың бекен?
Илимди ийне менен каздың бекен,
Илимде жаңылыктар ачтың бекен.
Койо туруп илимди бир аз четке,
Кумардын ширин даамын таттың бекен?
Мурдагы жаш кезимди самап коюп,
Мурутумдун актарын санап коюп,
Жүзүңдү сүрөттөгү отуз жашар,
Жүрөйүн кезек-кезек карап коюп.
* * *
Асмандагы толукшуп чыккан айдай,
Алла Таалам чырайды берген экен.
Зыр эткизип жүрөгүн жигиттердин,
Зиядадай периште келген экен.
Сага окшош сейрек болот аялзаты,
Сабырдуу, токтоо мүнөз, жүзү сулуу.
Кабагынан мээрими жанып турат,
Катуу айтпай дамамат сөзү жылуу.
Ай чырайлуу аялга ушак сөз көп,
А сен болсо андайга урунбадың.
Тагдырдын мыйзамына макул болуп,
Тандап алган адамдан бурулбадың.
* * *
Карындашым Калнураны таанып ал,
Кудай берген сулуулуктун баары бар.
Соно моюн, ачык кабак, нур жүздүү,
Сол бетинде татынакай калы бар.
Менменсинген жигит сага багынар,
Сени менен баш кошкондун багы бар.
Жүзүңдөгү жарашыктуу күлкүдөн,
Жүрөк оору жүдөмүш да айыгар.
Акак ташсың мончок кылып тагынар,
Ак жибексиң шейшеп кылып салынар.
Калбык эрин мага окшогон акындын,
Карындашын сүйүп калган жагы бар.
* * *
Камийла, казак кызы карындасым,
Каалаймын, аман жүрсүн алтын басың.
Карагым, ашык маңдай кабагыңа,
Кайгынын көлеңкеси тартылмасын.
Кастарың карлыгашын канатындай,
Көздериң жулдыз болуп жанатындай.
Күнүгө көрүү үшин дидарыңды,
Гүл кылып көкүрөккө тагатындай.
Кыз болсо сендей болсун мөлдүр булак,
Кыргыздын жигиттерин гашык кылып.
Жүректер бир сен үшин согып жатыр,
Жүргин деп сени көздей асыктырып.
* * *
Каныкей, катарлашып олтурганда,
Капталым илебиңден жылууланды.
Кең пейил тагдырыма ыраазымын,
Кезиктирген өзүңдөй сулуу жанды.
Аязда тонуң болуп кийилейин,
Астыңа тулпар болуп минилейин.
Акырын бирден алып үзүп жеген,
Алма болуп багыңа тигилейин.
Көзүңө жаш жигиттей көрүнөйүн,
Көлүм бол, ысыганда чөмүлөйүн.
Жанымда бирге болчу кыналышып,
Жан көшүлткөн жыргалга көмүлөйүн.
* * *
Билемин бир топ эле менден жашсың,
Бирок да агайыңа өтө жактың.
Жүзүңдөн нур чачылып бир башкача,
Жүрөктүн бир бурчунан орун таптың.
Эңсетип жан-дүйнөмдүн тынчын алып,
Элесиң түк өчпөстөн жүрө берсин.
Тирүүлүк кымбаттыгын унутпастан,
Сүйүүбүз өз өмүрүн сүрө берсин.
Көксөп жүргөн агайың жолукканда,
Күлүп-жайнап тосууга жарайт белең.
Көргөндө толкундаткан жүрөгүмдү,
Көздөрүңдөн нур чачып карайт белең?..
* * *
Кез-кезде өзүң жакка келер бекем,
Күлкү чачкан бейнеңди көрөр бекем.
Кытыгылап көргөндө сезимимди,
Клараны кудайым берер бекен?
Албырган эриниңден өбөр бекем,
Кербезденген мүнөзүң жеңер бекем.
Алоолонгон сезимди бассам деймин,
Атаң көрү, айтканга көнөр бекен?
Балкайган бал каймактай аппак денең,
Балкаймактын даамын татсам дегем.
Сүзө албай каймактагы коңузга окшоп,
Үстүңө үйүр алып жаткан денем…
* * *
Көлдүк кызга үйлөнгөм,
Көлүнө түшүп турмакка.
Таласымды унутуп,
Көбүрөөк барам көл жакка.
Көгүлтүр тарткан туптунук,
Көлүнө түштүм чөмүлдүм.
Меймандос кайындарымдын,
Мээримине көмүлдүм.
Алганым Жети-Өгүздөн,
Ак кептер сындуу көгүчкөн.
Бишкекте окуп жүргөндө,
Биринчи курста көрүшкөм,
Биринчи жолу өбүшкөм.
Бирде урушуп-талашсак,
Бирде кайра табыштык.
Жарым кылым камтыган,
Өмүр суусун агыздык.
Суктандырып көргөндү,
Сулуу жер экен Жети-Өгүз.
Жетелешип келебиз,
Жети-Өгүз кызы экөөбүз.
* * *
Макул көрсөң кенедей арданбастан,
Малай болуп отуңду жагат элем.
Тушуна туш келтирип жүрөгүмдүн,
Тумар кылып мойнума тагат элем.
Эзилтип ийигенче денең балкып,
Эрдиңден соро тартып өбөт элем.
Эритип коргошундай көлкүлдөгөн,
Эңсөөнүн жыргал отун себет элем.
Анча шашпай, эң алды эркелетип,
Ачкычын жан-дүйнөңдүн табат элем.
Көшүлтүп жалындырган «агай» деген,
Көөнүңө кумар отун жагат элем.
Эгерде мени менен бирге болсоң,
Эркектин ким экенин билет элең.
Сен мурда башка эркек көрбөгөндөй,
Күн сайын мен түшүңө кирет элем.
Бир болсок эч ким билбес ээндикте,
Бир жериңди калтырбай өбөт элем.
Көлкүп жаткан денеңе көл сыяктуу,
Көмүлүп тереңине чөгөт элем.
* * *
Ала-Тоодо төрөлдүң казак кызы,
Жашыңдан чоң илимге дилиң бердиң.
Кыялбай киндик каның тамган жерди,
Кыргыздын жаштарына билим бердиң.
Ырчы болор багытты албадың да,
Ырчынын окуусуна барбадың да.
Жаңырып үнүң кетмек дүйнө элине,
Жашыңдан ырчы болуп калганыңда.
Күттүрбөй чакырганда келип турсаң,
Күлкү чачкан бейнеңди көрүп турсам.
Көмөкөйдөн жаңырган обонуңа,
Көлкүлдөп коргошундай эрип турсам.
* * *
Айлыбызга келин болуп сен келдиң,
Анда менин бала кезим он үч жаш.
Өмүрүмдө биринчи ирет көргөмүн,
Өзүңө окшош сулуу жанды, кундуз чач.
Алгачкы ирет дал ошондо мен тарткам,
Аялзатка ашык болуу азабын.
Азыр жашың карылыкка өр тарткан,
А мен болсо эр ортонун жашадым.
Кайда калдың кайран жаштык кезегим,
Кайгыргандан кайтып келбес кечээгим.
Алтымыштан өтө бердиң антсе да,
Ачсам деймин да бир сулуу эсебин.
* * *
Курорттун да шартына көнүп калдым,
Бир топ болуп биерге келгениме.
Киносу бар, бийи бар, а мен бирок
Келиндерден таппадым эрмегиме.
Эртели-кеч серүүндөп басып чыгам,
Эки колду артка алып бак аралап.
Көз салып карап көрсөм аялдарды,
Көбүнүн калган чачын ак аралап.
Негедир ошончонун арасынан,
Көңүлүмө жакканын көргөнүм жок.
Сымбаттуу бир жаш кызды карап коюп,
Сыртынан жүрө бердим көңүлүм ток.
* * *
Курортто экөөңө жакын болдум,
Эргип көңүл, ыр жазган акын болдум.
Экөөңөр колтуктап эки жактан,
Айла жок, экөөңө макул болдум.
Ал кезде турган кезим күчүм ташып,
Бириңден бириң көзүм ала качып.
Жыргалдуу кечти узатып, таңды тосуп,
Мен жүрдүм экөөңдүн чериң жазып…
Жаш өтүп, мокок тартып сезим деген,
Жаш кызды кароолдоп көзүм менен.
Жан-денемдин кубаты мээге чыгып,
Жашартамын көңүлдү сезим менен.
* * *
Уяңдыкка сыпаалыкка чектелип,
Билбей жүрбө жаштыгыңдын өткөнүн.
Өтүп кетсе табалбайсың кайрадан,
Өмүрүңдүн ошол жазгы көктөмүн.
Карыганда унутулат бардыгы,
Кызматың да, алтын салган баштыгың.
Элес болуп өлгөнүңчө жаркырап,
Эсте жүрөт махабатың, жаштыгың.
Карыганда биз жүргөнгө эскерип,
Калтыралы жаштык кезден эстелик.
Жүр дегенде бирге басчы тартынбай,
Жүрө бербей уяңдыкка чектелип.
* * *
Мен көрдүм Күлүмканды—сулуу жанды,
Жүрөктө жалындаган сүйүү жанды.
Көз алдыма сүрөтү элес болуп,
Көңүлгө айыкпаган бүлүк салды.
Камырабай мүнөзү токтоо экен,
Карашы жалын чачкан оттой экен.
Казакең бир көргөндө ашык болду,
Кара көз мени не деп соттоор экен?
Араа менен жүрөгүм араланды,
Айыкпас илдет болуп жараланды.
Ырчынын күйүтүнө даба барбы?—
Бул ырдын жандырмагы сага барды.
* * *
Күлсүнгө окшоп аялзат күлүп турса,
Күн нурундай көздөрү күйүп турса.
Андан өткөн бакыттын кереги не,
Андай кызын бүт эли сүйүп турса.
Аялзат Күлсүнгө окшоп ырдап турса,
Аны уккандар өзүнчө жыргап турса.
Андан өткөн байлыктын кереги не,
Андай кызын бүт эли сыйлап турса.
Аял зат Күлсүнгө окшоп ачык болсо,
Аныкындай сөздөрү жатык болсо.
Андан өткөн сыймыктын кереги не,
Андай кызга бүт эли ашык болсо.
* * *
Эмне үчүн сага көңүл бөлбөй жүрдүм,
Эмнеге сага маани бербей жүрдүм.
Өзүңө белек кылып сунуш үчүн,
Эмнеге тоо гүлүнөн тербей жүрдүм.
Ой, тобо, буга чейин сокур болуп,
О, Лида, неге сени көрбөй жүрдүм.
Макул көрсөң кенедей арданбастан,
Малай болуп отуңду жагайынчы.
Мааратып кой-эчкисин, козу-улагын,
Малчы болуп малыңды багайынчы.
Тушуна туш келтирип жүрөгүмдүн,
Тумар кылып мойнума тагайынчы.
Сагынганда өзүңө барайынчы,
Салаалап чачтарыңдан тарайынчы.
Жарыгың жанбай өчүп турган кезде,
Жаркырап шамың болуп жанайынчы.
Катарлаша жанымда болуш үчүн,
«Гаремиме» киргизип алайынчы.
* * *
Кыргыздын Лира аттуу сулуу кызы,
Бактылуу бир жигиттин жары болор.
Жүзүнөн чачып турган жаркын күлкү,
Жүрөктүн оорусуна дары болор.
Өзү билбей өмүрдө кесел тапкан,
Оорулуу байкуштарда эмне айып?
Ошолорду дарылап сакайтасың,
Оорутпастан акырын ийне сайып.
Өзгөлөрдү негедир жерип турам,
Өзүңдү көргөнүмдө эрип турам.
Кез-кезде сени гана көрүш үчүн,
Кеселим болбосо да келип турам.
* * *
Көзүңө ашык болуп балбыл жанган,
Көп жигиттин ичинде бардыр арман.
Махабаттын менде да оту жанды,
Мадина, силер жакка бардым кайдан?
Чачтарың жылт-жулт этет алтын жиптей,
Этиң да аппак экен ууз сүттөй.
Ырлары агайыңдын сага арналган,
Ырдалып жүрө берсин такыр бүтпөй.
Атайы сени издеп келер бекем,
Арзыткан айдай жүзүң көрөр бекем.
“Башкасы” болсо болор, болбосо жок,
Балбыл жанган көздөрүң өбөр бекем?.
* * *
Машина айдап көчөдө баратканда,
Марина кол көтөрдүң, салып алдым.
Мага сунган акчаңды алган жокмун,
Маңкайган түспөлүңдү таанып алдым.
Кеткен жолдо эртеси көрө койдум,
Кечээги кыз экениң шыдыр билдим.
Машинамды токтотуп кел дегенде,
Маалкатпай салонго шыдыр кирдиң.
Ошентип ушул кызды эртең менен,
Өз кишимдей көңкөмө салчу болдум.
Маринаны дачама алып барып,
Машинамдын «акысын» алчу болдум.
* * *
Көп болду, билбей калдым кабарыңды,
Көрбөдүм жаркылдаган кабагыңды.
Көңүлүм бир башкача бүлүктөндү,
Көргөндө мага тааныш карааныңды.
Көксөткөн жаш кезиңди табамынбы,
Көрсөм дейм он сегизде жамалыңды.
Көңүлүмдү көшүлткөн искегенде,
Көкүрөккө гүл кылып тагамынбы?
Өйдөлөп алтымышка карадымбы,
Өзүңдөн каалаганым аламынбы?..
Санааңа алсаң-койсоң өзүң билгин,
Сактап жүр ыр жазылган барагымды.
* * *
Кудай буйруп жакшы эле болгон экен,
Кыргыздын жигитине жолукканың.
Кыргыздан туулбады төкмө кыздар,
Кыргыздын бир кемтигин толуктадың.
Казактарга мен өзүм жээн болом,
Кайрыймын домбурада нечен күүлөр.
Таланты ар тараптуу Казакбайды,
Тайжебиз Майра ырчы эстеп жүрөр.
Кыргыздын жигиттерин чалып жыккан,
Кыздардан төкмө чыксын сага окшогон.
Казак кызы Майрадан төрөлүшсүн,
Казактын жээндери мага окшогон.
* * *
Кырчындай жигит чагым артта калды,
Кыздар менен жүрчү кез бак аралап.
Мезгилдин буйругуна айла барбы,
Минтип азыр чачымды ак аралап.
Жакында ата болуп улуу балам,
«Чоң ата» деген сөздү мойнума илдим.
Көнбөскө чара жок да кайда барам,
Жаштыктан айрылганым эми билдим.
Эстесем жүрөк толкуп, күчүм ташып,
Элесиң мага кымбат, мага жакын.
Канчалык карысам да жылдар басып,
Карыбайт сага деген махабатым.
* * *
Көзүң жанат күйүп турган от болуп,
Көргөндөрдүн эт-жүрөгү козголуп.
Делебени, жан-дүйнөнү күйгүздүң,
Дирт эткизе уруп өткөн ток болуп.
Келдим жакын, назар салып токтолуп,
Келишимдүү чымыр денең топтолук.
Алоолонуп чачтың ысык жалынды,
Араң турдум кете жаздап жок болуп.
Күйүп-жанган жаш жигиттей шоктонуп,
Күчүм ташыйт дареметим октолуп.
Ырахатка зордосом да жетсем дейм,
Ыраазы элем кетсем дагы соттолуп.
* * *
Каректериң жанып турган шам чырак,
Каранчу же көз алдыңда айнабы?
«Атаң көр ай, жарым болбой калган» деп,
Арман жүрөт ишке ашпаган кайдагы.
Чүрөгүндөй көлгө сүзгөн койкоюп,
Жүрөгүнө чок салдың го далайдын.
Башкаларга көңүл бербей, о, Мира,
Багын ачтың Сатыбалды агайдын.
Карылыкка баш ийерсиң сен дагы,
Кайрылбастан кайран жаштык мүнөтүң.
Кала берет кылымдардан кылымга,
Картайбастан менин тарткан сүрөтүм.
* * *
Күйөөң бир пенде эле,
Күн-түн ичкен аракты.
Жүдөө түрүң, басмырттыгың,
Жүрөгүмдү канатты.
Акыры мен арбалгамын,
«Арбак урган» сезимге.
Айкалышкан асыл түндөр,
Азыр турат эсимде.
Сере салып, жаш өйдөлөп,
Сезим аздап тынчууда.
Барсың али көңүлүмдө,
Башкыр кызы Муршида.
* * *
Жыргал менен өтсүн жылдар, ай, күнүң,
Жыпар жыттуу, жылдыз нурдуу Назгүлүм.
Эңсеттирген кышы бою көрүнбөй,
Эске салат байчечекей–жаз гүлүн.
Көргөнүмдө Айчүрөктөй жүзүңдү,
Көөдөндөгү жүрөгүмдү «түшүрдү».
Чыдай албай махабаттын күчүнөн,
Чырт этиле бир тал кылы үзүлдү.
Акын болуп, кызмат кылдым калкыма,
Алкыш алдым, ардакталдым жалпыга.
Дарың болсо бир тоголок берип кой,
Дары болор жүрөгүмдүн «дартына».
* * *
Махабат дайрасында актың бекен,
Магдыраткан жыргалга баттың бекен.
Маңызын жан-дүйнөңдүн ачып берген,
Мага окшогон жигитти таптың бекен?
Көп жамандык көрбөстөн өстүң бекен,
Көлүнө махабаттын чөктүң бекен,
Көтөрө албай махабат оор жүгүн,
Көл кылып көз жашыңды төктүң бекен?
Магдыраткан аромат жытын сезем,
Кеңсеңдин каалгасын ачар менен.
Акын агаң мас боло искегенге,
Айтамак алкымыңды ачар белең?
Арактын жакшыларын мас тандабайт,
Ачкалар тапканын жейт, аш тандабайт.
Айрыма жаштарында болсо дагы,
Аныктап сүйүшкөндөр жаш тандабайт.
Жүзүңдөн жарык нурду чагылдырып,
Жүрөсүң жүрөгүмдү багындырып.
Жүзгө чыга, Назира, узак жашап,
Жүрө бер агайыңды сагындырып.
* * *
Кыз бурак эл тыгылган автобуста,
Кынала мени менен туруп калды.
Жалындап делебемде кан дүргүтүп,
Жаш селкинин деми уруп мурун жарды.
Акырын атың ким деп сурап көрсөм,
Жылмая сырдуу тиктеп, күлүп койду.
Жүзүнөн бир башкача нур төгүлүп,
Жүрөгүмдүн добушун билип койду.
Аңгыча эле автобус токтой берип,
Алга жылып, жаш селки түшүп калды.
Сулуу кыз мени изде деп суроо таштап,
Сурмалуу эки көзүн сүзүп калды.
* * *
Курортто бирге түшкөн сүрөтүбүз,
Көргөндө жаш чагымды эске салат.
Күлкү аралаш жүзүңдү карай берем,
Көзүмдү айрый албай көпкө кадап.
Эриндери калбыйган бир кыргыздын,
Эмнесин жакшы көрүп калдың экен?
Он беш жашар орус кыз жүрөгүнө,
Эмнем менен чок отун салдым экен?
Сүйүүм бир кездеги кайра жанат,
Сүрөт салган альбомду ачкан сайын.
Кумар канбай аймалап өпкөнүмө,
Күбө болгон четте өскөн аппак кайың.
* * *
Аймончоктой түштүк кызы Нурайым,
Айчүрөктөн ашып түшөт чырайың.
Ар мүнөттө дидарыңды көрсөм дейм,
Алыстасың, эмне айла кылайын?
Эң болбосо сүрөтүңдү берсеңчи,
Эстегенде көз чаптырып турайын.
Менин азыр жүргөн кезим муңайым,
Мезгилинде айдап барса кудайым.
Көксөп жеткен агайыңды таарынтпай,
Көңүл бөлүп койор белең, Нурайым.
Не кылайын, бири кемчил дүнүйө,
Неге менин болбой калдың жубайым?
* * *
Арнаймын бул ырымды Орунгүлгө,
Аны мен теңедим тоо гүлүнө.
Ал кызга не каалайсың деген болсо,
Амандык тилээр элем өмүрүнө.
Көгүчкөндөй көркү бар кези экен,
Көп жигиттин жүрөгүн эзди бекен?
Акындын жашы өйдө, жүрөгү жаш,
Агайына жакканын сезди бекен?
Орунгүлдөн жаштыктын деми келет,
Оолугуп жүрөк туйлайт… Эмне керек?
Арнап жазган ырына жооп кылып,
Акынга берер экен эмне «белек»?
* * *
Эч айып жок бейнеңде, Расида,
Экилене сен күлүп турасың да.
Астымдан чыга калган шайтан болуп,
Агайыңды азгырык кыласың да.
Жаркырап тишиң тегиз, Расида,
Жамбашыңды таянып турасың да.
Сүрөтчү белден ылдый тартса болмок,
Агайың ал жагыңды сынасын да.
Табышмактуу көздөрүң, Расида,
Талаш жок, татынасың ырасында.
Азгырчы бир жолу эле «шайтан» болуп,
Агайың ак төшүңдөн сыласын да.
* * *
Башынан тааныш өңдүү сыяктанып,
Барар менен жапакеч кабыл алдың.
Барган ишим бүтүрүп ошол замат,
Бат эле агайыңа жагып алдың.
Көңүлүн эркектердин куштарланткан,
Көп болсо аялзаттын сендейлери.
Көрөр менен аялга баасын берген,
Көп болсо эркектердин мендейлери.
Кызыгып кылыктуу наз мүнөзүңө,
Кыялымда жүрөмүн барсам деген.
Ырды жазган акында чоң үмүт бар,
Рахаттан ырахат алсам деген.
* * *
Өмүр калып, кирген суудай ташыган,
Өтүп барам пайгамбардын жашынан.
Өзүңө окшош жыйырма үчтөгү келинге,
Өмүр барда жетишсем деп ашыгам.
Тактабадым сенин кайсы улутуң,
Тоскоол болбой ак аралаган мурутум,
Черим жаздым, өзүң менен бир болуп,
Четте калбай менин койгон сунушум.
Көрүнбөйсүң көчүп кеткен булуттай,
Көңүлүмдү дале болсо суутпай,
Эх, чиркин ай, жолукса деп Рейна,
Элесиңди али жүрөм унутпай.
* * *
Өзөгү тикен болсо да,
Өзгөчө баалап көп гүлдөн.
Дачадагы бакчама,
Роза гүлүн өстүргөм.
Көркөмүң жайнап гүл сымак,
Көргөндө көңүл бүлүнгөн.
Тикениң сайса мейличи,
Жыттасам болду гүлүңдөн.
Көркөмү бар жыты бар,
Роза гүлү сонун да.
Тикени анын билинбейт,
Барктаган адам колунда.
* * *
Саадат кызым, сагындырып жүрөсүң,
Санааңда соолубаган гүл өнсүн.
Арнап жазган ырларымдын сабынан,
Агайыңдын ким экенин билерсиң.
Аялзатын даңктап ырдап келемин,
Азыр сага өз баамды беремин.
Ачык кабак, мөлтүр булак көзүңдөн,
Арамы жок аялзатын көрөмүн.
Эне болдуң–төрт баланы төрөдүң,
Эмчек берип, бешигине бөлөдүң.
А мен болсо башка эркек тийбеген,
Азыр деле таза кыздай көрөмүн.
* * *
Алган эриң экөөбүз жолдош болуп,
Кай бирде үйүңөрдө калдым конуп.
Билгизбей көз кырыңды салып жүрдүң,
Бирок да баштабадым «жаман жорук».
Билгизбей башың кошкон күйөөңө,
Бир күнү эле үйүңдөн качып кеттиң.
Эриңдин ыйлаактаган түрүн көрүп,
Эмнегедир мен дагы жашып кеттим.
Кудай деген мен дагы киши экемин,
Көп өткөзбөй өзүңдү таап алдым.
Толбоптур да күйөөң купулуңа,
Толук кандуу эркектен «даам» алдың.
* * *
Жагымдуу да кооз үндүү Саламат,
Жаратылыш бизге берген аманат.
Сезим, жүрөк, делебеңди козгогон,
Сен өңдөнгөн ырчы сейрек жаралат.
Таалайына бүткөн кыргыз калкынын,
Талантыңды кандай адам тана алат.
Саамай чачы жаш кыздардай үлпүлдөк,
Саламатты кандай күйөө чана алат?
Дагы алдыңда узак өмүр уланып,
Далай-далай ийгиликтер жаралат.
Эрмек болуп, ыр-күү жандуу элиңе,
Эсендикте жүрө бергин, Саламат.
* * *
Көрүнбөгөн араа менен аралап,
Койгонсуңбу жүрөгүмдү жаралап.
Сезимимде от жагылат көргөндө,
Сезесиңби сен ошону, Саламат?
Кызыгамын ачык кабак жүзүңө,
Кыйналамын кире берип түшүмө.
Көкүрөктө дартым бир аз басылсын,
Көңүл бөлүп койсоң боло кичине.
Ажарланган жүзүңдө бар сүйкүмүң,
Арнай берем мактоо сөздүн түркүнүн.
Алдыдагы келер өмүр ичинде,
Арнап койчу агайыңа бир күнүн.
* * *
Элүүгө чыктым дебегин,
Айтып берем себебин.
Ашык болгон акынга,
Али да тийет керегиң.
Элүүгө келдим дебесең,
Эрке айым кыздайсың.
Аялсаак жигиттердин,
Жүрөгүн тилип туздайсың.
Кылтыңдап турсаң кызга окшоп,
Кызыктырып адамды.
Черимди сенден чыгарып,
Күүлөнүп турсам жаманбы?..
* * *
Күлүп турат сүрөттөгү Салтанат,
Көкүрөктү кере бир аз чалкалап.
Көз карашың жебе болуп атылып,
Көз тайгылтып, карай албай жалтанат.
Жакшы жүргөн эл ичинде барк алат,
Жакшы жүрүү сый-урматка алпарат.
Жаман-жуман кырсыктардан ар кандай,
Жаратканым өзү жүрсүн калкалап.
Жашым келет элүүлөрдү аркалап,
Жазган ырым сулууларга арналат.
Жүрө берем сени эстен чыгарбай,
Жүрөгүмдү койсоң дагы балталап.
* * *
Жүзүң жаркын, сүйкүмдүүсүң Салтанат,
Жүрөгүңдүн тазалыгы байкалат.
Жүзгө чейин узак жашоо жолунда,
Жүрсүн сени периштелер калкалап.
Көлдүн кызы, балдызымсың Салтанат,
Көп кыздардан чырайлуусуң ай тамак.
Жашоо бүтүп, бул дүйнөдөн өткүчө,
Жаза берем ырларымды кайталап.
Жагып калдың бир көргөндө, Салтанат,
Жай айтылган сөздөрүңдөн май тамат.
Эмки сөздүн келди сага кезеги,
Эмне жооп жездесине айта алат?
* * *
Күүлөрүң көлкүлдөтүп жанды эриткен,
Самаргүл, деги өзүңдөй барбы черткен?
Азырынча сендей кыз көрө элекмин,
Айтчы өзүң андай сиңдиң кайда кеткен?
Комузда колдоруңду бийлетесиң,
Карамолдо күүлөрүн сүйлөтөсүң.
Казакең да чертсем дейт сага окшоп,
Качан сен күүлөрүңдөн үйрөтөсүң?
Коңгуроо үн комузуң кармасамбы,
Коюу түн болсо дагы барбасамбы.
Түн олтуруп күүлөрдөн үйрөнөйүн,
Түнкүсүн жаппай жүрсөң дарбазаңды.
* * *
Билбейсиң да көрбөсөң адам сырын,
Бир караган кишиге суз экенсиң.
Өкмөт ишин аркалап келатасың,
Санабар, көңүл бөлөр кыз экенсиң.
Өзүңдү эми жакшы таанып алдым,
Ош жакка тез-тезинен барып турам.
Ыгын таап, жанаша бир олтуруп,
Ыр ырдап, күүлөрүмдөн чалып турам.
Жогорто тамашалап жазган ырга,
Жолдошуң ич күйдүлүк кылбас бекен?
Акындын ырдан башка чатагы жок,
Каныбек тапанчасын сунбас бекен?
* * *
Көгүчкөндөй көркөмдүү элесиңди,
Көңүлдүн тереңинде сактап келем.
Көрүп эле жүргөнсүп те башынан,
Көз алдыма тартылат аппак денең.
Эңсеп жүргөн тилегим ишке ашабы,
Ээрчишип сени менен бассам деген.
Жашыбыз анча-мынча өтсө дагы,
Жаштыкка бир аз көңүл буралычы.
Жаш кезек эми бизге кайрылбастыр,
Жагдай таап жолугуп туралычы.
Жан жыргаткан махабат дайрасында,
Жанаша бирге чабак уралычы.
* * *
Кант шаарында иштеп жаткан жериңе,
Кайсы шайтан барды экен жетелеп.
Ошондогу өзүң берген лагмандын,
Оозумдан ширин даамы кете элек.
Талашым жок даамына лагмандын,
Махабаттын билесиңби маңызын.
Тагдыр буйруп, бирге болсок жанаша,
Табар белең жан дүйнөмдүн дарысын?
Кадыргечим, дунган кызы Софьян,
Калың тарткан эриниңден өпсөм дейм.
Жалын бүркүп, коргошундай эритип,
Жан дүйнөңдүн тереңине чөксөм дейм.
* * *
Биз кимбиз жаманбызбы, жакшыбызбы,
Билимдүү же бир жүргөн бакшыбызбы,
Баарыбыз бала кезден үмүт кылып,
Байлайбыз сулууларга бактыбызды.
Сулуу аз жетет алар кимибизге,
Жар болот бактыбыз бар бирибизге.
Калгандар буйруганды үйгө кийрип,
Сулуулар жашап калат дилибизде.
Сулууга кимдер даап баралышкан,
Сулуулар кимдер үчүн жаралышкан,
Суусатып, бирок суусун кандырбаган,
Сулуулар миңдер үчүн жаралышкан.
Сулуулук жылгада аккан алтын булак,
Жаз, жай, күз бир калыпта салкын турат.
Ар кимдер кашыктарын сала берип,
Акыры ал булакты чалчык кылат.
Жалгыз гана салынсын алтын кашык,
Жаманга кор болбосун алтын башың.
Өзгөрүлбөй түбөлүк тунуктугуң,
Өз өңүндө көрүнсүн ар бир ташың.
* * *
Сүйүүнүн отун кечтиңби,
Сүйүүнүн сырын чечтиңби.
Сууга окшоп ичсең даамы жок,
Супсак бойдон өттүңбү?
Теңиңе албай эч кимди,
Тереңдеп күүгүм кеч кирди.
Текебер карап сүйүүгө,
Тебелеп жаштык мезгилди.
Айтпаган менен жашыңды,
Ак бубак баскан чачыңды.
Сезимдер эми козголбойт,
Серпкениң менен кашыңды.
Ачпаган бойдон жашырдың,
Аялда болгон асылды.
Жаштыгың эми кайрылбайт,
Жарга урган менен башыңды.
* * *
Тазагүл, таалайың мол, кенен болсун,
Тагдырың тайкы болбой, терең болсун.
Көрүнбөй аңдып жүргөн ажалыңдын,
Көзү сокур, кулагы керең болсун.
Үстүңдө тамчы өтпөс үйүң болсун,
Үлпөткө, берекеге үйүң толсун.
Жүдөп-какап, басынып, бүжүрөбөй,
Жүрөгүңдө өчпөгөн сүйүү болсун.
Тазагүл марал сындуу басып жүрсүн,
Таң нурундай маңдайы ачык жүрсүн.
Анда-санда жанаша бирге болуп,
Агайың көңүлүңдү ачып жүрсүн.
* * *
Кыркка чыгып алиге турмуш курбай,
Укканымда жалгыз бой жүргөнүңдү,
Эстеп алып жүрөгүм кансырады,
Эркексиз ээн жаткан түндөрүңдү.
«Жаман» эркек болсо да паана кылып,
Жакшы болмок баш кошуп алганыңда.
Эр-аял эриш-аркак жашаганга,
Не жетсин бул дүйнөнүн жалганында.
Өкүнөсүң жалгыздык жанга батып,
Өмүрүң өргө таяп калганында.
Казакеңден бир бала төрөп алчы,
Карылык аңдып турат ар жагыңда.
* * *
Жүзүңдө турат жылуулук,
Жүзүңдө турат сулуулук.
Жүрөгүн элдин бийлеген,
Жүзүңдө турат улуулук.
Адырга чыккан жекенсиң,
Аймончок келин экенсиң.
Кабинет эмес үйүңдө,
Кабыл алар бекенсиң?
Жүрөгүм менен сырдаштым,
Өзүңө арнап ыр жаздым.
Өкүнүп калып жүрбөгүн,
Өлүмү болот бир баштын.
* * *
Эч нерсеге таң калбагам деле мен,
Эч нерсеге козголбогон делебем.
Таң калгамын, тамшангамын бир кезде,
Тамараны көрүп алып теледен.
Бир мен эмес, болгон эле баары ашык,
Тикирейе элесиңди карашып.
Баарын коюп, Тамараны көрөм деп,
Балдарымдан мен да экран талашып.
Ачык айтсам ыймандагы сырымды,
Азыр деле көңүлүмдө жүрөсүң.
Эми минтип алтымышты ашсам да,
Эс тандырат өзүм тарткан сүрөтүң.
* * *
Дарыгер керек душманга,
Дарыгер керек тууганга.
Даай албайт ажалың,
Дарыгер жанда турганда.
Адептүү сылык жүргөнүң,
Артыла берсин билгениң.
Дарылардын дарысы—
Дайыма назик күлгөнүң.
Дарыгер кызым, аман бол,
Дамамат эстеп жүрөйүн.
Койбосо болду кор кылып,
Койнуңда жаткан түгөйүң.
* * *
Таня, татынасың талашым жок,
Көпкө жүрдүм сыртыңдан багып коюп.
Сага болгон кумарым ашып-ташкан,
Санаамда көңүл отун жагып коюп.
Тартынып жаш жигиттей кызды сүйгөн,
Көңүлдөгү оюмду айталбадым.
Жыйырмадан жаңы өткөн ушул селки,
«Болбойт ко» деп ичимден жалтайладым.
Жүрөксүп кайран убак бекер өтүп,
Жүргөнүм чеки экенин кийин билдим.
«Таза абага чыксак» деп кыйытканда,
Тартынбай машинама шыдыр кирдиң.
* * *
Белден чаап катаал тагдыр капканы,
Бул турмуштан чын сүйүүңдү таппадың.
Айдай жүзүң эсимде бек калсын деп,
Атайылап сүрөтүңдү тарткамын.
Эмне дейин сулуулардын сулуусу,
Эрте кетип муңга салдың элиңди.
Коштошконуң балким туура болгондур,
Кудай билет, табат белең теңиңди.
Сактай албай кыргыздын бир чүрөгүн,
Санаа тартам, түтүнү жок күйөмүн.
Багып алган кол тийгизбей бапестеп,
Балким өзүм болот белем түгөйүң?..
Талашы жок баарыбызга белгилүү,
Таттыбүнү кыргыз эли сүйөрүн.
А мен болсо өзүм тарткан сүрөттүн,
Ууртунан өөп коюп жүрөмүн.
* * *
Күч кайтып улам чачты ак аралап,
Күн сайын сейил курам бак аралап.
Кантсе да көзүң тойбойт деген чын го,
Аялдарга жабышып көз кадалат.
Ошолордун бирине көзүм түштү,
Байкайын деп өзүмдө болгон күчтү,
«Тааныш болуп жүрөлү»-сөз таштасам,
Жылмая корей кызы көзүн сүздү.
Көздөрүбүз чагыла калып жүрдүк,
Сүйүүгө от тамызгы жагып жүрдүк.
Жуурканы жок көк чөптө гүлгө оронгон,
Жуурулушкан жыргалды алып жүрдүк.
* * *
Ансыз деле атың айтып тургандай,
Толгон айсың бир калыпка куйгандай.
Асыл болуп жаралыпсың аялдан,
Ар бир эркек сага көңүл бургандай.
Толук кандуу үзүрүн көр өмүрдүн,
Тоодой бийик бак-таалайга көмүлгүн.
Суктангандай, суусагандай жигиттер,
Сулуулугу өчпөй жүрсүн өңүңдүн.
Тоголок ай дагы далай көрүнөр,
Толгонайдын аппак нуру төгүлөр.
Күтө берем алдыдагы өмүрдөн,
Күн келер деп ошол нурга чөмүлөр.
* * *
Көргөндөрдүн көөнүн бурган өзүнө,
Көрдүм сулуу бир келинди Таластан.
Айран таңмын жаратылыш күчүнө,
Адамзаттан мындай жанды жараткан.
Кырдач мурун, мөлтүр булак көздөрү,
Сулуу жүздүн кызылы бар, агы бар.
Атайылап бирөө чегип койгонсуп,
Сол бетинде татынакай калы бар.
Айжамалы ажарлана нурданып,
Мүчө-башын ченеп-бычып койгондой.
Жолугушар—макулдашкан күндөрү,
Жөнөчү элем бир мүнөткө ойлонбой.
* * *
Ушунчалык мага жагат мүнөзүң,
Ушак-айың сөздөн алыс жүрөсүң.
Жаркын кабак жалгыз сага жарашкан,
Жаш баладай куулугу жок күлөсүң.
Ишенимдүү кадам таштап басасың,
Ичиң кенен, мөл булактай тазасың.
Санаасы жок, турмушка тик караган,
Сага окшогон аялзаты жашасын.
Жалбырттаган жаштык сезим күч алып,
Жашоо барат күндөн-күнгө кыскарып.
Тотукушум, агайыңды ала жүр,
Көңүлүңдүн бир жерине кыстарып.
* * *
Суроо салса: «Чын сүйүү барбы?» деген,
«Ооба» деп шашыламын алды менен.
Махабат качкан куштай колго тийбей,
Мага окшогон бирөөгө жарды белең?
Өзүңдү бала кезден сүйгөн элем,
Өзүңдү меники деп жүргөн элем.
Арадан бир кызматчы илип кетип,
Ашыктык азабына күйгөн элем.
Сагынып азыр деле азап чегем,
Санаамда сени менен жашап келем.
Алдыда билбейм канча өмүр калды,
Кыялда сени менен жашай берем.
Өзүңдү бир көрсөм деп самай берем,
Өзүңө жакшы тилек каалай берем.
Өмүрүм өз чегине жеткичекти,
Өзүм тарткан сүрөтүң карай берем.
* * *
Окудук бала чактан бир класста,
Онду бүтүп күйөөгө качып кеттиң.
Эсибизден тандырып баарыбызды,
Э, Турар, неге мынча шашып кеттиң?
Баш коштуң райондук кызматчыга,
Бачым эле табышып бир бириңди.
Токтотпой окууңду улантканда,
Доктору болот элең бир илимдин.
Окутуп, тарбиялап катарга кош,
Окуучунун тил албас «жиндилерин».
Өзүңдөй мүнөзү бар жылуу-жумшак,
Өсө берсин артыңдан сиңдилериң.
* * *
Түрктөрдүн жылдыз кызы Түркан Шорай,
Туулбаптыр кыргызда, атаң көр ай.
Өңүңдү түшүмдө да көрө албадым,
Өзүм тарткан сүрөттү берем карай.
Экрандан бир көрүп элесиңди,
Эбактан эңсөө менен жашап келем.
Алтымышка жакындап калсам дагы,
Азыркы күнгө чейин азап чегем.
Өлкөңө түрк калкынын сулуу кызы,
Өмүрдө бир жолу эле барсам болду.
Казакбай тартууласын бүт өнөрүн,
Каалаганым өзүңдөн алсам болду.
* * *
Беш көкүл кыз кезиңде сүйгөн элем,
Өчө элек аликүнчө ошол сезим.
Эңшерип өмүрүмдүн бир кыйласын,
Элүү деген белести ашкан кезим.
Азыр дагы сакталуу элесимде,
Акыл толгон сурмалуу кара көзүң.
Көз жуумп, жаштык жакка сереп салсам,
Көрүнөт кошоктошкон алма төшүң.
Ишке ашпады тилегим өпсөм деген,
Ичтеги кумарымды төксөм деген.
Өмүрүм өз чегине жеткичекти,
Өзүңө тилек кылам, жетсем деген.
* * *
Экрандан көрөмүн элесиңди,
Эңсетпей бери түшүп келесиңби.
Эрдим тийсе ыраазы болот элем,
Эң болбосо колуңду бересиңби?
Бу Чолпон кабак ачып күлөр бекен,
Же дайым зымырайып жүрөр бекен.
Бир жолку күлкүсүнө ашык болдум,
Ушуну көңүлүнө түйөр бекен?
Чолпонусуң жылдыздын жанып турган,
Тоо гүлүсүң төшүмө тагып турган.
Билимиң бар, өңүң бар ууз сүттөй,
Бир башкача акынга жагып турган.
Асмандан Чолпон болуп бөлүнөсүң,
Ай күмүш нуру болуп төгүлөсүң.
Өзгөлөр эмне десе ошо десин,
Өзүмө Айчүрөктөй көрүнөсүң.
* * *
Сага жетпей канча жигит кор болду,
Саргайышып кайгы-муңу зор болду.
Күкүк болуп, Зейнебине жете албай,
Күнү бүгүн ырдап жүрөт Жолболду.
Аруу сезим мени дагы жүгөндөйт,
Арнап жазар ырым сага түгөнбөйт.
Санаа-ойдон орун алып элесиң,
Сага деген махабатым түк өлбөйт.
Өмүр бою кемибесин турмушуң,
Өчпөй турсун асмандагы жылдызың.
Баасы кымбат сага окшогон нур кызын,
Барктап алат Ала-Тоолук кыргызым.
* * *
Жыпар жыттуу табы ысык илебиңе,
Жылынсам турган кезде суук болуп.
Боюңду керегедей сен да жайсаң,
Башына мен сайылсам уук болуп.
Асманды тирей өскөн чынар болсоң,
Асылып мен тырмышып чыгар болсом.
О, Чынар, бетти сылай жүргөн желге,
Бешик болуп терметип турар болсоң.
Жарыктык ушунчалык чырайлуусуң,
Жашырбай айтып берчи бааң канча?
Өмүрдөгү байлыгым саят элем,
Өзүңдөн бир жолу эле шаам канса!
* * *
Көк-жашыл, кызыл-тазыл бойок экен,
Көңүлүңө түр салып койот экен.
Көздөрүнөн учкундар жанып турса,
Көөдөнүң ырахатка тойот экен.
Мөлтүрөгөн булактай таза экен,
Марал сындуу керилип басат экен.
Көрүшүп калсаң эгер жолугушуп,
Көңүлүңдү кирдеген ачат экен.
Тоо гүлүндөй үлбүрөп назик экен,
Толгон айдай кабагы ачык экен.
Акырында айтайын деген оюм—
Агайы Шайыргүлгө ашык экен.
* * *
Али жүрөт мектептеги элесиң,
Ашып өттүң жыйырма үчтүн белесин.
Эчен жылдар өтсө дагы арадан,
Элеонора, эңсеттирип келесиң.
Жакшы менин сага деген тилегим,
Жашап келем үзүлбөстөн күдөрүм.
Өгүнчөрөөк көргөнүмдө өзүңдү,
Өз ордунан козголду го жүрөгүм.
Сенде жаштык, өң-түс, билим, баары бар,
Сени менен баш кошкондун багы бар.
Ашык болгон жашы өтүп калса да,
Агайыңды жаш жигиттей кабыл ал.
* * *
Кечке дейре иш кыласың бир тынбай,
Ксерого кагаздарды көчүрүп.
Өчүрөдсүз бүтүрөсүң ишимди,
Өчүрөддө турса дагы көпчүлүк.
Келгенимде жарк ачылып бешенең,
Эмнегедир табышмактуу карашың.
Кетеримде жалжал карап жароокер,
«Биздин жакка келип тур» деп каласың.
Элла аттуу татар кызы айтамак,
Эми мен да келчү болдум акмалап.
Жалындады сага деген сезимдер,
Кайсы күнү үмүт-тилек акталат?..
* * *
Көңүлүң чөгүп турса ачсам деймин,
Колтуктап бак ичинде басам деймин.
Жүр дегенде кыйылбай макул деген,
Жүрөгүңдүн ачкычын тапсам деймин.
Өзүңө арнап көп ырлар жазсам деймин,
Өзүңө бир башкача жаксам деймин.
Макул көрсөң катарлаш чабак уруп,
Махабат дайрасында аксам деймин.
Жанаша эзилишип жатсам деймин,
Жан дүйнөңдүн ачкычын тапсам деймин.
Магдырап бүт дүйнөнү унуттурган,
Махабаттын бал даамын татсам деймин.
* * *
Таластын тоолоруна чыккан барбы,
Таптаза абасынан жуткан барбы.
Таң эрте токоюнда басып жүрүп,
Таңшыган булбул үнүн уккан барбы?
Боз чымчык көзгө деле толуму жок,
Булбулуң канаттуунун ырчы кушу.
Ал эми Эсенбүбү карындашым,
Ала-Тоонун булбулдай ырчы кызы.
Агайың айткан жерге басып келчи,
Аярланып кармалбай шашып келчи.
Коңгуроо үнүң менен обон созуп,
Көңүлүм чөгүп турат–ачып берчи.
АР КЫЛ ЫРЛАР
Достарыңызбен бөлісу: |