Кыргыз эл макал-лакаптары



бет2/3
Дата15.06.2016
өлшемі248.5 Kb.
#137243
1   2   3

- З -
531. Заман өзгөрсө, салт өзгөрөт.
532. Заманына карай - күлкү, тоосуна карай - түлкү.
533. Заманы жакшы босо, карысы жаш болот.
534. Зер кадырын зергер билет, жез кадырын жезчи билет.
535. Зордукчуга мал жокпу.
536. Зордун түбү кор болот, байдын түбү ачка өлөт.
537. Зээндүү бала сүйүнтөт, кежир бала күйүнтөт
- И -
538. Ийгиликтин кечи жок.
539. Ийлеп - ийлеп итке салба.
540. Ийне көзүнөн сынат, чечен сөзүнөн сынат.
541. Ийри отурсаң да, түз сүйлө.
542. Илим - ийне менен кудук казгандай.
543. Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
544. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт.
545. Ит эле болду Сарбагыш.
546. Ит кабышып өлөт, наадан чабышып өлөт.
547. Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт.
548. Ит итти көрүп үрөт.

549. Ит иттигин кылат.

550. Итти каппайт дебе,атты теппейт дебе.

551. Ит үрөт - кербен жүрөт.


552. Ит менен дос болсоң сөөк талашасын.
553. Итенген сайын бир боорсок.
554. Итке темирдин кереги эмне.
555. Ичи тар итине бок бербейт.
556. Ичиң күйсө туз жала.
557. Ичип арактын көөнүн алган, кусуп жердин көөнүн алат.
558. Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
559. Ичкилик арты - өкүнүч.
560. Ичтен чыккан ийри жылаан.
561. Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын.
562. Ишенген кожоң сууга акса, алды- алдынан тал карма.
563. Иши оңолордун ити чөп жейт.
564. Иштеген киши карыбайт, карыса да арыбайт.
565. Иштебеген - тиштебейт.

566. Иштеген- тиштейт



- К -
567. Кагаз жазып колу жоорубагандын, иштеп бели да оорубайт.
568. Казды туурап карганын буту сыныптыр.
569. Казына - казына эмес, эл - казына.
570. Кайгы жокто кайын энем өлүп кайгыртты.
571. Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат.
572. Кайгысы жок кара сууга семирет.
573. Кайгысызга уйку таттуу.
574. Кайда барсаң да, казандын кулагы төртөө.
575. Кайда барсаң Мамайдын көрү.
576. Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт.
577. Кайраттуу - карыса да жаштай, кайратсыз жаш болсо да карыдай.
578. Кайрылгандан - айрылба.
579. Калк айтса - калп айтпайт.
580. Калп айткан киши жарыбайт.
581. Калп - ырыс кесет, кайгы - өмүр кесет.
582. Калптын казаны кайнабайт.
583. Калптын сөзү суу кечпейт.
584. Калптын сөзү ушак, чындын сөзү тузак.

585. Калыс арыбайт, калпычы жарыбайт.


586. Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат.
587. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай.
588. Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба.
589. Кандан, Бектен кайра тартпаган.
590. Кандын да бир татым тузу кемиптир.
591. Кара жерди жамандаба, башка кайда барасың, Калың элди жамандаба, каргышына каласың.
592. Кара кыздын агынан эмес, багынан.
593. Кара далы - эр тандабайт, өлөөр адам - жер тандабайт.
594. Кара жылды как жарган - калыс.
595. Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы.
596. Карга баласын аппагым дейт.
597. Каргайын десем - жалгызсың, каргабайын десем - байкушсуң.

598. Карга карганын мээсин чокубайт

599. Каргыш албай, алкыш ал.
600. Карды тойгон канга салам бербейт.
601.Кары адам үйдүн куту.
602. Кары алжыса - баладай.
603. Кары келсе - ашка, жаш келсе - ишке.
604. Карыганда жан таттуу, жандан дагы мал таттуу.
605. Карылыктын алды, жаштыктын арты.
606. Карын ачты, кайрат качты.
607. Карыны токтун кайгысы жок.
608. Карынын кебин капка сал.
609. Карысы бардын ырысы бар.
610. Карыш - карыш, сөөм - сөөм.
611. Картаңдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет.
612. Кастын ою бөлөк, достун ою жөлөк.
613. Катын жакшы - эр жакшы.
614. Катын өлсө камчы сап.
615. Катын албай кайын ал.
616. Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал.
617. Катының долу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда.
618. Катуудан тиш оору кыйын, жумшактан ич оору кыйын.
619. Качан көрсөм тойдон көрөм.
620. Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт.
621. Каш коём деп, көзүн чукуп алыптыр.
622. Кашыктап чогултканды, чөмүчтөп чачпа.
623. Каяшачыл карыш узабайт.

624. Кедей байга жетейин, бай кудайга жетейин дейт.

625. Кедейди көчкөндө көрөсүн.

626. Кедейдин бир тойгону орто байыганы.


627. Кедейлик кемтик эмес.
628. Кежир жек көрүнөт, элпек эп көрүнөт

629. ‘’Кел" демек бар, "кет" демек жок.


630. Келин жаман эмес, келген жер жаман.

631. Келме кезек - терме тезек.


632. Кембагал болсоң көчүп көр.
633. Кемпир менен чал жатат, кейиш менен таң атат. Жигит менен кыз жатат, жыргал менен таң атат.
634. Кемчилигин моюнга албаган, келечегин оюна албайт.

635. Кеңешип кескен бармак оорубайт.


636. Кеп чынынан бузулбайт.
637. Керегем сага айтам, келиним сен ук. Уугум сага айтам, уулум сен ук.
638. Керектүү таштын оору жок.
638. Керкисинде да бар, кемигинде да бар.
640. Кетмен чаппай нан кайда,чеке терсиз мал кайда?!
641. Кечтим байдын кызынан.
642. Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок.
643. Кимди ким көрдү Баржыбайды там басты.
644. Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырдайсың.
645. Кичүү болгуча иттин күчүгү бол.
646. Киши жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманың өлгөнчө билинбейт.
647. Киши дүйнөгө түркүк болбойт.
648. Коён өз көлөкөсүнөн коркот.
649. Коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт.
650. Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр.
651. Кожонун өзү тойсо да көзү тойбойт.
652. Койчу көп болсо, кой арам өлөт.
653. Койчунун кызы кой келгенде жумуш жасайт

654. Кол кудайдын мөөрү.


655. Кол ийрисине тартат.
656. Колдо бар алтындын баркы жок.
657. Колу менен жасаган, мойну менен тартат.
658. Колунда талканы бар бала - сүйгүнчүктүү.
659. Колуңдан келбес жумушту, оюң менен бүтүрбө.
660. Конок койдон жоош, май берсе жейт, суу берсе ичет.
661. Конок айтып келбейт, өлүм сурап келбейт.
662. Конокко аш кой эки колун бош кой.
663. Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат.
664. Коркконго кош көрүнөт.
665. Коркок жанын сактайт, чоркок малын бакпайт.
666. Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт.
667. Котур ташы койнунда.
668. Кошоматка кой соёт.
669. Кошунаң көр болсо көзүңү кысып өт.

670. Көз жетпеген жерге сөз жетет.


671. Көз коркок, кол баатыр.
672. Көздүн курчу болот, сөздүн мурчу болот

673. Көзүнө чөп салган, душмандыктын белгиси.


674. Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет.
675. Көк итти көп ит талаптыр.
676. Көктөн тилегеним жерден табылды.
677. Көл чайпалса көбүгү бетине чыгат, эл чайпалса тентеги четине чыгат.
678. Көлдү бороон толкутат, элди эселек толкутат.
679. Көлөкөгө тон бычкан.
680. Көмүскө достон көрүнөө душман артык.
681. Көөдөнү жукадан, чөнтөгү жука артык.
681. Көңүл ооруткан - наадандык, көңүл көтөргөн - адамдык.

682. "Көңүлүмө жагат" деп көрүнгөн менен дос болбо.


683. Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот.
684. Көп уктаган көптөн кур калат.
685. Көп жойлогон түлкү ачтан өлөт.
686. Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
687. Көп үйлөсө жел болот, көп ыйласа сел болот.
688. Көп байкаган көсөм, сөз байкаган чечен.
689. Көп баскан аяк бок басат.
690. Көпкөндүн көчүгүнөн чыгат.
691. Көптөн көп акыл чыгат.
692. Көптү көрбөй көсөм болбойт, көп сүйлөбөй чечен болбойт.
693. Көптүн көзү көрөгөч.
694. Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа.
695. Көргөнүңдөн - көрө элегиң көп, укканыңдан уга элегиң көп.
696. "Көрдүм" деген көп сөз, "Көрбөдүм" деген бир сөз.
697. Көрөөр күнү бардын, ичеер суусу болот.
698. Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот.
699. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок.
700. Көсөөнүн акылы түштөн кийин.
701. Көч жүрө-жүрө түзүлөт.
702. Көчкөн журттун баркын, конгон журтуңда билесиң.
703. Көчүктү кыскан бай болот.
704. Кудай кылса, кубаарыңдын акысы барбы.
705. Кудай деген кул өлбөйт, тамекиден пул өнбөйт.
706. Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот.
707. Кудай берейин десе эки кулагын тең кесип берет.
708. Кудайдын кулагы сүйүнсүн.
709. Кул кутурса, өтүгү менен төргө өтөт.
710. Кулда кулак жок.
711. Кулдай иштеп - хандай жаша.
712. Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука мурунтугун үзбөйт.
713. Куурайды бирден сындырган оңой, тобу менен сындырмак кыйын.
714. Курсак ток-кайгы жок.

715. Куру кайрат баш жарат, куркыйкырык таш жарат.


716. Куру аякка бата жүрбөйт.
717. Кутту үйдөн кур чыкпа.
718. Куш жаңылса торго түшөт, эр жаңылса колго түшөт.
719. Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот.
720. Куюшканга кыпчылган боктой.
721. Күйөө карыса - жээн.
722. Күлгөндүн билгени бар.
723. Күлкү ден соолуктун - мүлкү.
724. Күлүктөн күлүк өтөт, күйүкпөгөнү марага жетет

725. Күлүктү табына келтирген - саяпкер, кушту кыраан кылган - мүнүшкөр.


726. Күлүктү таптайт саяпкер, сүрөөгө алат талапкер

727. Күн тийип туруп жааган күндөн түңүл, күнгүрөнүп сүйлөгөн кишиден түңүл.


728. Күн тийген жердин күкүгү.
729. Күн караган - суукка тоңот, бай караган - ачтан өлөт.
730. Күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт.
731. Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет.
732. Күч атасын тааныбайт.
733. Күч бербеген тулпардан, сүтүн берген уй жакшы.

734. Күч биримдикте.


735. Күчтүү болсоң жердей бол - баарын чыдап көтөргөн.Таза болсоң суудай бол - баарын жууп

кетирген.


736. Кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
737. Кыз боосуп энесин коркутат.
738. Кыздын кыздай,кыштын кыштай болгону жакшы.

739. Кыздын кырк чачы улуу.


740. Кыздын көзү кызылда.
741. Кызмат - колдун кири.
742. Кызы бар үйдө кыл жатпайт.
743. Кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет.
744. Кылгылыкты кылып коюп,кымызга сууну куюп коюп, кыл жип менен бууп коюп.
745. Кыңыр иш - кырк жылдан кийин билинет.
746. Кыргыз акам тандап жейт, анан баарын жейт.

747. Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат.


748. Кырсык - каш-кабактын ортосунда.
748. Кысаз кыяматка кетпейт.
750. Кысыр уй мөөрөк болот.
751. Кыялаган кырга чыгат.
752. Кыян өзүн сел ойлойт, коркок өзүн эр ойлойт.

- М -
753. Май кармаган бармагын жалайт.
754. Май жок, ун болсо, казан сурап келип куймак куюп берет элем.
755. Макал атасы - сөз, мата атасы - бөз.
756. Макал ыр эмес жаттап алгандай, керегинде өзү келет күтүп тургандай.
757. Макоодон макул деп кутул.

758. Мактаган кыз тойдо осурат.


759. Мактап койсо мардаюу.

760. Максат менен соккон жүрөк, бакыт менен өмүр сүрөт.


761. Мал - ээсин тартпаса, арам өлөт.
762. Мал арыгын сактасаң ооз майлайт, киши арыгын сактасаң төбө кандайт.
763. Малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар.
764. Манастан Чубак кем бекен.
765. Мартчылык ар кимде болбойт, сараңдын капшыты толбойт.
766. Мастан - жинди качып кутулуптур.
767. Меймандын өзүн бакпай, атын бак.
768. Мекениңдин кадыры, башка жакта билинет.
769. Менин колума да карга чычаар.
770. Мергендин дарты кийикте, бүркүттүн дарты бийикте.
771. Миң койду бир серке башкарат.
772. Миң кишинин атын билгиче, бир кишинин сырын бил.
773. Миң уккандан бир көргөн жакшы.

774. Миң чеченди бир тантык жеңиптир.


775. Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт.

776. Мокок бычак кол кесет, чоркок сөз тил кесет.


777. Молдонун айтканын ук, кылганын кылба.

778. Мурун уткан буудай чычат.


779. Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз ашат.

780. Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт.


781. Мууздап бергенди - жиреш оңой.
782. Мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылыптыр.
783. Мышык майга жетпей, сасык дептир.
784. Мышыкка - оюн, чычканга - өлүм.

- Н -

785. Нааданга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз.


786. Нандан улуу тамак жок.
787. Нысапсызга кашык салса беш ууртайт.
788. Насыя боордон нак өпкө артык.
- О -
789. О дүйнөңдүн бейишинен, бу дүйнөнүн тозогу артык.
790. Обозгер жакшы - кан жакшы, аялы жакшы - эр жакшы.
791. Озунган - утат.
792. Ой жеткен менен кол жетпейт.
793. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет.
794. Ойноонун да ыгы бар, ойлоонун да сыры бар

795. Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө.


796. Окшошконго - мушташкан.
797. Олтурган кыз оордун табат.
798. Он эки пайгамбардан, бир кудай улуу.
799. Оң колуңдун ачуусун, сол колуң менен бас.
800. Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн.
801. Оозу күйгөн - айранды үйлөп ичет.
802. Оозунан ак ит кирип кара ит чыккан, эртеңкини эмес, эмикини унуткан.
803. Оозуң кайсы десе, мурдун көрсөткөн.
804. Оор иштен коркпо, оор сөздөн корк.
805. Оору кадырын соо билбейт.
806. Оору кайда болсо, жан ошол жерде.
807. Ооруну жашырсаң, өлүм ……………
808. Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайт.
809. Ормон опуза.
810. Оро албаган орок тандайт.
811. Ороктон качкан ыраак чычат.
812. Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр.
813. Осмо кетер каш калаар, суулар кетер таш калаар.
814. От чаласынан, сөз чаласы жаман.
815. От жаккандыкы, тон кийгендики.
816. Отту көөлөсөң өчөт, кошунаңды көөлөсөң көчөт.

817. Отун - олжо, суу - кордук.


818. Отун албаганга от жактырба.
819. Оюндан от чыгат.
820. Оюндан омуртка сынат.

- Ө -
821. Өгөй - өөнчүл, жетим кекчил.
822. Өжөр өлбөйт, өлсө да эч нерсеге көнбөйт

823. Өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт.

824. Өз элине батпаган, душманына кор болот.
825. Өз үйүм - өлөң төшөгүм.
826. Өз күчүңдүн өлчөөсүн, өзүң билбей ким билет.
827. Өз өзүнө, өзгө жатка тартат.
828. Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт.
829. Өзгө өздөй, жатка жаттай.
830. Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
831. Өзү тойбостун көзү тойбойт.
832. Өзүбек кетип өз калды.
833. Өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар.
834. Өзүмөн алыс төркүнүмө көрүнсүн.
825. Өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген.
836. Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло.
837. Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат.
838. Өлбөгөн жанга бир оокат.
839. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
840. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылба.
841. Өлгөндүн артынан өлмөк жок.
842. Өлө жегиче, бөлө же.
843. Өлө албай жатып өлөң айтат.
844. Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу.
845. Өлөөр эчки койчунун таягына сөйөнөт, ыйлаар бала атасынын сакалына сөйөнөт.
846. "Өлтүрөм" дегенден коркпо, "өлөм" дегенден корк.
847. Өлүм - бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат.
848. Өлүм адамды коркутат, үмүт намысты курчутат.
849. Өлүм өксүтөт, оору кор кылат.
850. Өлүмдөн башканын эртеси жакшы.
851. Өнөр алды кызыл тил.
852. Өнөрүң болсо өргө чап, кор кылбай алтын жанды бак.
853. Өңдү көрсө жүз таят.
854. Өрдөк жокто чулдук бий.
855. Өрдөк берген, каз алат.
856. Өсөөр элдин балдары бири-бирине дос болот, Өспөс элдин балдары бири-бирине кас болот.
857. Өткөн ишке өкүнбө.
858. Өткөн өмүр качкан куш, үндөсөң келбейт кайрылып.
859. Өткөн ишке айла жок, өкүнгөн менен пайда жок.
860. Өткөндөрдү эстеген жаман болбойт, мурдагыны кектеген жакшы болбойт.
861. Өтүп кеткен иш үчүн , өкүнүп балаңды урбагын.
- П -
862. Пайгамбар да күйөө баласын сыйлаптыр.
863. Пайгамбар баарына асыр.
864. Пейли жакшы кем болбойт.
865. Пулуң болсо кулуңмун.

- P -

866. Рахматка курсак тойбойт.


- С -
867. Сабырдын түбү - сары алтын.
868. Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.
869. Сакадай бою сары алтын.
870. Сакалдын көркү чалда, сулуунун көркү калда.
871. Сакалдан айрылсаң, мурут койбо.

872. Сактансаң - сактаармын.


873. Сактыкта кордук жок.
874. Санабай туруп түгөл дебе.
875. Санаа тарткандын ичкени - ирим, жегени - желим.
876. Санаасы жок сары сууга семирет.
877. Саны бар сапаты жок.
878. Сараңдын казаны кайнабайт.
879. Саргара жортсоң - кызара бөртөсүң.
880. Сарт - санаасы менен байыйт.
881. Сарт үйүн көргөндө чабат.
882. Саяк жүрсөң таяк жейсиң.

883. "Сиз", "Биз" деген сылык сөз, "Сен", "Мен" деген сенек сөз.


824. Сиркеси суу көтөрбөйт.
825. Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат.
886. Сокур намыс баш жарат.
887. Сокур атка котур ат үйүр.
888. Сокурдан күзөтчүң болсо, элиңди жоого алдырат.
889. Сокурдун тилегени - эки көз.
890. Соодада достук жок.
891. Соргоктун көөнү казанда, сопунун көөнү азанда.
892. Союл камдаганга - токмок көтөр.
893. Сөз билгич адамдын, ар сөзүндө бир тузак.
894. Сөз сөөктөн өтөт, чучукка жетет.
895. Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат.
896. Сөз баштаган, эл баштайт.
897. Сөз - жип, кандай созсо кете берет.
898. Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге сеп.
899. Сөздү билген таап айтат, сөздү билбеген каап айтат.
890. Сөздү убагында айтпаса - атасы өлөт.
891. Сөздүн атасы - ыр, сөздүн катасы – чыр.

892. Сөзү аздын иши аз.


893. Сөзү экинин - иши да чеки.
894. Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе.
895. Сөөктүн эң жаманы суу кечирет.
896. Суктан сураба, сараңга бербе.
897. Сулуу сулуу эмес, сүйгөнүң сулуу.

898. Сулуулугунан - жылуулугу артык.


899. Сулуулуктан - жылуулук.
900. Сулуунун этеги кургабайт.

901. Сунган башты суурган кылыч кеспейт.


902. Сунган колду сындырба.

903. Сурай - сурай мекеге барат.


904. Сураган жеңил, жооп бериш оор.
905. Сурап бергиче, уруп бер.
906. Суу ичкен кудугуңа - түкүрбө.
907. Суу - жашоонун булагы.
908. Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөндөн кийин энегимди берейин.
909. Сууну көп кечсең - балчык, сөздү көп айтсаң - тантык.
911. Суюктун баары cорпо болбойт, теринин баары көрпө болбойт.
912. Сүйбөгөнгө - сүйкөнбө.
913. Сүйлөй-сүйлөй чечен болот,көрө-көрө көсөн болот.

914. Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл.


915. Сүйүнгөндөн маңдай айрылып, корккондон жүрөк жарылып кетпес.
916. Сүткө түшкөн чычкандай.
917. Сый - сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
918. Сыйга - сый, сыр аякка - бал.
919. Сыйлаганды билбеген, сыйпалаган көр сокур.
920. Сыйлаганды күтө бил, кыйнаганды түтө бил

921. Сыналбаган атка сын салба.

922. Сынчынын сыңар өтүгү майрык.
923. Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.
924. Сырты жылтырак, ичи кылтырак.
925. Сырыңды айтсаң бирөөгө, каласың катуу күнөөгө.
- Т -
926. Тааныбасты сыйлабас.
927. Таз таранганча - той таркаптыр.
928. Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү.
929. Такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт.
930. Тамаксоонун табагы толбойт, топуктуунун жаманы болбойт.

931. Тамакты таттуу кылган - туз,алысты жакын кылган - кыз.


932. Тамашага - тамаша, каяшага - каяша.
933. Тандаган тазга жолугат.
934. Тапкан сүйүнөт, тааныган алат.
935. Таппасаң сыйпалап кал.

936. Тар жерде аш жегиче, кең жерде муш же.

937. Тарс эткендин баары тамаша, карс эткендин баары күлкү.
938. Тартып ичкен тай ашырат, аяп ичкен ат ашырат.

939. Таш менен урганды аш менен ур.


940. Таш түш, таалайыңан көр.
941. Таш түшкөн жеринде оор.
942. Тегинен эмес, кебинен.
943. Текин болсо, туз жутам.

944. Тең - теңи менен, тезек - кабы менен.


945. Тең жегенди Теңирим сүйүптүр.

946. Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт.


947. Теңчилик жоголду, темингендер оңолду.

948. Темене берип, төө алат.


949. Темирди кызуусунда сок.
950. Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер.
951. Тиги дүйнөнүн бейишинен, бул дүйнөнүн кейиши артык.

952. Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн жакшы.


953. Тилден бал да тамат, уу да тамат.
954. Тилиң тишиңе күбө.
955. Тилиңе - тибиртке.
956. Тиш өтпөгөнгө, тил өтөт.
957. Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт.
958. Тишиң барда таш чайна.
959. Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар.
960. Ток бала ач балага карабайт.
961. Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет.
962. Токой тоонун көркү, эр элдин көркү.
963. Токол уйду чапсаң, мүйүздүүгө доо кетет.
964. Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол.
965. Тондууга тондуудай, тону жокко тону жоктой суук.
966. Төө көрдүңбү? - жок, бээ көрдүңбү? - жок.
967. Төө кыядан өткөн сөң, "оо" - дегениң курусун.
968. Төгүлгөн аяк кайра толбойт.
969. Төрдө орун болсо, улагага отурба.
970. Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт.
971. Тууган издеп, достон кетпе.
972. Туулган жердин топурагы алтын, эли мазар.
973. Туулганына сүйүнбөй, тураарына сүйүн.
974. Туура сөз кылычтан өткүр.
975. Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
976. Тумшугу байланган ит көчүгү менен үрөт.
977. Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүтүн шумкар жок.
978. Түйшүгү жок жан болбойт.

979. Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк.



- У -
980. Уй мүйүзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
981. Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы.
982. Уккан кулакта жазык жок.
983. Улук болсоң, кичик бол.
984. Улуу сөздө уят жок.
985. Улууга урмат, кичүүгө ызат.
986. Улууну урматта, кичүүнү ызатта
987. Улуунун сөзүн ук, кичүүнүкүн ойлон.
988. Урматтан узарат, уяты чыккан кызарат.
989. Урушкандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман.

990. Урушта - туруш жок.


991. Уруштун башы "бок" жебе.
992. Устанын тогоосу жок.
993. Устадан шакирти өтөт.
994. Устукан мүлжүбөй этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт.

995. Уулдун уулу мекен коргойт,душмандын астын торгойт.

996. Уунун сырын мерген билет, жоонун сырын жеңген билет.
997. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.
998. Ууру күч болсо, ээси айыпка жыгылат.
999. Ууруну каракчы урат.
1000. Уурунун көчүгү кууш.
1001. Ушакчы- ушакчы эмес, ушакты уккан - ушакчы.
1002. Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат.
1003. Уялбагандан өзүң уял.
1004. Уят - өлүмдөн катуу.

- Ү -
1005. Үйдө баатыр, жоодо жок.
1006. Үйдө ыркы жоктун, талаада сыйы жок.
1007. Үйдүн жакшы жаманы кыш түшкөндө билинет, достун жакшы - жаманы иш түшкөндө билинет

1008. Үйү жакын иттин куйругу узун.


1009. Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы.

1010. Үйрөнгөн жоо атышаарга жакшы.


1011. Үн жетпегенге, сөз да өтпөйт.
1012. Үндөбөгөн - үйдөй балаадан кутулат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет